<<<<<<<<<<Башы

– Ата, Абдыбек байкем үйдө бекен? – артта отуруп келаткан Салтанаттын үнү Турсундун кулак түбүнөн жаңырды.

– Атаңды жолдон алаксытпа, – Закен Турсундун ордуна жооп кайтарды: – Ооба, үйдөмүн деген үчүн келатпайбызбы, кызым.

«Атаңдын гөрү-эй, адам баласы эмнеге тукум күтөт?» – өз суроосуна өзү жооп таппайт Турсун. Ичинен күрсүнөт. Уулу эрезеге жеткен соң, ата-эненин тапкан мураты шулбу? Уулдан убайым көрөр жашоо ыракаты кайсы? Абдыбегин дээринде данек бардай медер тутунчу эле го. Кенедейинен зээндүү көрүнгөнсүгөн баласы минтип мөртү келгенде мөгдөтөрү оюна келсечи бир. Бөпөлөп өстүргөн баласынан жакшылык күткөнү кана? Катын-балага камкор десе камкор, табышкер десе табышкер ата болгон жокпу? Болду.

Чекесинен чыпылдатып тер төккөн кара жумуш болбосо да, акыл эмгеги менен тапты. Айрым шумпай-шумдуктуу көрченгел окумуштууларга окшоп бирөөнөн пара жебеди, бирөөнүн илимий мээнетине энчилик кылганы жок. Өз акыл, өз билими менен илим даражасын коргоп келди. Турмуш-тирликтин жетишсиздиги желкеден баспай койбоду. Басты. Андай кезеңде ордунда маталып калбады, бир эмес эки-үч жерде иштеп үлгүрдү. Окумуштуулук түйшүгү жарытпасына көзү эрте жетти: күндөп-түндөп көжөлүп, далай мекемеге репетитор да, консультант да болду. Карандай мээнети менен катын-балдарынын камы үчүн бүйрү эле го, турмуш тартыштыгы башына түшкөн күнү студент кезинен өз алдынча үйрөнгөн англис тили аны даркан даражага жеткирди. Мээнеттин дөөлөтүн көрдү ошондон.

Узак жылдар бою репетиторлук түйшүктүн аркасы менен жаштарга түрткү берип, максаттуу багыт көрсөтүп окутту. Ошол жаштардын алды Европа өлкөлөрүнөн билим алып келишти. «Кой-айга» болбой акыбетин кайтарышты алар. «Бизге билим деген дөөлөт-мурастын жерпайын сиз түптөп бергенсиз, агай», – деген окуучулары аны ой-боюна койбой, эки кабат үй куруп берип киргизип салышкан. Болбосо үй курат элем деп өзүнүн бели да оорубады, колу да жоорубады. Үй курууга муктаждыгы деле жок эле, өкүмөт берген үч бөлмө үйүнө көңүлү курсант болучу ансыз да.

Өзүнүн эң идиректүү окуучуларынын саны арбын болду да, а жеке өзүнүн баласы жетесиз болуп чыкканына башы маң азыр…

Эмнеге өз канынан жаралган Абдыбегине караганда бөлөк-бөтөндүн балдары менен ата-баладай ынак? А неге медер туткан өз уулу менен тил табышуу оорлошуп кетти кийин? Болбосо Закен экөөнүн тагдырында баары төгөрөгү төп келишип эле турат ко.

Бала балалыгын кылбай коёбу: уул-кызы чегинен чыгып баратканда эрди-катын экөө керектүү маалда тымызын, өз ара: «Эненин күчү – жүрөктө, атанын күчү – билекте» дешер эле. «Уулуң менен өзүң сүйлөшүп, какыс-кукус кылып аталык сесиңди бирар көрсөтүп кой», – деп нукулап турар эле Закени. «Кызың чоңоюп келатат, тастаңдаганын тый», – деп кызына берер нускасын Закендин оозу менен айттырар эле эр бүлө. Тарбия-таалим берүүдө экөө бирине-бири шыбырап, уул-кыз өстүргөндөгүсү шулбу?..

 

Закен мектепте химия мугалими, жөн эле мугалим эмес, күйөөсү айтмакчы, «эл агартуунун отличниги». Ал эми Закендин бучкагына теңелбес мугалимдин көбү эл агартуунун отличниги болуп алышкан. А Закендин эч кандай ырасмий наамы жок. Сабактан начар окугандарынын кээсин үйүнө алып келип жекече түшүндүрөт. Ар бир окуучусунун зээнине жеткире түшүндүрмөйүн жаны тынбаган жайы бар. Окуучуларын кээде химия сабагы менен катар бөлөк кошумча сабактарга да кызыктырып ийгени Закен менен Турсундун биргелешип иштеп чыккан билим берүү методу болуп калды үйдөгү. Үйгө келип кошумча тапшырма алган окуучуларынын бирин-экини бара-бара Турсунга да имерчиктеп тартылып кетишти. Алар химия сабагы тургай англис тилин үйрөнүүгө кызыгып, алар үчүн Турсун менен Закен жөн гана мугалим эмес, ата-энедей мейирман тарбиячыга айланышты.

Экөөнүн ошондой окуучуларынын бири Жалилдин кейиштүү тагдыры болду. Мурда сабак окуй албагандыгы үчүн эки жолу классынан калган, тартибине эч бир мугалим чыдай алгыс Жалил аттуу бейбашты Закен бир күнү үйүнө ээрчитип келди. Адегенде өтө тартынчаак баланын курсагын тойгузуп, андан соң сабакты баштады. Балага биринчи күнкү түшүндүргөндөрүнөн эч майнап чыкпады. Көрсө Жалил химия сабагын түшүнмөк тургай, 36 тамганы эжелеп араң окуйт экен. Закен анан Жалилге химия сабагын эмес, кыргыз тилин жана анын грамматикасын кайра баштан окутууга белсенди.

«Биздин үйгө күндө келбесең болбойт, Жалил…» – деген жароокер мугалим ал күнү «Ата-энең барбы, алар кайда?» деп сурабаганы ырас болду тартынчаак балага. Жалил үчүн бөлөк-бөтөн адамга өзүнүн ата-энеси тууралуу түшүндүрүп берүү – өзү билбеген сабак боюнча ооз ача албагандан да эң оор, эң татаал баш катырма суроо…

Кийинчерек Закен эжейинин мамилесине көнүшүп, ал тургай кыргыз тилинин грамматикасын тез эле өздөштүргөнү – химия сабагынан да далалат кылдыра баштады. Баланын зээндүүлүгү Закенди кубандырды. Эң начар деген окуучусу башкаларга окшоп берилген тапшырмаларды чечүүгө аракети күчөгөнүн байкап, кошумча тапшырмаларга кызыктыра берди. Жалил да кээде өзү суранып, Закен эжейинин үйүнө келгенден тартынбай калды. Асиресе анын кол туткактык өнөрү бар экенин Закен кайдан билсин, Жалил кээде үйдөн ар нерселерди кымырып кетерин байкабай жүрдү.

Бир күнү үйдөн анча чоң эмес суммадагы акча жоголду. Турсун менен Закен үйгө келип-кеткен окуучулардын кимисинен көрүштү билишпеди. Баштары катты. Ууруну колдон кармап калбаган соң, айыпты кимге коюшмак… Үйгө үйүр алып көнүп калган окуучуларын келтирбей коюуга да мүмкүн эмес эле. «Өзүңө сак болмоюн, башканы ууру тутпа» накылын карманышты экөө. Турсун да, Закен да үйдөн акча жоголгону туурасында окуучуларынын бирине да ооз ачышкан жок. Сыр билдирбей жүрө беришти…

Турсун ал күнү базар аралап жүргөн. Кыштын ызгаарында күрсүйгөн милийса тестиер баланы азоо кулундан бетер кулактан кармап алып, чыңыртып жетелеп баратканын көрүп калды. Кайдан-жайдан дагы экинчи милийсасы пайда болду.

– Чөнтөгүмө кол салып, намыянымды жулуп баратканда кармап калбадымбы, жашабай калгырды! – деп милийсанын артынан эпилдеп ээрчиген аялдын үнүн эшиткендер жол буулгандай түртүшүп токтоду.

Турсун көпчүлүктүн арасындагы чуру-чуу болгон жерден тезирээк алыстамак болду. Ордунан бир саам узагандан кийин «Бөбөгүмдүн бут кийими жыртылып калган үчүн алгам…» деген тестиер баланын үнүн угуп, ичинен кейиди: «Бут кийимиң тар болсо, дүйнөнүн кеңдиги курусун». Турсунга эми шүмүрөйгөн тигил тестиер баланы чөнтөкчүдүр дегенге караганда, мүмкүн чыканактай болсо да бир үй-бүлөнү багып жүргөн тирикарактыр деген ой келди. Негедир тестиерди ууру туткусу келбеди. Сырттагы кыштын ызгаарынан мурда турмуштун ызгаар сугуна кабылган тагдыры тайкы наристе экенин баамдады.

Артына кайра кайтты. Үйгө туз ала кетүү эсинен тарс чыгып кетиптир.

Артына кайра кайрылган анын башынан «Мүмкүн, атасы же апасы жок жетимдир; а балким атасы да, апасы да бар туруп тирүү жетим калган кароосуздур; а мүмкүн турмуш тартыштыгынан аргасыз чөнтөкчүлүккө үйрөнгөндүр» деген ой кетпей койду. Ушул ою менен тигиндеги чөнтөкчү тестирерге жан тартып болуша турган болду.

Коомдук тартипти коргоочулар баланы дикилдетип жетелеген бойдон жөнөдү. Турсундун басыгы ылдамдап, эки милийсанын артынан жетип барды шашкалактап. Базардын башынан аягына чейин каршы-терши чубурган элден уялган тестиердин милийсанын колунда толгонгон кулагы жаак эти менен кошо чоюлуп, манаттай кызарып чыгыптыр. Турсундун боору ачып кетти. «Атаңдын гөрү-ү заман, эй!» – деди ичинен кейип. Негедир элдин казынасын уурдап тоногон чоңдор так ушул тестиердей болуп колго түшпөгөнүнө жаны кашайды. Милийсасы дикилдетип жетелеп бараткан баланын өңү көзүнө жылуу учурап туруп алды. Жакындай бергенде тааныды, – Закендин үйгө ээрчитип келип жүргөн окуучуларынын бири сыяктанды. Бирок атын дадил билбейт эле. Баланын аты-жөнү тил учунда тургансыды… Эстей албады. «Ким эле?.. Ким?!»

Эки милийсанын алдын торой басты.

– Жолдош, сержант, токтой турсаңыз… – баланын кулагын аёсуз чоё кармаган милийсага кайрылды.

Тигилер тык токтоду.

– Сиздин балаңызбы? – Сержанттын экинчиси Турсунду кошо колго түшүрчүдөй өктөм сүйлөдү.

– Ооба… – оозу бош жооп берди Турсун.

– А бу шүмшүк атам-апам жок дебедиби? – үстү-башындагы кийими салабаттуу Турсунга анча ишенкиребегендей көз кадады экинчи милийса.

– Жигиттер! – деген Турсундун үнү олуттуу угулду, – адам баласын күчкө салып адам кыла албайбыз…

Муну уккан сержант туткундун кулагын коё берип, тестиерди билектен алды.

– Мен бул баланы тааныйм. Үйүбүзгө келип жүрөт эле… – деди демиккенин баса албай.

Турсунду тааный койгон баланын башы жерге шылк дей түштү. Көздөрүн ала качты. «Милийсаларга бул да арызданып, үйүнөн мен уурдап кеткен акчанын сурагын азыр баштайт экен» деген сала-сал ой келди башына.

– Ата-энеси бар-жогун билбеймин, бирок кароосуз бала болсо керек… – көкүрөгү кыраакы Турсун базардан сатып алган көтөрүнчөктөрүн жерге коё салып, оң колу менен тестиердин маңдайын сылай, балага кайрылды: – Атың Жалил боло турган беле?..

Баланын башы жерге кирип кетчүдөй ылдыйлай берди.

– Жооп бербейсиңби! – корсулдай үн катты милийсанын бири.

– Ооба, атым Жалил деген бизге, – Турсундун кебин улук сержант бышыктады.

– Бу киши ким болот сага? – бош колу менен баланын ээгин жогору каратты милийса, – Таанайсыңбы?

Бала «тааныйм» дегендей башын ийкеңдетти.

– Баланы азыр кайда апарасыңар? – Турсун салабатынан жазбады.

– Пунктка.

Турсун милийсалардын артынан калбай пунктты карай ээрчиди.

– Жалил, – деди арттан ээрчиген Турсун, – болгонун болгондой айтчы бизге… Эмне кылдың эле?

– А сиз ким болосуз буга? – деди жүрүшү жайлай түшкөн милийса артына кылчайып.

– Кандай десем эми… – Турсун не дээрин билбеди.

Пунктка келип жайгашкан соң Турсун өзүнүн жөн-жайын түшүндүргөндөн баштады кепти. Чөнтөгүнөн күбөлүгүн алып чыгып, өзүнүн окумуштуу экенин түшүндүрдү тартип сакчыларына. Баланы мындан ары өз көзөмөлүнө ала турган ниетин билдирип, бир барак кагаз алып милийсаларга кепилдик жаза баштады.

– Байке, биз адегенде баланын өзүн суракка алып алалы, – деген улук сержант Жалилге корсоңдоду. – Атаң, апаң барбы?

Бала жер карап үндөбөдү.

– Ата-энең барбы-жокпу деп атам?

Бала жооп бергиси келди, бирок не деп айтарын билбей турду. Өмүрүндө бул суроого өзү да нечен ирет жооп таба алган эмес эле.

– Атаң же апаң барбы? Экөөсүнүн бирөөсү бардыр жок дегенде… – милийса жумшагыраак мамиле кылганга өттү.

Бала бир чекитти тиктеген бойдон, жооп айтууга илебин камдады да, эрди билинер билинмексен бүлкүлдөп үндөбөдү. Ыйлап жиберчүдөй мыйыгы жыйрылып былкылдайт, бирок ый да, үн да чыгарар эмес.

– Буга окшогон бейбаштарды тарбиялоодо баарын четинен алып барып камай бергенден коомубуз оңолуп кетпейт, жигиттер… – деди оор үшкүрүнгөн Турсун баладан көзүн албай. – Бул баланы тарбиялоо үчүн силерге менин жардамым болсун, Жалилди менин колума бергиле.

Баланын көздөрү Турсунга жалт деп уруна түштү.

Улук сержанттын сурагы кайрадан башталды:

– Атаң барбы?

– Бар, – деди сустайган бала.

– Апаңчы:

– Бар, – деди сус.

– Кайда алар?

– Россияда, – деди баланын улутунган үнү абада калтырап.

– Ата-энем жок дебедиң беле жанале…

– Бар… бирок…

Муну уккан эки милийса бирин-бири тиктеп, Турсундун кепилдигине макул болгонсуду. Тартип сакчылары мындан ары ууру кылбоону эскертип, баланы Турсундун колуна тапшырышты.

Жалилди колдон жетелеген Турсун пункттан алыстаган кезде өзүнчө күбүрөндү:

– Бул сенин эч кандай айыбың эмес, балам… – «Балам» деген сөздү өзгөчө тыбыш менен үнү титиреп айтты. – Бул сенин айыбың эмес, – дагы кайталады кебин.

«Бул сенин айыбың эмес» деген сөзүн кантип түшүндүрүп, кантип чечмелерин билбеди. Балага өз оозунан чыккан сөз маанисинин учугун кантип жандырууга кудурети жетпеди. Бул сөздүн артында «ата-энең күнөөлүү» деп айткысы келген жок, бирок бала ошентип түшүнүп калбасын үчүн сөз маанисин эртерек чечмелөөгө далалат кылып минтип кошумчалады оюн: – Ушул жакырчылыкка алып келген өлкөбүз күнөөлүү баарына. Өлкөбүздү башкарган чоңдор күнөөлүү… Же алар ата-энеңе жумуш таап беришпесе… Айыптуу ошолор!

Экөө бир далайга чейин үндөбөй жол улап барган кезде Турсун көчө боюндагы күркөдөн сникерс алып балага карматты.

– Жана милийсалардын көзүнчө «буга окшогон бейбаштарды» деп… бейбаш деп сени жөн эле айтып койдум… Сен бейбаш деле эмес көрүнөсүң… – деди баланын алдында актангансып.

Бала босогону аттап киргенден тарта негедир Зейнеп менен Турсундун көзүнө тике карай албады. Көзүн жерден албай отура берди. Кужулдаган үйдөгү балдарга кошулуп ойной турган түрү жок.

– Кел, Жалил, ысык тамакка, – Зейнептин үнүн уккан баланын денеси чочугандан серпилип кетти.

– Жүрү гой, – баланы Турсун кухняга жетелей кирди.

Курсагы ачып турса да алдына келген тамакка тап коё албады. Негедир тартынып отурду. Мурда бул үйгө биринчи жолу келген күнү да мынчалык кысынган эмес эле. Баштагыга караганда эжейинин мамилесине көнүшүп калгансыган Жалил колуна кашык кармаса да, бирок кашыгын ысык тамакка сунбады.

– Суукта курсагың ачкандыр, тамакты ысыгында же, – балага астыртан көз салган Турсун Жалилди эркелете баштан сылады эле, күтүүсүздөн бышактап ыйлап жиберди бала.

– Кечирип койгула…

– Ой, сен бизден кечирим сурагыдай эмне… – Турсун баланы моюндан кучактап өзүнө тартты.

– Бөбө-гүм-дүн пальтосу жок… – деген Жалилдин өпкөсү өпөсүнө тийбей буркурап ыйлап жиберди. – Мектеп-ке барбай жүрө-жүргөндө… – бышактаган ыйын басып-басалбаган бала бирде улутунуп, бирде тыныга калат үнү.

– Бөбөгүңө пальто деле сатып беребиз, а бөбөгүң кайда? – тынчсыздана кетти Турсун менен Закен жарыша суроо узатып.

– Пальтосу бар.

– Сен жок деп атпайсыңбы?.. – таңгала сурашты.

– Сатып бердим.

– О сен азамат турбайсыңбы… Бөбөгүңө пальто сатып берсең…

– Мен силердин үйдөн уурдаган акчага сатып бердим аны, – баланын үнү чыйрала түштү.

Эрди-катын бирин бири тиктеп, «баланы айыптабайлы» деген ишарат менен эриндерин тиштенип, бирине бири көз кысышты.

– Сен анык азамат экенсиң анда. Бөбөгүң мектептен билим алсын үчүн туура кылыптырсың. Бөбөгүм сабагынан калбасын деп алдың да акчаны, туурабы?.. Мындайды уурулук дебейт. Билесиңби… анык уурулар кандай болорун?.. – баланы актагысы келген Турсун күрсүнүп алды. – Уурулар сендей болбойт. Уурулар башка жакта.

– Башкалар эмес, мен… – бала акчаны уурдаган тумбочка жакты көрсөттү, – тигинин ичинде турган акча болчу.

– Ууру сен эмессиң деп атпаймбы, уктуңбу?.. Уурулар биздин чоңдор! Советтер союзунан калган завод-фабрикалардын темир-тесегин Кытайга сатып, ата-энеңе окшогон элди жумушсуз калтырган чоңдор ууру! Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктеп алгандар ууру, а сендейди ууру дебейт, – баланы аяган Закен менен Турсун Жалилдин алдында чебелектеп жиберишти.

– Сен ууру кылган жоксуң, – Закен да баланы сооротконго өттү. – Иче гой тамагыңды. Бөбөгүңдү да биздин үйгө алып келип окутабыз. Силер биздин балабыз болосуңар, макулбу? Макул болсоң, бүгүндөн кийин биздин балдарыбызга силер да кошуласыңар.

Бала «макулмун» дегендей башын ийкең-ийкең шылкылдатып, өпкөсү өпкөсүнө тийбей буркурап берди.

– Бул сенин айыбың эмес, жокчулуктун айыбы, – жанараактан базардан келатканда балага жеткиликтүү түшүнүк бералбай келген Турсун баланын айыбын эми жокчулукка оодарды. Баланы ууру деген айыптан актагысы келип турду.

Уландысы>>>>>>>>>>

One Reply to “Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу (уландысы)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.