Садир ДОСБАЕВ: «Салттуу дин» дегенди кандай түшүнсө болот?

«Салттуу дин» деген эмне? Муну кандай түшүнсө болот? Кандай деп түшүндүрсө болот? Менимче, түшүнгүсү келген киши эң оболу бул тушүнүктөрдү аныктап алышы керек окшойт өзү. Салт деген өзү эмне? Салт менен дин кошулуп анан салттуу дин болобу же диний салт болушу керекпи? Фейсбукту карасаң бул жөнүндө талаштан баш адашат чынында. «Энең байтал» айтыш аябай көңүлдү иренжитет. Ушу салттуу дин мен үчүн эмне? Мен, бир карапайым дыйкандын баласы муну кандай түшүнөм? Көп жыл мурун аракет кылып жүрүп арабча тамга таанып алгам. […]

«Атамекен» фракциясынын эки депутаты «РухЭш» сайтына чоң колдоо көрсөттү

Эки күндөн бери «РухЭш» сайтынын окурмандарына ыңгайсыздык болуп келди. Анын эң башкы себеби – эки жылдан бери туруктуу окурмандарыбыздын саны арбыганы менен, тилекке каршы, туруктуу финансылык булагыбыз жогуна байланыштуу окурмандардын колдоосуна муктаж экенибизди жазып келген элек («РухЭш» – улуттук долбоор). Жалпы окурмандарыбыздын арасынан сайтыбызды колдоо максатында ЭЛСОМ 0558 08 08 60 эсебине 100 сомдон которгон күйөрмандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Арийне, адабият, маданиятыбызга күйгөн мекенчил аткаминерлерибизди бул маселе кайдыгер калтырбаса керек, бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын эки депутаты Каныбек Иманалиев менен […]

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Башка дүйнөдөн келген күч күйөө

(Фантастикалык аңгеме) Кээде бир көргөн адамга эле кишинин жылдызы жанып, эзелки таанышыңдай болуп калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Бүгүн да дал ошондой болду. Кыз айылдын үстү жагындагы булактан суу алганы барып, булактын мөлтүр суусуна жүзүн чайып, ар кандай кыялдарга азгырылып отуруп, анан гана баканга суу толгон эки чакасын илип алып, ичинен кыңылдап ырдап коюп келе жаткан. Булак менен айылдын ортосунда калың бак бар. Азыр андагы алмалардын кыйгач гүлдөп турган учуру. Кыз ошол бакка жакындашкан кезде нарыдан: –  Саламатсызбы, карындаш. […]

Социалдык тармактарда отурган чала молдолор комментарий жазууга атайы даярдалат

Урматтуу «РухЭш» сайтынын журналисттери, сиздерге ушул катты атайы жолдоо керектигин тааныштарым аркылуу билдим. Сиздерден өтүнөм, катымды өзгөртпөй чыгарыңыздарчы. Себеби мени ирээнжиткен иштердин көбүн кыргыз элиме жеткирип, башкаларды ката кетирбөөгө эскертким келет. Мен дагы диний жамааттын өкүлү болуп келгениме азыр өкүнөм. Он гүлүмдүн бири ачыла элек кезимден жаңылган экенмин. Албетте, тагдырга өкүнбө дешет, бирок менин өкүнүчтүү тагдырымды башкалар кайталаганын каалабайт элем. Мендей эле көптөгөн жаш кыз-келиндер өкүнүчкө кабылбагыла деп сиздердин сайт аркылуу ушул катымды жарыялап койгонуңарды өтүнөмүн. Мен өзүм кыргыз тили […]

Жалалиддин РУМИ: Ити ачкадан өлүп жаткан бедуин жөнүндө аңгеме

Бир бедуин[1] итин бекем кучактап, Ыйлап жатты, жашын төгүп бышактап. «Мынча неге жашың төктүң итиңе?» Суроо салса жолоочу ал кишиге. Жооп берет: «Өлүп барат, аяп жатам байкушту, Ак кызматын кылчу билбей жай-кышты. Аңга чыксам каз өрдөктү сүрчү эле, Короочу эле, түнү тынбай үрчү эле». «Оорудубу же сындыбы бир жери? Очорулат дарты балким белдеби?» «Жок, жолоочум себеби анын башкадан, Кайран итим өлүп барат ачкадан». «Бул жалгандын жок турбайбы тогосу, Сабыр кыл», — деп кайрат айтат жолоочу. «Колдон түшпөй буулган кабың жаныңда, […]

Алым Токтомушевдин котормосундагы Конфуцийдин санат сабагы

Кун-фу-цзы (Конфуций) – байыркы кытай даанышманы (б.з.ч. 551-479), конфуцийчиликтин негиздөөчүсү, “Кытай улутунун символу”, “Устаттардын устаты” деп коюшат. Жакырланган ак сөөк үй-бүлөдөн. Өмүрүнүн көбү Лу дөөлөтүнө өтөгөн. Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда аңгемелери, санаттары окутулган. Анын саясый-этикалык окуусундагы башкы жобо – жэнь (гумандуулук). Алар негизинен “Лунь юй” (Аңгемелер жана ой-жүгүртүүлөр) китебине топтолгон. Ошол китептен айрым котормолор жарыяланды. Устат айтты: — Жакшы кызматка жетпедим деп кам санаба, ошол кызматка ылайыктуумунбу деп кам сана. Эл мени тааныбай атат деп кыжаалат болбо, […]

Марсель ПАНЬОЛЬ: Короосунан үрүп чыгар ити жок эркекти сүйгөн аялды өмүрүмдө көрелекмин

Жан РОСТАН (1894-1877), француз жазуучусу жана биолог Чыныгы жазуучу биздин оозубузду дайымкы билген нерселерибизге ачырат. * * * Жазуучунун жалыны кагазга түшөт, бирок ал өрттөбөйт. * * * Адилетсиз айтылган сын менен да эсептеш, бирок адилеттүү сынга да ишенбе. * * * Бир адамды өлтүргөндү кан ичкич десек, миллион адамды өлтүргөн кан ичкичти баскынчы, баарын тыптыйпыл кылган баскынчыны Кудайга теңейбиз. ♦ ♦ ♦ Марсель ПАНЬОЛЬ (1894-1974), француз кинодраматургу Оптимист үчүн жашоо көйгөй эмес, чечим. * * * Эчкимге ооз ачпаган […]

«РухЭш» сайтынын чыгармачыл тобуна дагы бир талант кошулду!

Жаш болсо да англис жана орус тилиндеги чыгармаларды кыргыз тилине чоң чеберчиликте эркин оодарган Эрмек Шоруков аттуу бул жигитибиздин буга чейин О’Генринмн «Акыркы жалбырак«, Антон ЧЕХОВдун «Хамелеон«, «Жылкы аттуу фамилия«, «Хирургия«, Марк ТВЕНдин «Күчүк» аттуу кереметтүү чыгармалары менен «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандары азын-оолак тааныш болуп келсе, мындан ары дагы дүйнө адабиятынын тандалма үлгүдөгү чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирип турмакчы. Эмесе бүгүн Эрмектин орус адабиятынын тарыхында негизделген котормо жанры боюнча эмгегин сунуштайбыз… Орусиянын котормо тарыхынан Орусиянын котормо ишмердүүлүгү бай тарыхка ээ. Котормонун […]