Кыргыз эл жомогу: Асан жана булбул

Илгери, илгери бир кандын улуу катынынан эки бала, кичүү катынынан Асан деген баласы болуптур. Бир күнү кан түш көрүп, түшүндө булбулдун сайраганын угуп, ошол булбулга ашык болуп калат. Кан күндөн күнгө саргайып, акыры чоң ооруга чалдыгат. Атасы эмнеден ооруп жатканын балдары билишпейт. Бир күнү кан үч баласын чакыртып: — Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам сайратып, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктан ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? — дейт. Улуу катындын […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Байыркы кытай» – Конфуций маселеси

БИРИНЧИ Башынан бери, негизинен такталып калгандай көрүнгөн байыркы тарыхта алигүн башы ачылбай жаткан маселелер кыйла. Ошонун бири – Конфуций теги жана анын мурасы. Сөздү кыска, кыя чаап ток этер жерин айтканда, биздин соӊку илигибиз Конфуций теги байыркы кырк уруу кыргыздын бирине барып такаларын айкындады. Ал эми ал калтырган «вэньян» же байыркы жазма тилдеги улуу мурасы иероглиф ичинен түз кыргыз (Түркү-АЛТАЙ) тилинде окулду. Буга биздин соӊку «ТЭӉИРЧИЛИК. Бурут Тамга – Баянкат» (Б., 2015) аталган илимий монографиябыз арналды. Буга «Шицзинден» өлөӊдөр киргизилди. […]

Төлөндү АКМАТОВ: Күн болбой куруп кал

АҢГЕМЕ I Бороон улуйт. Тунарган терезеге буюккан кар тозоңу демеп-демеп урунат. Мешке көң жагылган, үй ичи мейрим төгүп жылуу. – Апа, бүгүн барбачы, сөздү угуп, эшик тигинтип турса кантип жетесиз деги, – келин карылыгы жеткен кайненесине карап, бөлмөнүн ортосунда турду. – Кой, балам, убара болбо. – Анда мен да барам, апа. – Сен кетсең үйдө ким калат? – Анан кантип жүрөсүң деги ушу бороондо, – келинчек чын дилинен кайненесин аяп турду. – Карачы эшикти. – Мени Кудай албайт, балакетиңди алайын, […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Жакшы обон чыгарыш үчүн шыктан башка да кирди-чыкты акыл керек экен

Биз – 2-класстын балдары мектепке баратканда ортоңку айылда жепирейген үйдүн алдында ары-бери өткөндөрдү карап бир абышка отурар эле. Алгач салам айтып жүрдүк. Жалдырап тиктеп эле алик алчу эмес. Кечинде келатсак деле ошол ордунда отурчу. Бир күнү эле таш алып бизди кууп калды: – Шыйрагыңарды сындырам! Биле-ем мен! Кемпириме гана көз артып жүрөсүңөр! Ал меники! Жайлайм! Сайга түшө качтык. Кайра кайтканда анын үйүн айланып өтчү болдук. Дагы бир күнү келатсак, көчөнү көздөй жулунуп жатыптыр. Кемпири, дагы бир киши менен үйгө алып […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Каратма сөз

Маркум устатыбыздын колжазмалар архивин аңтарып отуруп, ушул макаласын таап алдым. Машинкага басылган. Эсибизде, айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезити каржы жогунан жабылып калып, Алыкебиз бош жүрүп калган учуру болгон. Күндө бир маал китепканадан кезигишер элек. Бирок негедир Алыкебиз кайсы бир мөөнөткө жок болуп кетти. Китепканадан көрүнбөй калды. Анан эле бир күнү «Нуска» деген аталыштагы гезит жарык көрүп калбаспы. Биринчи номуру колго тийгенден тартып эле көңүл чериңди жаза турган материалдар жарыяланыптыр. Китепканага каттабай калган Алыкебиз «Нуска» гезитинин редколлегия мүчөлөрүнүн арасында жүрөт… Мазмуну жактан […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: Искусство аял сыяктуу…

Рюноскэ Акутагава (жапон — 芥川 龍之介) — 1892-жылы 1-мартта Токиодо төрөлүп, 1927-жылы таңга маал өз жанын өзү кыйуу менен дүйнөдөн өткөн. Жапондордун классик жазуучусу. Кыска өмүрүндө ал өзгөчө таланттуу жазуучу, чебер новеллист катары таанылган. ♦ ♦ ♦ Адам жашоосу ширенкенин кутусуна окшош. Ага олуттуу мамиле кылуу күлкүлүү. Олуттуу мамиле жасабоо коркунучтуу. ♦ ♦ ♦ Кумар оюндарын ойногондордун арасында пессимисттер жок. ♦ ♦ ♦ Абийир – катаал искусство. ♦ ♦ ♦ Таңгаларлык болсо да, кумарданууга берилген аялдын жүзү жаш бийкечтикине окшоп […]

Абибилла ПАЗЫЛОВ: Кыргыз кыпчактар

ЭССЕ Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың? Агайынды жаман деп, Тууганды кайдан табасың? Токтогул — Кыпчак! Барсыңбы?.. — Бармын, ата! Т.Касымбеков. («Сынган кылыч») Береги чыгарманы «Кыргыз кыпчактар» деп атасамбы же «Кыпчак кыргыздар» деп атасамбы дегенчелик бир далай түйшөлдүм. Анан, бирпаста эмес, аста-аста, эки кыл аталыштын бири биринен дээрлик айрымаланбай турганына акылым даана жетти. Асыресе, күнү бүгүн деле коомубуздагы уруу маселелерин козгоо салаасында кош ачакей мамиле өкүм сүрөт: бир жагынан уруулардын уңгу-мүчөсүн талдоону, урууларга жиктелүүнү мурдагы өткөн мусапыр замандардын саркындысы кыязында […]