Көөдөй караңгылык басып, каякка басарыңды билбей карайлап турганда каяктандыр шоола жылт этсе, дароо бүт жан дилиң менен ошол жарыкка умтуласың да. Так ошондой кеп болуп атат. Ии деңиз… Коомубузда жүздөгөн адамдардын кадырына ээ болуп, ар бир айткан сөзү мыйзам болуп турган аалым даражалуу адам кебелбей гана экинчи аял алганын шардана кылды. Анысы аз келгенсип, канчалаган депутаттардын экинчи аялдары менен никесин кыйганын кадимки эле көрүнүш катары балп эттирди.

Аалымдын кейпи ал болсо, коом жетектөөчүлөрүнүн кейпи бул болду. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевди Турциянын таасирдүү экономикалык басылмасы дүйнөнү өзгөртө алчу 10 жол башчынын катарына санады. Derin Ekonomi адистери белгилегендей; Мирзиёев жалпы адам укугунун эркиндигине, күч органдарынын ишмердигин, дин эркиндигин камсыздоону иреттөөдө реформа жасоодо. Мирзиёевдин жасап жаткан иштерин башкалар айтпаса да ачык-айкын көрүп турабыз. Келгенине бир жыл болуп-болбой чечкиндүү кадамдарды жасап, биз менен эле болгон сүйлөшүүлөрүндө өлкөсү үчүн пайдалуу келишимдерге жетише алды.

Шайлоо алдында Бабановду күр сүрөп турган өзбек жердештерибиздин добушуна соодаланып кеттиби, ким билет, будамайлатып атышып, шайлоо бүткөндө чыгарылган чечимдердин чети ачыкталып, коомчулукту бир дүрбөттү. Чек ара маселелери коңшулардын пайдасына көбүрөк чечилер каңшаары угулуп, ал гана эмес төрт пансионатты кармата беришкени белгилүү болду. Төрт пансионат иштете алар кыргыз жок имиш. Ары бар киши ардангандан ары барып, бери келгидей эле абал. Ал тууралуу Темир Сариев мындай деп билдирди: «Мен өкмөт башында турганда ревизия кылып, Өзбекстан колдонуп келе жаткан 19 объектини алганбыз. Ошонун ичинде Ысык-Көлдөгү 4 пансионат, Орто-Токой суу сактагычы ж. б. Бул жөндөн жөн чыккан чечимдер эмес эле. 1991-жылы эгемендик алганда атайын кол коюлган, эл аралык күчкө кирген келишим бар. Ага Орто Азиядагы 5 республика тең кол коюшкан. Ошол келишимдин негизинде мамлекеттин аймагында жайгашкан бардык мекемелер, качан салынбасын, ким салбасын, кимге тиешелүү болбосун, республиканын карамагына өткөн… Кээ бир министрлер парламентте туура эмес түшүндүрүп берип жатышат. Бул алардын саясый тайкылыгы, маселени түбүнөн билбегендиги».

Бул айтылгандар белгилүү коомдук ишмер, мамлекеттин абалына күйүп, чындыктын талабын талыкпай талашып жүргөн Эмилбек Каптагаевдин айтканы менен да ырасталып турат: «Пансионаттарды өткөрүп берүүгө эч кандай укуктук негиз жок. 1991-жылы союз тарап жатканда кайсы республика аймагында эмне мүлк болсо, ошол республиканын өзүнүн менчигине өтөт деп чечилген. Ошол чечимдин негизинде мурдагы жылдары өкмөт пансионаттарды алган. Алардын берилишинде укуктук да, логикалык да негиз жок». Ушинтип үшкүрүк таш жарып турган чакта Мирзиёевдин кылып аткан иштерин, айткан сөздөрүн интернет айдыңында байма-бай жарыялашса, көргөн кишиге караңгыга коюлган чырактай эле жарк дей түшүп атат.

Так эле бизде уу-дуу болгон кош нике маселеси тууралуу айтканын элпек кесиптешим Урматбек Нурсейит уулу кыргызчага оодарып берди минтип: «Дагы бир талылуу маселеге токтолуп өтөйүн. Жашоодо ЗАГСтан өтпөй туруп, шарыятка таяп акчага нике кыйдырып, аял үстүнө аял алуу көбөйдү. Билбеймин, кайдан мындай болгонун, Ташкент шаары биринчи орунда. Энеси: “Балам, сага атасы, апасы өппөгөн кызды алып берем” деп, үч ай ичинде дагы бир аял алып берет. Тигил бечара бейбак болуп калып атат. Эртеңи бала төрөлүп атат, никесин кыйган имам ага жооп берген жок. Туура эмес экенин жашоонун өзү далилдеген күндөштүк, кош аял алуу бир убакта кандай маселелерди жаратары терең ойго салышы керек. Атактуу ойчулубуз Абдулла Кадури “Өткөн күндөр” романында күндөштүк тууралуу бүтүндөй бир үй-бүлөнүн башына түшкөн окуяларда өтө кылдат талдап бергени, тилекке каршы, сабак болбогон болсо, акыркы кезде өкмөт жетекчилигинде катталбаган никеден туулган наристелердин тагдыры, келечеги эртең эмне болот? Албетте, өлкөбүздүн мыйзамдары боюнча алар көптөгөн укуктардан ажырап калат. Мисалы, аталык белгилери, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, мурас укугу, чоңойгондон кийин бакчага баруу, мектеп партасына отурууда канчалаган маселе жаратат. Эң жаманы – мындай балдар руханий жактан алсыз болуп калат, алар өзүн коомдун толук жарамдуу мүчөсү катары эсептей албайт. Урматтуу имамдар, силер ЗАГС документтерин көрбөй туруп, ар түрдүү байларга шарият жолу менен нике кыйып берип жатканыңар менен үй-бүлөлөргө кандай бактысыздык, коомго зыян кылып жатканыңарды сезип жатасыңарбы? Мына ушундай терс аракеттерди алдын алуу максатында атайын мыйзам долбоору жазылып жатат. Бул мыйзамда ЗАГС документин көрбөй туруп нике кыйган молдого, аалым болуп кетсе дагы кылмыш ишин козгоо чечимин кабыл алабыз».

Айтканында калет жок. Ушинтип шилекей агызып, коңшу өлкөлөрдүн башчыларына көз артып отуруп калабызбы? Же биздин көчөдө да майрам болуп, жарык жанабы? Ажобуз, жок дегенде адилетсиздик адат болуп калган соттордун тизгинин тарттырaр бекен? Эң коркунучтуу кылмышкерлер эле «Ата Мекен» партиясынын депутаттары өңдөнткөн шумдуктуу сот саясаты абийир сотунан шек-күмөнсүз ашынган адилетсиздик деген айып алмак… Солк этпес бир сооронуч – көктөгү көз ирмебес Көзөмөлдөөчү эч нерсени көз жаздымда калтырбайт… андыктан илгери үмүт кылып туралы…

Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *