«Кечээ көргөн бүгүн жок,
Шундай экен дүйнө бок».
«Манастан»  

Кайрандар-эй, кайрандар! Эсил кайрандар… Кечээ эле арабызда жүргөн залкарлардын көбү маркум болуп кетишти. Калкагар тоодой калдайган карыялар төрдө отурган чайлашуу болду эле ошондо. Кайрандар биринин артынан бири өлүп алды. Жарышып… «Топ-топ бир учкан таранчы\ Тобун бир бузбай карачы»: Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов, Алым Токтомушев, Турсунбек Бекболотов, Жоомарт Кадыралиев, Эсенгул Жумабаев, Табылды Эгембердиев… Анда баарынын тирүү кездери. Капылеттен бойсунуп турган кызды ким кайсы күнү ала качып кетери белгисиз сыяктуу эле, бүгүн эле арабызда жүргөн ким бирөөнү ажал ала качып кетери ойго келбейт тура… Ажал качан болсо тооруп жүрөт экен. Ала качып кетер кишисине көз салып…

2004-жыл, 20-март болучу. «Алтын ажыдаар» («Золотой дракон») ресторанында чай сунулуп, сый көрсөтүлүп отурган жерден Эстекебиз (Турсуналиев) колуна комуз алып, минтпейби:

«Даңк-атак издеп жаткандар,
Дардайып китеп жазгандар,
Бул жерге дагы келишти
Атактуу далай дастандар»
– десе, анда Тукабыз (Абдиев) деп улайт:

«Жетимен» деп ат койгон,
Жерде жок атты таап койгон.
Аябай терең ат койгон,
Ааламда жок ат койгон.
Жетөөсү бирдей эр экен.
Алтоо эркек азынап,
Арасында бир айым,
Айдай, Күндөй жаркылдап,
Айганыштай неме экен.
Алты эркекти башкарган
Айланайын, Аскергүл
Аябай кыйын эме экен.
Мынабул, Шернияздын балдары,
Булардын кылбаганы калбады.
Тамырдай болуп жайылып,
Таралып жатат ар жагы…

Ооба, Тукабыз айткандай эле Шерниязовдордун бири көкбөрүнү, бири төкмө акындар мектебин, даа бири манасчылар фондун уюштуруп, уюткулуу элдик өнөрдүн учугун улаган аракеттери элдин назарына алынып, көпчүлүктүн көзүнө да, сөзүнө да алынып турган кезең эле. “Көкбөрү” федерациясы Кыргызстандын наамынан Жобосун жана эрежеси менен Эларалык федерациянын атайы конгрессинде бекитилип, айтору, көкбөрү өнөрү улуттук оюн деп даңазаланса, тай казандын автору Болот Шерниязов деп таанылып турган кези эле. Ага улай «Жетимен» журналы – МЕН деген ысымга татыктуу личностордон куралып, башында Болот Шер күрүлдөп турган кезең. Колунан иш келип турган Бокени көбү чарк айланып турган заман. Акаевдин авторитардык бийлигине айбат-сүрү күчтүүлөрдүн эң таасирдүү кара Шери Бокебиз болуп көрүнчү.

Айрыкча Үзөңгү-Кууш маселесине келгенде, анын парламентте сүйлөгөн сөзү мекенчилдердин өнө боюн дүркүрөтүп, аз-аз жерден Үзөңгү-Кууш кайра өз энчибизге кала турган тарыхый кырдаалга кептелип калган. Бирок Акаевдин тү деген түкүрүгү жерге кулабай турган саясый режим бекем болгондуктан, мамлекеттик машине Үзөңгү-Куушту Кытай мамлекетине тайказанга оодарылган улактай садагага чаап тынышкан эле. Кылым кылмышына кыргыз кыңк этпей отуруп берген тынч!

Анысы ал болдубу, Үзөңгү-Кууш садагага кетти! Акаев заманында. Ал энди Бакиевдин заманында Каркыра маселеси чыкты. Каркыранын талаш-тартышы Дооронбек Садырбаевди кан жөткүртүп, башын жутту. Каркыраны коргоп калалбаган кыргызды ошондо Докебиз Түптөн бери «э биз эл болбой калыппыз!» — деп тилдеп келди. Каңырыгын түтөтүп катуу кейиди. Жанында элек. Чогу барганбыз. Жерге түкүрүнүп, ордунан тегеренип-тегеренип кеткен эле Докебиз ошондо. Жер, Мекен деген маселе ушундай экен – сөзсүз эрдин башын жутат окшобойбу. Садырбаев ошондон көп өтпөй көз жумуп тынды…

Ага удаалаш Болот Шер инсульт болду. Бир эмес, эки мерте. Каркыра үчүн канжыгага башын байлап барган Бокебизди ошондо Бакиевдин аксымдары Түптөн жумуртка менен койгулап, атайы уюшулган ажаандар тобу оппозицияны артын каратпай кууп чыккан. Ошондо жалгыз Болот Шер ажаан топтун арасында көгөрүп жалгыз калып (жанында шоопуру, жардамчысы жана ушул макаланын автору гана болгон) «Манастан берки кыргыздын энчиси болуп келген Каркыра казакка кеткиче, Таласка өлүгүм барсын» дегеничи… Кан басымы 200гө чыгып кетип, күйпөлөктөгөн ак халатчандар капельница жасай турган болгондо да баш тартып: «Кокус мен бирдеңке болуп кетсем, ак халатчандар, силердин убалыңарга калам. Менин өлүмүм үчүн Бакиевдер жоопкерчиликтен оңой кутулуп, силер тутулуп жүрбөгүлө. Киши өлтүргөн силер болуп суракка алынганыңарды каалабайм» — деген бойдон Бишкекке кайрадан жол тарткан элек. Ал эми ошондогу башка оппозиционерлердин баштарынан бир да тал чач түшкөндөй болбоду. Ылайым түшпөсүн…

Макаланын аталышын «Баягы кез, баягы… «Азоого чалма аягы?» дегеним ошондон. Ошондогу оомат менен азыркы ооматтын ортосундагы окуяларга ойдүрмөт салгым бар.

Ошол ошо болду, ал кезде «Алтын ажыдаар» ресторанында өткөн «Жетимен» журналынын тушоо кесүү тоюнда отургандардын арасында азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков да сый көрүп төрдө отурган. Дооронбек Садырбаевдин жанында Болот Шерге тилектештик, санаалаштыгын билдирген Сооронбай Жээнбеков Садырбаев менен ээрчише чыгып куттуктоо айтканы аталган журналда жарыяланган эле: «Жетимен» журналынын урматтуу жамааты, жолуңар байсалдуу болсун, журналды кандай жакшы тилек менен чыгарып атсаңар, ошол тилегиңер ишке ашсын. Биз дайым силер мененбиз».

Тилекке каршы, а бүгүн «дайыма бирге» болор Сооронбай Жээнбеков менен Болот Шер экөө эки жээкте. Саясат деген ушу экен: азоого чалма ыргытылган кезең… Ал эмне болгон чалма – жакында ачыкка чыгар түрү бар…  Азыркы бийлик да Болот Шерге чалма ыргытып, тузагына илүүгө ишарат болгонбу, буйрук болгонбу, айтор, көшөгө артында азыркы бийликке таасири күч Алмазбек Атамбаев алигиче «атамекенчилерге» азуусун кайрап жүргөндөй…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *