№10

Эч болбосо 1-2 сабы эсте калып, кийин кайра окугубузду келтирсе гана ыр жазылыптыр деп айта алабыз го. Төмөндөгү үч башка автордун бирден ыры жөнүндө сөз кылуудан мурун мага абдан жаккан саптарды келтирейин:

“Эмне кылсам бул жүрөктү булкунган?”

“…таштан бүткөн, асемделген муз менен”

“Үй санаасыз, биз күнөөсүз, шаар шамал”.

1. Чаалыккан кыялдар

Назгүл ОСМОНОВАнын 2014-жылы жарык көргөн «Чаалыккан кыялдар» жыйнагындагы мыкты ырлардын бири ушундай аталат.

Мен бир кушмун канаттары кайрылган,
Ишенимден, үмүттөрдөн айрылган.
Көздөн учуп көксөгөн көк жээктер,
Чоочун, муздак өлкөлөрдү жай кылган.

Жылдыздарга умтулганым умтулган,
Жетпей бирок умсунганым умсунган.
Эмнелер бар мен көксөгөн жактарда?
Эмне кылсам бул жүрөктү булкунган?..

Мен канчалык кылган менен далалат,
Алалбадым өз жашоомдон канагат.
Жаным туйлап көөдөнүмдү ургулап,
Чыгып андан учкусу бар сабалап…

Бул ыр эч бир талдоого муктаж эместей – баары ушунчалык жөнөкөй да, түшүнүктүү сыяктанат. Акыйкатта, мындай салмактуу, дээрлик трагедиялуу мазмун камтыган саптарды ушул турушундай жеңил, жеткиликтүү кылып учкул кыял, жан дүйнөсү канатчан акын гана жаза алмак. Анын рухий бийиктикти көксөгөн жан дүйнөсү демейки тиричиликтин бир кылка агымына, нугуна сыйбайт, бирок жээкке согулган албуут дарыя сайдан чыгып кете албагандай эле, табият чектеген болмуш алкагысыз жашай да албайт…

Бул эч кандай бөтөн, чоочун жашоо эмес, баягы эле көнүмүш, баарыбызга өтө тааныш турмуш: нан табуу, бала багуу, башка адамдар менен мамиле кылуу, иштешүү ж.б.у.с. түгөнбөгөн түйшүк. Бирок тирлик прозасы рух бийиктигине талпынган мүдөө үчүн гана «чоочун, муздак». Биринчи строфанын[1] ыргагы солгунураактай…

«Булкунган» жүрөктүн кагышына улам кийинкиси ырдын каптап келип жээкке согулган түрмөк толкундардай даана туюлган уйкашы, ыргагы шайкеш. Сап ичинде бир эле этиштин кайталангандыгы (“умтулганым умтулган” же “умсунганым умсунган”) дегеле өөн учурабайт. Тескерисинче, көркөм ойду батыл туюнткан строфанын жыйынтыктоочу сап башында айкашкан сөздөрдүн үндөшүүсү өжөр «толкундун» демин өзгөчө күч менен жаңыртат:

«Эмне кылсам бул жүрөктү булкунган?»

Биринчи жана экинчи саптарда уңгулаш этиштер жанаша, удаа келсе, соңку сапта башкы сөз айкашы («эмне кылсам») жана аяккы сөз («булкунган») алысыраактан күүлөнүп келген кыйла кубаттуу толкунду элестете үндөшөт, уйкашат.

Акыркы строфада ыргак солгундайт – жээкке келип үстөккө-босток согулган толкундар кайра артка тартылып бараткандай… («ла/ал» тыбыштык айкашы да сылагандай жумшак маанайды сездирет; бирок мааниси кескин өзгөргөн үчүнчү саптагы кайталама «ла» карама-каршы маанайды басаңдата албачудай болуп, төртүнчү саптын ортосунан өткөнгө чейин албуут толкун кайра күч алчудай туюлат да, бирок баары бир акыры күүсүнөн жанып, өксүй түшөт, «сабалап…»)…

Көр тирликтин өктөм мүдөөсү менен көөдөндөгү көксөөнүн айыгыша каршылашуусу жумшаргандай… Акындын жүрөгү да турмуштун кадиксиз мыйзамдарына аргасыз көнүп-көнө албай калгандай:

«Мен канчалык кылган менен далалат,
Алалбадым өз жашоомдон канагат.
Жаным туйлап көөдөнүмдү ургулап,
Чыгып андан учкусу бар сабалап…»

2. Жүрөккө үндөш ыр жазсак…

Поэзия бир аз эси жок болушу керек.
А. С. Пушкин.

Атактуу философ, адабиятчы Михаил Бахтин жаш кезинде жазган «Искусство жана жоопкерчилик» аттуу чакан эссесинде мындай ойду айткан экен: «Жашоодо көргөн-билгендеримдин баары жарабай калбашы үчүн мен искусстводо баштан кечирип, түшүнгөн нерселериме жооптуу болушум керек». Жаштык, курчтук шары менен ал чыгармачыл инсанга өтө эле катуу талап койгон эмеспи? Бирок мунсуз нукура көркөм бийиктикке жетүү мүмкүнбү?..

Акын жан дүйнөнүн ар ким эле байкай, сезе албаган кандайдыр бир өзгөчө абалын башкаларга (окурмандарга) таасир эткидей кылып жеткириш үчүн, биринчиден, ошол абалды, жагдайды, учурду өзү даана сезип-туюшу, «баштан кечириши» зарыл. Кээде ал өзү ошондой жагдайга туш келет, кээде башка бирөөнүн бул абалда болгонун баамдайт – өзүнүн бир кездеги баштан өткөргөн жагдайын эстейт же табигый сезимталдыгы менен кишинин санаага баткан, таң калган, суктанган, эргиген, толкунданган, бук болгон, кыжырданган, көңүлү чөккөн же шаттанган… маанайын (сыр бербешке аракеттенсе да) даана туя билет.

Экинчиден, ал сезип-туйгандарын, толкундуу ойлорун окурманга таасир эткидей кылып сөз менен жеткирүү жөндөмүнө ээ болушу керек. Бул жөндөм биринчи кезекте тубаса тилдик туюм, эстетикалык табит менен шартталат да, талыкпаган изденүү, окуу, үйрөнүү, көнүгүү (машыгуу) аркылуу чыгармачылыктын азап-тозогунда күйүп-тоңуп, чыңалып жетилет – талант болуп өсүп чыгат.

Жогоруда М. Бахтин айткан чыгармачыл жоопкерчилик өңүтүнөн караш үчүн акындар эң көп кайрылган махабат темасына токтололу. Жеңил-желпи секетпайлар, эптеп уйкаштырылган, мааниси тайыз, окуп чыккандан кийин эле унутулган, кайра эстегидей дээрлик эч кандай өзгөчөлүгү жок саптар эмес, окурманды кошо толкунданткан, лирикалык «Мендин» жан маанайын сездирип-туйдурган, көңүлдө кала турган ыр жазылышы үчүн акын бул улуу, аруу сезимди өзү баштан өткөрүшү же башка адамдын ушундай албуут сезим толкундарына кабылганын кылдат байкап, сезиши, өзүнүн жүрөгүнөн өткөрүшү керек. Өзү бир конкреттүү адамды сүйүп кала элек болсо да, Айтматовдун Жамийласы Даниярды «өмүр бою сүйүп келгендей» жан дүйнөсү таза, жүрөгү чоң сүйүүгө даяр болушу шарт.

Баса белгилейли: махабат темасында (айрыкча; бирок башка бардык эле темаларда деле) мыкты ыр жазылышы үчүн экинчи шарт – таланттын бар болушу, өсүп-жетилгендиги, чыгармачыл изденүү азабы же ырахаты абдан зарыл. Болбосо «Айтылбай канча сыр калган, Жазылбай далай ыр калган» эмеспи.

Төмөндө мисалга алынган ыр көркөм (бул жерде – лирикалык) чыгарма жаратуу түйшүгү канчалык оор болорун даана чагылдырат:

«Сен жакшысың! Мага гана жүрөгү
таштан бүткөн, асемделген муз менен.
Жүрөгүңө жалынбастан шарт кеткен,
көрүнөттүр сага Дүйнөм суз, керең.

Сен жакшысың, мага гана таш болгон,
Ал ансайын көздөрүмө жаш толгон.
Оо жүрөгүм, мемиреген тынчтык бер,
Махабат деп кечпе көптү, мас болбо!

О жүрөгүм, ордуңда тур, булкунба,
Мени сүйбөс жакшы адамга умсунба.
Көтөрүп өт, көгүчкөнүм-жүрөгүм,
Күндөр болбойт түбөлүктүү бир кылка.

Сен жакшысың, башкаларга ырдаган,
Оттой жанып, сүйүүң угуп кыйла жан.
Эртең билем, бир чоочунсуң, тек жакшы,
Жаным сыздап, жан турса да кыйбаган».

Нурзат МОКЕНОВАнын бул ырын фейсбуктан окуганда, ичкериден чыңалып, бири-бирин жокко чыгарчудай карама-каршы турган сезимдерге таң калган элем. Чын эле, жакшы адамдын жүрөгү муз болушу мүмкүнбү? Жок. Баштапкы вариантында «муз менен» жана «суз, керең» деген жакшы уйкашкандыгы үчүн эле бир строфага шыкап салынгандай көрүнгөн эле. Кайра иштеп чыкканда, акындын окурманга жеткирмекчи болгон көркөм идеясы кыйла даана туюнтулду: махабат отуна кабылган лирикалык каарман үчүн сүйгөнүнүн жооп кылбаганы (же туйбаганы), кайдыгерлиги муздай суук сезилет экен! Ошондуктан анын өзүнүн да арданган мамилеси сыртынан караганда «суз, керең» (мерес) көрүнүшү мүмкүн.

Эми төмөнкү саптарды баштапкы варианты менен салыштырып көрөлү:

«Оо жүрөгүм, мемиреген тынчтык бер,
Махабат деп кечпе көптү, мас болбо!»

Адегенде бул кош сап мындай жазылган эле:

«Оо жүрөгүм, эссиздигиң сактап өт…
Махабат деп кечпе көптү… мас болбо».

Фейсбук аркылуу кат алышканда «эссиздигиң сактап өт» түрмөгүнүн мааниси «мас болбого» коошпой турат десем, автор өйдөкүдөй кылып өзгөрттү. Бирок көп чекиттер менен ажыратылган бул үзүк түрмөктөрдө бири-бирин жокко чыгарган бөлөк-бөлөк мүдөөлөр сөзгө алынгандыгын эске алсак, анда баштапкы варианты эле жакшы окшойт.

Бул ырдын таасир сыры дал ушул жан дүйнө диалектикасына жасаган ишааратында экен. Кара сөздөгү кебелгистей бекем логика бул ырдын көркөм турпатына анча туура келбейт. Ошондуктан окурман адегенде эки анжы абалда калат: бир жагынан, ыр жакшы окулат – сергегирээк баамдап туюуга, чыйрагыраак ойлонууга түрткү бергидей башкача маанай тартуулайт; экинчи жагынан жөнөкөй логикага сыйбаган саптары түйшөлтөт – ырда айрым жерлери окурманга чийки, жеткире иштелбей калгандай көрүнүшү мүмкүн…

Бирок ошол ойду бир жерге топтоп-топтобой жатып кайра чачыраткан «чийки» жерлеринде лирикалык каармандын өзгөчө кыжаалат абалы эң таасирдүү берилиптир. Бул ырды Н.Мокенова дагы кайра иштейм, ийине жеткирем деди эле. Балким, үчүнчү варианты бардык жагынан ойдогудай чыгар? Кантсе да, ырдагы өзөк маанай – рухий күрөштүн ички карама-каршы табияты жымсалданбай, жумшартылбай, курч, дээрлик элдешкис бойдон сакталышы керек.

Чыгармачыл жолунда өзүнө талапты бекем койгон жаш акын Нурзат Мокенова изденүүдөн талбайт. Анын ырларында бирдей эле грамматикалык формалар (мисалы, этиштин өткөн чагы, атоочтук ж.б.) менен жасалган арзан (банал) эмес, ар башка сөз түркүмдөрүнөн, күтүүсүз ыңгайда айкашкан уйкаштар көп кездешет: «муз менен / суз, керең», «жаш толгон / мас болбо», «умсунба / бир кылка», «ырдаган / кыйбаган» (акыркы жуп – этиштер, бирок бири тангыч формада).

Бул саптардагы шыңгырай жаңырган уйкаш менен өктөм ыргак ырдын ички, подтексттеги доошун даана туюнтушка да кызмат кылат.

3. Шамалдуу шаардагы күнөөсүз үй

Афина БАКИРОВАнын үйдөгү, үй-бүлөдөгү эч нерсеге алмашкыс жылуу маанайды жандуу, таасирдүү сүрөттөгөн ырын окуп көрөлү:

Бөлмөлөр бар, кайда экенин билбеймин,
Колго тааныш темир тутка каалга бар.
Ал каалганы ачып кирип келсең сен –
Үй санаасыз, биз күнөөсүз, шаар шамал.

Оң жагыңда ак плащым илинүү,
Сол жагыңда жылнаамабыз түрүлүү.
Демек кеч күз… Бийик үйдүн айнеги
Бийик соккон шамал менен гүрү-гүү…

Кемселиңди, чечпей башта шапкеңди,
Издеп мени ашканага өтөсүң.
Туюп турам муздай түшкөн топчуңан
Суук башталган шаардын кечки көчөсүн.

Арасында казан, чайнек, буулардын
Аралашып отко, жемиш, гүлдөргө,
Күлүп турам, кучагыңа аласың –
Көк Теңирдин сүймөнчүгү бул бөлмө.

Биз белгисиз. Таптакыр бир белгисиз.
Бул калаада эч ким бизди тааныбайт.
Жарык менен Таттууну көп кеп кылып,
Биз жашаган күндөрүн айт, айын айт…

Бөлмөлөр бар, кайда экенин билбеймин.
Колго тааныш темир тутка каалга бар.
Ал каалганы ачып кирип келсең сен –
Үй күнөөсүз, биз санаасыз, шаар шамал…

Биринчи эле строфадан көркөм табити жетик, даярдыгы бар адам ырдын ыргагы, композициялык түзүмү башкача экендигин байкайт. Аягына чыкканда кайталанган биринчи жана акыркы строфалардын жыйынтыктоочу сабы Үй күнөөсүз, биз санаасыз, шаар шамал…») бүтүндөй ырды көркөм-идеялык алкакка саларын көрүп, анда чыгарманын өзөк идеясы, данеги камтылганын түшүнөт. Алкак композициянын дагы бир иш-милдети – көркөм текстти кайра башынан окуп чыкканга – жөн эле кайталап койбостон, толугу менен, бүтүн, чулу кабылдаганга ишаарат кылгандыгы.

(Акыйкатта, нукура көркөм чыгарма сөзсүз кайталап окулат – табити жетик, руху бийик окурман атайы башынан түшүп окубаса да, анын дилине жеткен таасир, көңүлүнө кыттай уюган ой текстти маал-маалы менен эстетет; ошентип, убакыт өткөн сайын ыр унутулбай эле, тескерисинче, тереңирээк кабылданат, түшүнүлөт).

Ырды окуп жатканда окурман өзүнүн үйүн эстейт, үй-бүлө кура электер ушундай жөнөкөй бактыга жетсем деп эңсейт. Ырас, ырда шаардагы демейки көп кабаттуу үйдүн батири жөнүндө эле эмес, кыйла кеңири маанидеги инсан аралык мамиле, рухий мейкиндик жөнүндө да сөз болуп жатканын баамдайбыз:

«Бөлмөлөр бар – кайда экенин билбеймин».

Бул эркек-аялдын али көп жактары белгисиз эриш-аркак жашоосунун башталышы. Лирикалык «мен» «жылнаама илинген», демек, туруктуу жашаган үйүнүн бөлмөлөрүн эмес, үй-бүлөлүк турмуштун ачыла элек, түшүнүлө элек, толугу менен түшүнүлүшү мүмкүн да болбогон сырларын «билбейт» же учкай, балким, ички туюм деңгээлинде гана сезет.

Ошондуктан кейипкер күткөн, аны сагынган жан «колго тааныш темир тутка … каалганы ачып кирип келсе», үй «санаасыз» болот – бардык жагынан көңүлгө төп, эң бир шайкеш, жайлуу мейкиндикке, үй-бүлөлүк бейпил микрокосмоско айланат. Каармандардын ички дүйнөсүн уйгу-туйгу кылган санаалар тынчыйт, «шаардын», б.а. сырт дүйнөнүн «шамалы» – ызы-чуулары, уу-дуулары, түркүн-түмөн умтулуулары, кыйма-чийме мамилелери «бийик үйдүн айнегинин» сыртында калат. Ырас, терезени «бийик шамал» каккылап турат дагы эле, бирок ушул учурда ал сырт дүйнөнүн шоокуму бойдон кала берет. «Бийик айнек» – жөн гана шаардагы көп кабаттуу үйдүн терезеси эмес, бул үйдүн кутун, рухий турмуштун үй-бүлөлүк же жеке аялуу мамиленин назик, кылдат түзүмүн калкалаган тунук, жука кабык…

«Туюп турам муздай түшкөн топчуңан,
Суук башталган шаардын кечки көчөсүн».

Адабият таанууда бөлүк аркылуу бүтүндү мүнөздөгөн көркөм ыкма метонимия деп аталарын эске сала кетели. Чындыгында бул «топчу» бир нече деңгээлде кеңейүүчү касиетке ээ каражат болуптур: биринчиден, тыштан кирип келген адамдын кийиминин муздагын «сездирет», ал аркылуу кеч күздөгү сууктан кабар берет; экинчиден, үйдүн ичиндеги уядай Көк Теңирдин сүймөнчүгү») бейпил жагдайга кейипкерлерди эч кими тааныбаган шаар абасы (сырт дүйнөдөгүлөрдүн салкын мамилеси) карама-каршы фон катары кабылданат.

«Биз белгисиз. Таптакыр бир белгисиз.
Бул калаада эч ким бизди тааныбайт.
Жарык менен Таттууну көп кеп кылып,
Биз жашаган күндөрүн айт, айын айт…»

Тургундарынын туугандык, кошуналык катышы бекем айылдан айырмаланып, шаар – бул белгисиздик, көп сандаган бейтааныштар жашаган мейкиндик. Бул мейкиндикте үй-бүлөлүк очоктун куту өзгөчө мааниге ээ, ошол куттуу жылуулукту – «Жарык менен Таттууну» акын кайдыгерлик (белгисиздик) өкүм сүргөн шаардан айырмалап сөз кылат…

Ырас, элдин баары эле бул ырды ушундайча кабылдай билери күмөн. Бирок бул жөн эле уйкаштырылган, мазмуну жалаңкат саптар эместигин окурмандардын көбү жок дегенде боолгойт, акын сүрөттөгөн көркөм дүйнөгө аралашууга умтулат, эч болбосо анда сөзгө алынган жубайлар ортосундагы жылуу мамилени сезип-туя алат. Буга тексттин түз мааниси (подтекстке чейинки катмары), шашпай окуганга ылайыкталган салмактуу ыргагы да өбөлгө түзүшү мүмкүн. Ырдын эң орчундуу, «алкак» сабындагы интонацияны аягында баса белгилеш үчүн Маяковскийдин шаар көчөлөрүндөгү кыймылды, шаардагы өзгөчө мейкиндикти элестеткен баскычтуу формасына салууга болот:

«Үй күнөөсүз,
                      биз санаасыз,
                                             шаар шамал».

[1] Кыргыз адабиятчылары кээде обондуу ырдын бөлүгүн атаган «куплет» деген терминди колдонушат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *