Эки күндөн бери «РухЭш» сайтынын окурмандарына ыңгайсыздык болуп келди. Анын эң башкы себеби – эки жылдан бери туруктуу окурмандарыбыздын саны арбыганы менен, тилекке каршы, туруктуу финансылык булагыбыз жогуна байланыштуу окурмандардын колдоосуна муктаж экенибизди жазып келген элек («РухЭш» – улуттук долбоор). Жалпы окурмандарыбыздын арасынан сайтыбызды колдоо максатында ЭЛСОМ 0558 08 08 60 эсебине 100 сомдон которгон күйөрмандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!

Арийне, адабият, маданиятыбызга күйгөн мекенчил аткаминерлерибизди бул маселе кайдыгер калтырбаса керек, бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын эки депутаты Каныбек Иманалиев менен Садык Шер-Нияз окурмандарыбыз үчүн ыңгайсыздык жаралганын туюп, «РухЭш» сайтына башбаккандарга акы төлөп кирүү үчүн коюлган паролду алып салуубузду өтүнүштү.

Эл өкүлдөрү жалпы окурмандардын руханий ыракат алуусуна шарт түзүү максатында – өздөрүнүн бир айлык эмгек акыларын «РухЭш» сайтынын эсебине котормой болушту. Андыктан «РухЭш» сайты жалпы окурмандарыбыздын атынан Садык Шер-Нияз менен Каныбек Иманалиевге терең ыраазычылык билдирет!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *