Туңгуюктан туура жол тапкан кыргыз,
Чырак жакпай түндүккө таккан жылдыз.
Кокодон алып жанын кашайтпасаң,
Көкташтай козголбостон жаткан, жылгыс.

 Майда барат нерсени элебеген,
Жамбашка таш өтсө да кенебеген...
Мурдуна араа, балта, балээ да өтпөс,
Бай-сайыңды бучкагына теңебеген.
Москва ш. 1910-жыл.

Тээ онунчу жылы кенебестигибиз жанды кашайтканда жазылып калган саптар эле. Ыр дегендей деле эмес. Бир шуу деген үшкүрүк сыяктуу эле нерсе. «Өз өзүңдү мактасаң өзгө жандан түңүлөт» деген макал эске түшүп ушул ойду жазып атам. Анткениме мына бу себеп болду: Кыргызстанды кантип өңүктүрсө болот? Мекенчилдик духту канткенде көтөрөбүз? — деген суроолор баарын кыжаалат кылып турган кез. Ошол маселе боюнча бир ой маземди алып жүрөт. Ошону бөлүшкөнү турам.

Азыр Россиянын кинотеатрларында «Движение вверх» деген фильм көрсөтүлүүдө. Кассалык жыйымы рекорд койду дешип атат. Күндө беш-алты жолу ушу жөнүндө баардык мамлекеттик телеканалдар аркылуу айтылууда. Буга чейин да «Легенда № 17» деген В.Харламов жөнүндөгү фильм ушундай реклама болуп турган. Рекламанын күчүн кара! Адамдар таң эртеден кечке, түнкү сеанстарга агылып эле кирип атышат. Бул фильмдер экөө тең спорт жөнүндө. Спортту, патриотизмди даңктаган фильмдер. Карачы! Мамлекеттик идеологияны массага кантип таратыштын эң эффективдүү жолу! Реклама — прогресстин мотору! — деген туура сөз экен.

Россиянын телеканалдары кызуу реклама кылып турбаса мындай кызыгуу боло беле, жокпу? Сеанстан чыккан адамдардан интервью алышып аны да тынбай көрсөтүп атышат. Алар ушунчалык толкундануу менен көрүшкөндүгү, фильмде баяндалган окуя көкүрөгүнө сыймыктануу толтурганы жөнүндө уу-дуу. Албетте, ушундай билгичтик менен жасалган рекламадан кийин адам өзүнөн өзү эле ал кинону көргүсү келет. Аны көрбөй калса өзүн ал кинону көргөн башкалардан кем сезет. Адамдын жаратылышы ушундай. Башкадан кем болгусу, начар болгусу келбейт эч качан.

Бизде ушундай кылса болобу? Ага шарт барбы? Албетте бар! Интернет бар. Мамлекеттик телерадио бар. Гезит-журналдар бар. Рекламалай турган нерсечи? Бар. Толуп атат. Жасай турган адистер да бар. Башкасын коюп Кыргызстандын жол боюндагы жаткан ташы да жарайт. Иштин көзүн билгендер да бар. Кечээ «РухЭш» сайтынан бир жакшы жаңылыкты окуп алып абдан маанайым көтөрүлүп калды. Мурун кара жарманы «Шоро» деген брендке айлантканга жараган Табылды Эгембердиевдин ишканасы, дагы дал ошол талканды шоколад кылып чыгарыптыр. Азаматтар! Жалгыз эле талкан эмес дечи. Компоненттери баары табигый заттар. Бал, жаңак, данектер, мөмө-жемиштер. Бул азыркы учурга эң керектүү нерсе да. Жер жүзү экологиялык кризистин азабын жаңыдан гана башынан өткөрө баштады. Эң тоолуу деген өлкө Кыргызстанда эмне болуп атканы көрүнүп турбайбы. Бишкектеги түтүндү айт эми. Мына ушунун баары келип-келип эле ден-соолукту начарлатат да. Үч жыл мурун витаминдер жөнүндө бир чакан китепче жазган элем. Ошондон үзүндү:

«Биз – кыргыздар да тоолуу өлкөнүн жашоочулары болуп эсептелебиз. Ошобузга сыймыктанабыз. Ал эми азыр сыймыктанууга акыбыз да калбады. Кыргызстандын экологиялык абалы жөнүндө баары билет. Катастрофалык чекке жетейин, жетейин деп эле турат. Улам кийинки муун майдаланып, кичирейип төрөлүп атышат. Айкөл Манасты коюп кечээги Кожомкул, Бөлтүрүктөй, аларды да коюп мындан отуз-кырк жыл мурунку төрөлгөндөр менен бүгүнкүлөрдү салыштырып көрсөңуз эле кайсы тармак боюнча, кандай көтсөткүчтөр боюнча болсо да баары айдан ачык болуп турат. Бүгүнкү төрөлгөн бала баардык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилет. Элүүбай, Алтымыш, Жетимиш, Сексенбай, Токсонбай деген аттар да коюлбайт эми. Мен бала кезде андай аттарды ар бир айылда жок эле дегенде беш алтоосу алып жүрчү. Азыркы “төрөөчү” келин, өзү чыпалактай болуп турса, ден-соолугу чың саламат, саглам бала төрөп бер дегендин өзү жеткен акылсыздык болор эле.

Ал эми ата болчу уулдарыбызчы! Отуздун тегерегинде импотент болуп калып атышпайбы. Ойлончу мезгил келип, ал эле тургай өтүп да баратат. Тоолук болгон менен баарыбыз тоодо жашабай калбадыкпы. Алты миллиондой эл болсок, анын жарым-жартылайы дүйнө кезип, тарап кетпедикпи. Ала-Тоону жылына бир көрсөк көрдүк, болбосо жок.

Айылга барсаң сен келгенче аткарчу ишиң чогулуп, алардын баарын бүткөнчө отпускаң бүтүп, кайра кайтышка мажбурсуң. Көлдүк тааныштарым бар. Сурасаң, көлгө түшкөнгө убакыт жетпей келе беришкенин айтышкан окуялар толтура. Арстанбап тараптан болом. Барган сайын эле бир карыш турган касиеттүү жерге барып келгенге убакыт жетпей жүрөт. Биздин улуттук тамак-ашыбыз, дасторконубуз дейбизби, кухня дейбизби не дегенде да башка улуттардыкына караганда жарды экенин да моюнга алышыбыз керек. Москвадагы көптөгөн жердештердин рационун “доширак”, “ролтон” анан ар кандай фас-фуддар, баягы эле “улуттук” чай, нан+кант түзөрүн көрүп эле жүрөм. Сыр бербеген менен табиятты алдай албайбыз. Биздин майдаланып кетишибиздин бир себеби да мына ушунда жатат!

50-60-жылдары туулгандар жакшы билишет: биздин рационду чай, нан, кант дегендер гана боло турган. Кыргыз деген жер иштетишти деле жакында өздөштүрбөдүкпү чынында.

Белгилүү куудул Күмөндөр Абылов айткандай: «Нарында бирөө эшигине эки түп бадыраң эгип алса, аны мазакташып, ага “Мичурин” деп ат коюп алышыптыр», -дегени да чындык. Салыштыруу үчүн ушуга дагы бир мисал: Москвада жүргөндөр өтө жакшы билишет, бул жердеги помидор менен айылдагы помидордун айырмасы ат менен төөдөй. Эми дагы бир нерсени айталы, биз бала кездеги же элүү жыл мурунку убактагы жашылча жемиштер менен азыркы убактагылардын айырмасы асман, жердей. Ошол убактагы мөмө-жемиштердин даамы, жыты азыркы биз жеген мөмө-жемиштерде жок! Мына ошол даамды, жагымдуу жытты берип турган нерселер сөз болуп аткан биоактивдүү заттар! Же башкача айтып жүрүшкөндөй ВИТАМИН мына ошолор! Витаминди кол менен кармап ажырата албайсың. Көз менен да көрө албайсың. Жеген азыктагы даам жана жыт, витамин аз же көптүгүн, бар же жоктугун билдирип турчу индикаторлор десе да туура болот.

Адам баласы бул дүйнөгө бир гана жолу келет! Адам өмүрү өзү өтө кыска. Ошол кыска өмүрүбүздү өзүбүз кыскартып атсак, анда бизди эмне десе болот? Ушул жаман нерсени жакшыга айлантуу мүмкүндүгү да бар экенин дагы бир жолу баса белгилей айта кетем. Андай мүмкүндүк бар! Ар бирибизде бар.

Дүйнөдө мына ушундай экологиялык жактан таза азык-түлүк продуктыларына суроо-талап абдан жакшы болуп турбайбы. Талап болсо бар, сунуш кыла турган товар да болсо. Болгону эле ошол товарды реклама кылуу керек да. Ушул жагын баарыбыз колдоп ийбейлиби. Кудайга шүгүр интернет бар. Анда жайнаган соцтармактар: «Фейсбук», «Одноклассники», «В контакте», «Ватсап», «Инстаграм», «Твиттер» ж.б.д.у. сыяктууларга миллиардаган адамдар киришет. Ошолорго таратсак деле сонун болбойбу. Болгону кызыктуу, талапка ылайыктуу рекламалык ролик керек. Ошол жагын мамлекет колдоп бергенде жакшы болот эле.

Атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү жагы өкмөттүн түздөн-түз милдети го. Бул деген эртеңки күнкү киреше, салык жана иш орундары эмеспи. Интернет баракчаларыбызга бирөөнүн абийирин төгө турган материалдарды жүктөй бербей ушу «Супаранын» шоколадын деле коёлу да. Башка жакты айтпай эле Москванын өзүндө канча кыргызстандык барбыз. Ден-соолугубузга да пайда го. Мен деле неберелериме алып берет элем. Эгер «РухЭш» сайттын ээси макул болсо, витаминдер жөнүндө жазган китебимди берет элем. Элге пайдасы тийсе болду.

Ушундай колго ала турган саамалыктар жөнүндө, ошондой долбоору барлар жөнүндө сураштыра жүрсөк деген ойду да айта кетейин. Бирибиз билбегенди бирибиз билебиз. Андай адамдар бирибизге жакын тууган, коңушу же тааныш. Бир тууган акем көп жылдан бери микрогэстерди куруп жүрөт. Минигэстер боюнча да бир нече долбоору бар. Өзү жогорку билимдүү адис. Жала-Абадда турат. Документ жагы, сметалары, техчиймелери баары даяр. Бирок канча жылдан бери мамлекет тараптан колдоо таппай келет! Кимге барса аны-муну шылтоо кылып өткөрбөй жүрүшөт. Эгер кимге чакан ГЭС керек болсо же иштешем десе, «Фейсбуктагы» баракчасында маалымат турат.

Мына мен бир сунуш киргизип койдум. Келгиле, башкаңар да билгениңерди айткыла. Жанагы «бир уучтан куйса толтурат, бир муштап койсо өлтүрөт» дегендей кылалы.

Ал эми патриоттуулукту, мекенчил духту кантебиз? Бул суроонун жообу башталышында айтылгансып калды. Ошол ойду толуктап кетейин. «Айтылган сөз, атылган ок» дейт элибиз. Сөздүн күчү ушунчалык экен. Ой элестүү, түшүнүктүү болушу үчүн, оболу сөз деген эмне экенин аныктап алалы.

Сөз — бул информация же маалымат. Ал эми информация — бул энергия. Энергия болсо баарын кыймылга келтирүүчү. Жашоонун мотору! Мына ошол тирүүлүктүн кыймылдаткычы сөздө камтылып турат! Өлкөбүздү өнүктүрүп кетүүчү күч, экономика деп жаңылыш ойлоп жүрөбүз. Экономика идеясыз эч нерсе эмес. Мамлекеттин идеологиясыз экономика эч качан оңолбойт. Мамлекеттик, улуттук идеологияны калктын кан-жанына сиңирбесе анда ал мамлекеттин келечеги жок.

Калың журтка жогорто айтылып кеткендей эле иш жасаш керек. Бирок ага убакыт керек. Тез арада оңолобуз десек элди тез көтөрө турган идеяны кино, театр, адабият аркылуу элдин аң-сезимине күндөп-түндөп куюп туруш керек. Азыр ар кандай технологиялардын заманы. Ошонун ичинде психологиялык технология да бар. Мына ошондой технологиялык ыкманын бири реклама. Реклама деген, сөздүн ачыгына келгенде бул кадимки эле гипноз. Болгону эле гипноз деп айтылбайт. Адамга тийгизген таасири болсо гипноз.

Мисалга көптөгөн окуяларды алса болот. Динди алып көрөлү. Кантип азыркыдай деңгээлге көтөрүлдү? Күндү күн, түндү түн дебей даават жүрүп атат. Мечиттер салынууда. Ал мечиттерде түшүндүрүү иштери аябай жакшы болууда. Элдин көңүлүндөгү нерселер айтылууда. Муну да динди рекламалоо десе болот. Болгондо да дамамат жүрүп аткан реклама. Дагы бир мисал: базарга же дагы бир эл көп топтолгон жерде ун же туз кымбаттайт деген имиш сөз атайылап же жөн эле айтылсын дейли. Жалган чынын териштирип, сураштырып отурбайт эл. Кымбаттап кетишинен, ачка калыштан коркот адам. Анан тыянагын көрүп ал. Ошол имиш сөз да гипноздой таасир кылат.

Элдин духун массалык түрдө көтөрүш үчүн Россиядагыдай эле иш жасалыш керек. Ошондой жаңы кино тартыштын мүмкүнчүлүгү болбой турса анда, мурдагылардан тандап алса да болот. «Манас», «Курманбек» эпостору жазылган тасмалар архивдерде эле жатат. Ошолорду КТРК жана башка телеканалдар тынбай көрсөтүп турсун. Көрүүчүлөрдүн оң, жакшы деген ой-пикирин да тынымсыз көрсөтүп туруш керек. Исхак Раззаков жөнүндөгү фильм да ошондой ишке жарагыдай десе да болот. Бирок фильмдин аягы трагедия менен бүтүп калганы гана айтылгандай максатка жарай бербейт. «Курманжан Датка» жөнүндөгү кино да жарайт. Дагы бир ой. «Чоң теринин бучкагы» сыңары, күчтүү кино мектебинин өкүлдөрү болгон саналуу кино режиссерлор калды. Мен билгенден Болот Шамшиев анан Геннадий Базаров экөө эле калды окшойт. Ушулардын ал кубаты барында «алдап соолап» күчүн алып калышса жакшы болмок.

Мүмкүн бул кино усталарынын сандыгында даяр сценарийлер да катылып жаткандыр. Садык Шер-Нияз да режиссер катары такшалып калды. Айтыш жагын жана маданияттын башка тармактарына башоту менен кирип, каны-жанын аябаган чыныгы патриот инсанда да жаткандыр идеялар. Баса белгилеп кете турган нерсе, фильм болобу же спектаклби, же адабий чыгармабы, аягы сөзсүз жакшылык менен гана бүтүшү керек. Ошондой жакшылыкка, жеңишке, бакытка жетиш оңой болуп сүрөттөлүшү кажет. Бул сөзсүз аткарылыш керек болгон шарт. Жомоктор сөзсүз жакшылык менен бүтөөрү да ушундан улам. Себеби адамдын аң-сезиминде эмне болсо да оңой болушу керек. Кыйынчылыктан коркпогон адам өтө чанда кездешет. Психологияда «момпосуй жана камчы» деген нерсе бар (кнут и пряник), бул метод жашообуздун баардык жагында колдонулат. Бул эң бир эстен чыгарбай жүрө турган метод. Бул метод баардык диндер тарабынан мыкты пайдаланылат. Бейиш момпосуй болсо, тозок камчы. Ошон үчүн адамдар бейишке киргиси келип динде айтылгандай болушат. Кимдин эле тозоку болуп отко куйкаланып азап тарткысы келсин.

Каражат жагына келсекчи. Каражат да сөзсүз табылат. Жакшылык жерде жатмакпы. Колдоп кетчү кыргыз чыгарына бөркүмдөй ишенем. Ушундай чыгарманы ким жазат дегенге, Манастай улуу алп эпос жараткан элден чыкпай коймокпу. Чыгат. Болгону эле «оозду курук чөп менен аарчымайды» токтотушубуз керек. Азыркы чыгармачылык жаатында укмуштай бир күчтүү толкун пайда болуптур. Көз тийбесин. Ошолордун ичинен топ жарган бирөө чыгып, ошондой ойду албетте жазат.

Садир ДОСБАЕВ

3 Replies to “Реклама жөнүндөгү карынын кебин капка салсак кантет?”

  1. Акырындагы келтирген икая айтылган ойго таптакыр коошпой калыптыр. Олжобай ушуну алып салганда жакшы болот эле. Убара кылганым үчүн кечирим сурайм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *