«Я не хочу быть христианином, как не советовал и не хотел бы, чтобы были браманисты, буддисты, конфуционисты, таосисты, магометане и другие. Мы все должны найти, каждый в своей вере, то, что общее всем, и, отказавшись от исключительного, своего, держаться того, что обще»
Л
ев ТОЛСТОЙ

Чү дегенден эле сакалдан албай, адам катары калыптанышыма, дүйнө таанымыма түздөн түз таасир кылышкан жана өзгөчө жакшы көргөн үч адам жөнүндө айткым келип турат. Биринчиси Пайгамбарым Мухаммед САВ, экинчиси Л.Толстой үчүнчүсү Атам. Эң жакшы көргөнүм жана жакыным болсо атам. Атамы атам болгон үчүн эле эмес, өзгөчө тунук акылы, өзү сабатсыз болсо дагы болуп аткан нерселерге анализ жасай алганга акыл-парасаты жеткени үчүн да өзгөчө баалайм.

Көркөм өнөргө өтө жакын, сөздүн баркын жеткире түшүнгөн жана өзү да сөзмөр жан эле. Атам менен чер жазыша сүйлөшкөнү атайылап келишкен адамдардын алды Кыргызстанды, област, районду жетектегендер болгон. Азыр көбү кутман курактагы кадырлуу аксакалдар. Дүйнө салып кеткендери да бар дегендей. Сөздү ийине жеткире сүйлөй алган, укканын унутпаган куйма кулактыгы, чукугандай сөз тапкандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы менен да элдин сыйын көрүп жүрүп өттү бу дүйнөдөн. Тилинен да, колунан да келе турган жан эле.

«Сөөктөн өткөрүп чучукка жеткире» айта билгендерден болчу. Өзү айткандай сөз менен «ууктуруп» коё алчу. Айылдагы жамандык-жакшылыктар атамсыз өтпөсө керек деп койчу элем. Менин китепке өтө жакын болуп калганыма да атам себепчи болуп калган. Айылдын китепканасы биздин үйдүн жанында болчу. Экинчи класска көчкөндөн баштап китепканадан китеп алып окуй баштадым. Кыргыз тилиндеги адабий китептерди калтырбай окудум окшойт. Бирок балалык кылып китептин ичиндегилерге көп маани бербеген экенмин. Аскерден келгенден кийин китепканадагы орус тилиндеги китептердин да теңинен оодара окусам керек деп ойлойм. Бая айтканымдай маани-маңызына жакшы көңүл бурган эмес экенмин деп. Көбүнчө курч окуялуу, анан сүйүү темасындагы китептер, бара-бара жеңилирээк илимий темадагы китептерди да барактап жүрдүм.

Дүйнөлүк классик жазуучуларынын китептери менен да жакшы эле тааныштым окшойт деп койчу элем. Көрсө, мухиттин бир тамчысындай гана нерсе экен окуганым. Анын баарын санаганда мактанчаактык болуп калар. Бирок бир жазуучуну өзгөчө бөлүп айта кетейин. Баса башында айтып кеттим го Лев Толстойду. Өзүмү кепке кошуп атканым, атама көп китептерди окуп бердим. Оо ал кезде эл да китепке кызыкчы окшойт дейм да. Кыштын узун түндөрү адамдар мага китеп окутуп угушканы биздикине келишээр эле. Атам кышында лесхоздун тайларын бакчу эле. Тай сарай болсо айылдын үстү жагында Кара-Жыгач деген жерде. Кыштын күнү китеп окутуп угушканы ошоякка барышат. Андайда абдан баркым көтөрүлө түшөт да. Ал убактагы чалдар да башкача болушчу. Белиндеги чарчысына орой келишкен нааваттын даамы ай!

— Баланын үнү бүтүп калбасын. Чайды муздатып ийбе, – дешип, баары мага өз колдору менен бергенге аракет кылышат эле.

Пиаладагы наават салынган чайды тээ бир өзгөчө укмуштай айланта чайпашкандарын айт! Азыр ошентип чайпап чай ичкендер калбады окшойт.

«Манас», «Семетей», «Сейтекти» баш кылып, эпостордун чоңу-кичинеси дебей баарын эле окуп бердим. Бир эле эмес, кайта-кайта кайталап окуп бергем. Аалы Токомбаев, К.Баялинов, К.Жантөшевдин китептерин көп окутуп угушат эле. К.Жантөшевдин «Каныбек» романын эң жакшы көрүшчү. Каныбек менен Анархан экөө издешип келип, эми жолугушат деп турганда учурашпай калышса, китеп, китеп окуп берип аткан мен кала берип эле, биринчи акырын күңк-мыңк болуп, анан бир аздан кийин карасаң эле чуру-чуу талкуу-талаш башталат дейсиң. Атайылап эле ажыратып, кыйнап аткандай жазуучуну урушкандарын айтпа. Байкуш Касымаалы Жантөшевдин кулактары отко кактагандай эле кызарса керек ошо маалда. Курманбекти баласы караан болуп ээрчип барайын деген жеринде чыдай албай ыйлап үнүм буулуп калат. Мага кошулуп сакал ылдый жаштары куюлуп чалдар да ыйлайт. Сооронуп алып, ширин чайдан жутуп коюп кайра киребиз. Койкүрөңдүн бели үзүлүп Курманбек кулаганда «колубуздан дарбызыбыз» түшүп шалдырайбыз. Коңурбайдан найза жеп, арманын айткан жеринде да бир ыйлап алышат.

Наават берген чалдарды ошентип далай ыйлаткам. Китептеги окуяларга кыялдарында аралашып кетишет экен да көрсө. Көкөтөйдүн ашында Кошой абам менен кошо күрөшкөндөй, жанында тургандай сүрөп ийгендерин айтпа эми. Күлкүлүү жерлеринде тарс жарыла каткырышса, кайгылуу жерлеринде кадимкидей кайгырышып, ыйлашса, кээ бир жерлеринде а тургай сөгүп, сөздөп ийишет. Кээде китептеги окуяны сөз кылып отурушуп, узун өзөк сөзгө, санжырага кирип кетишет. Ачарчылык, согушту, андан кийинкилерди эстешет. Андайда алардын оозун тиктеп мен отурам. Мектепте окугандарым менен алардын айтып аткандары анчалык коошпой «крышам таза кыйшаят» андайда.

Айтыштарды да көп жолу окуп бергем. Акындарды дээрлик баарын таанышчы эле. Китепке кирбей калган жерлерин өздөрү айтышат. Кээ бир жерлерин мындай эмес дешет. Бекназар куудулду окуп берип атсам, ал кишини баары тааныйт экен. Биздин айылдагы жоруктарын эстеп алышып кыраан-каткы түшкөндөрүн эстеп, азыр ойда-а бир жыргап алдым. Азыркы акылым болгондо ошолорду жазып калсам ээ! Не деген байлык! Не деген казына! Баарынан да ошо китеп окутуп угушкан адамдардын ички дүйнөлөрүнүн баёлугу, тазалыгы баарынан кымбат турбайбы! Жакшыга чындап кубана алган, жамандыкка да чындап кайгыра алышкан, ошол эки сезимдин экөөнү тең жүрөктөрүнөн өткөрүшкөн адамдыгычы!

Эгер атам китепке кызыкпаган болсо бул керемет дүйнөнү мен да тааныбай, көрбөй-билбей өтүп кетишим мүмкүн эле да. Атам аркылуу бул китеп деген керемет дүйнөнү тааныгам. Сары ооз маалымда ушундай сыйкырлуу, адамдын акылын көз жеткис бийиктерге жеткире турган сөз дүйнөсүн көрсөтүп койгону үчүн эки дүнүйө ыраазымын!

Атам элүүлөргө таяп калганда сакал койду окшойт. Эми сөздүн чынына келгенде сакал жарашкан анан сакал жарашпаган да адамдар болот да. Атам ошо биринчи тобундагылардан эле. Өзү да жүзүнөн нуру төгүлүп турган периштелүү киши болчу. Сакалы куп гана жарашып турчу. Өзү, жасаган иши, акылы, ошого жараша жакшы сөзү күмүштөй сакалы менен толукталып турчу экен да. «РухЭшке» бир жолу атам жөнүндө («Салттуу дин» дегенди кандай түшүнсө болот?), анын жасаган сооп иштери жөнүндө жаздым эле. Ошол үчүн азыр кайталап отурууну кажет көрбөдүм.

Эми Лев Николаевич Толстойду жакшы көргөнүм тууралуу. Качан экени эсимде жок, Толстой мусулман болгон деген сөз чыккан. Ушуга абдан кызыгып сүрүштүрүп көргөм. Көрсө, Кудайга чындап ишенсең, чиркөөгө барба деген ойду айткан экен да! Аны бу жөнүндө толук маалыматы жок эле мусулманчылыкты кабыл алган деп алышыптыр биздикилер. Ислам динин кабыл албаптыр. Бирок мусулмандар дарылаган экен. Мүмкүн биздин кыргыздын да тиешеси бардыр буга? Башкырлардын «Карамык» деген айылында кымыз менен дарыланган экен. Кийин ошояктан үй сатып алган деген маалымат бар. Кыргыздын да тиешеси бардыр дегеним, ошол аймактарда кыргыздар да жашаганы белгилүү го. Эмне жакшылык болсо эле өзүбүзгө ыйгара коймоюбуз бар го, бул да ошондой «эгоистигим» болсун…

Падышачылык өкүм сүргөн маалда христиандык өтө күчтүү бийликке ээ боло турган. Христиан дини падышанын башкаруусуна түздөн-түз киришип турган. Л.Толстой ошондой маалда чиркөөгө каршы чыга алган жана «толстовизм» деген өзгөчө агымды жарата алган. Өзү болсо орус бийлигинин өтө таасирлүү үй-бүлөсүнөн болгон. Өмүрүнүн акырында бар байлыгын үй-бүлөсүнө калтырып, өзү жалгыз калган. Айрыкча билим берүүдөгү кемчиликтерди, башкача айтканда, адамга ашыкча илимдерди күчтөп окутканга каршы болуп, өзү мектеп ачып өзүнүн программасы боюнча окуткан. Ал мектеп абдан чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок бул ишин да бийлик токтотуп койгон. Мусулманчылыкта кайыр-садага берүү же кайрымдуулук өтө маанилүү эмеспи. Л.Толстойдун кайрымдуулугун,  боорукердигин, ушу багытта жасаган иштерин мурунку, кийинкилерден жасай турган пенде жок болсо керек деп коём.

1891-1892 ж-ж., Рязань губерниясынын аймагында ачарчылыктан кыйналган элге 187 ашкана ачып, ал ашканалардан 10 000 адам тамак ичип турушкан. Мындан башка балдар үчүн да ашканаларды ачканы белгилүү. Элге үрөн жана жер айдоого аттарды сатып берген. Бул эми кайрымдуу иштеринин бири эле. Эң башкысы, балдарга кам көргөнү. Балдар үчүн аябай көп аңгемелерди, тамсилдерди, жомокторду жазган. Эми жазганда да жөнөкөй тил менен кандай адам болбосун мээсине жете тургандай, кандай бала же чоң адам болсо да түшүнө ала тургандай кылып жазганычы. Эл арасынан сөз билген, сөз кадырына жете алган адамдар менен байланышып, алардан уккандарын жазып калтырганы бүт дүйнө элинин руханий казынасын толтуруп келет. Мына ушунусу үчүн Л.Толстойдун китептери бүт дүйнө элдеринин тилдерине которулуп, баары сүйүп окушат.

Өзү өтө билимдүү болгону менен, көп илимдерди билгени менен аңгемелеринде «терминдерди» колдонбой, карапайым адамдар сүйлөшкөн сөздөр менен жазганын өтө жогору баалайм. Ошонусу үчүн жакшы көрөм. Индия өлкөсүнүн Улуу Британиянын колониясынан бошонушуна да чоң салым кошкону жөнүндө баары эле биле бербесе керек. Ооба. Толстой Махатма Ганди менен кат алышып турган. Эки улуу ойчул инсан ысык мамиледе болушкан. Индиянын тарыхы боюнча маалыматы бар адам, индиялыктар Махатма Гандинин жол башчылыгында Англияга күч менен же аскерий каршылык менен эмес, саясат менен, эбегейсиз чоң жана көп жолку диалогдордун аркасында жетишкенин билет. Мына ошол акылды Л.Толстой айткан. Сөз башындагы цитатаны чолок акылым, нонок тилим менен маанисин бузуп, асыл ойду аксатып койбоюн деп улуу жазуучунун айткан тилинде ошо боюнча, акылы тунук адам маани маңызын түшүнүп алат деген терең ишеним менен келтирдим.

Сөзмө сөз которбой эле маанисине көңүл бурса, баардык адамдар өз диндеринен жалпы адамзатка тиешелүүсүн гана таап, башка диндерден өзгөчөлөнгөн жерлерин алып койсо гана баарына туура болорун айтып турбайбы. Карапайым адамга мусулманбы, христианинби, буддистпи же теңирчиби – тирүүчүлүгүндө тынч гана жашоо керек. Эч кимисине уруш-талаштын кереги жок. Жалпы адамзатын бөлүп-жаруу бул бечаралардын оюна да келбейт. Бөлүп-жаруу кимге керек экенин ойлонгон пенде таап алат. Кимге керек, кимге пайдалуу?..

Жараткан Алланын акыркы Пайгамбары Мухаммед Савдын адамзатка кылган жакшылыгына сөз да, анча-мынча көрпенденин акылы да жетпеши турган иш. Айтайын дегеним эле биз үммөттөрү сүннөт деп кийимине окшош кийимди, сакал койгон деп жарашса, жарашпаса деле ээгибиздегинин коюу же суюк экенине карабай коюп алып атабыз. Эмнеге анын боорукерлигин, кара кылды как жарар калыстыгын, ар бир ишке тактыгын албайбыз?

Кыргыздар ушу тактык жагын алсак сонун болор эле. Айтканыбызды убагында аткарганды үйрөнсөк эле өлкөбүз оңолуп кетет эле. Мухаммед Сав жөнүндөгү хадистерде ушу тактыгы жөнүндө жакшы айтылган го. Бир адам менен бир иш боюнча сүйлөшөбүз деп бир жерди белгилешип, пайгамбарыбыз баягы жерге келсе, берки киши жок. Тиги кишини пайгамбар Сав ошол жерде үч күн жылбай күтүп, а беркинин ал иш таптакыр эсинен чыкканы, анан кокус эле башка бир иш менен кетип баратып пайгамбар Савды көрүп калып, эмне кылып турганын сураса, үч күн мурун ушуерден жолугалы дегендерин, келсе издеп же күтүп калбасын деп ошондон бери турганы жөнүндөгү окуяны билбеген мусулман жок болсо керек.

Мына ушул пунктуалдуулугун эмнеге сүннөт кылбайбыз дейм да. Жообун деле билем. Баарыбыз билебиз жообун. Так болуштук оор жумуш. Бирок пенденин колунан келе турган иш! Ишке деле кечикмей, ашка деле кечикмей. Ушундан оңолобу адам?

Эгер ушундайдан оңоло турган болсо анда пайгамбарыбыз ушундай болгула дейт эле да. Биздин ушул адатыбыз, так эместигибиз, жалганчылыктын дал өзү эмеспи? Анан аныбызды да «кыргызчылык», «чылык» деп тим эле уккулуктуу кылып атап алганыбызды кантейин. Боорукердик, кайрымдуулук жөнүндө көп сөздөр, ойлор айтылып жүрөт. Кайталагым келбейт. Башка жагыбыз ойлонтот. Бирөөгө кылдай жардам берип койсок ааламга жар салмай мода азыр. Бирөөнү колунан тартып койсок да «твиттер», «инстаграм», «фейсбук», «ютубга» иле коёбуз. Өзү тартканга жакшы кадр болбой кала турган болсо жанындагыга тарттыра коймой.

Эгер ушундай иш туура болсо, анда жакшылыгыңы жарыя кыл деп эле айтып коёт эле го. Жашоосунун өзү сабак. Жүрүм-туруму сүннөт. Тазалыгы, тактыгы сүннөт. Пайгамбарымын тазалыгы, үстү башын кир жугузбай жүргөндүгү, ошолоруна жарашыктуу кылып сакал койгону сүннөт. Пайгамбарыбызды бир көргөн адам жакшы көрүп кала тургандай сулуу адам болгон экен. Сакалы ошол көркүнө көрк кошуп турчу экен да. Көптөн бери ушу сакал боюнча ойлонуп жүрөм. Мухаммед Сав пайгамбарлыкка келген маалда дейм да, илим-техниканын жетишкендиги азыркыдай деңгээлде болсо дейм. Сакал коёт беле же жокпу?

Бою башына жакшы караган, ошол мезгилдеги болгон каражаттардан туура пайдалана билген инсан азыркы «magnum x5», «gilette mach5» дегендей устаралар болгондо сакалын кырынып жүрөт беле, жокпу? Өзүнүн, өң-чырайынын, ден-соолугунун кадырына жете билген, заманы, учуру берип турган мүмкүндүктөрдү сөзсүз колдоно билген адам сакалын кырып эле жүрмөк да деген ойго келем.

Жапатырмак сакал коймой, жалкоолугубузду сүннөт делген сакалга жашырып аткан жокпу? Мусулманчылыкка мусулмандын жакшы жагы гана тарта алат. Эң биринчи азанчы Билал уккулуктуу кооз үнү менен тарта алган. Куран аяттарын кырааты менен окуу да ошондой уккулуктуу болсо кызыгуу болот да. Кырк парыздын бири кыраат эмеспи. 90-жылдар болсо керек, Базар-Коргондун борбордук мечитинде бир казак бала азан айтчу. Укканымда денем дүркүрөп турар эле. Кайра-кайра уккум келчү. Мага Куран окугандагы кырааты көчөдөгү кыймылды токтотуп койгон ырамаатылык Темирбай ажыны көрүп, таанып билип калышты да насип кылган экен.

Ырамаатылык Балташ Кайыпов дүйнө салганда батага келген. Экөө жакын дос болушкан деп коюшат. Батага келген элге аш тартылып аткан маалда бир укмуштай үн менен бирөө Куран окуп калды. Сөз менен кантип жеткиришти билбейм. Аш тартылган маалдагы бака-шаканы билебиз го. Ошол үн чыккан маалда көчөдөгү кыймыл тык эле токтоп калган. Үн басылгандан кийин бир канча өткөндө гана кайра кыймыл башталды. Андай керемет, уккандын баарын кыймылдатпай байлап салган сыйкырлуу үндү ага чейин да, андан кийин да укпадым. Эл тарагандан кийин түнү таң атканча ак сакал, көк сакалдар менен сүйлөшүп отурду. Ошондо бир гана жолу көрүп калгам. Темирбай ажынын сакалы жок болчу. Маркум Темирбай ажынын үнү Дооронбек Садырбаевдин «Махабат дастаны» фильминде да жазылып калган.

Сакал жарашып турса да адамдын көңүлү бурулат. Адамдын табияты ушундай, жакшыга, кооздукка, сулуулукка кызыгат. Ошондой нерселерге жетсем дейт. Сүйлөгөнү орундуу, айтканынан акыл идиреги билинип турган, ишине так, сылык, бою-башы таза адам баарына жагат. Сакалы жарашып турса «нур үстүнө нур» эле болот. Сакал жарашпай турган болсо анда жогоркудай жакшы нерсенин бир жери кемий түшпөйбү. Айтайын дегеними, жыйынтыктайын эми. Башта айтылган менин өзгөчө сыйлаган үч адамдын үчөө тең сакал коюшкан. Сакалдары булардын бойлоруна, акыл, ойлоруна, жасаган иштерине көрк кошуп турган. А биздин сакалдарчы? Биздин жашообузга, жасаган ишибизге көрк кошо алабы? Же жөн эле начар жагыбызды жаап-жашыра турган көшөгө сыяктуу эле ролду аткарып атабы?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.