«Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот»
Төлөгөн КАРЫКЕЕВ

Биз, атеистик тарбия алган Советтер Союзунун балдары Ленин деген ысымды Кудайыбыздай көрүп чоңойдук эле. Ал чынында эле Теңирден чоң касиет менен жаратылып, феодализм, капитализм деген табигый жол аркылуу өнүгүп бара жаткан адамзатына ыңкылап жасап,  дагы бир кедей-кембагалдардын таламын талашат деген социализм аттуу системаны калтырып кеткен эмеспи.  Башкаларды билбейм, мен дале болсо аны улуу адам жана чыныгы элдик жолбашчы болгон деп эсептейм. Бирок ушул убакка чейин анын устаттары Маркс, Энгельс болгонун билгеним менен ага устаттык кылбаса да өз эмгегинин таасири сабак берген Гюстав Лебон болуптур. Жакында эле “Психология толпы” деген анын бир эмгеги колума кокусунан тийип, бир дем менен окуп чыгып, катуу таасирленгенимден улам анын Николай Стариков (китепти орус тилине которуп, жарыкка чыгарган адам) жазган баш сөзүн кыргызчага которуп, “РухЭш” сайтынын окурмандарына сунуштоо каалоосу пайда болду. Анда эмесе окуп көрүңүз замандаш…

Көпчүлүктүн аң-сезими

Билип коюңуз, бул китепти ХХ кылымдын мен деген эң улуу жана залкар саясатчылары окуп пайдаланышкан.

Эмне үчүн? Анткени француз социологу жана окумуштуусу өткөн кылымдын башында эле көпчүлүктү башкара билүү өнөрүнүн (технологиясын) жөнөкөй ыкмаларын, ынанымдарын жана таасир эте билүү идеялары менен ойлорун так жана таамай жазып кеткен.

Ошондон бери эч нерсе өзгөргөн жок. Бул китепти окуп отуруп, көпчүлүктү башкара билүүчүлөр аянттарда күүлдөй толкуган адамдардын дарыясын каалаган жактарына кандайча бурганын, большевиктер өз идеяларын ишке ашырыш үчүн көпчүлүктү кантип “сыйкырлап”, баш ийдирип алгандарын билесиздер.

Бул маанилүү китепти сүйлөмдөргө бөлүп жөн гана жадыбалдай жаттап алса да, дүңүнөн пайдаланса да болот.  Ооба, аны саясатчылар, маркетологдор, үгүтчүлөр же жөн гана өтүп бараткандар эбак эле “жиликтеп” кетишкен. Кээси эбак эле Гюстав Лебондун бул китебин топураган көпчүлүккө каалаганын кылдырып башкарып алыш үчүн жаттап алышкан.

Андыктан бул китепти окуңуз да сизди ким кантип башкарып жатканын билиңиз. Ошондой эле колуңуздагы китепти окуу менен сиз эркин болууга биринчи кадамды таштаган болосуз.

Николай Стариковдун кириш сөзү

Гюстав Лебон — улуу саясатчылар эмгегин окуп, акылын пайдаланган изилдөөчү

Адамдарды башкара билүү өнөрү эки түргө бөлүнөт: жалгыз адамды колдонуу жана көпчүлүк элди башкаруу же пайдалануу. Француз социологу жана психологу Гюстав Лебон (Gustave Le Bon) көпчүлүк элди башкара билүү искусствосунун түптөөчүлөрүнүн эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болуп саналат. Өткөн эң бир татаал замандарда укмуштай ийгиликтерге жетишкен Ленин, Сталин, Муссолини, Гитлер жана башка көптөгөн саясатчылар анын эмгектерин окуп, пайдаланышкан. Ошол китептердин эң бир жаркырай көзгө урунганы, адамдарга жеткидей жөнөкөй жана таасирдүү жазылганы азыр сиз көз жүгүртө баштаган эмгек – Көпчүлүктүн аң-сезими.

Бул китептеги акыл ширелген саптарды өзүнчө бөлүп жаттап алууга да болот, сөз арасында үзүндү келтирип айта кетүүгө да татыктуу. Мындан жүз жыл мурунку бул чыгарманы окуй баштаганыбызда кечээ гана жазылып бүткөндөй таасир калтырганы кандай таңгалычтуу. Мунун себеби, баардык замандардын адамдарынын бирдейлиги, алардын психологиялык аң-сезимдеринин өзгөрбөстүгү. Демек, көпчүлүккө таасир этүү да өзгөргөн жок, анын ыкмалары алмашпады. Дал ушул себептен улам эбак өлгөн француз психологу Лебондун көпчүлүк адамдарга таасир этүү ыкмалары менен идеялары дале болсо колдонулуп келе жатканына көзүңүз жетет. Кулак-мээден кетпей көңүлгө жарнамалык “кийиз казыкты” билгизбестен кагып киргизген “жоогазын” ыңкылаптарынын идеологдору көпчүлүккө таасир этүү ыкмаларын өздөрү ойлоп табышкан эмес, бул акылдарды алар төрөлө электе эле кагазга түшүрүшкөн.

“Көпчүлүк көңүлүнө түзүп алган образдар боюнча ойлонот, ал кейипкерлер (же нерселер) алгач кайсы бир адамдын көңүл оюнда жаралып, мындан эч кандай түшүнүгү жана кызыкчылыгы жок башкаларга “жугат”, — дейт Лебон. Кооз жарнактар жана саясый чакырыктар, ошондой эле үлгү болор каармандар көп учурларда чындык менен дал келише беришпейт. Аларды дүңгүрөтө мактап жарнамалап жатышып, кемчиликтерин жашырып, өз мүмкүнчүлүктөрү менен сапатынан ашырып жиберишет. Кооз йогурт жедиң – баардык кыздар сени сүйүп калышты, чачыңды шампун менен жуудуң – жаш жигиттердин баары артыңдан жүгүрүштү.

Ал эми көпчүлүк эңсеген уурулук менен паракорчулук таптакыр кездешпеген өлкөнүн образы чындыкка канчалык жакындашат? Коомдун артыкчылыктуу каймактарына ондогон жылдар бою Мекенди тонотпой, тетирисинче, ага кызмат кылдыруу ар кандай митечиликтерди жок кылуунун бирден бир жолу. Президенттин аты-жөнүн алмаштыргандан ал көйгөйлөр дароо эле жоголуп кетпейт. Бирок дүйнө жүзү боюнча “паракорчулук менен күрөшөбүз!” деген ураан астында баардык жакшылыктар үчүн бүт жамандыктарга каршы баруу чакырыктары өлкөлөрдү кулатуучу катуу сокку болуп келе жатат. Мунун баары үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн элди дүңүнөн алдоо болуп саналат.

Ошентсе да мындан жүз жылдан ашык убакыт мурда эле Гюстав Лебон Бразилиядан Украинага чейинки мейкиндикте жүз миңдеген адамдарды алып чыгып “эркиндик үчүн күрөшкөн каармандарга”, “коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылуучу эркечтерге” мындай деп так жана таамай жооп берип койгон: “Кандайдыр саясый түзүлүштү калыптандырыш үчүн кылымдар керек, аларды кайра өзгөртүш үчүн кайра эле ошончолук убакыт сарпталат. Түзүлүштөр өзүнөн өзү эле жакшы же жаман болуп чыга келбейт, мисалы, азыркы убакта кайсы бир эл үчүн кандайдыр бир “изм” жакшы болуп жатса, убакыт өтө ал түзүлүш ушул эле элге таптакыр керексиз болуп калат. Ошондуктан бул түзүлүштөрдү алмаштыруу элдин колунда эмес, чындыгында калк кандайдыр ыңкылап жасап, зордук менен бул түзүлүштөрдүн атын гана өзгөртө алат, ал эми алардын ички мазмуну өзгөрбөстөн кала берет”.

Ошондон улам да Ленин Октябрь ыңкылабы ишке ашкан күндүн эртеси эле “комчванства” боюнча буйрук жазган, башкача айтканда, бийликтеги коммунистин карапайым элге карата чыныгы төрөпейилдик менен буйрукчул катаал мамиле кылуусун көрсөткөн. Мындан башкача болмок эмес. Анткени заман өзгөргөнү менен адамдар өзгөрбөгөн, айдама болуп көнүп калган алар жаңы заманды акырындан барып араң түшүнүшмөк. Анда эмесе Украинада эч нерсеге карабастан “жаркын мамлекет” курабыз деген кур кыялдарына ишенип алып ыңкылап туусун булгалап жаткан жигердүү күрөшүүчүлөргө дагы бир үзүндү келтире кетебиз: “Бир эле акыл-эске салуу менен кайсы бир коомду түп-тамырынан өзгөртүүгө таптакыр болбойт деген чындыкты түшүнүш үчүн бир нече миллион адамды курмандыкка чалып, жыйырма жыл бою Европаны толкутууга туура келген”. Бул жерде Лебон Улуу француз революциясы тууралуу жазганы менен ал баардык эле учурлардагы ыңкылап аттууларга тиешелүү чындык болуп саналат.

Ураандар канчалык кооз жана кыялый болсо ошончолук мыкты чыгат. Көпчүлүктү алар толук түшүнө албагыдай идеялар үчүн күрөшкө баштап чыгып, ал тургай кайда бара жаткандарын аңдабагыдай кылгыла. Ошондуктан баардык төңкөрүштөр менен ыңкылаптар кыялдагы ишке ашпаган тынчтык, эркиндик, теңдик, татыктуу жашоо үчүн жана башка адам аңдай алгыс кооз убадалар, түшүнүксүз жыргалдар, кагаздагы “измдер” үчүн жасалат. Бул жөн гана кокустук эмес. Алар тууралуу мындан жүз жылдан мурда Гюстав Лебон жазган. Ал эми андан жүз жыл мурда, тагырак айтканда, 1789-жылы жогорудагыдай (теңдик, эркиндик, жыргалчылык) кооз ураандардын астында француз революциясы ишке ашкан. “Мындай өзгөрүштөргө жеткирген сөздөрдүн кудуреттүүлүгү алардын чындыкка таянгандыгында эмес, көтөрүп чыккан образдары менен чечилүүчү көйгөйлөрүндө.

Көп учурларда түшүнүктүүлүгү абдан эле так эмес сөздөр көпчүлүккө ого эле чоң таасир берет. Мисалы, демократия, эркиндик, социализм, теңдик жана башка терминдер ушундай бир кооз угулганы менен маани-маңыздары так эмес, ал тургай абдан эле бүдөмүк болгондуктан аларды калың-калың китептерди жазып да даана түшүндүрүп бере албайсың. Ошентсе да бул сөздөрдө баардык көйгөйлөрдү чындап эле чечип жибере тургандай кандайдыр сыйкыр катылганы талашсыз. Алар баардык акыл-эссиз түрдөгү аракеттерди жана алардын ишке ашуусуна болгон үмүттөрдү өзүнө камтып турат” деп жазган колуңуздагы китептин автору.

“Кайталагыла, кайрадан кайталагыла”,- деп үйрөтөт Лебон. 2011-жыл эсиңердеби? Анда саясый партиялардын бири бир жаңы ураанды ойлоп таап, ал туш-тараптан жаңырыктап туруп алган. Ал ушунчалык тез-тезден угулуп, салмактуу чыккандыктан бара-бара кулагыбыз турмак жан дүйнөбүздү ээлеп алган, орноп калган. Ал эми азыркы кезде болсо ошол ураандуу сөздү аны ойлоп тапкан партия турмак учурдун жаалданып турган “оппозициясы” да эстебей калды. Биздин көз алдыбызда Гюстав Лебондун китебинен жаркын үзүндү турат. Окусак ал мындайча угулат: “Кандайдыр ынанымдуу айтылган сөз качан гана ошол эле ыргакта тез-тез кайталана баштаганда акыл-эске орнойт. Менимче, бир кезде Напалеон айтса керек эле: “чечендикте көңүл коюуга арзый турган бир гана жагдай бар, ал – кайталоо” деп. Кайталоонун арты менен идеялар акыл-эске ушунчалык бекем орнойт дейсиң, натыйжада ал апыртылып айтылса да далилденген чындык катары кабыл алынат.

Кыска, так жана түшүнүктүү.  Далилчи? Далилдештин кереги жок. Тынчтык караламан калкка! Жер дыйкандарга!  Акырында тынчтык болбогону менен, элге тынчтык тийбесе да атуулдук согушта жеңип чыгууга болот. Большевиктердин иш-аракеттери ушундай болгон. Анткени Ленин Гюстав Лебонду окуган. “Эч кандай ой жүгүртүүлөрсүз жана тастыкталган далилдерсиз жөнөкөй бекемдөөлөр көпчүлүктүн көңүлүнө кандайдыр бир “кийиз казык” идеяны кагып киргизүү үчүн жакшы “барскан” болуп бере алат. Идеяны бекемдөө канчалык кыска болсо, аны кандайдыр бир далилдеп бериш ошончолук кыйын болот, анткен менен ал көпчүлүккө ошончолук жакшы таасир этет”.

Ошентсе да Гюстав Лебондун бул китебинде бир гана адамдарды билгизбей пайдалануу ыкмалары камтылбаган. Бул колуңуздагы эмгектин дүйнөлүк саясый иш-аракеттердин өнүгүүсүндөгү маани-маңызын төмөндөтүп коймок. Эски-жаңы тарыхта бүт жолбашчы аттуулар саймедиреп келе жаткан баарынан биринчи идея турат деген маанилүү ойду Лебон алгачкылардан болуп айткан.

“Идеялар өткөн чактын кызы, келер кездин энеси болуп саналат, ошондой эле алар убакыттын күңү болуп келишет! Биринчиден, идея жаралат, ошондон соң анын негизинде гана адамзат коому өзгөрүлөт. “Адамзатты жаңыланууга учуратып, өнүгүүгө алып келген маанилүү өзгөрүүлөр биринчиден идея катары жаралып, түшүнүктөргө орноп, ишеним сүрөгөн аракеттер аркылуу ишке ашат. Тарыхый чоң окуялар алгач адамдардын ойлоруна идея-урук болуп түшүп, анан акырындан өсүп, бара-бара бышып жетилген жемиш багы сыяктуу”. Кайра куруу учурунда СССР элдерин байлыкка кызыктырып, өлкөнүн өткөнү үчүн күнөөлүү сездирип коюшту эле, ошол кезде дүйнөнүн бир ыптасын ээлеп турган зор өлкө бат эле бытыранды мамлекеттерге айланды. Ал эми убада кылынган байлык менен гүлдөп-өсүү ишке ашты, бирок ал жыргалчылык эки жүз элүү миллион жараны бар СССРдин  азганакай тобуна гана буйрулду.

Эгер көпчүлүктүн көңүлүнө кандайдыр бир идеяларды киргизип алсаң, анда алардын талаптарына таянуу менен өлкө бийлигинин тизгинин каалаган багытыңа бура берсең болот. Ал тургай мамлекетти талкаласаң болот. Аянттарга миң-сандаган эл чогултуп, ыңкылап уюштурсаң да болот. “Азыркы кезде саясый салттар, элдик төбөлдөрдүн көрсөтмөлөрү, алардын атаандаштыктары эске алынбай калды, ал тургай бийлик тоготпос мамилелерге кабылып, барган сайын топураган көпчүлүктүн үнү өктөм чыгып бара жатат.

Өкмөттүн жасар иш-аракетин эл алдын ала айтып талап кылчу болду. Улут тагдыры эми мамлекет башчыларынын кеңешмелеринде эмес, көпчүлүктүн көңүлүндө чечилип калды”, — деп жазат Лебон. Бул саптарды окуп жатып фашистик Германияны эстебедиңизби? Алгач көчөгө элди алып чыгып, бийликти айдап жолго салып, анан көчө көпчүлүгүнүн атынан өлкөнү талкалаган азыркы Украинадагы окуяларга бул айтылган кептердин тиешеси жокпу? Анткени ушул “көпчүлүктүн ээрчимелигин” ашкерелеген колуңуздагы китепти аз сандагы гана адамдар окушкан. Көптөр окугандары менен түшүнүшпөйт, түшүнгөндөр болсо түпкү маңызына маани беришпейт.

Ушундан улам “этканага ээрчиткен эркечтин артынан кете беришет”. Анткен менен Лебондун жүз жылдан ашык убакыт мурда  жазып кеткени азыркы жаңы кылымдын он төртүнчү, он бешинчи жылдарында ишке ашып жатканын азыркы Украинанын мисалында көрүп турабыз.

“Азыркы өнүккөн заманда эс-акылы менен ыйманы бар күчтөр бийликти колдон алдырары менен акылга эмес кара күчкө сыйынып иш кылган, “жапайылар” деген адилеттүү ат алган, орой мүнөз топураган көпчүлүк татынакай коомдун таш-талканын чыгарып жатканын ушул учур өзү көргөзүп, жаңы тарых тастыктап турат. Цивилизация атын алган өнүгүү бир ууч ак сөөк аристократтардын колунан жаралып, сакталып келген. Эч качан ага орой-чарай көпчүлүк салым кошкон эмес. Көпчүлүктүн күчү бир гана талкалоого багытталган. Караламан калктын акыл-эссиз аракети жапайычылыкты гана жаратат, аны адебинен ашырат”. Оо тааныш окуялар го…  Ал эмне көзү ачык болгонбу? Болбосо жүз жыл мурда эле азыркы Ливия, Сирия, Ирак жөнүндө айтып койбойт эле да!  Же эмне азыркы жоогазын ыңкылаптарынын 1917-жылы Орусияда болгон Өктөбүр революциясынан айырмасы барбы?

Же болбосо анын азыркы күнгө арнап айткандай кебине кулак төшөйлүчү: “Көпчүлүктү далилдер менен башкарышпайт, аларды үлгүлөрдүн жардамы менен жетектешет. Баардык эле доорлордо өздөрүнүн өзгөчө аракеттери менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, тынчын алган баштаак адамдар болушат, акыл-эссиз көпчүлүк алардын артынан аңга түшөрүн билсе да ээрчип кете беришет”. Гюстав Левон рок музыка тууралуу жазганда аны ойлоп табыша элек болучу. СССРди кулатыш бирден бир максаты болгон ЦРУ анын келечегине тымызын кол салган, тагырак айтканда, Голливуддун адепсиз, жырткыч тасмаларын тарттырып, анын киноактерлерин Советтик жаштарга кумир кылып берген. Ал эми Украинанын от бургуйлап, кан оргуштаган майдандарычы? Мындай башаламандыктарды жаратып, тапшырманы аткарышы үчүн кичинекей үлгү берилет, азырак топ тартылат. Бир маалда карасаң эле “учкундан жалын тутанып”, баягы бир ууч топ аянт толо күүлдөгөн он миңдеген караламан калкка айланган болот. Көпчүлүктүкү көңүлдүү, шатыра-шатман. Арттан ээрчитүүчү жорук же адамдын туураткысын келтирген иш жөнөкөй болушу керек. “Адам деле айбан сыяктуу кандайдыр бир кыймылды туураганга, окшоштуруп үн чыгарганга жакын келет, шарт түзүп берип койсоң ал үйрөткөндөрүң зарылдыкка айланып, эгер бул иш кыйынчылык туудурбаса дагы аткарып берүүнү талап кыла баштайт”.

Гюстав Лебон сөзсүз түрдө урмат-сыйга татыктуу. Ал эбак классикке айланган. Бирок баардык классиктердей эле бизге ал пайгамбар сыяктуу көрүнбөшү керек. “Эгер кандайдыр бир калктын бир нече муундары катары менен кайсы бир көнүмүштүктөрүнө бекем карманып туруп алса, ал Кытай сыяктуу өнүгүүгө жөндөмсүз болуп калат”,- деп ХХ кылымдын башындагы алдан-күчтөн тайган Кытайды мисал кылып жазат ал. Азыр биз ХХI кылымдан көз жүгүртсөк, анын бул айтканы чоң ката болгону айкын көрүнөт.

“Реформаторлук дүүлүкмөлөрү” менен эч кимди жайына койбогон, бул жагдайда ийгилик жаратарына Орусиянын эли тоскоолдук жаратып жатканын кан какшап айтып аткан либералдардын кебинен үзүндү келтирүү менен сөзүмдү аяктасам дейм:

“Табият кээде катаалдыгын көрсөткөнү менен эч качан ошол калыбында калбасын баарыбыз билебиз. Ал эми улуу кайра куруулар кагаз бетинде, теория түрүндө канчалык жакшы сезилип, адамды өзүнө азгырып турса да алар акыры келип эл үчүн абдан начар натыйжа берери тарыхта тастыкталган”.

Мындан мыкты айта албайбыз.

Башкалардын жетегинде калгыңыздар келбейби?

Гюстав Лебонду окуңуздар.

Даярдаган жана кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *