Атамекендик өндүрүштүн жол башчысы, «Шоро» компаниясынын жана «Супара» этно-комплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин ишин улантаар, тирүүсүндө какшанып жүргөн идеяларын керээз катары ишке ашырар Жаңыл жеңебиздин жаратмандыгын бүгүн жамы журтка жар салып жайылта турган жердебиз! Убагында кыргыздын кара жармасын дүйнөлүк рынокко чыгаруу демилгеси менен чыккан Табыкеге ишенкиребегендер да болгон, бирок бүгүнкү күндө максым-шоронун кадыры дүйнөгө тарап кетти.

Учурда дүйнөнүн төгөрөгүн кыдырып жүргөн мекендештерибиз толтура: бири – жумуш издеп, бири – илим-билимдин артынан сая кууп, бири – дүйнө элдеринин өрнөгүн, тажрыйбасын үйрөнүп, аны өз мекенине нектар ташыган аарыдай ташынып келүү максатын көздөсө, бири – кара жандын камын көргөн гана саякатчы бакадай кыдырып жүргөн заман. Бирок кандай дебейли, бүгүн ар бирибиз мекенибиздин дүркүрөп өнүгүп-өскөнүн каалайбыз. Арийне, ошол каалообузду ишке ашыруу жолун көп учурда өзүбүздөн баштабайлыбы…

Маселен, чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибизден бир жакшы саамалыкты дайыма байкаганым: Кыргызстанды сагынган мекендештерибиздин көбү бул жактан каттай турган туугандары же тааныштары аркылуу «Максым-шоро» суусундугун көп суранып, көп алдырып жүрүшкөнүн турмушта далай кезиктирдим. Киндик каны тамган жердин абасын, даамын сагынган алыстагы мекендештерибиздин ушул жөрөлгөсү да атамекендик өндүрүштүн продукцияларын экспортко чыгаруунун жана жайылтуунун эң бир жакшы жолу.

Бүгүнкү күндө концентраттык жол менен жасалган азык-түлүктөргө караганда Кыргызстандын нукура азыктарын дүйнөнүн төгөрөктүү төрт бурчуна жайылтууда – ар бир кыргыз тукуму атамекендик өндүрүштү алга сүрөө өрнөгүн өзүбүздөн баштоого тийишпиз. Макаланын аталышын «Улут сыймыгын жаратар Табыкенин керээзи аткарылды» деген себебим, учурда «Супара» этно-комплексинин өндүрүшүнөн чыгып жаткан шоколаддардын даамын татып отуруп, жеке өзүмдө улуттук сыймык жаралды!

Жеңебиз Жаңыл Турганбаева менен чогуу даам сызып отуруп, десерт катары алдыма сунулган талкан шоколаддын даамын татканым бир тең, аземдүү жасалгадагы шоколаддын кутучасына таңгалганым бир тең болду. Жадесе кутучасынан өйдө кыпкыргызча нукуралык көрк берилген экен…

 

Бала кезимде апамдын колунан жасалган кадимки кошкон майды шоколад кылып жасаса болору оюма кайдан келиптир! Арабызда кимибиздин башыбызга илгери ар бир кыргыздын үйүндө талканга аралаштырылып жасалчу кошкон майды шоколад кылып жасоо идеясы келди экен?! Көрсө, ыраматылык Табылды Эгембердиевдин көзү барында айтылып жүргөн идеяларынын бири экен бул даа. Тек, кайран жаратман Табыкебиздин талкандан жасалар шоколадды кыргыз элине жайылтууга өмүрү жетпегенин кара! Эң негизгиси – идеяны ишке ашырууну Жаңыл жеңебиз колго алганы кубандырат…

Эми ар бир кыргыз атамекендик өндүрүштү алга сүрөө жөрөлгөсүн өзүбүздөн баштайлы! Атамекендик өндүрүштү алга сүрөө деген чакырыктын артында эмне жатканын терең аңдоого тийишпиз! Кыргыздын талкандан жасалган шоколады дүйнөлүк брендге ээ болорунан кенедей да шегибиз болбошу керек!

Кыргызстандан жасалган шоколад дүйнөлүк брендге ээ болуп кетсе, анын арты менен айыл чарбасында мээнеттенген канчалаган баба дыйкандарыбыздын эгинине рынок табылар эле! Бизге импорт жолу менен келген шоколаддарга караганда өзүбүздө талкандан жасалган шоколад чет өлкөлөрдө эмгектенип жана билим алып жүргөн мекендештерибизге үйдөн жөнөтүлгөн базарлыкка айланууга тийиш! Ошондо гана бизде улуттук идея, улуттук баалуулук жаралат, бурадарым! Улуттук тамак-аштын статусун көтөрүү жолу менен өлкөбүздүн экономикасына ар бирибиз өз салымыбызды кошор кезеңи келди!

Андыктан замандаш, жакындарыңызга ата-бабаларыбыздын унутулуп бараткан нукура даамын тартуулаңыз!

Эгерде толук маалымат алгыңыз келсе, атайы адистердин медициналык кароосу менен даярдалган төмөндөгү «Супара» этно-комплексинин жаңылыгына да көз жүгүртүп көрүңүз, азиз окурман!

Олжобай ШАКИР

Жылдын жаңылыгы – «Супаранын» нукура кыргыз талкан шоколад конфеттери

Эң биринчилерден болуп «Супара» этно-комплекси, анын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин идеяларынын бирин орундатып, «Супаранын» нукура кыргыз талкан шоколад конфеттерин элибизге 2018-жылга белек кылып тартуулап жатабыз.

 

Жогорку сапаттагы шоколад менен капталган, ичинде жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кара өрүк жана мисте кошулган нукура даам талкан конфеттери.

Конфеттердин курамындагы негизги азыктардын пайдалуу касиеттерине токтоло кетели. Арпа талканы зыяндуу заттардан тазалайт жана кандагы кант менен холестеринди азайтат. Эртең менен арпа талканын жеген адам сергек болуп жүрөт. Сары май тамак сиңирүүгө жардам берет. Нерв системасына оң таасир тийгизип, ой жүгүртүү менен эске тутууну жакшыртат. Сары май менен күн сайын азыктануу аркылуу организмден токсиндер менен шлактарды чыгарса болот. Ал эми бал тамак сиңирүү менен тамакка болгон табитти жакшыртат. Бал кандын түзүлүшүн жакшыртып, иммунитетти көтөрүп, организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт. Бул азыктардын ден-соолукка пайдалуу касиеттерин ата-бабаларыбыз илгертен билип, азыктанып келишкен.

 

Замандын талабына жооп берген, чет өлкөгө чыгаарда сыймыктануу менен тартуулай турган белек. Конфеттерди сиз каалаган өлчөмдө атайын жасалгаланган кутуга салып беребиз. Же болбосо сиздин каалоңуз боюнча кайыш, жыгач, кийизден жасалган кыргыздын оймо-чиймелери бар атайын кутуга салып, даярдап беребиз.

Сурап билүү: 0555 46 50 51 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.