Шайырбек АБДРАХМАН: Өгөө

ЭССЕ Жетинчи же сегизинчи класста окуйм. Баягы 90-жылдардын башталган кези. Совхоз, колхоздор тарап, акчанын баркы кетип, заман тарый баштаган учур. Өмүрү базарга чыкпаган биздин айылдыктар бирин-серин базарга чыгып, бирдемелерди сата баштаган. Эсимде, кокус-какыс базарда соода кылып жаткан кезинде тааныштары өтүп калса, ар шылтоону айтып актаныша сүйлөшүп же кызарып-татарып уялыша түшүшөр эле. Чынында жакында эле жаңы ачылган базарга жаныбыздагы Наманган, Заркент, аны-муну деген кошуна Өзбекстандын шаарларынан чайкоочулар келишип, соода сатык кылышчу. Мага айрыкча, майда-чүйдө, тамакка кошчу калемпир, бирдемелердин уруктарынан баштап, балык […]

Молдова эл жомогу: Үч мергенчи

Бар бекен же жок болду бекен, иши кылса бул дүйнөдө үч мергенчи болгон экен. Алардын экөөсүнүн сакалы бар, үчүнчүсү сылап алма көсөө тура. Бир жолу алар канаттууларга мергенчиликке чыгышып, күнү бою талаа кыдырышса да жолдору болбой, кечке жуук гана бир суу чулдук атып алышат экен. Алар чатыр тигишип, от жагышып, тамактанууга келгенде туюкка кептелишти. Анткени суу чулдук бирөө, ал эми мергенчилер үчөө. Сакалдуу мергенчилер ошондо мындай дешти: –  Андай болсо дудук ойнойбуз, ким биринчи үн чыгарса, ал чулдуктан куру калат. […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ:  Эрте курактагы балага китепти кантип тандашты билесизби?

Мурдагы макалада жаңы төрөлгөн балага китеп окуу мектепте жакшы окушуна себеп болоруна токтолгом. Ал макаладан кийин окурмандардан ар кандай ой-пикирлер айтылды. Бирок мени эң көп “китеп окууну түшүндүк, бирок конкретно кайсы китепти окуганды сунуштайсың?” деген суроо ойлонтту. Себеби, бул нерсе башыман өттү. Ошондуктан бул макалада мектепке чейин балага кандай китепти тандап окуу керектигине жана кантип окуу жөнүндө сөз болмокчу. Ар кимдин ар кандай дүйнөлүк (диний) көз карашы болгондуктан китеп аттарын так атабоону чечтим. Эмне окуш керек? Чоң уулум төрөлөөрдө кыргызча […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Азыр робот-мусулмандарды даярдаган агымдар көбөйүп кетти

Дин туурасында коомчулук арасында атайы сурамжылоо уюштурдук, бүгүн ошол сурамжылоого катышып берген инсандарыбыз: белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин, коомдук жана мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев жана учурда Россияда эмгектенген калемдешибиз Азамат Төкөровдун пикирлери окурмандарыбыздын назарында… Учурда дин маселеси улут көйгөйүнө айланып турат, бул маселени канткенде чыр-чатаксыз жолго коёбуз? Канча жылдан бери эле дин таанытуу сабагын мектептерден баштоо керек деген демилгелер дамамат көтөрүлүп жүрөт, бирок аны жүзөгө ашыруу толугу менен колубуздан келбеди. Жаштардын көбү бүгүн диний сабатсыздыктан улам түрдүүчө агымдардын таасири астында калды. […]

Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ: Улуу кеменгердин көкжалдыгын көргөнбүз

Ааламда сиздей аз эле, “Ала-Тоо” болуп угулчу, Айтматов деген ат эле. Элмирбек ИМАНАЛИЕВ Кийинки балдар ушинтип сурай башташты. “Кийинки” дегенибиз – 10-12 жаштардагы ынтызар бөбөктөр, неберелер – мектеп окуучулары. Биз аларга кандай жооп даярдап, кандай бир “аябай” таңдантчу кездешүү мисалын аңгеме кылып айтмакпыз? Чынында, баланын тилинде балдарга жетимдүү кылып айтуу өтө эле кыйын иш. Эгер тек гана “көргөнбүз” деп койсок, алардын ишенчээк көңүлүн ынандыраар беле? Эгер: кол берип, учурашканбыз, атүгүл иштеген жеринде, үйүндө да болуп, көчө-жолдордо бир баскан учурларыбыз болгон […]

Шавкат Мирзиёев «ЗАГСсын көрбөй туруп нике кыйган молдого кылмыш козгойбуз» деди, биздечи?

Көөдөй караңгылык басып, каякка басарыңды билбей карайлап турганда каяктандыр шоола жылт этсе, дароо бүт жан дилиң менен ошол жарыкка умтуласың да. Так ошондой кеп болуп атат. Ии деңиз… Коомубузда жүздөгөн адамдардын кадырына ээ болуп, ар бир айткан сөзү мыйзам болуп турган аалым даражалуу адам кебелбей гана экинчи аял алганын шардана кылды. Анысы аз келгенсип, канчалаган депутаттардын экинчи аялдары менен никесин кыйганын кадимки эле көрүнүш катары балп эттирди. Аалымдын кейпи ал болсо, коом жетектөөчүлөрүнүн кейпи бул болду. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат […]

Караламан калктын аң-сезими калаксыз кайыктай

«Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот» Төлөгөн КАРЫКЕЕВ Биз, атеистик тарбия алган Советтер Союзунун балдары Ленин деген ысымды Кудайыбыздай көрүп чоңойдук эле. Ал чынында эле Теңирден чоң касиет менен жаратылып, феодализм, капитализм деген табигый жол аркылуу өнүгүп бара жаткан адамзатына ыңкылап жасап,  дагы бир кедей-кембагалдардын таламын талашат деген социализм аттуу системаны калтырып кеткен эмеспи.  Башкаларды билбейм, мен дале болсо аны улуу адам жана чыныгы элдик жолбашчы болгон деп эсептейм. Бирок ушул убакка чейин анын устаттары Маркс, Энгельс болгонун […]