Урматтуу «РухЭш» сайтынын журналисттери, сиздерге ушул катты атайы жолдоо керектигин тааныштарым аркылуу билдим. Сиздерден өтүнөм, катымды өзгөртпөй чыгарыңыздарчы. Себеби мени ирээнжиткен иштердин көбүн кыргыз элиме жеткирип, башкаларды ката кетирбөөгө эскертким келет. Мен дагы диний жамааттын өкүлү болуп келгениме азыр өкүнөм. Он гүлүмдүн бири ачыла элек кезимден жаңылган экенмин. Албетте, тагдырга өкүнбө дешет, бирок менин өкүнүчтүү тагдырымды башкалар кайталаганын каалабайт элем. Мендей эле көптөгөн жаш кыз-келиндер өкүнүчкө кабылбагыла деп сиздердин сайт аркылуу ушул катымды жарыялап койгонуңарды өтүнөмүн.

Мен өзүм кыргыз тили мугалими болуп иштөөнү кичинекейимден кыялданып келгенмин. Тилекке каршы, дипломумду алгандан кийин аз эле убакыт мектепте иштедим. Бирок айлыгым күнүмдүк турмушка жетпей келгендиктен, башка жумуш издештирип жүрдүм. Баардык жерде айлык акы төлөө кыйын болгондуктан, диний адабияттарды кыргызча которгон адистердин эмгектерине корректорлук кылууга орношконмун. Бирок башында корректор болосуң деген киши мени бөлөк милдетке байлап койду… (Кат түшүнүксүз стилде жазылгандыктан кыскартылды. – Ред.)

♦ ♦ ♦

… 2008-жылы Арабиядан атайы социалдык тармактарда комментарий жазууга үйрөтүлүп келгендердин жазгандарын оңдоп-түзөө үчүн күнү-түнү интернетте отурчубуз. Мага башында абыдан кызык болчу жумушум. Себеби, исламдагы ыйманга башкаларды үгүттөө милдетин аткармакпыз. Мени менен бирге иштечү медреседе окуган кыздардын ката жазган комментарийлерин гана оңдоп жүргөнмүн. Бирок тез эле тажап кеттим, ал жерде бир жумача гана араң чыдап иштедим. Анткени эң жөнөкөй сөздөрдү туура эмес жазган кыздар толуп кетти жамаатыбызда. Ар кимисине үйрөтө берип, башым чыдатпай ооруганы күчөдү. Анысынан да мен өз элимдин каада-салтын шылдыңдаган комментарийлерди жазууга колум барбачу … Теңирчиликти ал жердегилер кыргыздын келесоолору деп үйрөтүшчү. (Каттын түшүнүксүз жерлери кыскартылды. – Ред.)

♦ ♦ ♦

Редакциядан эскертүү: Биз кат ээсинин айрым мисалдарын жарыялабоону туура таптык, себеби диний кастыкка жол берер жагдайлар коомчулукка тарап кетишин каалабайбыз… Тек гана жалпы коомчулукка айрым диний агымдардын иш-аракетинен кабар берүү максатында бул катты айрым кыскартуулар менен жарыялап отургандыгыбызды эскертебиз. Андыктан соцтармактардагы түрдүүчө пикир жайылткан комментарийлерге коомчулукту көңүл бурбоого чакырабыз жана алар менен кайым айтышуунун да кажети жоктугун зирек окурмандар көңүлдөрүнө түйөр деген ишенимдебиз…

Кат ээсинин өтүнүчү боюнча биз анын аты-жөнүн да жарыялаганыбыз жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.