Ооган эл жомогу: Капчык

Бир сараң киши ичинде жүз алтын тыйыны бар капчыгын жоготуп алыптыр. Канча издесе да, кайгырса да байлыгын таба албай, акыры: “Кимде ким менин ичинде жүз алтын тыйыны бар капчыгымды таап кайрып берсе, ага мен сыйлык катары он алтын тыйын берем”. Ушундан соң капчыкты бир жакшы киши таап алып, аны сараң ээсине кайрып берип: — Менин он алтын тыйын сыйлыгымды  бер,- деп талап кылыптыр. — Бул капчыкта жүз он алтын тыйын бар болучу, азыр карасам жүзү эле калыптыр, демек, аны мага […]

АУДИО: Ичкиликтер фольклору: Кыз кыңшылатмай, дүрө… (Аудио)

Ичкилик кыргыздарынын өлөң айтуу, “кыз кыңшылатмай” салты, дүрө жана санат ырлары бар. Бул көөнө элдик чыгармачылыктын өзгөчөлүктөрү жана географиясы. (1-бөлүктө алардын ашыглык ырлары чагылдырылган). Кыргыз адабияты боюнча 2004-жылы чыккан энциклопедиялык окуу куралында “өлөң” оозеки адабияттагы лирикалык текке кирчү жанр экени жана кыргыз улуттук фольклорунда сейрек кездешкен он бир муун өлчөмүндө чыгарылганы айтылып, Алайлык кыргыздардын өлөңүнөн бир үзүндү берилет. Ошондой эле, өлөң боордош казактардын элдик оозеки чыгармачылыкта, акындар поэзиясында, жазма адабиятында учураганы, көбүнчө тойлордо ырдалганы айтылат. Калас. Эгер көй кашка диалектолог […]

Телефон автоматынан жетон кайра чыкса эркек үшкүрөт да, жолуна түшөт. Аял башка номурду терет

♦ ♦ ♦ Жильбер СЕСБРОН (1913-1979), француз жазуучусу Акыркы сөз айтканга эмес, акыркы кадам жасаганга аракеттен. ♦ ♦ ♦ Том СТОППАРД (1937), англис драматургу Демократия – бул добуш берүү эмес, добуштарды саноо. ♦ ♦ ♦ Влодзимеж СЧИСЛОВСКИЙ (1931), поляк сатириги «Ууру!» деп кыйкырсаң, баары жалт карайт. «Адам!» деп кыйкырчы, эчким кулак түрбөйт. * * * Тагдыр сокур, бирок алдынан чыккандын баарын жыга чабат. ♦ ♦ ♦ Курт ТУХОЛЬСКИЙ (1890-1935), немис жазуучусу, публицист Көпчүлүк адам таптакыр китеп окубайт, бирок окугандай рецензиялайт. […]

Антон ЧЕХОВ: Өч алуу

АҢГЕМЕ Чакан оокаттуу, жаш аялдуу жана кашка баштуу катардагы жай тургун Лев Саввич Турманов бир жолу таанышынын туулган күнүндө винт[1] ойноп калды. Кара терге түшүргөн, жакшылап бир утулуудан кийин ал капысынан эле көптөн бери арак иче электигин эстей койду. Ордунан туруп, бутунун учу менен калбаат чайпала басып үстөлдөрдү аралап, жаштар бийлеп жаткан мейманкана аркылуу (ал жерде сейрек сакалдуу жаш аптекачынын далысынан камкорсунган текебердик менен чапкылап койду) өтүп, андан кийин буфетке алып баруучу кичинекей эшикке жылт коюп кирип барды. Биерде, тегерек […]

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА: Жанга баткан жалгыздык

ЭТЮД Терезени телмирип тиктеп бүгүн өзгөчө ойлуу. Терезеден сыртты, сырттагы айлананы, сыртта бейкапар, жайбаракат жаап жаткан карды, ошол кардын ар бир бүртүктөрүн кароо менен алек. Эмнени ойлоп, эмнеге кыжаалат болуп жатканы бир караган кишиге анчейин белгисиз, бир билингени – анын терең ойго сүңгүп кирип кеткени. Асмандан каалгый жерге түшүп, аздан соң сиңип, эрип жок болуп кеткен кар бүртүкчөлөрүн тиктеп, ойлуу калыбында көзүн албайт. Сырттан караган кишиге анын бул турушу аянычтуу. Себеби ал өз ойлору менен гана алек, айланасында эмне болуп […]

Лао МА: Бир мүнөткө созулган өкүнүч (кытай жазуучусу)

АҢГЕМЕ Сунь абышканын кызы менен уулу кийинки кездерде абдан кубанычтуу маанайда жүрүштү. Өзүлөрүнүн атасынын өлүмү тууралуу кеп кылышканда көздөрүнөн учкун чачырай түшкөнсүп жатты. Алар атасынын тажыясына ишкана башчысынын гүлдесте кылып көтөрүп келген сүрөтүн ар кимдерге сыймыктануу менен көрсөтүп жүрүштү. Сунь чал тирүүсүндө ишкана башчысынын урмат-сыйына татыгыдай болуп эч кандай жогорку бийлик тепкичтерине чыккан эмес, эмгек алдыңкысы деле болбогон, ошондой эле кандайдыр баатырдыктарды да көрсөтпөгөн. Кызы менен уулу атасынын сексен жылдык мааракесин белгилеп чоң майрам уюштурууга кам уруп жатышканда, бактысыздыккабы же […]