“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш сый тамагы менен кошо үчүнчү жолу өткөрүлдү. Бильярд оюнунун бул жолку меймандары белгилүү архитектор, сүрөтчү Орозбек Байгожоев, о.э. таланттуу сүрөтчүлөрүбүздүн бири Эмил Токталиев жана жазуучу Дүйшөн Керимов катышып, бүгүнкү күндөгү борбор калаабыздын көркү, маданияты жана жалпы эле коом маселеси туурасында баарлашуу болду…

Олжобай Шакир: Ороз байке, Сизди Бишкек шаардык архитектура тармагында иштээриңизди билебиз, ошондон улам өзүңүз менен бүгүнкү күндөгү борбор калаабыздын жалпы архитектуралык ансамбли туурасында сөз кылсак дедим эле. Себеби бүгүн көрүп аткандырсыз, шаардын шаардай статусу талапка жооп берерлик деңгээлде эмес. Билбейм буга адис катары сиз кандай караарыңызды, а мен борбор калаабыз болобу, башка ири шаарларыбыздын көркү болобу, айтор, кайсы облустук борборубуздун архитектуарлык кооздугуна сук артса болорун билбейм. Жаңы-жаңы имараттар деле курулуп аткансыйт, бирок негедир биринен бири кескин деле айырмаланбайт. А башаламан курулуп атканы канча! Шаардын чекелериндеги жаңы конуштардын көчөлөрү болсо чалды-куйду түшкөн. Айрыкча 90-жылдардан кийин «үңкүр да болсо үйүм бар» деген психологияда жашап келген элибиз шаардын чекелерине тоок кепедей үйлөрдү абыдан көп куруп жиберишти эле, азыр бирок бираз ирээтке келаткансыйт. Ал эми Кыргызстандын ар аймагында, борбор калаасында курулган эстеликтер, айкелдерди көргөндө – негедир менин куйкам курушат. Бизде деги таланттуу скульпторлор барбы, жокпу – таңгалдырат. Маселен Ошко барсаңыз Алымбек датканын айкели турат. Тимеле кекирейип, төшүн сылаң корооздой керип турган образ. А Чүйдүн күн батыш тарабынан кире бергенде Жайыл баатырдыкы турат, ал да керкейет. Шабдан баатыры деле алардан кем калбай текеберсинген образда тургузулган. Деле бир уялып жер караган бирөөсү жок.

Баарынын образы көкүрөгү көңдөй бай-манаптын бейнеси. Анысынан да Айтматовдун айкеличи, ал киши рухий лидер эмес эле совет заманындагы мансапкор парторгго куюп койгондой окшош десеңиз. Агер мен скульптор болуп калганымда Айтматовдун образын кандай кылмакмын, идеясын айтайынбы?.. Айтматовдун жонуна маңкуртту мингизип коймокмун. Себеби бүгүн чоңдорубуздун Айтматовдун маңкуртунан эмне айырмалары бар?!. Улуттук дөөлөт, мурас аларды ойлондурар заманда жашап атканыбыз жок…

Орозбек Байгожоев: Борбор шаарыбыздын архитектурасы жаатында айтып өткөндөрүң татаал дагы, жөндүү да маселе. Шаар куруу боюнча эки кайчы пикир бар: бир тарабы –оңолуп, гүлдөп келатат дейбиз. Экинчи тарабы – тескерисинче, башаламан, чар жайыт баратабыз дейбиз. Экөөнүн тең орду бар. Мисалы, мурдагы эсил кайран СССР убагында биз жетишкендиктерди 17-жылдагы революция тушундагы абал менен салыштырып, момунча өнүктүк, өстүк дечүбүз. Өткөн кылымдын 18-жылына салыштырганда, албетте, биз «өнүктүк». Албетте, бу жерде өнүктүк дегеним какшык иретиндеги кеп… А эгерде башка мамлекеттердин борбор шаарларына, алардын өнүгүүсүнө салыштырсак, дүйнөлүк архитектура боюнча көчтүн артындабыз.

Жетиген Асанбек: Илгерки көчмөн маданияттагы кезибизди, аттан жаңы түшкөн мезгилибизди азыркы кез менен салыштырып алып өнүгүп атабыз деген уят ко.

О.Байгожоев: Уят, албетте. Эми… айтуу кыйын…

Ж.Асанбек: Аа, сиз кичине жымсалдап айтып атасыз да, ээ

О.Байгожоев: Таптакыр эле колду куушуруп отурабыз деген да туура эмес. Физикалык өлчөм менен алганда өнүгүп атабыз, анткени курулуштар жүрүп атат да. Көчөлөр, имараттын түрлөрү, бийиктиги, узуну, туурасы болуп курулуп, көп эле курулуштар жүрүп атат. Маселе ошол курулуштар борбор шаардык статуска кандай деңгээлде дал келет же дал келбейт, кеп ошондо. Дүйнөдөгү башка борбор шаарлар улуттун өзгөчөлүгүн, мамлекеттин жүзүн көрсөтүп турат. Ушул өңүттөн алганда бизде ал таптакыр эле жок десек болот. Бул маселе заказ берүүчүнүн талабына жараша. Мейли, ал мамлекеттик заказ болсун, мейли, жеке болсун, анын өз каалоосуна, чөнтөгүнө түздөн-түз байланышта. Бизде этностилдеги имараттар жокко эсе экенине жооп ушул. Заказ берүүчүнүн буга муктаждыгы, суроо-талабы жок болуп атат. Жогоруда Олжобай кеп кылган эстеликтер маселеси кийинки убактарда өтө татаалданып, чиеленип кетти деген пикир бар, мен ошого кошулам. Эстетикалык, көркөм-чыгармачылык жактарын сындоо субъективдүү нерсе, бирок турмуш көрсөтүп жатканы биздин эстеликтерибиз көргөндү магниттей өзүнө тартпай, тескерисинче, кандайдыр бир нааразылыкты, ирээнжиген мамилени пайда кылып жатканын сиздер деле баамдап жүрсөңүздөр керек.

Орозбек Байгожоев

Сан жагынан болсо биз алдыга киши салган жокпуз. Бул жаатта да архитектуралык коомчулукта кайчы пикир жаралып келет. Ошол пикирдин пайда болгонунун өзү проблема өтө татаал экенинин күбөсү. Эстелик орнотуу, аны кандай адамдарга орнотуу, кандай эстетикалык нукта жасоо деген да чоң проблемага айланды. Бул нерсени мен бир эле темада кароо туура эмес деп эсептейм. Анткени бул чырмалышып калды, алдында, артында, оңунда, солунда көп маселе бар. Эстелик куруу, орден, медаль, наам алуу дегендин баарын бири-бирине чырмалышып туташкан, ажырагыс биримдиктеги илдет катары кабыл алам. Бизде, өзгөчө ошону көтөрүп, артынан сая түшүп жүргөндөр, тилекке каршы, биздин интеллигенция өкүлдөрү. Наам же орден алганда кандайдыр бир көөдөнүн көтөрүп, бирөөнүн алдында мактануу, даңктануу деген да оору күчөдү, аны баарыбыз эле көрүп жүрөбүз.

Ж.Асанбек: Эми ал жөнүндө эмгеги айтып турбаса, бул аябай эле уят нерсе да.

О.Байгожоев: Эрксизден суроо туулат. Өзүн сындоо деген барбы? Ар бир чыгармачыл адамдын өз абийиринин алдындагы цензура, биринчи кезекте өзүн сын көз менен карап, өзүнө катуу талап коюу деген нерсе, менин туюмумда жокко эсе. Бул бүт эле баарына тиешелүү деп айта албайм. Өзүнө катуу сын коюп, жакшы чыгармаларды жараткан адамдар да бар. Тилекке каршы, көпчүлүгүндө ал нерсе жоктой сезилет мага. Мындан 3-4 жыл мурун Жамбы Жусубалиева карындашымдын берүүсүндө айттым эле. Үч нерсе бири-бири менен туташ, аны мындай деп атадым, орусчасы: памятникомания, орденомания, званиемания. Мына ушул үч илдет, өзгөчө интеллигенцияга жайылып, жайылмак турсун аша чаап, аша чапкандан да өтүшүп кетти. Суроо туулат, эми муну жоюунун жолу кандай? Бул илдеттен айыгабызбы же кайра күчөтө беребизби? Албетте, жолдору бар. Биринчи, жогоруда айтканымдай, кесиптештеримди, өзгөчө чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө айтарым: өзүн өзү сындоо болмоюн, канчалык гений болсоң дагы өзүңдү өзүң, болгондо да катуу сын менен карамайынча бул илдеттен арылбайбыз. Бул биринчиси. Экинчиси: эгерде таптакыр эле бизге эстелик, орден керек десек, анда биз дүйнөлүк практикада белгилүү пантеон (монументальное здание — место погребения выдающихся деятелей) түзгөнүбүз оң. Эстелик деп эле шаардын так борборуна тизип келатабыз, тизип эле келатабыз, биздин атактуу-даңктуу кишилерибиз деген алардын адамдык касиетине, элге сиңирген эмгегине эч кандай суроом жок. Ошону талдап, тактап, тизмектеп, ирээтке салсак оң болор эле деген пикирдемин. Ушул пикирди ар дайым айтып келатам. Шаар куруу кеңеши деген бар, градсовет деп коёт. Ошол кеңеште көп жылдан бери мүчө болуп келатам. Ошол кеңеште ушул пикиримди какшап жүрөм. Бирок чечүү жагы биздин колубуздан келбейт. Шаар куруу кеңеши пикир гана айта алат.

Ж.Асанбек: Кеңештин ою болгону менен эч кандай күчү жок турбайбы…

О.Байгожоев: Маселе анда эмес. Ал кеңешти же башка түзүмдөрдү күнөөлөгөндөн алысмын. Маселе өзүбүздө, мен жогоруда айткандай, кеп – илдетте. Интеллигенция өкүлдөрү: акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, архитекторлор ж. б. чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүндө балээ. Эстеликти тигиге коюш керек, буга коюш керек, бул орден алыш керек, тигил медаль алыш керек, тиги наам алыш керек, бул албай калды, а тиги татыксыз, бул жетпейт деген арман оголе көп…

Ж.Асанбек: Бизде мамлекет, өкмөт деген бар да, ошол жакта ушуну жөнгө салып, көзөмөлдөп турган бир тутум болуш керек ко, туурабы? Алар кандай иш кылууда?

О.Байгожоев: Орундуу суроо…

О.Шакир: Баятан Ороз байке абыдан маанилүү нерсеге басым жасады. Бизде өзүн өзү сындоонун жогунан, чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнбөгөнүбүздөн улам – мейли сүрөтчүсү, мейли башкалары болсун, коомду алдыга жылдырууда бирөө-жарымды сынга алдың, өлдү! Сөздүн туурасын айткан киши эле душманга айланып тынат. Сынды кабыл алуу маданияты өспөгөн коомдо гана интрига жаралат. Биз бири-бирибизге сын айтуу жолу менен чыгармачыл алака түзүүгө үйрөнгөн эмеспиз. Сөзсүз бирөөнү мактап, далыга таптаган сөз айтмайын кишиге жакпайсың. Баары эки жүздүү болуп бүткөн, бирөөнү жүзүнө мактап, мындай барганда теңирден тетирини сүйлөгөндөр канча, айрыкча интеллигенция катмарында. Сыйлык-наам таарынычын айтып уңулдаган эле акын-жазуучу же артистер көп… Ороз байке ошону айтып жатат. Жеке адамда да, коомдо да өзүн өзү сынга алып, өз кемчилигин тааныган сапат жаралмайын дегеле оңолуу мүмкүн эмес. Биз улут катары өз кемчилигибизди таанууга чыгармачыл адамдар эркеч болуп беришибиз керек эле. Тилекке каршы, чыгармачыл адамдар жеткен кошоматчы, суу жүрөк болуп отургандыктан коомдо чындыктын тили менен сүйлөгөндөр бизде чанда кездешет. Коомдун алдыңкы катмары эсептелген интеллигенция бири менен бири кызыл чеке полемика курганды үйрөнсө гана коомдо өсүш пайда болмок. Жогоруда сөз болгон шаарыбыздын маданияты – жалпы коомдун абалынан кабар берет. Дени карды соо улуттун борбор калаасы, эстелик, айкелдеринин көркү азыркыдай болушу мүмкүн эмес эле…

Эгерде чындыкты сүйүп, чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнгөн калк болсок, мындай болбойт эле. А биз мансапкордукту, текебердикти сүйгөн үчүн улуттук сыймык деп жүргөн инсандардын айкелдерин, эстеликтерин карагылачы, баарыле көкүрөгүн көтөрүп керсейгендер. Деле бир жер карап ойлонгон, санаа басып турган кайсы улуттук личносттун эстелигин көрдүңөр? Баарысы мурдун теңирейтип калктан өйдөсүнгөн образдар. Себеби элибиздин кулк-мүнөзүндөгү, пейил-куюнундагы бекем орноп калган бай-манаптык образдар 21-кылымда деле бизге символ болуп калганы – бул биздин элдин айыккыс дарты! Улуттук өксүгү! Ошонүчүн Айтматовдун борбор калаабыздын ортосундагы айкелин тургузгандар биздин рухий лидер, улуттук сыймык болгон Айтматовдун мойнуна маңкуртту мингизип койсо куп жарашмак!

Ж.Асанбек: Мына, шаар куруу кеңеши бар экен, өкмөттө да тиешелүү тутумдар бар, ошого карабай шаар чар жайыт, туурабы, Ороз байке? Мисалы, Өзбекстанды эле алалычы, имараттарынан, жасалгаларынан улуттук белгилерди дароо көрүүгө болот. А бизде андай улуттук өзгөчөлүктөрдү көрсөткөн имараттар жокко эсе. Сиз ушуну абдан туура айттыңыз. «Супараны» эле бетке карманып жүрөбүз, андан башка мактанарлык эмнебиз бар? Сиз айтып атасыз, эч нерсе кылынган жок дегенге болбойт деп. Ооба, курулуп жатат, бирок алар жеке ишкерлерге тийиштүү го.

О.Байгожоев: Көпчүлүгү.

Ж.Асанбек: Алар өздөрүнүн маселелерин өздөрү чечип эле куруп жатышат. Эми ушунча имараттар курулуп калды, ар кимдин алына жараша шаар четтерине бөөт-чөөт үйлөр түшүп жатат. Ушундай жагдайда кантип борбор шаар деген статусуна жарашыктуу көрккө келтирип, иреттей алабыз? Оңдоого азыр мүмкүнбү же мүмкүн болбой калдыбы?

О.Байгожоев: Албетте, мүмкүн. Дүйнөлүк тажрыйбада жанагы биз айтып жаткан этноархитектура же улуттук символ боло турган курулуштар мамлекеттик имараттарга тиешелүү. Собор түрүндө, мечит түрүндө ж. б. болушу мүмкүн. Бир мисал айтып коёюн, былтыр биздин мамлекеттик резиденцияда диаметри 36 метрлик боз үй жасадык. Заказ берүүчү жогорку бийлик болду. Мен үчүн бир четинен кубанычтуу болду, экинчи четинен таң калдым, мамлекеттик деңгээлде боз үй түрүндөгү имарат куруу максаты коюлганына. Аны тез аранын ичинде, дүйнөлүк лидерлер чогула турган маалга туштап, жапатырмак бүтүрдүк. Ошону мен саамалык деп мисал кылсам болот. Ал бүт шаарга таанымал болуп, баарына кашкайып көрүнүп тургандай объект эмес, резиденция ичине каалаган кишинин баары эле кирип-чыга албайт. Бирок жасаса болот деген мисал катары айтып өттүм. Биринчи кезекте мамлекет тарабынан керек, зарыл деген талап болсо анан жасалат. Сиз айтып жаткан жеке ишкерлердин өздөрүнүн кызыкчылыгы бар да. Алар кирешесине байланыштуу белгилүү бир максатты көздөйт, ошого толук акысы бар. Аларды күнөөлөй да албайбыз. Маселе акыры келип эле адамдын ички дүйнөсү, илим-билим, маданий деңгээлине келип такалып атпайбы. Маселе ошондо.

Ж. Асанбек: Ооба, биз аларды күнөөлөй албайбыз. Бирок шаардын жалпы көрүнүшүнөн алып карап, алардын жайгашуусу, көрүнүшү, бири-бирине шайкеш келүүсүн жөнгө салып туруш керек эле да. Мисалы, Германияда үстүнөн караганда кооз, тыкан көрүнүш үчүн үйдүн чатырларынын түсүнө да белгилүү бир талаптар коюлат экен. Бизде деле ошондой болушу керек эле да.

О.Байгожоев: Бизде деле талаптар бар. Бардык нерсенин өз нормасы бар, маселе ошону аткарууда. Терс көрүнүштүн баарын оңой-олтоң эле бийликке, өкмөттүн кишилерине шылтап коюп атабыз да. Бул бизге көнүмүш адат болуп калды, бул жагын да туура кабыл алышыбыз керек. Терс көрүнүштөр көп болгон күнү да, адам өзүн өзү сындан өткөрүп турганынан өткөн цензура жок, мен ушуну улам-улам кайталагым келет. Күнөөлүү бирөөнү табыш оңой. Биз ага жедеп көнүп бүттүк, бир четинен тажап да кеттим. Биз ушундан баш тартып, ушуну токтотушубуз керек. Ар бир адам, өзгөчө чыгармачыл адамдар, эл-жер башкаргандар өзүнө карата жеке сын пикирди күчөтүшү керек. Азыркы абалдан чыгуунун мындан оңой жолу жок деп эсептейм. Адамдык касиетке көп нерсе көз каранды. Конституциябыз туура эмес дейбиз, аны оңдойбуз, өкмөттүн ал чечими туура эмес, бул чечими туура эмес ж. б. деп эле сындап келатабыз. Ким аны аткарууда? Баары акыр-аягы адамдын абийирине келип такалат. Айырмасы жок, бийликте отурган адамбы, же «Дордойдо» картөшкө сатып отурган адамбы, же холсту жайып алып сүрөт тартып отурган адамбы, же мага окшоп долбоор чийип, имараттардын курулушун жасап жаткан адамбы, ар бирибиздин ички, жеке абийирибизде көп нерсе жатат. Мына ушул өңүттө биз улут катары көп аксап, кемчилигибиз айдан ачык көрүнүп турбайбы. Бүт бардык тармакта, илим, дин болобу, саясатпы, чыгармачылык жаатындабы, мына ушул маселе өтө орчундуу анан оор болуп турган мезгил.

Ж.Асанбек: Эми ушул сөздү Эмил агай, сиз кандай улайт элеңиз?

Эмил Токталиев

Э.Токталиев: Наам, орден алып, анан көөдөнүн көтөрүш, ушул керек болуп калды да азыркыларга. Себеби ошол сыйлык-наамына жараша төргө өткөрүп калышпадыбы, а кандай критерийдин негизинде мамлекеттик сыйургаалга жеткени анчалык чоң мааниге ээ болбой калды. Сыйлыкты татыктуу алдыбы, татыксызбы – баарыле окшош.

Ж.А. Аксакалдардын бирөө-жарымы аны кайсы эмгегиңе алдың эле десе эмне болот?

Эмил Токталиев: Антип бизде эч ким сурабайт дагы. Вот чем проблема! Кыргызда сөз бар: «Өрттөн коркуп калган уй, кызарган булуттан коркот». Көбү ошентип калган да, кептин баары ошол жакта. Орустардын «Был бы человек, статья найдется» дегениндей. Башаламандыктын баары ушунда. Маданият өкүлдөрү ар бири өз ишин жалданма болбой, кондициясына жеткириши керек. Ороз өзүнүн архитектурасын, Дүйшөн китебин жазсын, сүрөтчү сүрөтүн тартсын. Чынында баары Кудайдан. Убакыт, өмүр – Кудай үчүн, түбөлүктүүлүк үчүн ширеңкенин чырт эткениндей эле нерсе.

Д.Керимов: Эмил эми өзүнө келди, өзүнө жакшы келди. Баары Кудайдан деп. Кыргыз – байыркы эл, ал кантип сакталып келди? Кудай жөнүндө айтып жатканым ошол. Кудай колдойт, эмне үчүн? Биз кудайды көкүрөгүбүз менен тааныганда колдойт. А табият деген Кудайдыкы. Биз өзү жерибизди ардактаган, табият менен гармониялуу жашаган элбиз. Мен чоң аталардын колунда чоңойгом. Карагатты жеп атканда илгери писабир балдар шагын сындырып ийчү. Анда чоң атам какшачу: «Карагат сенин небереңе, чөбөрөңө калат, сындырба», — дечү. Табият менен коюндашкан элбиз. Азыркы Жээнбековго түз эле айтыш керек: «Кыргыздын баласысың, атаң кыргыз, энең кыргыз, кыргызга кызмат кыл», — деп. Жөнөкөй нерседен башташ керек. Жээнбеков элди башкарыш үчүн, адегенде тазалыктан, шаардан башташы керек. Назарбаевди жакында Трамп кабыл алды. Эмне үчүн кабыл алды?. Кеп бар да… Сөгүп атабыз биз аны…

Ж.Асанбек: Биздин сөккөнүбүзгө ал «быш» деген да жок. Сөз дечү сөздү сөз дейт да ал киши да. Биз өзүбүздү өзүбүз эле күлала кылдык окшойбуз…

Дүйшөн Керимов, Эмил Токталиев

Д.Керимов: Ал киши мелтиреген дүйнөлүк стандарттагы шаар салып койду. Кыргызда сөз бар, «эшигин көрүп, төрүнө өт». Эшиги – борбор. Борбор оңолмоюн – кыргыз оңолбойт. Баары салыштырылат. Мен эч жакка чыга элек элем, жакында Турцияга бардым. Мараш шаарына бардым, ушу биздей 1,5 млн эл жашайт экен. Ошол адыр-тоолорго салынган шаарды көрүп, биздин Фрунзе шаары абдан жакшы проект менен салынгандыгына көзүм жетти. Башында жакшы ойлонулган жерге салынган экен. Көчөлөрү түптүз, кеңири. Берки 25 жылдыкта биз ошону өркүндөтө алган жокпуз. Орозго окшогон адистер бар, бул экөөбүздүн айтканыбыз желге эле кетет. Муну Салижан Жигитов 25 жыл мурун айткан, бул мамлекеттик чоң программа, идеология болуш керек деп. Биз кубалашып эле жүрсөк, каяктагы проект болот. 12-кичи райондо 21 жылдан бери жашайм. Ошонун арасына азыр бүт шыкап, бастырбай салышты, аба жута албай калган абалга алып келди. Мамлекеттик проект жок. Бир убакта Фрунзе 15 республиканын ичинен тазалыгы боюнча биринчи орундагы шаар болгон. Бул чоң жетишкендик болчу. Өзүнөн башташ керек дегенге мен кошулам. Өзүм тазалык деген кишимин. Үйүмдү тазалап, аялыма жаман көрүнгөн кишимин. Адегенде үйүңдү тазала, өзүңдөн башта деген ошол.

Э.Токталиев: Орустардын РТР планета деген телеканалы бар, бүт дүйнөнү кыдырып тартып анан көрсөтүшөт. Орто Азияга да келишет. Режиссеру жаш экен, СССРди деле көрбөй калган өңдүү. «Кыргызстандын жаратылышын эң сулуу, эң кооз экен, дүйнөдө мындайды көрбөгөм», — дептир. Анан айтып атат: «Шаарларына токтобой эле койгула, көңүлүңөрдү чөгөрөт, жаратылышы болсо керемет», — деп.

Д.Керимов: Мына азыр четирээк эле чыгалычы. Бакиевдин тушунда басып алышкан жерлердеги күнүмдүк жашоону көрүп, жүрөгүң айланат.

Ж.Асанбек: Ал мындай болду да. Айыл жеринде жумуш жок. Жашоо кыйындай баштаган. Ал да чоң маселе. Жан сактоонун амалын издеш керек. Коммерция ж. б. деп, баары борборго агылды. Алар агылып келгенде турак жай маселеси пайда болду. Ал маселеге керектүү чара көрүлгөн эмес. Ар ким өз арбайын согуп, бул көйгөйүн өздөрү чечүүгө туура келди. Анан басып албаганда эмне кылышат эле?

Д.Керимов: Мамлекет деген азыр 200 кишинин эле кармашы болуп келатат, 25 жылдан бери 300 кузгундун кармашына айланды. 5-10 жылдан бери эле жазып келатам. Акутагава Рюноскэ деген жапон жазуучусу алда качан эле айткан: «Революция артынан революция болгону менен тандалган жүздөрдүн турмушунан башка эл турмушу оңолбойт», — деп.

О.Шакир: Башында Ороз байке баштаган жакшы кепке кайрылалычы, биздин курулуштарда этноөзгөчөлүк жокко эсе. Ташкент, Самарканддарды караңыздарчы, Чыгыш колорити кандай укмуш! Түгөлбай Сыдыкбековду эмне үчүн көк жал жазуучу деп келишкен, себеби ал киши 80-жылдары ЦКга кат жазганы бар, Фрунзе шаарынын курулушунда улуттук өзгөчөлүктүн кыпындай да үлгүсү жок деп. Борбор калаабыздын курулушунда улуттук элементтер кездешпеген үчүн Сыдыкбеков Маскөөгө күйгөндөн жазды да, себеби ошол кезде эле архитектура жаатында көчүгүбүздү ээрге кыйшык койгонбуз…

Ж.Асанбек: Маселе козголду, айтылды. Азыр кимдин зоболосу бийик, мартабалуу болсо, эмгегинин сапатына баа берилбей эле, ошонун сөзү сүйлөнөт. Ушундай караңгылыктан коомду кантип чыгаруу керек? Маданият өкүлдөрү кандай иш-аракет кылуулары кажет?

О.Шакир: Кыргыз интеллигенциясы Сыдыкбековго окшоп бийликтен жалтанбай, өз көзкарашын чагылдыра алганда гана алар коомго опол тоодой таяныч боло алышат. А азыр баары жер карама болуп отурса, кайдан?! Бийликке коңгуроо каккандары жок.

О.Байгожоев: Менин конкреттүү сунушум бар. Коңгуроо кагылып эле жатат, маселе аны ким угат. Укса ким аткарат? Ошол тарабы бар. Экинчи, албетте, сындоо оңой, бирок сунуш керек. Мен өз тармагымда конкреттүү сунуш айтып келатам. Үч илдеттин бири – эстеликоманияны чечүү үчүн пантеон түзөлү. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар. Ар кайсы жерге эле бирден коё бербей, бир жерге четинен коё берели. Муну ким чечип, ким аткарат – ал мага ыйгарымдуу эмес.

Э.Токталиев: Бир юморлуу сүрөт эсиме түшүп турат азыр. Ашканаларда каалоо-сунуш китеби болот эмеспи. Ашпозчулар чогулуп алып, ошону окуп, боорлору эзилип каткырышат. Мына Дүйшөн, сен деле жаза бер, бирок мындан майнап чыкпайт. Бул эми ошондой эле кеп.

Д.Керимов: Ленинграддык бир жумушчу жазып атат, тээ сенектик мезгили дегенибизде… бул жөнөкөй элдин катары менен бийлик креслосунун ортосунда сыйкырдуу бир күч бар деп. Эл арасында жүргөндө жакшы эле сүйлөшөт, анан креслого баргандан кийин ал киши өзгөрөт дегени да. Эми адамзаттын кулк-мүнөзү ошондой экен, эртең мени мэр кылып отургузуп койсо, кандай иштейм – кыйын суроо. Айтканга оңой, жасаганга келгенде кыйын.

Ж.Асанбек: Дагы бир суроо туулат. Наам, орден, медалдын артынан түшүп, чыныгы кылынчу иштер калып калганын айттык. Чыныгы иштер кылыныш үчүн, адам өз талантын кандайдыр бир сүрөөн үчүн эмес, сыйлык үчүн эмес, жөн гана табиятынан ыроолонгон өз милдетин аткарышы керек экен демек. А бирок эмгеги бааланбаса, көмүскөдө кала берсе, адам чүнчүп кетпейби?

О.Байгожоев: Анык чыгармачыл адамга ордениңдин да, наамыңдын да, эстелигиңдин да кереги жок. Анын эстелиги – өзүнүн эмгеги. Мен өз чөйрөмдөгү адамдардын, досторумдун, мындайча айтканда, катышып жүргөн адамдардын арасында эң эле каратаманымын. Бир да медалым же бизнесим жок. Ошондон улам бирөөнүн орден-медалы тууралуу сын айтсаң ойлошот: «А мунун ичи тарып, башкалардын ийгилигин көралбай атат, өзүнүн колунан келбейт, сын такканга кыйын» дешет. Андайлар дароо: «А өзүң эмнени кыйраттың эле» деген тариздеги контрсынын айтат.

Ж.Асанбек: Окурмандарга өзүңүз тууралуу, эмгектериңиз тууралуу учкай кеп кыла кетсеңиз.

О.Байгожоев: Өзүм жөнүндө өзүмбү? Койчу. Мактан дегени турасыңарбы?

(Баары кыраан каткы күлүп калышты)

Э.Токталиев: Ороз жөнүндө, анын эмгектери тууралуу өзүнүн көзү жок жерден мен айтып берем. Бул өзү скромный жигит. Өзү жөнүндө өзү айтып бералмак беле, мунусу да жөндүү.

О.Шакир: Мен билгенден Ороз байке сыяктуу чыгармачылык потенциалы күчтүү сүрөтчүлөрдү коом пайдалана элек. Бизде чыныгы искусство жаратмандары бааланганы чанда, айрыкча улуттук масштабдан алганда. Ороз байке, сиз Керексизов менен кызматташып калдыңызбы? Себеби чет элден келген меймандарга сыймык менен көрсөтө турган Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» бир далай сүрөтчү, архитекторлордун эмгеги менен курулса керек?

О.Байгожоев: Ооба, чындык. Убагында кызматташтык, бүгүнкү күндө кызматташуум жок. Айткым келгени – наам алып алууга мүмкүнчүлүктөр болду да менде, бирок алган жокмун, анын мага кереги жок. Архитекторлордун эл аралык ассоциациясы деген бар. Бул дүйнөлүк архитектура уюмунун региондук бөлүгү. КМШ, Чыгыш Европа кирген уюм. Анда маал-маалы менен архитектуралык конкурс жүрүп турат. Ошол уюмда эл аралык архитектура академиясынын профессору деген наам бар. Коллегаларга маал-маалы менен берилип турат. 10 жыл мурун менин кандидатурамды сунушташты. Макулдугумду бердим, анткени бул эл аралык сын. Кызыгы мындай, кыскартып айтайын аны, 2008-жылы эл аралык архитектура академиясынын профессору болдум. Өзүңчү дегендерге берер жообум да ушул болсун. Ошол учурда биздин мамлекетте болжол менен 2-3 профессор бар эле. Мен төртүнчүсү болдумбу же канчанчы болдум, так эсимде жок. А азыркы күндө жайнап кеттик. Мунун ички маселелерине кийлигише алам, борбордук офиси Москвада. Анан мурдагы жылы бекен же андан мурунбу, айтор, мен мындан расмий түрдө баш тартып кат жаздым. Өзүмө ал даражаны аванс түрүндө берилгендей сезчүмүн. Кеп ар кимдин абийиринде дегеним ошол, абийирим чыдаган жок, жаздым да, баш тарттым.

Анткени ошол наамды көтөрүп жүргөн өзүмдүн эле коллегаларым жайнап баратабыз. Ардандым, кайсы арыма, болгондо да эл аралык архитектуранын профессору даражасын алып жүрөм дедим. Бишкек эмес, Кыргызстандын деңгээлинде бир дагы архитектуралык көзгө басар объектибиз болбосо, анан кайсы арыбызга профессорлук наамга чиренгенибиз жарашат дедим. Тигинибиз да жок, мунубуз да жок, анан кайсы арыма мен ошол наамды көтөрүп жүрөм? Ичим кайнап жүрүп акыры жарылды, анан ошол арызды жазып кутулдум, жеңилдей түштүм.

О.Шакир: Оп, баракелде! Мунуңуз сыйлык, мансап жана башкасынан да бийик турган абийир маселеси… Мына бизде ошол сиз барган кадамга барчулары жок да. Баары эле наам, даража десе өлүп калчулар.

О.Байгожоев: Көбү азыр сыйлык, наамдын артынан кубалап жүрүп алып атышат. Арданганым ошол да, силер менен жай отуруп чайлашууда мактанып алайынчы ушинтип… Жанагы ассоциациянын эл аралык сыйлыгы бар, бизче айтканда, архитектура жаатындагы кичинекей «Оскар». Эки номинация бар: «Мыкты долбоор» жана «Мыкты курулуш» деген. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы 27 жылдын ичинде ошол эки номинацияга ээ болгон чыгармачыл топтун активдүү өкүлүнүн бири менмин. Мындайча айтканда, ошол эл аралык сыйлык – профессор деген даражаны көтөрүп жүрүүгө менин моралдык акым бар эле. Башка коллегаларымдын адамдык, профессионалдык деңгээлине шек келтиргим жок. Факт түрүндө, ачуу чындыкты айткым келет, салыштырмалуу түрдө моралдык жактан менин акым көбүрөк эле да, мына ошол эл аралык деңгээлдеги эки сыйлыктын – Гран при, Алтын медалдын лауреаты болдум. Ошого карабай ардандым дагы, жанагы наамдан баш тарттым. Ошол нерсе жан дүйнөмө жүк болуп, тынсызданып канча жүрдүм, а баш тарткандан кийин бошонуп эле, өзүмдү жеңил сезип калдым. Эми элестетсеңиз, алакандай Бишкекте эл аралык архитектуранын 15-20 профессору болсо, азыр эле сиздер айтып атасыздар, борборубуздун жүзү кантет дегенди. Көтөрүп жүргөн наамыбыз жанагындай, көчөнү карасак анын тескери көрүнүшү. Анан «жаман иттин аты – Бөрүбасар» болуп, эл аралык наам алганыма чычайып жүргөнүм курусун. Жогорудагы айтылган сөздөргө менин жообум ушундай.

Ж.Асанбек: Татыктуу ак эмгек, наам дегенге мына ушундай мамиле болгондо жыргабайт белек. Так өзүн тааптырбыз да, керектүү кишини.

О.Байгожоев: Акаевдин убагында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы деген иш-чара болгон, билесиңер да. Ошондо Ала-Тоо аянтына монумент жасоого чоң сынак жарыяланган. Жогоруда айтылып аткан этностилде, улуттук стилде сунуш жасаганбыз. Ошонун макети азыр дагы так төрүмдө илинип турат, мен үчүн баалуу нерсе болуп. Учурунда Акаевге жетип, президент да жактырып, ал убакта премьер-министр Танаев эле, Акаев Танаевге тапшырма берип, көп узабай эле төңкөрүш болуп кетип, ал иш ошол бойдон дагы турат. Курулушчулардын майрамы болгондо жыл сайын көргөзмө ачылат, кийинки бийликтин учурунда премьер-министрдин деңгээлиндеги ошол көргөзмөгө да эмгегибизди койдук. Ал кездин премьер-министри да көрдү. Буларды айтып атканым, сунуштар бар, жок эмес. Бирок аны баалап, талдап, кабыл алып, анан заказды аткаруу маселеси бизде аксап келатат. Анан ушундай шартта бир канча бийлик алмашкандан кийин адам түңүлүп да калат экен. Бирок биз тынбай эле ушу багытта түртүшүп, өжөрлөнүп, өзүбүздүн изденүү жумуштарыбызды жасап келатабыз. Дүйшөке да баамдап жүрөт: ар кимге барып жарыя кылып, көрсөтүп, антип-минткен жокпуз. Резиденцияга курулган боз үй жөнүндө айтпадымбы. Ошол ушуга чейинки тырмалаңдап кылып келаткан иштин үзүрү го деп ойлойм. Этностиль, боз үй, улуттук оюм ж. б. багытындагы топтор барбы, дегеле бирөө-жарым барбы деп коллегалардан сурап отуруп, анан кызматташып калдык. Ошонун натыйжасы резиденциядагы боз үй болду. Мага бир чети аябай таң калычтуу, экинчи чети кубанычтуу да болду. Жасасак болот, Кудайга шүгүр, кудурет-күчүбүз, аң-сезимибиз азырынча жетет, уучубуз куру эмес. Бир гана заказ берип, аткартуучу керек.

О.Шакир: Мындай айтканда, ушул Ороз байкедей потенциалдуу адамдарды пайдалана билбей, аларды ишке киргизе албай атабыз да. Дүйшөн досум суроо берем деп атат.

Дүйшөмамбет Орозалиев

Д.Орозалиев: Эмен сейил багында 3-4 жыл мурун сонун көргөзмө болуп аткан экен. Ошол жерден укмуш архитектуралык долбоорлорду көрдүм, тим эле сонун. Жана сиз айтканды ошол жерден көрдүм окшойт, мындан бир төрт жыл мурун. Тегерек долбоор экен. Тарых музейинин ордуна курулат деп жасалыптыр болчу, бирок курулбай калган, казактар жактырып, сатып алып кетишти дешти эле.

О.Байгожоев: Ошол менин көргөзмөм болчу.

Д.Орозалиев: Оу-уу, сиздики беле ошол эмгек?! Мен аябай жактыргам, укмуш экен. Эмнеге бул бизге курулбайт деп кейидим эле. Өтө сонун болчу.

О.Байгожоев: Мына, маселе ошондо. Ушундай болуп атпайбы.

Д.Орозалиев: Оо-ой, ал биздин борбордо болгондо өтө сонун болмок да, укмуш көрктүү болчу.

О.Байгожоев: Жогорудагы долбоордун негизи Эмил Токталиевдин «Уснувший дервиш» (эң ортодогу) аттуу жазуучу Кубатбек Жусубалиевге арналган сүрөтүнүн идеясынан алынган.

Ж.Асанбек: Карабайсыздарбы, мен азыр бир нерсени байкадым. Жана сиз өкмөттү же дагы бирөөлөрдү сындагандан тажап кеттим дедиңиз эле, мен дагы эле өкмөттү сындай берейин. «Айтсаң – айттигин, айтпасаң – катты күн» болуп атпайбы. Сизди, мына ушундай адисти сурамжылап, издеп жүрүп таап атышпайбы. Иштеп аткан өкмөт сизди беш колундай билет болчу, «бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» кылып.

О.Шакир: Келди-кетти өкмөт болуп атса каяктан билет Ороз байкедей таланттарды. Бизде мамлекетте ырааттуу саясаттын жогу ушул да. Болбосо кийинки бийлик алмашканда ошол тармактагылар байкенин этегине жармашыш керек эле да. Мына ушундай баалуу кадрлар, адистер бар бизде, бирок бааланбайт! Бийлик алмашканда мамилелер да өзгөрүп, чыныгы талант, башкалар четте калат.

О.Байгожоев: Мен жанагы үч бийликтин тушундагы иштерди айтып өтпөдүмбү. Дагы бир кызык окуя бар. Мисалы, кытайлык кыргыз туугандарыбыз мурдагы жылы, жогоруда айткандай сурамжылап отуруп, дагы бир жигит бизди тааптыр, этностилде, улуттук жүз менен иштеп жаткан топ экенсиңер деп. Кытайлык туугандарыбызга улуттук өңүттөгү архитектуралык эскиз керек болуп жатыптыр. Темалары мындай экен: кадимки эле Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына ал киши жашаган Ак чийге Кытай мамлекети музей курмак экен. Алакандай айылга өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, ар кандай эскиздер жасалыптыр, жергиликтүү калк тарабынан. Бийлик тарабынан алар жактырылбаптыр. Анткени этностилде, улуттук жүз жакшы чагылдырылбай, бийликте турган биздин кыргыз улутундагы агаларыбыз бул жактан издетиптир. Алардын да вариантын карап көрөлү дегендей кылышыптыр. Анан алар менен кызматташып калдык. Кудай буюрса, биздин жасаган музей эскизибиз алардын бийлиги тарабынан жактырылып, быйыл күзүндө Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлмөкчү.

Д.Керимов: Деле арман кылар жөнүң жок экен сенин.

О.Байгожоев: Кытай мамлекети каражатынан баштап, бүт баарын колго алган үчүн ошентип кытайлык кыргыздар менен да бул багытта кызматташууну баштадык. Ушундай (тамашалай) эл аралык деңгээлге чыгып кеттик.

О.Шакир: Эмил байке, ушул жерден кесиптеши катары сиздин кыстырмаңыз керек болуп турат, коомчулукка байкени жакшылап тааныштыруубуз керек. Мүмкүнчүлүгүн билген киши катары Ороз байке тууралуу кенен айтып берсеңиз. Бийликтин, коомчулуктун көңүлүн буруп, байкенин эмгегине токтолуп өтпөйсүзбү.

О.Байгожоев: Былтыр аябай көңүл бурулду, таң калдым ошого.

Э.Токталиев: Орозду көбү эле билет. Мындай да, Кыргызстанда гений болсоң деле бийликтегилердин көзүнө Ороздой архитекторлор илинбей жатпайбы. Бийлик чыныгы эмгекти, талантты баалаган болсо, анда Орозго окшогон таланттарга көңүл бөлүнүп, гармония болмок. Олжобай экөөбүз сүйлөштүк, Ороз тууралуу өзүнчө отуруп, кенен сөз кылышты…

Д.Керимов: Таланттуу адам дегенди мен 60 жашка чыгып түшүндүм. Талантты эч ким туткундап ала албайт. Өзүңдө болсо, өзүң эле чыгасың. Колдон келсе, иштей бериш керек. Мына Ороз иштеген үчүн чыгып атасың. Иштей берсең, кытайы, французу болобу, бир күнү баалайт. Менин бир жаман аңгемем Лондондо которулуп басылып атат, Түркияда басылып атат. Кептин баары өзүбүздө. Чыгармачыл дүйнө дегенди мен кеч түшүнүп атпаймбы. Наам дегенден баш тартып, Ороз абыдан эрдик кылыпсың, наам деген сени туткундап алат. Азыр жүрүшпөйбү: наам алгандар бири биринин ырын ырдап, камчысын чаап. Мен бүгүн ыйманымдын алдында эки чоң нерседен баш тарткам деп айта алам. 86-жылы «Нарын правдасы» деген гезитте иштеп атсам, ой мыкты жазасың деп, мени партияга өткөрө турган болушту. Кой кайтарып кетип, комсомолго өткөн эмес элем. Аны жашырышты, ал кезде партияга кирүү деген чоң кадыр-барк эле. Андан ары Алматага партшколго кетмек экем, өсмөк экем. Анан редакторум айтып атпайбы, өтүп келгенден кийин: «Ай, Дүйшөн, эми сени коммунист кылып атабыз, биякка бирдеме бериш керек, обкомго» – дейт. Мен: «Берген жол менен коммунист болбойм» деп чыгып кеткем. Коммунисттик партиядан баш тарткам. Ошол жердеги кишилер тирүү азыр. Экинчиси, «Накен Касиевдин иниси экенсиң, Аламүдүн базары момундай баланс болуп атат», — деп Садыбакасова эжем чакырып алып: «Сени директор кылалы, биз алып кала турган болдук», — деди. Э кокуй, мен газетада жүргөн киши болсом кантип директор болом? Килейген базарга кантип директор болом? Кой, мобу киши болот», — деп, бир кишини алып барып берип, баш тарткам. Ушундай эки мыкты нерседен баш тарткам деп макатана алам. Анан баш тарттым эле деп калышат, мен бу Орозго кичине ишендим.

… ха… ха… ха… (баары күлүп калышты)

О.Байгожоев: Менин баш тартканыма кичине ишендиңби?

… ха… ха… ха… (күлкү уланды)

Д.Керимов: Бул Фрунзеде деп атат. Усубалиевди сындаганбыз. Андан бери бир тооккана курулган жок да мамлекетте. Анан мезгил Усубалиевди ордуна койбогондо кимди коёт? Анан мына, мамлекеттик архитектура долбоору курулбаган үчүн бул уялды да, ай кантип анан мен сыйлык алам деп. Ошондуктан Орозго ишендим. Бирок бул бала тикесинен тик туруп иштеп жүргөнүн көрүп жүрөм өзүм. Аябай иштемчил.

О.Байгожоев: Ой, наконец-то мени мактай турган бирөө бар экен…

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

2 Replies to “Орозбек БАЙГОЖОЕВ: Памятникомания, орденомания, званиемания илдетинен кантип айыгабыз?!”

  1. Орчундуу маселени талкууга койгон, интеллектуалдардын маегин окуп чээрим жазылды. Тилегиниздер ишке ашсын. Сиздердей чыгармачыл адамдарга кен таза мейкиндик каалайм, Кудай берген омурунуздор маныздуу болсун. Бар болунуздар!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.