ПОВЕСТЬ

I

– Намазыңызды окут бүттүңүзбү? Бүтсөңүз мен азыр… Турсун авам менен жеңем Балыкчыдан эртең чыгабыз дешти. Мен да ишемби, жекшембиде үйдөгү болгон иштерди бүтүрүп салайын. Кышкы сессиянын экзамендерин болсо тапшырып бүттүм, – бул экинчи кабаттан чыккан үн.

– Окууну бүтсөң ким болуп чыгам деп атасың ошондо? – бул биринчи кабаттан чыккан үн.

– Вокалист, – шаңкылдап угулду үстүдөгүнүн үнү.

– Ал эмне болгон кесип?.. Мурда башкача айткандай болдуң эле го? Ырчы болом деп жүрбөйт белең? – жактырбагандай сурады ылдыйдагы.

– Ооба, ырчы болом дегем. Болгондо да колоратурное сопрано, – сыймыктуу чыкты экинчи кабаттагы үн. А түгүл өзүн Джульетта элестетип үн созуп да жиберди:  

Что за звук слышу я?
Чудный хор доносится до меня.
На танец всех он приглашает!
Что за мир волшебства
окружает меня?..

– Кыз кишиге ырчылык кесип жарашпайт, – кесе айтты биринчи кабаттагысы.

Бул айтылганды кулагынын сыртынан кетирди экинчи кабаттагысы.

– Абды ава.

– Абды эмес, Абд-Саид ава деп чакырып жүр дедим эле го.

– Көналбайле… – Барчын күнөөлүү немедей актанды. Мындан улам мурда үйдө чыккан чырды да эстеди.

– Абд-Саид дегендин эмнеси кыйын…

– Абд-Саид ава.

– Не болду?

– Автоматты ордунан жылдырып берип коюңузчу, күчүм жетпей койду, – деген Барчын кир жууган автоматты дубалдан бериге козгой албай аткан эле.

– Жылдырып эмне кыласың? – экинчи кабатка көтөрүлгөн Абд-Саиддин көздөрү Барчындын жамалына кадалып калды.

Бет маңдайындагы ажары төгүлгөн кыздын тирсийген көкүрөгүнөн көзү өтүп тиктеп тура берет беле – муну туйган Барчын авасынан уялганынан артына шарт бурулуп, ишин улай берди.

– Ванныйдын алдын тазалап бүттүм, эми автоматтын астындагы чаңдарды биротоло сүртө коёюн… Ишти чала калтырбай. Анан сизге тамак берем, – деди нымшыган чекесинен куюлган терин сыдырып.

– Мен келгенден бери жаның тынбады го. Эс ал болду, убара болбой.

– Убарасы деле жок, Абд-Саид ава…

– Калтыр муну… Автоматтын астындагы чаңды ким көрүп атыптыр.

– Аны ким-бирөө көргөн-көрбөгөнү кеп эмес, үй таза болсун үчүн дегеним… – Үйдү бир да тал кыл жатпас кылып кармап үйрөнгөн кыз авасынын кийлигише кеткенин кыртышы сүйбөдү. Авасы бир ордунан жылбай кадалып турганын да далысынан туюп, жактырбады.

– Үйдөгүлөр… эч кимиси жокпу?

– Жок дедим го, – авасынын арка жакта көзү кадалып тиктеп турганынан улам кыз да тетири караган бойдон ишин улай берди. – Турсун авамдар балдарды кошо ала кетишкен Балыкчыга.

Абд-Саид автоматтын алдындагы чаңды сүртөм деген Барчындын өжөрлүгүнө көнбөдү. Баятан бери үй тирлигинен жаны тынбаган карындашын чындап эле аядыбы, же зыл таштай оор кир жууган автоматты ордунан козгоого көңүлү тартпадыбы, же үйдө киши жокто жылымтык мамилесин билдирмекке жароокер көрүнгүсү келдиби, айтор, Барчындын күчү жетпеген иш үчүн эпке келер түрү жок.

– Андан гөрө өзөк жалгаганга тезирек бирдеңке камдачы, – алыс сапардан обору ачылып келген Абд-Саид чарчагандай үн катты.

– Азыр, ава. Аз эле жери калды күзгүнүн. Кухняга түшө бериңиз. Муздаткыч толтура. Баары даяр. Чай кайнай калары менен түшүп барам.

Абд-Саид үчүн бүгүн ээн үйдө Барчын менен өз эркинче дидарлашуунун удулу келгенсип турду…

Абд-Саид – Турсундун балдарынын улуусу. Барчын – Турсундун аталаш агасы Жаныштын шаарда билим алып жүргөн кызы. Музыкалык училищада окуйт. Авасынын үйүндө жашайт.

– Бангладеште канча айлап жүрдүңүз? Кооз шаар болсо керек ээ? – сыйкырдуу жомоктогу аталыштай угулган Бангладеш туурасында үйдө айтылган кептерден улам кулагы чалганы болбосо, ал кандай шаар экени Барчынга табышмак.

– Мурдагы барганым менен кошкондо… Кана, канча ай… – Абд-Саид ичинен күбүрөндү. Бирок канча ай жүргөнүнүн эсебин таппады. Жооп ордуна жонундагы рюкзактын чөнтөгүнөн сууруп чыккан сырты кооз флаконду Барчынга карматты.

– Вау! Ыракмат, Абд-Саид ава, – колундагы флакондун жытына магдыраган немедей көздөрү чылк жумулду. – Мурунку апкелип бергениңизден да укмуш экен мунусу, – маашырлана кайра-кайра жыттады. – Жүрүңүз тамакка.

Экөө ылдыйкы кабатка түшүп, Барчын үстөл үстүн жайната салды.

– Каяктан келген устакан? – Абд-Саид дасторкондогу кашка жиликти жактырбагандай, колунун сырты менен үстөл четине түртүп койду.

– Кечээ Турсун авам менен жеңем куран окуткан жерден апкелген устакан, – илбериңки жооп берди кыз. – Демек, бата кылынып союлган мал да… Жей бериңиз, адал тамакты, – Барчын кашка жиликти авасынын алдына кайра жакындатты.

– Мага мөмө жемиштер эле жетет, – Абд-Саид адатынча үстөл үстүндөгү тамактардын кайсынысы адал-арам экенине көз жүгүртүп алды.

Авасынын белегине көңүлү жайдарыланып турган Барчын үстөл үстүнө коон-дарбыз коюп, тилип баштады.

– Коонду жакшы көрчү элеңиз, келиңиз, алыңыз, – коондун чоң тилимин авасына жылдырды.

А тиги «жебейм» дегенсип баш чайкады да, сабыры суз түшүндүргөнгө өттү:

– Алдагы бычагың менен жакшынакай жемишти сен макүрө кылып салбадыңбы.

Барчындын эки көзү тостоюп, авасынын алдында чоң күнөө кылгандан бетер чочуп кетти. Дасторкондогу нанды да дал ушул бычак менен кести эле да. Нанга кол тийгизбей отурган авасынын минтип айтканынан жаш кыз бүшүркөй түштү.

– Бычак таптаза, Абд-Саид ава!

– Макүрөнүн баары дал ошол бычакта, – деди оозундагы жемиштин ширеси ээгиндеги сакалы ылдый жүгүргөн авасы.

– Бычак ысык сууга таптаза жуулган, – Барчын чын дилинен бычактын таза экенин далилдегиси келгендей, жаңы жуулган идиш-аяктар тарапка кол жаңсады, – Карасаңыз, баары жуулган.

Үй ичи мизилдеп таптаза эле.

– Идиштерди сен канчалык таза жууба, булар макүрө.

– Кантип? – Барчын таңыркай карады авасына.

– Силер муну менен канча жолу колбаса кесип жейсиңер?..

Кыз үндөй албай калды. Өзүн күнөөкөр сезди. Такыба мүнөз болуп бүткөн авасына башка эмне аш берерин билбеди.

– Чайыңыз муздап калды, ичиңиз, – жарытылуу тамак жебей отурган авасына чебелектеп жиберди.

– Крандагы суудан эле куюп берчи, – авасы алдындагы чай чыныны четке жылдырып койду.

– Муздак сууданбы? – таңгала сурады. – Чай ичпейсизби андан көрө… Же кофе берейинби? – алапайын таппады кыз.

– Кофе – мусулман баласынын суусундугу эмес, – кесе сүйлөдү, – аны те илгери эле Мекке шаарынан чыккан улуу аалымдардын бири кофе адамды маң кыла турган ичимдик экенин айткан. Атүгүл кофе саткан адамдарга жаза колдонуп, кофе сатылган жайларды өрттөтүп салган. Ал да адамга спирттик ичимдиктей эле зыяндуу. Сен да экинчи ичпей жүр аны.

– А сиз мурда кофе ичип жүрбөдүңүз беле?

– Мурдагылар билбестиктен да… Пенде баласынын билип-билбеген күнөөсүндө санак жок тура.

Абд-Саид динаяттардын улам жаңысынан баян курган сайын, жаш кыздын башында туман пайда боло берди. Авасынын айткандарында чындык бардай муюп отуруп, о бир далайдан кийин узаткан соболу:

– Бангладеште сиздерге эмнени окутат?

– Илим… – Абд-Саиддин ар дайым ата-энесине берген чолок жообу да ушул.

Авасынын кандай илимге баш байлаганына Барчын түгүл үйдөгүлөрдүн эч кимиси жеткиликтүү түшүнө элек. Бул суроого келгенде Абд-Саид менен ата-энесинин ортосунда нечен курдай түшүнбөстүктөн кайым айтыш тутанган. Бангладеште алып жүргөн илими кийинчерек ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени бөлүп салган коргонго айланды. Үйдөгүлөр Абд-Саид эмне болгон илимдин артынан жүргөнүн сөз кылгандан да; өзүнүн Абдыбек аттуу ысымын Абд-Саид кылып алганына ата-энесинин күйбөгөнү күл. Аларды бушайманга салган маселе ушул.

Күндөрдүн биринде эле айтпай-дебей жоголгон Абдыбек үчүн ата-энесинин ичкени ирим, жегени желим болду. Адегенде өз жамаатын ээрчип дааватта жүргөндүр дешти. Сакалын топоздун чолок куйругундай өстүрүп, узун этек чапанын жонунан түшүрбөгөн динаятчы болуп чыга келген уулунун жүрүм-турумуна эне-атанын айласы кетти. Анын бул адаты үйүндөгүлөргө бара-жүрө көнүмүш да болуп баратты. Жумалап, кээде бир-эки айлап дааватка кеткенине тынчсызданган ата-энеси Абдыбекке жакшы да айтышты, жаман да айтышты. Эрезеге жеткен бала өзүнүкүн бербеди. Жайына коюшту: мүмкүн мунун баары убактылуудур деген кур үмүт жетеледи эне-атаны. Ал эми бу жолу үчүнчү айга жоголгону Турсун менен Закендин санаасын санга бөлдү. Кудай уруп, Сирияга кетип калбагай эле деп жүрүштү. Иликтеп сураштыра келгенде гана диний жамааттын жаштары Бангладешке илим алууга кеткенин уккан ата-эне «өх» деп жандары жай алгансыган.  

Акыры аман-эсен келди. Келгени курусун, кандай илимдин жолуна түшкөнүн үйүндөгүлөр жарытылуу түшүнбөдү. Илимдин докторлук даражасына жеткен атасы Турсун өз уулун кепке тарталбай, ата-баланын ортосундагы масилет илимдин учугун чубаар кепке жакындабады. Сөз, экөөнүн чыры менен аяктамай болгондо, аргасы түгөгөн атасы кургур кепти жумшартууга өттү:

– Болуптур балам, илим жолуна түшкөнүңдү мен кантип колдобоюн. Бирок сеники эмне багыттагы илим? Араб тилин үйрөнүп атканың жакшы. Колуңдан келсе ошол араб тилин жеткилең үйрөнүп чыксаң кана. Ушул күнгө чейин биздин илимдер академиясындагы араб кол жазмаларын окуп түшүнгөн киши аз. Тил үйрөнсөң: тарыхый булактардын көзүн ачаар эмгектерди жараткың бардыр, кагылайын. Мен колдойм мунуңду. Бизде бирөө-жарым араб тилин өздөштүрүп, кыргыз тарыхынын бүктөмдөрүнөн баалуу маалыматтарды казып чыгар күн кана. Ошого сен жарасаң экен, – Турсундун бул кебине Абдыбеги да ынагансып, ата-бала бири-бирин түшүнүшүп кеп уланар болуп калганда дагы кудай урду.

– Ата, мени мындан ары Абд-Саид деп чакырып жүргүлө… – десе болобу.

– Ой, айланайын, уулум! – деди муну укканда заманы куурулган Турсун, – ар кимдин азан чакырып коюлгандагы ысымы ыйык ко. Бу эмне дегениң?!

– Устазым мага Абд-Саид деген ысымды берди.

Эң күйгүзгөнү ушул болду Турсунду.

– Устазыңдын оозун урайын ошо. Өз атаң – мен молдого азан чакыртып ыроологон ысымга асылгандай анын кандай акысы бар экен?!

– Акысы бар, – уулу муну кесе айтты.

– Кандай акы?..

– Ата, уксаңыз… – деди тоң мүнөз күтүп калган уулу, – шариятта айтылат, эгерде ата-энең намаз окубаса – алардын айтканын аткаруу милдет эмес. Апам экөөң намаз окубаган үчүн силердин амал кабыл алынбайт.

Уккан кулагына ишенип-ишенбей чаңырды атасы:

– Атаңдын гөрү-ээй, өз канымдан жаралган баламдын оозунан угар кеп ушулбу?!

Ичи тытылган Турсун ордунан тегеренип кетти. Көзүнөн жашы каканактап айланды. Көкүрөгүн өрт чалды. Артынан жабылган каалга карсылдап, дубалдар силкинип, терезелер шалдырады. Зиркилдеген боюн кармана албаган Турсундун тили күрмөөгө келбей булдуруктап, дикилдей чуркап короого жөнөдү.

Баятан уулу менен жолдошунун ортосунда болгон кепти кухняда жүрүп кулагы чалган Закендин да каңырыгы каңтарылып, Турсундун артынан калбай сыртка чыкты бышактап. Бул кепти ал мурда да уккан. Өз атын Абд-Саид деп алмаштырар болгон уулуна жалдырап: «Мындай жоругуңду атаңа угуза көрбө» деп кокуйлаган. Ошондон бери өзү да чок жуткансып ичи өрттөнүп жүрбөдү беле. Акыры минтип атасынан да айбыкпай калган уулуна эне кургурдун жүрөгү бырчаланып, күйпөлөктөп күйөөсүнүн жанына барды:

– Ичтен чыккан ийри жылан деген ушул турбайбы! – сай сөөгү зыркыраган Закен эшик алдындагы дөңгөчтө үңкүйүп отурган Турсундун жанына көчүк басты. Күйөөсүнүн алдында өзүн күнөөлүү сезген немедей, айласы куруду. – Өзүңдү ая эми, – үнү каргылданган Закен күйөөсүнүн башынан сылады.

Эрди-катын жалдырап отура беришти короодо. Тукумдан көрөр ишпи бу, жатындан көрөр ишпи? Кымыздын үрпү бишкектен да, сабадан да бузула тургандай шек болгон эмес эле го. Уютку неден бузулду? Тарбияданбы? «Жок!» – дейт буга эки бүтүндөн жаралган эрди-катындын ойлору. Закен менен Турсун башкадан танса да балага тарбия-таалим берүүдөн жаза тайгандай болгон жок ко. Экөөнүн санаадан салбыраган баштарына не гана ойлор келбеди. Эрди-катын ортосунда бирине бири оодара салар кенедей доомат жок болучу.

Закендин жатынынан күмөнсүй турган кымындай доомат жок эле Турсунда.

Эр бүлөсү Турсунду тукуму бузук тексиз дээр наалат жок эле Закенде.

Турсунчу, Турсуну да төркүнү нарктуунун төрүнөн алды эле колуктуну.

Закенчи, Закени салттуу журттун эр жигитинин босогосун аттап, экөөнүн көшөгөсү көгөргөндөй болду эле…

Барчын Абд-Саид авасын тамактандырып отуруп, акыркы эки-үч айдан бери үйдө болгон жаңылыктарды кобурап берип, жеңеси Закен онкология борборуна көрүнүп жүргөнүнөн кеп баштады.

– Жеңемдин ашказан жарасы жайылып кетиптир. Турсун авамдын да басса-турса санаасы жеңемде болуп калды. Жакында химиотерапия бөлүмүнө жаткырылмай болду, – деген Барчындын өңү бозала сустайды.

Апасынын ал-абалын Бангладеште жүрүп эми келип угуп отурганы үчүн Абд-Саид өзүн айыптуу сезген немедей башы шылк дей түштү.

Апасы куландан соо жүрүп эле онкология борборуна күнү түшүп калганы Абд-Саиддин да жүрөгүнө тынчтык бербеди.

– Диагнозун эмне деп аныкташыптыр?

– Метастаз стадиясына жеткен үчүн Турсун авамдын тынчы кетип жүрөт. А жеңем өзү билелек муну.

– Операция кылса болот бекен?

Барчын башын чайкады:

– Эгер антсе операция үстөлүнөн турбай калышы мүмкүн дешиптир. Бир гана химиотерапия жолу оң деп атышыптыр врачтар. Турсун авам кийинки күндөрү абыдан чүнчүгөнсүп, өзгөрүп да кетти, – Барчындын көзүндө мөлтүр жашы жылт-жулт эте түшкөнүн көргөн Абд-Саид апасынын өтүшүп кеткен оорусу үчүн кабыргасы кайышып отуруп калды. – Муну эч кимге угузба деп, авам магеле айткан… – деп шашылыш кошумчалады Барчын.

Үч айдан бери үйдүн босогосун жаңы аттаган Абд-Саидге Турсун авасынын туюкта кармап жүргөн сырын байкоостон айтып алганы үчүн жаш кыз чочуп кеткендей алдастай түштү кайра. Бул кеп анын оозунан өзүнөн өзү чыгып кеткен эле.

– Мени айтты дебеңиз ээ… – жалооруй тиктеди.

Авасы «айтпайм» дегенсип баш ийкеңдетти да, колундагы телефонун көпкө тиктеп отурду. Бир убакта телефондогу тизмелерден кимдир-бирөөнү издеп тапты көрүнөт, акыры чалды.

– Апа-ов, кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз жакшыбы?

– О-оу балам, сенсиңби? Кайдан чалып атасың? Кыргызстанданбы?.. – телефондо апасынын жетиналбай турган үнү жаңырды. – Сенин коңгуроо үнүңдү канча күттүм, кагылайыным десе. – Телефондон апасынын бышактап ыйлаганы угулду.

– Үйдөн чалып атам, апа.

– Мунуң дагы жаңы номурбу?.. Канча номур алмаштырдың деги?.. Алмаштырбачы болду. Мурдагы эки-үч номуруңдун бирөөсү да жооп бербегенинен… атаң экөөбүздүн канча айлабыз кетти. Мэ, атаң сүйлөшкүсү келип чыдабай атат, телефон талашып…

– О, тегеренип кетейин уулум! – атасынын ыйламсырап каргылданган үнү угулду.

– Вассалом алейкум, ата…

– Алейкум салам, кагылайын. Качан келдиң? Үйдөсүңбү?

– Үйдө отурам.

– Сен үйдө болсоң, биз бүгүн эле келип калабыз. Аман-эсен келгениңе шүгүр деп түлөө өткөрөлүчү… – атасынын кубанычы чексиз эле.

– Ооба, азыр эле чыгабыз, – ары жактан апасынын үнү да тең жарыша угулду.

♦ ♦ ♦

Өмүрүндө машинени катуу айдабаган Турсун Балыкчыдан чыкканда эле газды тепти. Демейде машиненин жай жүрүшүнө көнгөн Закен да күйөөсүнүн учуруп айдаганынан чочулап «акырындат» дебеди. Абдыбектин соңунан төрөлгөн Аскат менен Салтанаттын болсо машиненин зымыраган ылдамдыгына көңүлдөрү шат. Ал экөөнүн көздөрү теребелге сук артып, тоо-таштуу талаада. А эне менен атанын көңүл көйү – санаага салган үйдөгү балада…

Мелтейип үндөбөгөн Турсун менен Закендин көздөрү – алдыларындагы чубалжыган жолго кадалганы менен, ой-санааларында – үйдөгү Абдыбектин жүрүм-туруму…

Абдыбек Турсундун да, Закендин да көздөрүнөн учуп жүргөн кез эле.

Эненин даргөйү – көзүмдүн тирүүсүндө уулум үйлөнүп-жайланып, турмушта өз ордун тапканын көрүп өлсөм арманым болбос дейт. Көз алдында жол түрүлгөн сайын, ой түрмөгүнө о качанкы кез келет…

Турсун экөөнүн тун уулу Абдыбек анда үйдөгү жападан жалгыз сүймөнчүк. Наристе төрт аяктап жөргөлөп, тили чулдуруктап ар нерсени быдылдайт. Кээде өз алдынча кас-кас туруп алса, там-туң басып үй ичинде тегеренип жүргөнүнө ата-энеси курсант. Сырттагы ит үнүн укса, аны туурайт – «ав-ав-ав». Тоок кукулуктаса, «ку-ку-кулап» тоок боло калат өңгөчүн тартып. Шаар четиндеги айылда оюн салган козу-улактын эмчек шимигенин көрсө, өзү да энесинин эмчегин сүзгүлөп эмген өнөрү бар.

Ошондой күндөрдүн биринде каргаша басты. Наристе терезе жакка барып эле тооктун үнүн туурагансып өңгөчүн тартып кы-кы-кылап калбаспы. Чакагансып бир жөтөлүп алды да, кокосун мыкчып жыгылды. «Апа» деп чыңырганга жарабады. Закен ордунан ыргып туруп, чүрпөсүнүн оозунан кызыл кочкул көбүк акканын көргөндө – жүрөгү оозуна кептелди.

– Кокуй күн эмне жуттуң?!

Наристенин колундагы оозу ачык бойдон калган марганцовканы көргөндөле Закендин денеси ток ургандай дүр этти. Бир аз мурда чүрпөсүнүн денесине кычыткы жукпасын деп, чылапчындагы сууга бир чымчым марганцовканы аралаштырган бойдон балээ баскырдын флаконун баланын бою жетпеген жерге коюш эсинен тарс чыгып кеткенин кара.

Турсун экөө баланын оозунан кочкул кызыл шилекей агып кыйкылдаганына карап турмакпы, туш келди чуркап, не кыларын билбеген кургурлар тез жардам кызматына телефон чалышты. Врачтар жетип келгиче жаны кыйналган наристеге сүт жуткургандан башка ылаажы табышпады.

Ошол күндөн баштап Турсун менен Закен үй бетин көрбөдү, шаардык ооруканада күнү-түнү кезектешип, Абдыбектин көзүнүн агы менен айланып калышты. Оорулуу наристенин марганцовка күйгүзүп кеткен кызыл өңгөчү пластмасса түтүгүнө алмашылып, Закен үчүн чүрпөсүнө тамак берүү мүшкүлү эне зээнин кейитти. Анысынан да эмчек сураганычы. Оозунан эптеп жуткузулган тамак-ашка наристе алымсынмакпы, эне сүтүн эңсейт. Эмчек сором деген ишаратын туюнтат, ага энеси көнбөйт:

– Аба соруп аласың, врачтар бизди урушат анан, – дейт жалооруй тиктеп.

Закен эмчегинин үрпүн чыныга тосуп саап, жылуусунда чүрпөсүнө жуткурат, ага алымсынбаган чүрпөсү энесинин көкүрөгүн уучтайт. Эмчекти колдорунун учтары шимигенсип мыжыктыра кармагылайт. Мурдагысындай чыр салып ыйлагысы келет, кайра кызыл өңгөчү кыйкылдап ооруганынан – үнү тез басылат. Эмчек сорсо кызыл өңгөчү оорута турганын наристе сезими туят, асыресе, эне сүтүн эңсеген обору курутат кайра: кокосуна салынган түтүгү козголот. Ал түтүктөн коркот бала. Шилекейин күрмөгөндө да түтүк ордунан жылган сайын үнү кыңкыстайт.

– Тамак-ашты аярлап жедиргиле, – деген врачтар Закендин балага эмчек эмизүүсүнө тыйуу салып коюшкан. – Эмчектин сүтү менен бирге муздак абаны соруп алат, – дешет ар убак. А бирок халатчандардын айтканын тили чыгалек чүрпөсүнө түшүндүрө алмакпы…

Баланын өмүрү үчүн ата-эне эки жыл күрөштү. Наристенин ашказанына тамак жеткирүү эки жыл бою пластмасса түтүгүнүн жардамы менен уланды. Чымчып алса үзүлүп калчудай жука, үлбүрөгөн тери кармап турганы гана болбосо – наристенин тулку бою скеледден эч айырмасы жок эле.

Эки жылдан соң наристенин тили чыкты. Күлкүсү чыкпады. Тун наристенин күлкүсү кандай экенин энеси да, атасы да уккан жок. Кышылдап бирдеңкелерди сүйлөйт. Угулуп-угулбайт. Эрдинин учу гана кыбырайт.

– Апа, мен өлбөйм ээ? – тили чыккан күндөн эле наристенин өлүм деген сөздү кайдан угуп, кайдан үйрөнгөнүнө энесинин да, атасынын да акылдары жетпейт. Жүрөктөрү тилинет.

– Кайдагыны айтпачы, балам, – эненин сай сөөгү сыздайт.

Керебетте сулкуюп жаткан Абдыбектин тулку бою мурдагыдан өсүп, кызыл өңгөчтүн милдетин аткарар пластмасса түтүгү да баланын кокосун кысып баштады. Экинчи операциянын мөөнөтүн чыдамсыз күтүштү. Операция жасалды. Пластмасса түтүгү гана алмашылганы болбосо, оорулуунун мүшкүлү алмашпады. Дагы эки жылдан кийин улана турган үчүнчү операциянын кезегин күтүп жүрүштү. Ай, жылдар өткөн сайын Абдыбектин тулку бою өсүп, баланын пластмасса түтүгүнө күнү түшөр тагдыры улана берди.

– Мен өлбөйм ээ? – наристенин күндө берген көндүм суроосу бул.

– Эч качан өлбөйсүң, балам! – энеси менен атасынын күндө айтылган көндүм жооптору бул.

Наристе акыры көз жумду. «Эч качан өлбөйсүң, балам» дечү эне-ата кийинки төрөлгөн эркек уулдун жарыкка келишине кубанып, оорудан көз жумган Абдыбектин ысымын жаңы төрөлгөн наристеге оодармакка – молдо чакыртышты да, Абдыбек деп азан чакыртышты.

А Абдыбек азыр Абд-Садид болуп алганы…

Уландысы>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.