Минтип өнтөлөгөнүмдүн себеби бар, замандаш. «РухЭш» сайты бир жылдан ашык убакыттан бери өрнөктүү адабият аркалуу коомдогу руханий жакырчылыктан чыгуунун жолун издеп келет. Ашкере саясатташкан коомдун көңүлүн адабият, маданият маселесине буруп, эртеңки келечек муунду илим-билим жолуна үгүттөө максатындагы темаларга басым койгонубуз да ошол. Рухий коом агартуу озуйпаны ушундай аракет менен баштоодон бөлөк жолду көрө алганыбыз жок…

Ача жолго алаксыбай: ушул жолду тандагандан кийин, артка кайтмай жок дедик. Кадам таштап чү дегенде эле балдар адабияты боюнча акын-жазуучулар арасында атайы конкурс уюштурдук. Эмнеге дегенде, учурда акын жазуучулар балдар адабиятын унутта калтырды. А кыргыз тили өнүкпөй жатканына тынчсызданганыбыз кайсы?! Өз эне тилинде жомок окуп, ыр жаттабаган келечек муундан эмнени күтүүгө болот?! Өз эне тилинде ою жетик, тили жатык, куйма кулак келечек өкүлүн тарбиялоо бүгүнкү күндө бийликтегилерди деле анчейин тынчсыздандырбайт өңдүү!!!

Андан да кокую – балдар адабиятына кайрылган акын-жазуучуларыбызга беш манжаны санап да жеткире албайт экенбиз. Азыр экинин бири акын-жазуучу. Бирок көбү байлыгы, бийлиги бар даңкеселердин Арзыматына айлангандар. Алардын көбүнүн эбедейи эзилип, мансаптууларга гана ода жазганы болбосо, балдар адабиятына боор толгоп кайрылайын дегени жокко эседей…

Балдар адабияты боюнча конкурстан кийин «Сен кимсиң, Аялзат?» аталышында публицистикалык макалаларга, журналисттик изилдөөлөргө конкурс жарыяладык. Мунун себеби, бүгүнкү замандагы Аялзаттын, Энелердин коомдогу акыбалына анализ жүргүзүп, асылзаада Аялзатына болгон коомдогу мамилени, улуттук проблема – Эне темасында экенин коомчулук жетик түшүнсө дедик. Аны менен катар туруктуу окурмандарыбыз арасында «Мыкты Эне» аттуу атайы номинация уюштуруп, балдарга жомок, тамсил, ыр окуп берүүгө ышкысы бар Аялзатына атайы белек берүү жөрөлгөсүн улантып келебиз.

Учурда кыргыз адабиятындагы өз казанында боркулдап кайнаган боткону көрүп, дүйнө адабиятынын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирсек, коомчулукта көркөм дөөлөт, көркөм эстетикага болгон табит өсөр деген максатта котормо жанры боюнча да конкурс уюштурдук эле, жыйынтыгы жаман болгон жок: англис, француз, немис, чех, кытай, түрк, татар, казак, өзбек, каракалпак, орус тилдерден кыргыз тилине түпнускадан түз оодарылган чыгармалар келип түштү. Аларды рухий ыракат издеген окурмандарыбыз окуп атыр.

Адабий процесс жанданып кетер деген ниетте адабий сын жана рецензия, изилдөөлөргө конкурс жарыяладык эле, тилекке каршы, көбү учур адабиятына ат үстүнөн мамиле кыларын көрдүк. Адабий адистерибиз деле бу жаатта өздөрүн камчыланбай калганын зирек окурмандарыбыз конкурстун жүрүшүнөн баамдап аткандыр.

Улутубуздун рухий деңгээлин көтөрүүгө биз менен ниеттеш болуп, жогоруда аталган конкурстарга демөөрчүлүк көрсөтүп келаткандыгы үчүн ЖК депутаты Алтынбек Жунус уулу, жеке ишкер Кылычбек Исамамбетов, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, сайтыбыздын башкы менеджери Урматбек Жакшымбетовго жана жалпы эле туруктуу авторлорубуз менен туруктуу окурмандарыбыздын колдоо көрсөтүп келаткандыгына терең ыраазычылык билдиребиз!

«РухЭш» сайтынын мындай аракеттерин колдоого ниетин билдирип, ушул жылдын февраль-март айларында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы маданият, илим-билим тармагын жетекке алган бөлүм жетекчиси Исаев Айбек аттуу мырза 2-3 мерте өзүнүн кабылдоосуна чакырып, өкмөт тараптан беш жүз миң сом жардам көрсөтүү каралып жатканын айткандай болду эле, бийлик тараптагылардын ал убадасы ошол бойдон калды. Мен да басып барбадым. Себеби Айбек мырзанын президент Атамбаев менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кабылдоосуна «Сизди атайы киргизейин» дегенин укканда эле, желкем тырышып: «Жок, – дедим дароо, – шефтериңдин алдына мени шыйпаңдатып киргизбей-ак кой, үкам. Агер өкмөт чын ниетинен жардам көрсөтөр болсо, берер жардамыңарды бергиле, болбосо өз жолум менен эле «РухЭш» сайтынын ишин уланта береримди» айтып, куру дегенде менин чөнтөгүм үчүн эмес, адабият үчүн эки жүз миң сом байге фонд коюп бергиле, дүйнө адабиятын кыргыз тилине түпнускадан которуу боюнча конкурс жарыялай турганымды билдирип, атайы смета түзүп жөнөттүм эле, өкмөттөгүлөрдүн ал убадасы кийин тил эмизмейге айланганынан улам, бул демилгени Темирбек Асанбеков колдоп кетти. Аталган конкурска жүз он миң сом колдоо көрсөттү.

Окурман журтуна муну баяндап отурганымдын себеби, «РухЭш» сайтынын ишин бийликтин же кайсы бир саясый топтун колдоосу менен уланткыбыз келбейт. Анткени, эртеби, кечпи, бийликтин же кайсы бир саясый топтун алдында көзкарандылык пайда болот. Биздин шартта байкагандар билет: учурда кайсы маалымат булагы көзкарандысыз? Бир гана «Азаттык» менен Би-Би-Си (ВВС) маалымат булактарынын финансылык колдоосу Америка менен Батыш өлкөлөрүнөн болгон үчүн өздөрүнүн ишмердүүлүгүн туруктуу улантууга мүмкүнчүлүктөрү бар. А Кыргызстанда башка маалымат булактарынын дээрлик көпчүлүгүнүн колдоого алаар кожолору бар. Көбүнүкү капчыктуу саясатчылар… Кыргыз журналистикасынын чабалдыгы ушундадыр мүмкүн…

Андыктан сайтыбыз редакциялык өз саясатын жүргүзүүнү каалайт. Биз ошол себептен «РухЭш» сайтынын алдында прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүп, улуттук масштабдагы иштерге белсенүү максатында «Чеч-Дөбө» деген аталыштагы кеңеш түзгөнбүз. «Чече-Дөбө» кеңешинин максаты – улуттун келечегин аныктар багыттагы иштерди жүргүзүү. Аталган кеңештин биринчи кадамы белгилүү адабиятчы, илимпоз Салижан Жигитов менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыктарды уюштуруп, С.Жигитов атындагы «Улут абийри»; И.Абдуразаков атындагы «Рухий эш» деген аталыштагы эки номинациянын лауреаттарын аныктады. Бул сыйлыкка татыктуу деп – «Улут абийри» наамы белгилүү публицист Нарын Айыпка; «Рухий эш» наамы география илиминин доктору, биология илиминин кандидаты, орнитолог, сүрөтчү, философ жана эколог Эмил Шүкүровго ыйгарылды.

Аныгында Нарын Айып же Эмил Шүкүров элдин оозуна аш салып бербейт, бирок коомчулукта улуттун абийри, көрөңгөсү, рухий таянычы саналган моралдык авторитеттер өз маалында сыйга татып, жамы журтка моралдык ориентир болуп, чындыктын тили менен сүйлөөгө башкаларды үйрөткөнү маанилүү. Эл оозуна азык эмес, рухий витамин берер мындай инсандарга коомубуз чукак болуп туру. Андыктан сергек ой жүгүртүп, караламан калктын аң-сезимине таасир этер прогрессчил күчтөрдү колдоого тийишпиз. Биз жаңы коомдук катмарды калыптоо менен гана жалпы улуттук сапатыбызды, өрнөгүбүздү өстүрүүгө милдеттүүбүз. Болбосо бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугун сырттан башкарар күчтөр толуп кетти. Ислам диктатурасы рухий чегарабызды эбак бүлүнтүп, бүгүн диний башаламандыкка кабылдык. Буга баш ийип берелиби, кыргыз?! Чубак Жалилов баш болгон эки жүздүүлөр коомдун караңгы катмарына өздөрүн рухий көсөмдөй көрсөткөн жосунун таңуулоодо. Буга көнгүң барбы, кыргыз?! Диний түркөйлөр арбып, диний фанатизм бир кездеги атеизм коркунучунан да аша чапканы арбыды. Буга тизе бүгүп, макул болор күнгө келдиңби, кыргыз?! Мунусу аз келгенсип, жармач патриоттор, ашкере улутчулдар теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрө албай жүрүшөт. Мунун өзү кандай чоң коркунучка кептээрин сезбей, туйбай жата беребизби, бурадар?!. Биздей чабал улутка көрүнгөн диндин этегине жармашуунун кереги жок бүгүн, кыргызды улут катары бөлбөй-жарбай сактай турган бир гана салттуу ислам дининен башка асыл баалуулуктун кереги жок!!!

Азыркы Кыргыз бийлигинин тандаган курсу – адилетсиз сот чечими менен бийликке каш каккандарды четинен камап, чындыктын тили менен чыркырагандардын мойнуна миллиондогон суммадагы акчалай пулдарды айып салганын көрүп, угуп да тилиңди тишиңе катып отура бергиң барбы, кыргыз?! Кыргыз мектептери менен бала бакчаларындагы билим берүү, тарбия маселеси оң жолго коюлбай келатканына баарыбыз күбө болуп келатсак да, баарына… баарына… баарына кайдыгер карап отура берер кезеңби, кыргыз?! Өй бир, улуттук сапатыбызды көтөрүп, аң-сезимибизди өзгөртөбүзбү, кагылайын, кыргыз?! Өз келечегиңди кимдердин колуна салып бергиң бар?!

Андыктан улут катары ирденүүнүн, калыптануунун мөртү келди мөлтүлдөп. Жапатырмак жалпы улуттук рухий дөөлөт түптөсөк кантет?..

Улутка рухий таяныч болор бир маалымат булагын түптөбөйлүбү… Албетте, бүгүнкү күндө эларалык уюмдар толтура: грант жазып акча ала турган. Алардан «РухЭш» сайты колдоо таппай койбойт. Себеби дүйнөнүн баардык элдеринин адабиятын, маданиятын жайылтып келаткан ишмердүүлүгүбүз үчүн деле гранттык долбоорлорду жазып, жардам издесек жарашат. Бирок көңүлүбүзгө жарашпаган бир иш бар: биз канчага чейин башка өлкөлөрдүн колдоосуна ишеним артып жашайбыз?! Бийлик, мансапка жетүүнү көздөгөнү деле башка өлкөлөрдүн колдоосун күтүп, жалпы улуттун мүдөөсүн канаттандырып келдиби?!

Биз качан гана жапатырмак жакшы ишке умтулгандан баштап жалпы улуттук рухий дөөлөткө ээ болорубузду унутпайлы! «РухЭш» сайты элдин колдоосу менен гана өзүнүн чыйыр жолун издейт. Агер сайтыбыз элдин жапатырмак колдоосу менен финансылык мүмкүнчүлүккө ээ болсо, биз деле интернет айдыңында видео, аудио материалдарын даярдап, элибизге рухий мурастарды электрондук коммуникация мүмкүнчүлүктөрү менен жеткирүү ниетиндебиз.

Андыктан замандаш, «РухЭш» сайты улуттук дөөлөт-мурастарды топтоп, келечекте өз ишин уланта берүүсүнө тилектештигиңизди билдиргиңиз келсе, «РухЭш» сайтын колдоо акциясын жарыялайбыз. Каалоочулар 0558 08 08 60 (ЭЛСОМ), ошондой эле 4172210079305594 VISA эсебине ар кимиңиздер мүмкүнчүлүгүңүздөргө жараша колдоо кылууңуздарды өтүнөбүз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *