Дин туурасында коомчулук арасында атайы сурамжылоо уюштурдук, бүгүн ошол сурамжылоого катышып берген инсандарыбыз: белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин, коомдук жана мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев жана учурда Россияда эмгектенген калемдешибиз Азамат Төкөровдун пикирлери окурмандарыбыздын назарында…

  1. Учурда дин маселеси улут көйгөйүнө айланып турат, бул маселени канткенде чыр-чатаксыз жолго коёбуз?
  2. Канча жылдан бери эле дин таанытуу сабагын мектептерден баштоо керек деген демилгелер дамамат көтөрүлүп жүрөт, бирок аны жүзөгө ашыруу толугу менен колубуздан келбеди. Жаштардын көбү бүгүн диний сабатсыздыктан улам түрдүүчө агымдардын таасири астында калды. Андыктан кандай жол менен салттуу динди калыптай алабыз?
  3. Дегеле салттуу дин деген түшүнүктү элге кандай чечмелеп, кандай жеткирүүбүз зарыл? Себеби бүгүнкү күндө салттуу дин дегенибиз кандай экенин жеткиликтүү деңгээлде түшүнбөгөндөр да жок эмес…

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, тарых илимдеринин доктору:

  1. Башмыйзамдын жоболорун дааналап түшүндүрүп, калайыкты агартуу аркылуу.
  2. Дин таануу дегенди бир гана динди жайылтуу катары карабоо керек. Мектептерде гана бардык диндер тууралуу маалыматты окутуп чектелбестен, интернетте да мултимедиалык арбын маалыматты жарыялоо абзел. Сыналгы каналдары да ачык талкууларды уюштурушу абзел. Айтор, калайык дайыма ойго батышы зарыл.
  3. Мен “салттуу дин” деген сөзгө анча кошулбайм. Ар башка диндеги прогрессивдүү идеяларды бүт колдоо керек. Эч бир диний агымдын өкүлдөрү террорчулукка, башка диндегилерди кемсинтүүгө чакырбашы керек. Улуттун каада-салты бир гана диндеги жөрөлгөлөрдөн алда канча кеңири жана тамыры терең экенин түшүнүү үчүн дүйнөдөгү цивилизациялык очоктордун тарыхый карым-катнашынын баскычтары тууралуу маалыматты калыс таркатуу керек.

Эмилбек КАПТАГАЕВ, математик, физика-математика илимдеринин кандидаты:

  1. Коомдо агартуу иштерин тынымсыз, ырааттуу жүргүзүү керек, маданияттын өсүшү менен бул маселенин айланасындагы чыр-чатак өзүнөн өзү басылат. Биринчи кезекте, дин тутуу маселесин, диний ырасымдарды, жөрөлгөлөрдү коомдук маселеге айлантууну токтотуу зарыл, дин тутуу же тутпоо, эгер дин тута турган болсоң, кайсы динди тутасың, диний иштерге катышуу же катышпоо, анын ичинде орозо тутуу, намаз окуу, мечитке баруу сыяктуу нерселер ар бир адамдын жеке иши болуусу абзел, эч ким эч кимге бул маселелер боюнча кине коюуга, акыл үйрөтүүгө тийиш эмес. Өзүнүн диний көз карашын, диний жүрүм-турумун көргөзмө кылуу, аны жарыя кылып коомчулукка көрсөтүү негизи эле натуура иш, ошол эле исламда мындай иштер жактырылбайт. Мына ушундай шартта диний сыпаакерчилик (толерантность) маданияты калыптанат, өз ара сый мамиле болуп калат.
  2. Бул маселе боюнча адегенде бир түшүнүккө, бир пикирге келүү керек. Кай бирөөлөрү «дин таануу» сабагы деп ошол эле Исламдын негиздерин үйрөтүүнү түшүнөт, ошон үчүн демилгени колдойт. Ал эми мектеп же башка окуу жайларында дин таануу сабагы диний көз караштарга карата бейтарап болуп, жалпы эле диний түшүктөрдүн жаралышы, дүйнөдөгү диндер жана диний агымдар боюнча жалпы түшүнүк бериши керек, бул маселеге ушундай көз караш туура болот.
  3. Салттуу диндер деп бизде Ислам менен Орус православие динин түшүнүп жүрөбүз. Бирок Будда динине кирген диний агымдар деле салттуу, Католик дини деле салттуу, азыр Протестанттык диндерди деле салттуу эмес деп айтуу кыйын. Кайсы дин салттуу же салттуу эмес дегенди коомдук талкууга коюу натуура иш. Бул маселе ошол диндердин аалымдары өздөрүнүн ичинде талкуу кылганы дурус. Ал эми ар бир жаран өзү жеке чечиши керек – дин тутабы же жокпу, тутса кайсы динди тутат. Коомчулуктун бул ишке киришиши болбойт, чатактын баары мына ушундан чыгат.

Азамат ТӨКӨРОВ, акын:

  1. Биздин өлкөнүн, анын ичинде «эл жакшылары» менен эл башчыларынын эң чоң катасы, мамлекеттин паспорту болгон Конституцияны Батыштан, орустан көчүрүп келип, кыргызчага которо койгонунда деп ойлойм. Анткени жеке менин оюмда: өлкөнүн конституциясы кыргыз жыттанып туруш керек. Нукура кыргыздын салт-санаа, үрп-адаттары менен жуурулушуп, катардагы карапайым адамдан баштап, журт башыга чейин кыргыз духун үйрөтүп туруу зарыл. Конституция – жөн эле кайдагы бир аткарылбаган мыйзамдардын топтому эмес, өлкөдөгү жашоо мазмуну болууга тийиш. Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, карыларга камкордук, аялдарга абай мамиле, мекенди коргоо, жерди сүйүү, улутту сүйүү, тилди сүйүү үчүн негизги доктрина болуш керек. Ошол жерге (конституцияга) «Дин мамлекеттен ажыратылган» деп эмес, «Дин – биздин жашообуздагы жол көрсөткүчүбүз. Дин – жашообуздун мазмуну» деп жазышыбыз керек. Анткени дин деген ишеним. Ишенимсиз адам болбойт. Ишенимсиз мамлекет болбойт. Ишенимди адамдан же мамлекеттен бөлүп койгон жерде хаос башталат. Абийир, уят, намыс дегендер ЭГОнун тепсендисинде калат. Ушул жерде дагы белгилей кетчү нерсе, конституцияга коркпой эле «Кыргыз Республикасы калкынын көп бөлүгү (80-90% деп жүрүшөт, аны эми тиешелүү кызматтар айтсын) ислам динин тутунган мусулман мамлекети. Бирок башка диндегилер ишенимине карап дискриминацияланбайт» деген статьяны кошуш керек. Ошол эле конституция аркылуу кыргыздар канча кылымдан бери Ханафий мазхабын (Ханафий мазхабын дүйнөдөгү мусулмандардын 90%ы тутунушат) тутунуп келгендигин, эл ичинде бүлүк салбоо үчүн башка агымдар тыкыр текшерүүдөн өтүп, мамлекеттин катуу көзөмөлүнө алынаары жөнүндө баса белгилениши керек деп ойлойм.
  2. Бул суроого жогоруда жооп бердим деп ойлойм. Дин менен мамлекетти бөлбөй, экөөнү чогуу кароо керек. Түрдүү агымдарды катуу тизгиндөө кажет.
  3. Салттуу дин деген менин оюмча ата-бабабыз Ханафий мазхабынын эреже-тартиптери менен тутунуп келген дин. Ушул жерден айта кетчү нерсе, салттуу исламда же Ханафий масхабында ислам эки кабаттан турат. Биринчиси, тил менен күбөлүк берүү, экинчиси жүрөк менен ишенүү. Тил менен күбөлүк бергенде «Ля-иллоху иллол-лах, Мухаммадур Расул Аллах» деп же «Жараткан Алла жалгыз, Мухаммед анын Элчиси» деп тил менен күбөлүк берилет. Жүрөк менен чын дилден ишенген адам мусулман саналат. (Бул эми узун сөз. Балким муну окуп алып талашкысы келгендер исламдагы мазхабдар жана алардын ички философиясы жөнүндө жазылган эмгектерди окуп алса ашыкча болбос). Бул эми салттуу дин. Мусулман болгондон кийин сөзсүз аткарчу парз амалдар (буйрук амалдар) бар, аларды да аткарыш керек. Бирок ушул жерде баса белгилеп айтчу нерсе, исламдын эң негизги беш түркүгүнүн бири болгон намаз окууну аткарбаган адам динден чыгып, каапыр болот деген түшүнүк жок. 18-кылымдын 20-жылдарында Арабияда ислам дининин жаңы агымы, Ваххабизм пайда болду. Бул агымдын негиздөөчүсү Мухаммед ибн Абд аль-Ваххаб ат-Тамими болгон. Ал 1703-жылы туулган. (Бул жөнүндө да кызыккандар издеп таап окушса болот). Мухаммад ал-Ваххабий түзгөн Ваххабийлерден кийинчерээк Салафийлер бөлүнүп чыкты. Салафийлерде дин үч кабаттан турат. Тил менен күбөлүк берүү, жүрөктөн ыйман келтирүү жана амал. Салафийлердин түшүнүгүндө ыйман келтирип, күбөлүк бергендер амалда аткарбаса ал мусулман эмес. Каапыр деп, аларга жихат жарыяланат. Эгер чыныгы ислам мусулмандарды билим алганга, илим үйрөнгөнгө үгүттөсө, азыр көбүнчө робот-мусулмандарды даярдаган агымдар көбөйүп кетти.

Эмне үчүн робот-мусулман дедим? Анткени исламдын ички баалуулугун, философиясын эмес, сырткы макетин, кыймыл-аракетин гана мээге сиңирет да, өз алдынча ой жүгүртө албаган, жалаң гана буйрукту (бул жерде Алланын буйругу дегенден алысмын) аткарган робот-желдеттердин армиясы түзүлдү. Кеп башында айтканымдай, мунун баарын мамлекет динден бөлүнгөн деп таштап койбой, катуу көзөмөлгө алып, робот-мусулмандардын ордуна чыныгы, улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, аманатка кыянат кылбаган, элдин мүлкүн жебеген илимдүү, билимдүү, ар тараптуу ой жүгүртө алган чыныгы мусулмандарды тарбиялашы керек. Антпесек, эртең эле «Сен намаз окубайсың, сен каапырсың» деп ата-энесин жара тарткандан тайбаган экстремист коом пайда болуп калышы мүмкүн.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *