БИРИНЧИ

Башынан бери, негизинен такталып калгандай көрүнгөн байыркы тарыхта алигүн башы ачылбай жаткан маселелер кыйла. Ошонун бири – Конфуций теги жана анын мурасы. Сөздү кыска, кыя чаап ток этер жерин айтканда, биздин соӊку илигибиз Конфуций теги байыркы кырк уруу кыргыздын бирине барып такаларын айкындады. Ал эми ал калтырган «вэньян» же байыркы жазма тилдеги улуу мурасы иероглиф ичинен түз кыргыз (Түркү-АЛТАЙ) тилинде окулду. Буга биздин соӊку «ТЭӉИРЧИЛИК. Бурут Тамга – Баянкат» (Б., 2015) аталган илимий монографиябыз арналды. Буга «Шицзинден» өлөӊдөр киргизилди. «Өлөӊ» демекчи, булар эки түрлүү – Ак Өлөӊ, Кара Өлөӊ.

  1. Ак Өлөӊ, б.а. соӊку өлөӊдөр – булар Конфуций тарабынан иероглификалык текстке салынгандагысы же жазма түрү. «Шицзиндин» ак өлөӊдүк калыбы же иероглифтерден кыргыз (Түркү-АЛТАЙ) тилинде, түздөн-түз муун жазуудагы окулуш үлгүлөрү өйдөкү айтылган «Бурут Тамга – Баянкат» китебинде берилген. Тексттин иероглификалык, илимий спецификалык мүнөзү бул китепке ак өлөӊ калыбында киргизүүнү техникалык жактан да, көлөмдүк жактан да саал кыйындатат. Андыктан, мында ак өлөӊ тексттерди берүүнү эп көрбөдүк. Кызыккан окурманды жогоруда аталган китебибизге шилтейбиз.
  2. Кара өлөӊ же көӊкү өлөӊдөр. Булар «Шицзинден» түз эмес, кыйыр окум; мындан тагыраак айтканда, «Шицзин» текст маанисинен, ыр курум табиятынан чыгып, Конфуцийге чейинки элдик өлөӊдүн өзүн, б.а. калк оозунда айтылган (айтылышы мүмкүн) түпкү нусканын өзүн калыптоо аракети. Демек, окурман мындан «Шицзинден» азыркы кыргыз тилине түз котормону издебестен, тескерисинче, байыркы элдик текст же көӊкү «Кара Өлөӊ» иероглификалык жазууга же соӊку «Ак Өлөӊгө» кандайча которулуп түшкөндүгү (түшүүсү мүмкүн экендиги) тууралуу ой жүгүртмөгү эп.

Көчмөн жады поэзия табияты, акыйкатта, соӊку вэньян жазма текст боюнан чыӊалып сыртка тебилип турат. Бул тууралуу «Конфуцийге чейинки өлөӊ» ой толгообузда жетишерлик айтылды. Кайталайбыз. Биерде белгилерибиз башка.

Конфуций тегинин байыркы кыргыз уруусунан чыгышы, ал жыйнаган элдик ырлардын «Ак Өлөӊ» – «Шицзин» түрүндө катка алынышы – бул кыргыз (Түрк-АЛТАЙ) жазма адабиятынын, жазма поэзиясынын кеминде, 2,5-3 миӊ жылдык тарыхый мейкиндиги ачылып жатат деген сөз!

Демек, Алтай чабыты биз билген Алтай (түрк, монгол, тунгус, корей, жапан) дүйнөсүнөн ары артылып, «байыркы Кытай» деп аталган табышмагы алигичеӊ толук чечилбей келе жаткан мейкинге кеӊип жатат. Бул, маселенин бир гана – «байыркы Кытайга» байланышкан тарыхый жагы.

ЭКИНЧИ. Азыркы адамзат цивилизациясынын эӊ башкы көйгөйүнүн бири, Адам Укугу маселеси. Бул, чынында, өткөн ХХ кылым ичи Укук маселеси болуудан калып, Батыш төбөлдөрү (биринчи ирээтте АКШ) тарабынан эӊ бир ууру идеология, уулуу саясатка айландырылып салынды. Башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүнүн, аларды ичтен иритүүнүн ийкемдүү универсалдуу куралы болуп калды.

Буга да карыш тура алар дүйнөлүк экинчи улуу ыйман-адеп куралы бар, ал – конфуцийлик, анын «ЖЭНЬ» – «адамгерлик» окуусу, түбү, кыргыздын Жол-Жосун илими. А бул, көркөм тастыкталышы – Айтматов чыгармачылыгынын мүлдө өзөгүн түзгөн чыныгы жалпы адамзаттык гуманизм.

ҮЧҮНЧҮ. Жаӊыдан таанылып баштаган бул тарыхый чындык, түбүнөн тамырлашкан маданий-рухий мейкиндик Түркү-АЛТАЙ элдеринин өткөн тарыхтагы алган ордун эле айгине  ачыктабастан, эӊ башкысы, алдыӊкы өнүгүштө ойной турган (ойношу керек!) ролун да жаӊы тегиздикке көтөрөт-которот; ал – байыркы славян жана байыркы кытай элдеринин («ханзу» тарыхынан ары жаткан!), бүгүнкү Россия жана Жуӊго мамлекеттеринин ортосундагы жаӊы (т.а. байырыда эле негизи каланган!), жаӊыча цивилизациялык жуукташуусундагы (жуукташуусу керек!) ойной турган Улуу Тогоол – Көпүрөлүк Ролу!

Чыныгы евразиялык (Россия–Алтай–Кытай) цивилизациялык жаӊы улуу мейкиндикти түзүшү, кайрадан жаӊыча уюшуусу.

Дүйнөлүк цивилизациялык Жаӊы Очок Борбор болуп!

Дүйнөлүк экуменизмге, дүйнөлүк [чоӊ, кичи] семитизмге гумандуу («жэнь» – жол-жосун) тараза катары!

Жаӊы Алтай Цивилизациясын жарыялоо зарылдыгы ушунда.

Демек, «Алтай форуму» деген азыр ким бирөөлөр кууш түшүнгөндөй алтай элдеринин тили, тарыхы, маданияты маселелери эле эмес, ал зор цивилизациялык да (ириде, алгы!) көйгөй жана Алтай мейкиндигинен артылып жалпы адамзаттык масштабга жайылып жатат.

А бул деген, дал кыргыздын улуу Уулу Чыңгыз Айтматов өз кезегинде көтөргөн планетардык көйгөй жана ал «Ысык-Көл форумунун» башкы философиясын, идеологиясын аныктаган эле.

Демек, биз алдыда «Алтай форумун» планетардык алп жазуучунун керээзи-мурасы «Ысык-Көл форумуна» бириктирип, маани-маӊызын кеӊитип-сактап:

«Ысык-Көл форуму»: Алтай-Манас цивилизациясы» атап, ал эми «Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр Оюндарын» анын жыйын-тыкталыш апофеоз-зоогу катары туруктуу өткөрүп турсак, анда «КЫРГЫЗ-МАНАС-ЧЫҢГЫЗ» идеологий чыӊ Биримдигин дамамат салтанаттаар элек. Жаӊыдан уюшулаар Алтай Илимий Изилдөө Институтунун ишмердүүлүгүнүн да көздөй милдет-багыты ушул болууга тийиш, же – дүйнөлүк кыргызмиссиянын Стратегий Борбору озуйпасын аткаруу!

Да бир ирээт кайталап бек айталы: мунун баары Мамлекеттин эӊ башкы Биринчи Адамы, бүткүл эл шайлаган Президенттин жетекчилиги гана алдында жүргүзүлөт, ишке аша алат!

Бул – элдин,  Манастык  Улуу  Биримдиги  деген сөз!

Эми китептин үчүнчү бөлүмүнө киргизилген «байыркы кытайдан» башка дааналар тууралуу бир-бир эмне кеп айтууга болор эле.

Аалышер Навои –  бүгүнкү өзбек адабиятынын башат башы, негиз салуучусу [гана] эмес, ал бүткүл түрк дүйнөсүнүн соӊку орток жарык жылдызы. Түрк тил, адабиятын учурундагы фарсий, арабий баскын добулдан коргоочу!

Салават Жолой уулу – эл азаттыгы үчүн башын сайган, өмүрүн тиккен түрк уулунан чыккан чыгаан Эр! Тектеш элдерден мындай сейрек тагдырга, акындардан – казак Махамбет Өтөмүш уулу, кыргыз Токтогул Сатылган уулу гана ээ.

Мухтар Шаханов – Желтоксон коргону. Адамзатты адаштырган кернээт цивилизацияга каршы келишкис күрөш жарыялаган Эр Казак!

Кыскасы, ар бири Түрк-АЛТАЙ цивилизациясынын ар замандардагы рухий жоокерлери. Босого ысымдар.

Залкар Айтматовдун 90 жылдык маараке тою чыгармачылык өӊүттөн, Түрк-АЛТАЙ мейкинден жалпы адамзаттык Руханий Цивилизация Асманына аргып чыккан манасий ЖАӉЫ СӨЗдүн башталышы болуп калууга тийиш!

«Элдеги»  Айтматовдун  [идеалда күтүлгөн!]   Жолу  ушул.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *