Илгери, илгери бир кан жашаган экен. Анын биринен бири өткөн акылдуу, эр жүрөк, нарктуу үч уулу болуптур. Ошентип жылдар өтүп кан карып, уулдары тетирисинче эр жетишкенде, бийлигин бир баласына өткөрүп берип, өзү тынч жашамакчы болот.  Бирок уулдарынын кимисине кандыгын беришти билбейт. Алардын үчөө тең кан тактысына татыктуу болгондуктан эмне кыларын билбей, кеңешчилери менен көпкө чейин акылдашып, акыры алардын айткандары боюнча уулдарына көп акча берип, чоочун жактарга бир жылга жиберип, сынап көрмөкчү болот.

Ошентип канзаадалар аябай көп, бирок баары бирдей сандагы акча алышып, бир жылдан кийин белгиленген күнү келип калыш үчүн алыскы саякатка чыгып кетишет. Алар бир кемеге түшүп, деңиз аркылуу башка жерге өткөндөн кийин эки агасы соода кылып акчаларын дагы көбөйтүш максатында эки жакка кеткенде, алардын иниси деңиз боюнда кайда барарын билбей кала берет. Ошентип ал деңиз жээгинде эмне кыларын билбей ары-бери жүрүп чарчап, ата-энесин сагынып, кайра артка кеткиси келгенде кайдан чыга калганы белгисиз кайырчынын кейпиндеги ак сакалдуу карыя пайда болот.

— Сен жигит каяктан келдиң, кайда баратасың?- деп сурайт канзаададан.

Канзаада ага болгонун болгондой айтып берип, эми мындан ары эмне кыларын билбей турганын кошумчалады.

Жигитти кунт койо уккан ак сакал ойлонуп туруп  мындай деди:

— Мен балам, бир жакшы ишти билем, бирок ал баардыгына эле жага бербейт. Ага ким акчасын аябаса, эч кимге жамандык ойлобосо, берешен болсо ошол гана бара алат.  Эгер сен мен айткандын баарын жасасаң, анда кыялдарың орундалып, ойлогонуңдун  баарына жетесиң.

— Мен сиз айткандардын баарын жасайм, айта бериңиз,- деди эмне кыларын билбей турган канзаада.

— Андай болсо сен баардык акчаңа буудай сатып алып, аларды ушул жээкке үйүп коюп, күнүгө кечинде андан бир каптан алып деңизге төгүп тур. Буудайың түгөнүп калса дагы бул жээктен кетпе,- деп айтып канзаада көзүн ирмегиче эле ал аксакал көздөн кайым жоголот.

Канзаада ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры абышка айткандай кылып, баардык акчасына буудай сатып алып,  андан күнүнө бир каптан деңизге сала баштайт. Ошентип канзааданын баардык акчасына келген буудай акырындан азая берип, бир күнү ал такыр эле түгөнүп, өзүнүн дагы жегенге ашы калбайт.  Мындан улам катуу капага баткан канзаада аңгыраган жээкте отуруп, аксакалдын айтканын аткарганына өкүнүп, таң атса кайыр сурап жээк бойлоп кетмекчи болот.  Ошентип ал жаман алачыгына кирип, бул жээкте акыркы жолу түнөш үчүн жата кетет.

Ошол кечте деңиз балыктары күнүгө жеп жүргөн жемдерин көпкө чейин күтүшөт. Бирок деңиз суусуна бир тоголок буудай түшпөгөндө алар тынчсызданышып, ары-бери удургуп сүзүшкөндө деңиз падышасы эмне болгонун сурап, балыктар мунун себебин түшүндүрөшөт.

— Күнүгө берип жүргөн жемин беришпесе буга өзүңөр да күнөөлүү болуп калган жоксуңарбы? Алардын марттык менен берген жеми үчүн ыраазылык билдирдиңер беле, кандайдыр бир белек бердиңер беле?- деп сурайт деңиз падышасы балыктардан.

Балыктар буга жооп бере албай туруп калышат. Ошондо падыша балыктарга мындай деп буйрук берет:

— Ар бир балык деңиз түбүнөн акак таш, каухар мончокторду, асыл баалуулуктарды, берметтерди түнү бою таап, ушул жээкке таң атпай алып келип чыгарып, аштыгын аябаган  адамга ыраазылык билдирсин, белек кылсын!

Ошентип падышасынын буйругун эки кылбаган балыктар түнү бою асыл таштарды деңиз түбүнөн таап чыгып, канзаада жашаган жээкке үйүп ташташат. Ошол күнү иши жоктон кеч турган канзаада деңизге барып жүзүн чайкамакчы болгонунда – көз талдырып үйүлүп жаткан көп байлыкты көрүп  баса албай калат. Ошондо гана  өзүнүн кылган жакшылыгы өзүнө миң эселеп кайтып келгенин түшүнгөн канзаада ушул эле жээкте болуп, агаларын күтүүнү чечет.

Канзаада асыл таштардан аз-маз сатып, ал акчага буудай алып, эми деңиз балыктарына мурдагыдан да көп жем бере баштады. Анан ал койчулардан кык сатып алып, аларды сууга эзип, пайда болгон чылааны калыпка салып таптап, ошолордун ичине бир уучтан асыл таш  салып жылмалап, аны көң кылып кургатып туруп жыйып койду.

Ошентип бир жыл убакыт дагы өтүп, болжошкон күнү агалары келди. Алардын улуусу бул жылы кездеме соодасын жүргүзүп эки эсе байыптыр. Кичүүсү болсо шаарга барып ашкана ачып, тамак-аш соодасын жасап, атасы берген акчаны жүз эсеге көбөйтүптүр. Алар кичүү инисинин жыйылган көңүнөн башка эч нерсеси жок экенин көрүшүп, каткырып күлүп, шылдың кылышты.

— Эх келесоо, көбөйтпөсөң дагы атабыз берген акчаны сактап калсаң болмок. Кан атабызды шылдың кылып үйгө көң алып баратканың жакшы эмес,- деп сөгүштү алар, кичүү канзаада кемеге көңдөрүн сала баштаганда.

Ошентип деңиз аркылуу үйлөрүнө кайтып барышканда катуу суук болуп, кемедеги отун түгөнүп баары үшүдү, жей турган тамактын баары тоңду. Ошондо улуу канзаадалар кичүү инисинен баягы өздөрү шылдыңдаган “байлыктарынан” бөлүшүүнү суранышты. Кичүү канзаада унчукпастан макул болуп, бирок көңдүн ичиндеги асыл таштарды агаларына байкатпай алган соң гана аларды берди. Көңдөрдү алган кемечилер от жагып, кемени жылытып, тамак да жасашты. Ошентип кичүү канзааданын агалары шылдың кылган көңдөрү бүт баарын өлүмдөн сактап калды.

Туулган жеринде аларды чоң кубаныч жана урмат-сый менен тосуп алышты. Улуу канзаадалар жыйнап келген байлыктары менен мактанышты. Кичүүсү болсо жолдо жагылган көңдөн калгандарын ак сарай ичине алып кирип үйүп койгондо, элдин баары күлүп, атасы муну өзүн шылдыңдап жаткансып терс бурулуп кетти. Ошондо кичүү канзаада көңдүн бирин алып сындырып, ичиндегисин куюлтканда жалтыраган эле асыл таштар, акак шуру, берметтер жерге жайнап калды. Муну көргөн көпчүлүктүн ооздору ачылып, көздөрү күйдү. Канзаада болсо улам бир көңдү сындырган сайын майдаланган кык менен кошо ченемсиз байлыктар жерге төгүлө берип, дөбө болуп үйүлүп калды.

Анан ал көз жоосун алган бул дүр-дүнүйөгө таңгалып, суктанып, өз көздөрүнө ишене албай тургандарга мындай деди:

— Сыртынан кооз көрүнгөн нерселерди макташ оңой, ал эми сулуулугу ичине катылган асылдарды көрүш кыйын.

Мындай ишке айкалышкан сөздү укканда элдин, атасынын, анын кеңешчилеринин көзүнчө улуу канзаадалардын өңү өчүп, кичүүсүнүн жылдызы жаркырап чыга келди. Кичүү канзаданын бул байлыкка кантип ээ болгонун укканда бүткүл эл андан букараларына эң карамдуу, камкор жана ач көз эмес падыша чыгарын билишип, атасынын ордуна аны кан көтөрүп алышты.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.