Ак эмгектен агарып-көгөргөн, акылы терең, пейили кенен Тойчубай уулу Апин аттуу агабыз ЧоңКемин өрөөнүнүн КалмакАшуу айылынын аягына эчен жыл элибизди багып келаткан кадимки кара кетменге ээн талаанын этегине, кара жолдун боюна чо-о-оң эстелик тургузуптур.

Атайын ат арытып барып: “Кайран гана калдайган кара кетменим!” – деп жоон карагайга сапталган жонунан сыладым, маани катып маңкайган маңдайынан сыладым.

Өткөндү эстедим, кеткенди эстедим.

Өмүр бою сугат сугарып эл баккан, журт баккан Көкүмбайды эстедим.

Асмандатып чапканда ай нуруна чагылган, көкөлөтүп чапканда күн нуруна чагылган Көкүмбайдын кара кетмени болоор эле

Келгендер көп, кеткендер көп.

Бул кетменди көргөндөр өзүнүн айылындагы Көкүмбайын эстейт. Ар айылдын кетмен көтөргөн күжүрмөн Көкүмбайы бар эле. Мен да өзүмдүн Көкүмбайымды эстедим…

 

Койчу эмес өмүрүндө түк бир шашып,

келчү эле кеңсе жакка жүйрө басып:

“Сергилов Көкүмбаймын!” – атын айтып,

“Жумуш бер колоктотпой!” – датын айтып,

“мал…” – десе чалыр көзү чакырайган,

“суу…” – десе кыйшык көзү бакырайган,

терин сүртүп турчу анан чекедеги,

жаш баладай жер карап көчөдөгү,

башын кашып турчу анан тасырайган…

 

“Уй бак!” – десе уюңду көксөбөдү,

“Кой бак!” – десе кой багып темселеди,

акыр бир күн жетти анан кетменине,

кетмен эле, суу эле эңсегени.

 

Чоң дайраны жыкты анан талаасына,

чоң сугаттын айланды Манасына,

ымаласын издеди жердин-суунун,

ырын ырдап асман-жер арасында.

 

Кайран Көкөм как жерди катыра чаап,

капысынан күн куйса шатыра жаап,

кетмен менен сууңду буруп жүрдү,

кетмен менен чымыңды матыра чаап.

 

Көкүмбайдын баш ийип кетменине

көгүш дайра күрпүлдөп көктөмүндө

бөгүп чуркап бөксөрдү кайран дайра,

сойлоп “чуркап” сорулду көк чөбүнө.

 

Жумуш десе жумшарбас катаал адам,

жортуп-жыртып суу кетпей баш-аламан,

буулуккан суу бузалгыс булак байлап,

кара чөбү талпынып канат байлап,

картошкасы кана ичип какабаган,

кара сойлок суу бүркүп ха-ха-лаган,

калың беде суу ичип чакалаган,

тизесинен суу кечип буудайлары,

таманынан сыз өтүп куурайлары,

алды жагы суу ичсе караңгыда

таң алдына туш келип арка жагы,

жайылган суу жүгүрсө таманына

“жалп! жалп!” толкуп турчу эле арпалары!

 

Асман-жердин булаңгыр арасында,

Чоң-Кеминдин аптаптуу абасында

жолдош кылып кетменин жүрдү Көкөм

Чоң-Кеминдин боз торгой талаасында.

 

Кайран Көкөм катууңду каңтара чаап,

арыгыңды, ташыңды аңтара чаап,

жер калтырбай жер шарын сугарам деп,

жер калтырбай гүлдөтсөм кубанам деп,

Теңирменти дайраны бурганы чын,

сугатынан чыккан суу толкуп-ташып,

кең Чүйүңдү суу каптап турганы чын.

 

Жулкулдашып булуттуу көктөм менен,

жакалашып жаансыз кездер менен,

дүң түшүрүп турчу эле кайран Көкөм

дүйнө сырын оодарып кетмен менен.

 

Кара кетмен каргыбай темингени,

кара тери буу бүркүп дениндеги,

бүт дүйнөнүн кетменин даңктап турат

Көкүмбайдын кетмени Кеминдеги!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *