Биздин бүгүнкү маектешибиз – Эл агартуунун отличниги (2000-ж), педагогика илимдеринин кандидаты (1990), доцент (1999), филология илимдеринин доктору (2011), белгилүү окумуштуу Үмүт Култаева.

– Үмүт Баймуратовна, өткөндө Сиздин кызматтан алынгандыгыңыз туурасында жаңылыкты интернеттен көзүм чалып калгандан улам, иштин чоо-жайын өз оозуңуздан билгибиз келип туру. Илимий коомчулукта кадыр-баркы бийик сизге окшогон инсандарды моралдык колдоого ала тургандар да жок эмес. Алардын да пикирин жарыялайбыз. Кеп бу жерде коомдо өз пикири, принциби бекем сиздей адамдарга болгон азыркы бийликтин мамилеси, кодулоосу күчөп бараткандай туюлат…

— Эми, Олжобай иним, кеп кызматтан кеткенде деле эмес. Атадан калган кызмат жок дечи. Кээде биз кызматтын кулу болуп алып, руханий жан-дүйнөбүз талап кылган нерселерди жоготуп алып жатпайбызбы. Мени тымызын “кодулоо” башталганда мен ичимен тынч алып, кыштын күнү илимий иштеримди иштейин деп эле калгам. Бул жерде “айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” болуп кетти. Кеп менин кызматтан бошогонумда эмес, бүгүнкү күндө кызматтан кимдер гана бошобой жатат. Мен бул ишти трагедия дебейм. Кеп адамга жасалган адамгерчиликсиз мамиледе, коомдук турмуштун интриганын сазына батып калганында, билим берүү системасын саясатташтыруунун кесепетинде. Анын үстүнө эң кадырлуу окуу жайы болгон Улуттук университетке улам ректор алмаша берип, элди да, келген жетекчини да жөн иштетпей жаткандыгында. Ректордун эркин интрига мокотуп салгандыгында. Сырткы жана ага ички интриганы билип туруп, анын мизин кайтарууга ректордун эрки жеткен жок. Өзүнүн позициясын далилдей албай жетеленип кетпедиби. Балким, өз ордун сактап калуу максатында болду. Бул биринчиден. Мен жогору жактан “иштен ал” деп көшөрө айткан киши бар экенине деле ишенбейм. Жөн гана алдын ала сактануу деп эсептейм. Экинчиден, мен экөөбүз сүйлөшкөндө ачык айткам. Мен кызматка жабышпайм, сизге эле зыян болуп жатса, кетип деле калам, бирок эмне үчүн саясий интриганын курмандыгы болушум керек? – деген суроону койгом. Бул суроо менен өз позициямды билдирдим деп ойлогом. Эс алууга арыз жазыңыз деп өз оозу менен айткан соң, мени сыйлабаса мейли, өз сөзүн сыйлап макулдашууга эмне үчүн тура албаганын түшүндүрбөйбү. Айтылган сөз – алышкан кол. Бул адамга жасалган адамгерчиликтүү мамилеби? Бүгүн мага жасалган бул мамиле, эртең экинчи, үчүнчү кишиге жасалат. Биз чындыкты айткан үчүн, жеке пикир айткан үчүн күнөөлүбүзбү. Азыр айтпасак, качан айтабыз.
Мен 9-15-декабрда Кытай Эл Республикасына ректор менен бирге барып, жылдын жыйынтыгын чыгарып, кийинки жылдын Башкаруу кеңешинин курамына кирип келгем да. Анын протоколу турат. КУУнун сайтында да бар. Ректор экөөбүздүн ортобузда иштиктүү, жакшы мамиле бар болчу. Эгер мени алмаштыруу зарыл болсо (ал анын жетекчилик укугу экенин түшүнөм), ошол Кеңеште ректор пикирин айтуу керек эле. Анткени бул кызмат ошол Кеңеш аркылуу чечилүүгө тийиш. Мындай жобо Конфуций институтунун Уставында ачык жазылган. Ал жерде жыйындын төрагасы ректорго: “Сизде пикир барбы?” – деп расмий түрдө түз кайрылган. Ал: “Жок, колдойм- ” деп жооп берген. Муну Кытай тарап далилдеп берет. Мен кытайлардан деле намыстанып жатам. Кызматка жабышып жаткан жерим жок. Алар мага телефон чалып, баягы күнү эле тизмени бекитпедик беле, ректор өзү макулдук бербеди беле деп таң калып жатышат. Кытай тили боюнча квалификациялык экзамен боюнча Конфуций институтундагы жогорку көрсөткүч үчүн “Зор салымы үчүн” деген бриллиант сыйлыгын алып келгенбиз.
Келген соң кийинки жылга эмгек келишимин узартуу боюнча арыз жазылган, эки нускада эмгек келишими толтурулган. “Макулдашылды” деп, тиешелүү колдор коюлган. Бирок буйрук колума тие элек болчу. Жылыга эле январдын 10дорунда алчубуз. Мындай процедура жыл сайын болот. 1-январдан, 31-декабрга чейин толтурабыз.
25-декабрда Канат Жалилович мени чакырып, лингвистикалык комиссияга киргенимди, бүтүм бергенимди аныкпы деп сурады. Анык дедим. Кырдаал такталган соң, бул ортодогу эле интрига деген жыйынтыкка келип, кеткем. 3-январда ректор үйө телефон чалып, экинчи жолу чакырды. Мен 4-январда эртең менен келип ректорго кирдим. Ал бирөөлөр кыйнап жатканын, бүтүмдү ким жазганына кызыгып жатканын, эмгек келишимин узартуу кыйын болуп жатканын айтты. Экөөбүз өз ара түшүнүшүү маанайында жылуу сүйлөшүп, андай болсо мен эс алууга кете турайын деп арыз жазып кеткем, макул болгон. Арызды кабылдамага таштап коюңуз деген. Катчыдан кагаз алып, өргүүгө арыз жазгам. Өзүмдү эс алуудамын деп ойлоп, ичимен үйгө сүйүнүп кеткем, анткени жаза турган иштерим бар эле. Анан капысынан эле 8-январда кеңсе бөлүмү чакырып, менин бошогонум жөнүндө буйрук берип жатпайбы. Мен таң калып, түшүнбөй калдым. Өзүнө кирейин десем, Кытайга кеткен, качан келерин билбейбиз дешти. Мен күтүп жаттым, келгенден кийин жагдайды түшүндүрөт ко дегем. Анткени менин лингвистикалык комиссияга киргенимди тактоо үчүн бир эмес, эки жолу убакыт тапкан. Андай болбой күндөр өтө берди, кытай тарапка 20 күнгө чейин айтылган жок. Бул эл аралык этикетке туура келбейт.
− УКМКга чакырылганыңызды кандай кабыл алдыңыз?
− УКМКга чакырылганымды деле туура түшүндүм, алардын да кызматы да. Ырас кылмыш иши козголгон соң, алар чакырыш керек болчу. Бирок, менин кызматым менен ал кылмыш ишинин байланышы болбош керек эле деп ойлойм. Жеке пикиримди айтканга укугум жокпу? Топтун мүчөлөрүнүн баары эле чакырылды. Менин кызматым боюнча маалымат ошондон кийин ачыкка чыкты.
− Сиз “Азаттыкка” өзүңүз кайрылдыңызбы? Биз маалыматты “Азаттык” аркылуу билдик.
− Жок, мага чейин аларда маалымат бар экен, мага журналист телефон чалды. Ушул фактылар аныкбы деген суроо менен. Сиздин жумуштан бошотулганыңыз чынбы деп. Анан мен калп дейт белем. Ооба, ырас дедим. Кээде журналисттердин “чыгармачылыгы” ашып кетеби, кошумчаларын кошуп жиберет экен, мени топтун жетекчиси деп салыптыр. Мага чалган номерге кайра чалып, мен жетекчи эмесмин, жөн эле мүчөмүн десем, “ии туура эмес кетип калыптыр, оңдойм” деген. Оңдогон жок окшойт. Анын УКМК кандай суроолорду берди деген суроосуна жооп бербеш үчүн кайсы бирин айтмак элем, 3 саатта жети атама чейин суроо болду десем, аны да маалымат катары жазып жибериптир. Ал жерде берилген суроолорду коомчулукка чыгаруу туура эмес экенин мен түшүнөм. Ошондуктан кыргыз тилинде айтыла жүрчү айтымды аткан болчумун.
– Сиз катышкан комиссия курамында дагы кимдер болду? Себеби жамы журт да кимдин ким экенин биле жүргөнү ийги. Болбосо кантип алардын арасындагы ала карга жалгыз эле сиз болуп калганыңыз таңгалтырат?..
− Адегенде “баатырлар” көп эле болчу, кийин иш процессинде беш киши калыптыр. 2 филолог, 1 социолог, 2 саясат таануучу. Алардын өздөрүнүн уруксатысыз аттарын айтпай эле койгонум оң го. Башка окуу жайлардан бар. Алар башында эле “биздин ректор биздин пикир үчүн жооп бербейт” деп жатышкан. Убагында бул сөзгө маани деле бербептирмин. Эми ойлонуп жатпайымбы. Бирок мен берген пикирим үчүн өкүнбөйм. Мезгил баарын ордуна коёт эмеспи. Карамзин айткандай, “…тарых кекчил келет…”. Кечээ “Каганат” сайты туура жазыптыр: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”. Талдоо деле оңойго турган эмес. Оригинал менен интернетте жарыяланган үзүндүнү бир нече жолу салыштырып укканбыз. Ар бир сүйлөмүн талкуулаганбыз. Бирок маселе Бабановдо эмес. Аны түшүнгөндөр түшүнүп жатат, түшүнбөгөндөргө айла жок.
− Бул маселе коомчулукту дүрбөтүп жибергени байкалат. Сиз комментарийлерди окудуңузбу?
− Албетте, башында окудум. Элге ыраазымын. Бирок таяктын экинчи учу бар эмеспи, карандай калп, билбей туруп эле болжоп сүйлөгөндөрдү көргөндөн кийин окубай койдум. Мени бир эргул Бакиевдин тушунда БГУга ректор болгон деп жазыптыр. Айласыздан күлөсүң. БГУ мен сыйлаган окуу жайлардын бири, бирок мен ал жакта ректор эмес, окутуучу болуп да бир күн иштеген эмесмин. Бакиевге чейин да, андан кийин деле иштеп жүрбөйүнбү. Калпычылар менен акыйлашып олтурмак белем. Маселени түшүнбөй эле сүйлөй бергендер да көп экен.
Дагы бир жагдай бир терс маанидеги окуяга күбө болсо, тарпты көргөндө жорудай баса калган интригандар бар эмеспи. Эки-үч комментарий кимдин буйругу менен ким тарабынан жазылганы, почерки көрүнүп турат. Калптарды, адамдын инсандыгына, билип-билбей жердештигине асыла баштаганда окубай койдум. Анын ордуна китеп окуганым жакшы эмеспи. Эми эл оозунда элек жок. Негизинен кайдыгер эмес инсандар бар экенине кубандым.

– «РухЭш» сайтынын окурмандары сизди чоң окумуштуу гана эмес, чебер котормочу катары да жакшы тааныйт. Андай котормолоруңуздун бири биз жарыялаган котормо боюнча конкурста Лу Синдин «Жиндинин күндөлүгү» аттуу керемет аңгемеси менен 1-орунга татыктуу болгон элеңиз. Кытай жазуучуларын түпнускага салыштырып которгон түйшүктөн башка дагы эмне менен алексиз азыр?

— Эми ал иш менин жеке демилгем. Анткени мен Кытайдагы этникалык кыргыздардан келген мыкты балдардын магистранттык ишине жетекчи болуп калган соң, кызыктуу илимий проблеманы көрдүм. Көбүнчө биз кытай жазуучуларынын чыгармаларын орус тилинен которот эмеспизби. Менде суроо туулду, экинчи тилден которгондо “сорпосунун сорпосу” болуп калбайбы деген. Ошондуктан мен орусчадан которуп, магистрант менен чогуу олтуруп кытай тили менен ар бир сүйлөмдү тыкыр салыштырганбыз. Ошондо кызыктуу фактыларга күбө болдук. Бул абдан керектүү илимий багыт экен.

Ал эми берилген суроого жооп берсем, өтө маанилүү долбоор бар эле. Бул кытай тили боюнча боюнча Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн бала бакчадан жогорку окуу жайына чейин жазылып жаткан окуу китептер. Биз бул долбоор менен 2010-жылдан бери иштеп келе жатканбыз. “Жибек окуулуктар түрмөгү” деген Борбордук Азияга типтүү программа менен жасалып жаткан чоң долбоор. Кытай тилинин грамматикасына казактар үчүн – казак, кыргыздар үчүн – кыргыз, тажиктер үчүн – тажик тилинде түшүндүрмө берилчү. Мунун маанисин түшүнбөй туруп эле ал жерге кытай тилин билген адам олтуруш керек деп кыйкырып жатышпайбы. А кытайларга кытай тилин кыргызча түшүндүргөн адам керек болчу. Алар бир котормочу, бир окумуштууга суроо-талап менен кайрылышкан. Котормочум экөөбүз чогуу ар бир сүйлөмдү он жолудан карап, талкуулап анан оңдоо киргизчүбүз. Ушул долбоор азыр акыркы этабында болчу.

Котормо иши боюнча, “Манас” эпосу боюнча, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда окулушу боюнча эл аралык конференцияларды пландап жатканбыз.

Эске салсак, 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого аттанган Өмүрбек Бабанов өзбек тектуу мекендештерибиз менен болгон үгүт жүргүзүү ишинде Он-Адыр айылында “тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык” деген сөзү үчүн Башпрокуратура ага «конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон эле. Бул боюнча атайы лингвистикалык комиссия түзүлүп, тилчилердин талдоосунан кийин Ү.Култаева Бабановдун сөзүндө эч кандай кылмышка илинчек жоктугун ачык билдиргени үчүн кыматынан кол жууп отурат…

Олжобай ШАКИР

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.