Индус эл жомогу: Кыкка катылган байлык

Илгери, илгери бир кан жашаган экен. Анын биринен бири өткөн акылдуу, эр жүрөк, нарктуу үч уулу болуптур. Ошентип жылдар өтүп кан карып, уулдары тетирисинче эр жетишкенде, бийлигин бир баласына өткөрүп берип, өзү тынч жашамакчы болот.  Бирок уулдарынын кимисине кандыгын беришти билбейт. Алардын үчөө тең кан тактысына татыктуу болгондуктан эмне кыларын билбей, кеңешчилери менен көпкө чейин акылдашып, акыры алардын айткандары боюнча уулдарына көп акча берип, чоочун жактарга бир жылга жиберип, сынап көрмөкчү болот. Ошентип канзаадалар аябай көп, бирок баары бирдей сандагы […]

Улут сыймыгын жаратар Табыкенин керээзи аткарылды!

Атамекендик өндүрүштүн жол башчысы, «Шоро» компаниясынын жана «Супара» этно-комплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин ишин улантаар, тирүүсүндө какшанып жүргөн идеяларын керээз катары ишке ашырар Жаңыл жеңебиздин жаратмандыгын бүгүн жамы журтка жар салып жайылта турган жердебиз! Убагында кыргыздын кара жармасын дүйнөлүк рынокко чыгаруу демилгеси менен чыккан Табыкеге ишенкиребегендер да болгон, бирок бүгүнкү күндө максым-шоронун кадыры дүйнөгө тарап кетти. Учурда дүйнөнүн төгөрөгүн кыдырып жүргөн мекендештерибиз толтура: бири – жумуш издеп, бири – илим-билимдин артынан сая кууп, бири – дүйнө элдеринин өрнөгүн, тажрыйбасын үйрөнүп, аны […]

АУДИО: Чыгыштын чыныгы булбулу

Апрель айында өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү саналган Батыр Закиров 90 жашка толот. Кээ бир замандаштары «Чыгыш булбулу» деп атаган ырчы 1985-жылы 23-январда катуу оорудан көз жумган. «Араб тангосу» менен келген даңкБатыр Закиров ырчы катары Советтер Союзуна жана тыш өлкөлөргө Жаштардын жана студенттердин 1957-жылы Москвада болгон бүткүл дүйнөлүк фестивалында таанылат. Бул фестивалга 131 өлкөдөн 34 миң адам келген анда. Батыр Закиров фестивалда араб тилинде “Я захратан фи хаяли” деген ырды биринчи жолу аткарып чыгат. Кыргызча “Менин кыялымдын гүлү” деп аталган бул ыр […]

Жөлөнгөн балдагың менен тап бербе

♦ ♦ ♦ Гилберт ЧЕСТЕРТОН (1874-1036), англис жазуучусу   Ар бир саясатчынын кабат-кабат убадасы бүтпөйт. * * * Ар ким абдан так, калыс маалымат алгысы келет, бирок өзүнүн гана көзкарашына туура келчүсүн. * * * Ичимдикти башка убакта ич, кайгы басып турганда оозго алба. ♦ ♦ ♦ Малькольм де ШАЗАЛЬ (1902-1981), француз жазуучусу   Эшек өзүнүн эшек тукумунан экенин далилдеш үчүн айкырат, акмактар да ошол. * * * Бирөөнү ишендирем десең, кулагына шыбыра. Адамдар шыбыр кепке катуу ишенет. ♦ ♦ ♦ Мечислав […]

Турсунбек Акундун балалыгы жөнүндө китептен

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун өзүнүн кичи мекени туурасында  китеп жазууга камынган кербези экен. Автордун айтымында, балалыгынан баштап саясый турмушка аралашкан өмүр таржымалы да сүрөттөлмөкчү. Учурда бул эмгеги басмага даярдалып жаткандыктан, азырынча «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн автордун өтүнүчү менен айрым урунттуу учурларын жарыялоону эп көрдүк. Арийне, Турсунбек мырзанын жазгандарын эч бир оңдоп-түзөөсүз жарыялоону туура көрдүк… Менин балалыгым Нарын облусунун Нарын районунун эн башы тарапта жайгашып,  чоң Нарын дайрасы менен кичи Нарын дайрасынын кошулушунда  жайгашкан  «Эки-Нарын» деген эң кооз айылда өттү.  Эки-Нарын айылы мурда 53 […]

Жунай МАВЛЯНОВ: Алачык (шедевр)

АҢГЕМЕ Айлыбыз тоо алкымындагы узун-туурасы эки ат чабымдай келген тегиздикте жатканы менен анын да өйдө-ылдыйы бар эле. Андай болбосо: «Узун кыр», «Ит эмген жар», «Көтөрмө-шак» деген аттар кайдан чыкмак эле. Ошол асты үстү бир жылы данга толгондо сөөмдөй баштары жерди карап ийилген таруу, конокко, экинчи жылы ичине аттуу араласа көрүнбөй калчу ак чачыктуу, жаш карагай сымал шамал жүрсө шуулдап турчу жүгөрү айдалчу кең талаанын орто ченинде күн батыштан күн чыгышка көздөй октой түз кеткен чоң арык – «Көтөрмө-шак» деп аталчу. […]