Бир сараң киши ичинде жүз алтын тыйыны бар капчыгын жоготуп алыптыр. Канча издесе да, кайгырса да байлыгын таба албай, акыры: “Кимде ким менин ичинде жүз алтын тыйыны бар капчыгымды таап кайрып берсе, ага мен сыйлык катары он алтын тыйын берем”.

Ушундан соң капчыкты бир жакшы киши таап алып, аны сараң ээсине кайрып берип:

— Менин он алтын тыйын сыйлыгымды  бер,- деп талап кылыптыр.

— Бул капчыкта жүз он алтын тыйын бар болучу, азыр карасам жүзү эле калыптыр, демек, аны мага чейин эле өзүң алыпсың да, сага дагы эмне керек?- дептир сараң ашыкча чыгым болгусу келбей.

Буга ыза болгон алиги жакшы киши сотко арызданыптыр. Сот болсо тигил сараңбайды чакырып:

— Эмне үчүн убада кылган он алтын тыйынды бербей жатасың?- деп сурайт.

— Ал өзү эле сыйлыгын алып алыптыр. Анан ага дагы бермек белем? — дейт сараңбай.

— Сен өзүң жоголгон капчык жөнүндө жар салганыңда ичинде канча алтын тыйын бар дедиң эле?- деп андан сот сураганда тигил ойлонбой туруп:

— Жүз он алтын тыйын болчу,- дейт.

— Бул капчык табылганда анда жүз гана алтын тыйын бар экен. Демек, бул сенин капчыгың эмес. Ошон үчүн сен ичинде жүз он алтын тыйыны бар капчык табылганча күтүшүң керек. Ал эми капчык ээси келгиче бул кишиде боло турат,- деп капчыкты тапкан кишиге кайтартыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.