(Фантастикалык аңгеме)

Кээде бир көргөн адамга эле кишинин жылдызы жанып, эзелки таанышыңдай болуп калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Бүгүн да дал ошондой болду. Кыз айылдын үстү жагындагы булактан суу алганы барып, булактын мөлтүр суусуна жүзүн чайып, ар кандай кыялдарга азгырылып отуруп, анан гана баканга суу толгон эки чакасын илип алып, ичинен кыңылдап ырдап коюп келе жаткан.

Булак менен айылдын ортосунда калың бак бар. Азыр андагы алмалардын кыйгач гүлдөп турган учуру. Кыз ошол бакка жакындашкан кезде нарыдан:

–  Саламатсызбы, карындаш. Бир азга аярлай аласызбы? – деген эркектин жагымдуу коңур үнү угулду.

Кыз  токтоп бурула карап,  кийген кийими да, мүчөсү да келишкен бир жигитти көрдү. Тааныш эмес. «Башка жактан келе жаткан жолоочу же ушул айылга келген коноктордун бири окшойт» деп боолгоду кыз. «Менде эмне иши болду экен? Же сулуу кыздарды көрсө эле артынан ээрчип, каксаң да ыржаңдап тийшкен  аңгилердин бириби?» Муну ойлогондо кыздын ичи жыйрыла түштү. Жо-ок, жигит андайлардан эместей. Сыпаа гана келип:

–  Оу, акындар ырга кошкон сыңары «белиңиз тал чыбыктай ийлип» кетиптир го!  Келиңиз, сууңузду мен көтөрүп алайын,–  деди сылык гана, кызга суктана күлүмсүрөй карап.

Чын эле суу көтөргөн кыздын денеси  чырайына чыгып, сырттан караган кишини тамшандырып,  абдан эле көркөм болчу! Ал улам кадам таштап баскан сайын ничке бели ийиле калып, кайра түздөлүп, өзүнчө эле музыканын ыргагын берип, бийлеп жаткандай элес калтырып жаткан эле.

– Коюңуз, –  деди кыз да күлүп, шылдың аралаштыра: –  жигит кишинин бакан көтөрүп суу ташыганын бала болуп башыма жүн чыкканы көрө элекмин, уят болот.

– Ошондойбу? Анда кечиресиз… – деди да, жигит бир аз күймөнө түшүп, анан кайрадан кепке келип: – Анда бир аз тигинде отурбайлыбы. Эс алып да аласыз.

Кыз кайрадан:

–  Жо…, – деп баратып эле, кандайдыр бир билинбеген сырткы күчтүн таасири менен –Макул, отурса отуралы, – дей салды да, бир таман жолдун жанындагы чоң түп алманын түбүнө барып, баканды ийнинен ала баштаганда – тиги жигит шамдагайлык менен баканды суусу толо чакалары менен алып, этияттап жерге койгондо, чакадагы суулар төгүлмөк тургай, чайпалып койбоду.

Анан алар алманын астындагы чөпкө отура кетишти. Бир аздан кийин ээн-эркин сүйлөшө баштаганын сезбей да калышты. Бактын арасынан ар түркүн куштун үндөрү кулакка сүйкүм угулуп, алмалардын гүлүнүн жыттары мурунду өрдөп, жагымдуу кырдаал өзүнөн өзү эле түзүлүп турду.

–  …ошентип, Сизди атайын издеп жүрүп, араң таптым, –  деди жигит мурдатан айтып жаткан сөзүн улантуу менен кызга сүйкүмдүү  карап.

– Жер үстүн койбой кыдыра  издедиңизби? – деп кыз күлүп койду.

– Жер үстүн гана эмес, планеталар арасынан издедим, –  деди жигит.

–  Ой-бой, сизге абдан убал болгон экен!.. –деп какшык аралаштыра сүйлөдү кыз. Бул маектешүү ага да жагымдуу эле.

–  Жок, чын айтам. Жер планетасында экениңиз анык болгонго чейин, канчалаган башка аалам кезбедим… – жигит кыйналгандай түр көргөзүп: – Бирок тагдырдын  буйругу менен Сизге мына жолугуп отурамын. Бул –   мен үчүн улуу кубаныч!

– Кудайдын буйругу менен десеңиз… –деп оңдоду аны кыз. «Ушул жигиттердин көкүрөк какмай апыртмалары качан калат деги?.. Эми мунусу планеталарды аралап кетпедиби! Кичине чындыкка жакындаштырса боло…Эч болбосо  Кыргызстанды түп көтөрө издедим десе деле жетпейт беле…» деп ойлоп жибергенге үлгүрдү. Анткен менен бул сөздөргө өтө деле кыжыры келбегенине өзү да таң калды.

– Жо– жок, биз кудайга эмес, тагдырга гана ишенебиз… –деди жигит шашыла.

– Кызык экенсиз! Кээ бирлерге окшоп, мусурманчылыкты  жээрип, башка динге өтүп алгандардан эмессизби? Мисалы, кээлери Иса пайгамбарды Кудай деп таанып, баптист болушуп, бир даары Буддага сыйынып, башкалары  байыркы бабаларыбыздын дини дешип, Теңирчилик дешип… башты  да айландырып бүтүштү…

– Бизде дин деген жок. Бир гана Улуу Тагдыр бар. Биз ошого ишенебиз жана ошонун гана жолу менен жүрөбүз. Мына мен да ошол Улуу Тагдырдын буйругу менен колуңузду сурап,  Сизге келип олтурамын.

«Мына,  башталды!.. Мурдагы сөз айткан жигиттердей эле, бул да менсиз жашай албай турган болуп чыгат…» деп ойлоду да:

–  Азыр эми кыргыз кыздар ким калыңды көп берсе, улутуна, динине карабай тийип кете берет деген ушак-айыңды угуп алып, келип калган турбайсызбы… –деп сумсая каш кага сүйлөдү кыз.

– Ал «калың» дегени эмне? –деп сурады жигит.

– Сиз эмне, кыргыз болуп туруп калыңды билбейсизби? Айдан түшкөн жоксузбу?.. – кыз акырын гана назик күлүп, какшыгын жылдырды.

– Жок, мен Сириустан[1] түштүм,–  деди жигит  чын дили менен мойнуна алып – Чын эле калыңды билбеймин. Бул сөз биздин сурап алмада[2] жок өңдөнөт… Мен кыргыз эмесмин.

Кыздын көзү алая түштү. «Ай,  дагы элдин кыздарычылап, башка улутту мындай кой,  башка эле облуска тийчү болсоң, экинчи жүзүңдү карабайбыз. Топурагымды түйүп берем… Андай жигиттер менен сүйлөшүп турганыңды да көзүм көрбөсүн!..»

Бой тарткандан бери кайра-кайра кулагына куйган апасынын ушул сөзү анын эсинде жаңырып,  каардана караган элеси көз алдына  тартыла түштү. Баятан бери сүйлөшүп отурган жигитти кайрадан башынан аягына дейре сыдыра карады. «Баары ордунда: өңү-түсү деле, тили деле, кийген кийими деле, бир гана сымбаттуу келбетин, орундуу сөздөрүн, өзүнө тарткан жагымдуу мамилесин эске албаганда, биздин айылдагы балдардан айырмасы деле жок ко? Анан кантип кыргыз эмес?.. Тамашалап жатат, кыязы… Ай, койчу-ай, азыр эле ушуга тийип кете тургансып, менин да чочуп кеткенимди кара, капырай!..» Кыз ушинтип ойлоду.

–  Тамашакөй окшойсуз… – деди кыз жигитти дагы бир жолу имере карап. Анан атын сурабаганы эсине түшө калып, күтүлбөгөн жерден эле: –  А баса, менен атым –  Айгүл. Сиздин атыңыз ким?

Алгачкы жолу кыз-жигит жаңы таанышканда жигиттер биринчи аттарын өздөрү  айтуусу шарт деген купуя эреже шашылганынан эсинен чыгып кеткенин кыз кеч байкап калды. Канчалаган бейтааныш жигиттер тамшаныша артынан чуркап, атын сураганда да, же айтпай коюп, же калп эле башка оозуна келген атты айта салып, жалдыратпады беле. Эми минтип… Кыздын бети уятынан кызарып чыкты.

– Мен сиздин атыңызды билемин, Айгүл. Менин атым – Тарро. Силерче айтканда – Таалай!

–  Абдан кызыктуу бул «жомогуңузга» мен да ишене жаздап калдым… Андай болсо менин атым силерче кандай айтылат? –деди «силерче» деген сөзгө басым коё.

Чынында, кыз өзүнүн уялганын билдирбөөнүн амалында, кайра эле өзүнүн эркинен тыш  ушул  суроону берип салды.

–  Бизче сиздин атыңыз – Арро!–  деп жылмайып жооп берди жигит.

– Охо, укмуш го! Тарро– Арро… уйкаш турбайбы  аттарыбыз,–  деди кыз тамашага айландыргысы  келип.

– Ооба. Туптуура! Ошондон улам Улуу Тагдырдын буйругунда экөөбүз бир үй-бүлө болуп бирге жашоо  буйрулуп жатпайбы!

– Мына эмесе, али менин колумду сурап, сурабай жатып эле, сиз мага үйлөнүп, колукту кылып алып да койдуңузбу, жигит?!! Баракелде, мына ушуну кыялдануу десек, мына ушуну  тапкычтык десек болот! Балким, нике кагазыбыз да жазылып даяр болуп калгандыр?..

–  Биздин никебиз биз жарык дүйнөгө келе электен миң жыл мурун эле кыйылып, «Улуу Тагдырдын буйрук Китебине» жазылып калгандыктан, аалам кезип, издеп келип, дал болжогон күнү Сизди таап, сүйлөшүп отурбаймынбы! Анын көчүрмөсү мына!

Ал жылтырган бир металлдан жасалган сыңары сүйрү төрт бурчтук немени костюмунун жан чөнтөгүнөн алып кызга сунду. Ал кол телефондон бир аз чоңураак, бирок чакан планшеттен анча эле кичине болчу. Кыз аны колуна алып, таң калганынан не дээрин билбей тилсиз туруп калды. Анда өзү менен тиги жигиттин кол кармашып түшкөн сүрөтү көрүнүп, анан ал сүрөт жанданып, алардын келечектеги тагдырында болуучу окуялар кино тасмадагыдай көрүнүп жатты. Тигинин  биздеги көрмө каржаттардан[3] бир гана айырмачылыгы – бетине жеңил эле билинер билинбестей кол тийип кетсе, андагы көрүнүштөр чоңоюп, бет маңдайда,  жөн эле абада кадимкидей даана көрүнүнгөнү аз келгенсип, ал сүрөттөрдү кол менен кармоого боло тургандай экени, андан бетер таң калыштуу эле. Андагы окуялар экөөнүн үйлөнүү тоюнан башталып, бактылуу турмушу көз алдыда өтүп жатты. Улам убакыт өткөн сайын тиги экөөнүн жаштарынын бир аз улгайганы билинип, анан бара-бара буларды ээрчиген эки уул, эки кыз пайда болду.

– Булар –  биздин балдарыбыз,–  деди жигит тигилерди кызга көрсөтүп түшүндүрүп жатып, аларды элжирей карап.

Анын ушул көз карашынан эле абдан боорукер, сүйкүмдүү ата жана асылкеч жар боло турганы даана байкалып турду. Кызды  бул нерсе алгач бир аз чочутканы менен, барган сайын улам кызыгуусун арттырып, аны өзүнө тартып баратты. Балким, бул да Улуу Тагдырдын буйругунун күчүдүр?!!

* * *

Мындан кийинки окуялар абдан бат өнүктү. Жигит менен кыз жаадырап жайнап, кыздын үйүнө барышты. Кыз жигитти ата-энеси менен тааныштырды. Аларга жигит жакты (Анан жакпай коймок беле ааламдын наркы четинен келип жатса). Алар экөөнүн баш кошуусуна макулдуктарын беришти. Жигиттин алдына бир гана шарт коюлду: «Эч кандай Сириус-Мириусуңа  кетпей, ушул Жерде гана жашайсың!»  Жигит бул шартты кабыл алды. Бул да болсо Тагдырдын буйругу да!

Экөөнүн үйлөнүү тою болуп көрбөгөндөй шаңдуу да, салтанаттуу да,  дал эле бакта кыз өз көзү менен  кино сыяктуу көргөндөй өттү.

Ал эми калган турмуштары ошол бакта көргөн сымак жомоктогудай уландыбы же Тагдырдын боло жүрчү оош-кыйышына туш келдиби, ага бул аңгеменин автору кепилдик бере албайт. Анткени, муну Тагдыр деп коёт.  Ал эми баарын тескөөчү Жараткандын ар бир  жандыктын тагдырын заматта кайсы нукка салып коёруна жана кайсы тарапка  бурарына алдын ала кимдин акылы жетмек…

5-март, 2013-жыл.

[1] Сириус –  Күн системасындагы абдан жарык жылдыз.
[2] Сурап алма– справочник.
[3] Көрмө каражаттар– видео каражаттар (видео средство).

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.