«Салттуу дин» деген эмне? Муну кандай түшүнсө болот? Кандай деп түшүндүрсө болот? Менимче, түшүнгүсү келген киши эң оболу бул тушүнүктөрдү аныктап алышы керек окшойт өзү. Салт деген өзү эмне? Салт менен дин кошулуп анан салттуу дин болобу же диний салт болушу керекпи? Фейсбукту карасаң бул жөнүндө талаштан баш адашат чынында. «Энең байтал» айтыш аябай көңүлдү иренжитет. Ушу салттуу дин мен үчүн эмне? Мен, бир карапайым дыйкандын баласы муну кандай түшүнөм?

Көп жыл мурун аракет кылып жүрүп арабча тамга таанып алгам. Жүдөп-какап жүрүп уруштуруп окуганга да жарап, анан Ыйык Куран аяттарын жаттай баштадым. Ал кезде азыркыдай окумал, билимдүү дин адистери жок эсептүү учур эле да. СССР кулайын деп калган мезгил. Жаш убак, билим жетишпейт, китеп табыш да кыйын эле. Ошентип чала-була болсо да жаттай берген экем. Медреседе окуп жүргөн бир баладан окуу эрежелери боюнча бир-эки жолу сабак алып калдым. Башка билген устаз көрбөдүм.

Кийин Курандын өзбекче котормосу колго тийип, андан азыраак болсо да түшүнүк алдым. Кийин Эрнис Турсунов агайдын котормосун окудум. Ошентип жүрүп Юрий Крачковский орусчага которгон Куранды окудум. Бир аз болсо да түшүнүк алып калгансыдым. Бирок алыс баралбадым. Ошентип жүрүп Россияга эл катары келип калып эми ушуякта жүрөм. Интернет, компьютер менен таанышкандан бери ушу жактан окумуш болуп коём, кол тийгенде. Билгим келгенин ар, ар кимден сурамжылап, колго тийген китеп болобу же интернеттеги булактарбы, айтор, кол жеткендин баарынан окуп иликтемиш болуп жүрөм. Албетте, өзүм үчүн. Эгер менин оюма кызыгып калсаң, анда улантып окуп көр. Кызыкпасаң, анда ушуерден эле кайта бер.

Айылдагы жакын бир абамы «оору экен, барып көз көрсөтүп, туугандардын жанында туралы» деп атам рамаатылык ээрчитип алды. Барсак, туугандар эми чогула баштаган экен. Атам ээрчитип абам жаткан бөлмөгө кирдик. Буга чейин көп эле жолу «өлүк» көрүп калгам. Айылды билесиң, тууган-урукта ошондой актык иштер болуп турат. Ошондойдо кол кабыш кылышың керек. Жакынын акыркы сапарына узатып аткан адамдын жанында караан болуп туруштун өзү да жардам эмеспи. А мен болсо бой жагынан кемчилигим жок болгонум үчүнбү, ошо ары карап кеткен маркумду ары-бери жылдырган, орунчу-төшөнчүсү, кийим-кечеси дегенди алмаштырыш керек, анан «майрам сууга алыш» керек дегендей иштери болот эмеспи, ошолорго кол кабыш кылып, көп катыштым. Андай ишти баары эле батынып кыла алышпайт. Сооп иш деп өлүктөн коркпогон адамдар гана жасай турган иштер да. Ошентип билинбей жүрүп эле айылдын жакшылык-жамандык иштерин бир топ жыл башкарып да жүрдүм.

Ошондо жан берип узаган адамды биринчи көрүшүм болду. Абам көзүн жумуп ача албай, дем алышы абдан кыйын болуп атканы акырегинин көтөрүлүп түшүп атканынан эле бала болсом деле түшүндүм. Атам экөөбүз баргандан бир аздан кийин эле айылдын молдосу келди. Келип эле шаулдата келме келтире баштады: абамын кулагына жакындап үнүн бек чыгара тынбай айтып атты.

— Угуп атасызбы? Мен айтканды кайталап туруң, – деп атты.

Канча убакыт өттү билбейм, мындайды биринчи көрүп атканым үчүнбү, убакыттан башкасына абдан баам салып турган экем ошондо. Азыр ошол окуя көз алдыма даана тартыла түштү. Абамын илеби кыбырап, бир нерсе деп атты. Бизге, мүмкүн мага эле, эч нерсе угулбады. Анан абамын жүзүн жылмаюу баскандай кандайдыр бир жылуу ырай пайда болуп, көкүрөгү бир көтөрүлүп барып тынчып эле калды. Акыркы деми чыгаарда келме келтирип алганына курстан болду окшойт? Ошол үчүн жүзүн жылмаю чайды окшойт да. Андан кийинки жасалган иштерди, атам ак жоолук менен акесинин ээгин таңганын, эки бутунун баш манжаларын кошуп ак чүпүрөк менен байлаганын жана ызы-чуу түшкөн өкүрүк тууралуу айтып отуруунун кажети деле жоктур.

«Кара ашы», «үчү», «пайшамбалиги», анан «кыркы», «жылдыгы» анан барып дүнгүрөтө «аш» берип куран окутуш жагына убакыт кетирбейин. Ак кепиндеп, аруу жууп, анан жаназасын окутуп акыркы жайына коюш эң биринчи милдет экенин өзүн мусулманмын деген ар бир кыргыз билет жана ошолорду сөзсүз аткарат эмеспи. Азыр ушу саналып өткөндөрдүн бир тобу жасалбай, ашыкча чыгым болбой жакшы жагына жылып атат. Мен аңгемеми абам өлгөндөн баштадым. Бирок салттуу динибиз туулгандан башталат. Туулаарың менен азан чакырылып ат коюлат. Сүннөткө отургузуу да мусулмандык парз. Жентек менен тушоо кестини да салттан алып коё албайсың. Анан эле эрезеге жеткен уулду үйлөп, кызды чыгарып, ак никесин кыйып турмуш жолуна аттантып ийебиз. Биздин бала кезибиз СССРдин заманы, баардык диндерге кысым күчөп турган мезгилде өттү.

Жума намаз окуганга район борборуна барышса, айт намаздары айылда эле окулчу. Канчалык кысым көрсөткөнү менен эл ошондой ыйык күндөрдө чогулуп намаз окушчу эле. Атамы ээрчип, колтукка жай намазды кысып алып намазга барчумун. Ал айт намаздар өзгөчө шаң менен окулат эле. Чыныгы майрам болчу. Иш күндөрүнө туура келип калса намазды окуп алып анан лесхоздун ишине ошоерден жөнөп кетишчү. Айт намазга парторг, комсорг, директорлор жана ошондой чоң кызматтагылар келе алышпаганы менен калганы баары келишип, намазын окуп кетишет эле. Кудайдан, ыймансыздыктан коркуу деген анда азыркыга караганда күчтүү болчу.

Атам өмүр бою лесхоздун ар кандай жумуштарында иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Кандай иш кылса да баары эң жакшы болот эле. Мал бакса деле, дыйканчылык кылса деле баары жакшы болчу. Жолдошалиге куураган чыбык берсең да көктөтөт деп коюшчу. Айылдагы тамдардын көбүнүн дубалын атам урган. Көп үйлөрдүн чатырын да атам жаап берчү. Лесхоздун устаканасында Бөкү тагама жардамчы болуп көп жылдар барскан чапты. Экөө эгиздердей ээрчишкен, биринин оюн бири айттырбай түшүнүшкөн көңүл жакын теңтуш эле. Атам эмне иш баштаса да биссмилла деп баштап оомийин деп бүтүрчү. Дайыма атамын эгини түшүмдүү болот. Атамын дыйканчылыгы жөнүндө легенда сыяктуу сөздөрдү айтышат эле. Бир жылы «Жолдошалинин сабизи укмуш болуптур» деген сөз тарап, аны эшиткен бизден жогорку айылдык бир аксакал көрүп кеткени атайын келиптир. Сабиздердин чоңдугун көрүп таң калып, анан атамы мактап, раазы болуп бата бериптир. Аксакалды жакшылап меймандап, кетээринде алты сабизди үч-үчтөн байлап эшегине куржунча кылып салып бериптир. Ошондо сабиздер жерге тийип калыптыр. Андан көп берейин десе аксакал көнбөптүр, анча сабизди каякка алпарам деп. Атам өмүрүндө көп көпүрө салды. Жолдорду салды. Баарын соопчулук үчүн гана салды. Өмүрү өткүчө сооп издеп жүрүп өттү. Дыйканчылыгынын эң алдын молдого жеткиртип берчи эле. Жетим-жесирлерди такыр эсинен чыгарбай, аларга да атайын бөлүп койчу. Көбүрөк берип койгондо биздин ичибиз ачышып калганын кабагыбыздан билип койот окшойт:

– Кудай берген түшүмдө жан-жаныбардын, курт-кумурсканын, сагырдын, жесирдин анан элдин кызматында жүргөн молдонун акысы болот. Ошолорду сөзсүз бериш керек. Болбосо Кудай алдында карыз болуп каласың, алган түшүмдүн берекеси болбойт, – дечү.

Атам өмүрү өткүчө ошентип жашады. Сенин атаң деле ушундай эле болсо керек. Мен мисалга бир адамды, атамы келтирдим да. Эми ошол атамдагы сапаттардын баары болбосо да азыраагы бизде – балдарында бар. Атама ал сапаттар, ошондой түшүнүктөр ата-бабасынан калган да. Туурабы? А аларга болсо мурдагылардан калган. Мына ушинтип бара берсек тээ Адам Атадан бери келаткан эле салт болуп атпайбы. Болгону эле улам берилеген сайын турмушка улам жаңы нерселер кошулуп толукталып, ашыкчасы турмуштан сүрүлүп ташталып, керектүүсү жуурулушуп сиңип, мурунку салтка кошулуп келатыптыр да. Салттуу дин деген сөздүн чыгышына дал ушул күндөрү жогорто айтылган ошондой жаңы нерселер, жаңы түшүнүктөр аябай көп кошулуп атканынанбы деп ойлойм. Дагы бир канча убакыттан кийин кереги кошулуп, ашыкчасы колдонулбай, өзүнөн өзү эле турмушубуздан сүрүлүп ташталат да.

Эми ошол кошулуп аткан жаңыларга илгертен бери колдонулуп, турмуштун, тарыхтын катаал сыноолорунан өткөн, ата-бабабыз тутунуп келген салттуу динибиз эмнеге жакпай, эмнеси менен туура келбей аткандыгы башка маселе. Ал боюнча башка, өтө кеңири сөз кылыш керек. Бүгүнкү сөз салттуу дин дегендин өзүн аныктаганга, түшүнгөнгө болгон аракет.

Салыштыруу үчүн бир булактан башат алып, улам төмөндөгөн сайын ар жылгадан түшкөн булак кошулуп олтуруп бир чоң дайрага айланаарын, ал дарыя башка бир дарыяга кошулуп чоңоюп, кеңейип деңизге куйганын алалы. Исламды деле Мухаммед пайгамбарыбыздан бери карай эле ой жүгүртүп көрөлү. Жалгыз эле жаңы башталышты баштаган да. Ага сахабалары кошулган. Аларга улам жаңы адамдар кошулуп, мусулманчылык алар жашаган аймактарга андан ары жаңы элдерге, жаңы жерлерге жайылып жүрүп отурган да. Жаңы кошулган элдердин ага чейинки көнгөн адаттары, каада-салттары да кошулуп, исламга сиңгени калып, ашыкчасы сүрүлүп чыгып куралып жүрүп отурду да. Бир жарым миң жылдай убакыт ичинде ислам динине көптөгөн өлкөлөр, канчалаган улуттар кирди. Ошол ар бир улуттун өз тили жана каада-салттары да сакталып келатат да. Мына ушуларды ойлоп олтуруп салттуу дин дегенбул – тээ атамзамандан бери келаткан эле дин экен деп калдым.

Бул сөздүн, бул терминдин чыгышында бир чоң чатак чыгарчу маселе жатат окшойт. Жогорто сууну мисал кылбадымбы, ошол сууга бир, эки ылайка суу кошулуп дарыя ылайлангандай. Андан да жакшыраак мисал, бирөө атайлап эле ошол тунук сууну ылайлап аткандай. Болбосо туулгандан өлгөнүмчө бул дүйнөдө туура жашаганга, аманатын тапшыргандан кийин ары жагындагы чын дүйнөгө жеткирет деп ишенип жүргөн диними бул салттуу, бул салттуу эмес дегендери мага такыр жакпайт.

Башында абам жөнүндө айтканымын жөнү мындай: абамын кулагына келме айтканы, акыркы деми калгыча болсо да келме айтып ыйманга келип анан жан берген адамга кечирим берет дейт. Ойлоп көр. Ушу жан берээр алдында болсо да ыйманга келип келме келтиргенге кечирим берсе. Кудайдын кечиримдүүлүгүнө чек барбы? Элдир-селдир болсо да атам көрсөткөн жолдо келатам. Анан дагы Жараткан Кудайым; «Тобокел кылып Өзүңө ишендим де. Анан залал көрүүчүлөрдү көрүп аласын» дейт. Мага мындан башка дагы эмне керек? Кудайым өзү менден көп деле нерсе талап кылбайт экен. Ага ишенип туура жашасам эле болот экен. А туура жашашты атаман үйрөнгөм. Өлгүчө ошондой эле жашайм. Миллиондогон кыргыздар деле мендей эле жашашат. Бизге ушундай динден башканын кереги барбы? Мен «жок» дейм. Сен да ойлонуп өзүң чеч.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.