«Диний көзкараштардын кесепетинен канга сугарылбаган дүйнөнүн бир дагы булуң-бучкагын таппайсың».
Дени ДИДРО, француз философу

Коомдун так бүгүнкү абалын чагылта турган притчадан баштайлы кепти. Кудум азыркы ал-акыбалыбыз притчада айтылат.

Бир курдай суу ташыган көп адам кудукка келишти да таза челектерине таза суу толтуруп алышып, ар кимиси сууга зар болуп отурган өз-өз айылдарына ташып жөнөштү.  

Адамдар өз идиштерин көтөрүнүп, суу ташып келгендерге жетип келишти, бирок алар суу куюлар идиштерин жууганды унутуп коюшкан эле. Бир айыл эли – кызылгаттын шербети куюлган идиштерин, а кийинкилери – балык салынган чака-чукаларын, андан кийинкилери – самогон куюлган идиштерин көтөрүп келишкен экен. А сууну алыстан ташып келген адамдар сууга зар болуп отургандардын идиштери таптаза болушун алдын ала эскерткен болучу, бирок бул эскертүү эч кимдин кулагына кирбептир. Суу ташып келген адамдар да кир идиштерге суу куюп бергилери келбеди, бирок айла канча, тамчы сууга ушунча зарыккан элди чаңкатып өлтүрмөкпү. Аргасыздан суу куюп беришти. Арийне, кайсы идишке мурда эмне куюлса, анын даамы сууга чыкмагы турган иш эмеспи.

Ошону менен ар айылдын эли ар башка даамдагы суу ичип, суунун башатындагы даам ушундай болсо керек деп түшүнүштү.

Бир курдай ар кошкон айылдын тургундары чогулуп, ар кимиси баягы алыстан ташылып келген суунун даамын кеп кылып калышты. Биринен бири өтүп суунун ар башка даамын жана өзгөчөлүгүн кеп кылышты. Ар кимдин суусу ар башка даамданарын жана түрдүүчө башаттын суусу экенин талашып-тартышты. Ар ким өзү ичкен сууну мактады: «Биз ичкен суу силердикинен таза». Кер-мур айтыш күчөнүп, жаакташууга өтүштү. Баары эле коңшу айылдаштарынын ичкен суусу кир, а өздөрүнүкү таза экенин далилдеп, башкаларды душман санады. Арийне, эч кимиси суунун баркын да, баасын да түшүнбөдү. Баары эле өзү ичкен суунун даамын мактай берди.

Кыргыздын дүйнө таанымында – «аккан сууда арам жогу» айтылган сыңары: кайсы динде болбосун – баарыле адамды аруулукка, ыйманга, тазалыкка, сабырдуулукка үндөйт. Дин жолунда эч кандай арамдык болбошу керек. А аныгында кандай? Динге жамынган митайымдар менен мите курттар арбын. Притчада баяндалгандай: ар кимиси өз динин таза суунун даамын, өзгөчөлүгүн мактаган сыңары мактайт, жактайт. Натыйжада, адамдар өз ара диний жаатка бөлүнүп, ыркы келишпегенден улам атам замандан бери кырчылдашып келет.

А бүгүн кыргыз коомунда, өзгөчө: соцтармактарда исламчысы теңирчисин, теңирчиси исламчыны ызырылткан пикирлерди окуганда жакаңды кармайсың, кудум пиртчадагыдай: «Биз ичкен суу силердикинен таза» дегендин бир айырмасы – «биздин дин силердикинен таза» деген тариздеги акыйнектер…

Эпаада исламчысына да, теңирчисине да айтаарыбыз (Теңирчилик эч кандай дин катары таанылбаса дагы!), Теңирчилик деген дин болушу да мүмкүн эмес. Тек, теңирчиликти биз кыргыздын дүйнө тааным философиясы катары гана караганыбыз ийги. Жеке мен эч кимге таңуулабай турган өз пикиримде – Теңирчилик эч качан, эч бир динге сыйбай турган чексиздик деп гана түшүнөм.

Кыргыз эли ичара ыркырашып, диний көзкараштагы пикир келишпестиктерге чекит коёр мезгил келди. Болбосо сырткы күчтөрдүн атайы финансылык долбоору менен кыргызды кыргызга кайраштырган атайы диний агымдардын чагымчылдыгыбы, айтор, исламчылар, машаяктар, теңирчилер пайда болуп, алардын колтугуна суу бүрккөн чоң күчтөр иштеп аткандай. Жалпы кыргыз эли бүгүн ушуну түшүнүүгө тийиш.

Каалайбызбы, каалабайбызбы – кыргыз кыртышына эбак сиңип калган ислам динин четке кагып жашай албайбыз. Албетте, бу жерде бизге ислам дини кандай жол менен келгени – таптакыр башка маселе. А бүгүн биз ислам менен теңирчиликти бирине бирин карама-каршы тирештирер күчтөргө жем болбошту ойлонор кезең, бурадар! Тымызын күчтөрдүн тукуругуна жем болбой, биз канткенде улуттук биримдикти ыдыратпай сактайбыз? Маселе ушунда!

Ата-бабабыз кабыл алган исламды биз бүгүн четке кага албайбыз, теңирчиликти да дин катары таңуулоонун өзү – кыргыз менен кыргыздын кырчылдашкан согушуна айланарын унутпашыбыз керек. Бул маселеге кайрылып отурганыбыздын себеби, кыргыз коомчулугунда бүгүн дал эле суунун даамын талашкандагыдай жаакташкандар арбыды. Исламдын асыл баалуулуктарына да, кадырына да ириде исламга жамынган чала молдолор көлөкө түшүргөн көрүнүштөр арбын. Бир даары кой терисин жамынган карышкырдын эле өзүнө айланышты. Өлкөдөгү диний эркиндиктин шылтоосу менен исламий диний агымдардын башаламандыгы караламан калкты камгактай удургутуп, диний фанаттар бүгүн атеизмден өткөн чоң коркунуч жаратканын – бийлик башындагылар аңдабай отургансыйт…

Карт тарыхта «Диний көзкараштардын кесепетинен канга сугарылбаган дүйнөнүн бир дагы булуң-бучкагы» калбаганын айткан Дени Дидронун: «Дин пенде баласынын үшүн алып, сокур кылууда, себеби көп нерсени көрүүгө тыйуу салып, коркутканы – тозок» дегени бүгүн биздин коомго келди. Чала молдолор көөнө кыргыз тукумуна акыл үйрөткөн заманда жашап атырбыз… Диний башаламандык…

Олжобай ШАКИР

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.