Математика жомогу: Окулбай калган сабактар өлкөсүндө

Коля Конфеткин деген  абдан жалкоо жана шалаакы бала бар. Ал  сабактарын дайыма окугусу келбейт. Өзгөчө математиканы. Анын окуу китептери айрылган, дептерлери булганыч. Бир жолу ал сабак окугусу келбей отурса аны окуу китептери менен окуу куралдары  өзү туура эмес чыгарган эсептер жазылган математика өлкөсүнө мажбурлап жөнөтүштү. Дептер кир жана  көп чиймеленгендиктен Коля аябай кыйналып, өзүнүн  жоопкерчиликсиздигинен уялып келатты. Бир кезде ал 5 жана 5 санын жолуктурду. Алар экөө кимдир бирөөгө аябай нааразы экен. Анткени алардын ортосуна < белгиси коюлуптур. Алар Коляга […]

Аскер САКЫБАЕВА: Маңкуртка айланып баратканыбыз ушу!

Олжокенин “РухЭш” сайтынан айтылуу илимпоз, устат, азыркы кыргыздын чыгаан интеллигенти Үмүт Култаеванын алпейим маегин окуп, ыйлагым келди. Эже башына күн түшүп турса да, адамдык бийик парасатынан жазбай, өзүн кызматтан бошоткон окуя тууралуу кылдат айтып бериптир. Сулайман Кайыпов жазгандай, “ата даңкы” менен бийликке илешип келаткан Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Канат Садыковдун Үмүт Култаевага жасаган кылыгын эгер атасы, Кыргыз эл акыны Жалил Садыков кокус тирүү болуп угуп калса, “ырас кылыпсың балам!” дебесе керек, менимче. Кеп Бабановдо деле эмес. Бабановдун Он-Адырдагы […]

Малкиши: дагы бир маңкурт баяны

Кантсе да Чынгыз Айтматов советтик доор,  социалистик коом жана  коммунисттик идеологиянын  айрым мүчүлүштүү жактарына өзүнүн чыгармаларында өтө кескин жана ачык эле  сын формасында  болбосо да гуманисттик  өңүттөн айыптоо менен  кайрылганы маалым. Мындай эпизоддор Айтматовдун  “Кылым карытар бир күн”  романында арбын берилген. Биздин эсибизге  бул айтылуу чыгарманы жазуучу жана журналист Айдарбек Сарманбетовдун “Малкиши”аттуу аңгемеси (“Жаңы Ала-Тоо” журналы, №5 (49) май 2013-жыл) түшүрүп олтурат. Дегеним, бул чакан чыгармада  Айтматовдук акыл-эс, эс тутум идеясы, тагыраагы – эс-акылсыздык, маңкуртчулуктун кесепет, алааматы жагдайындагы кеп-сөз өзүнчө […]

Сабир ДОСБАЕВ: Адамды адам кылып турган эмне?

Түнкү асманга көз чаптырган адамдын көзүнө асман бетин бербеген, көз жоосун алган жыбыраган сансыз көп жылдыз көрүнөт эмеспи. Эгер ай чыгып турган маал болсо ааламдын сулуулугу ого бетер чырайына чыга түшөт. Ой чабыттын жардамы менен ошол жылдыздардын арасына зуулдап учуп барып, анан жерге карасаң: биздин учу кыйыры чексиз эбегейсиз чоң сезилген Жер Энебиз бир кичинекей гана бирок ошончо жылдыздардын ичинен бөтөнчө сулуу, көк жашыл жарык чыгарган жылдыз болуп көрүнөт. Антип элестете албагандар интернеттен ушундай сүрөт, видео маалыматтарды таап көрүп алышса […]

Амирбек АЗАМ уулу: Бийлик эркин ойлонгон интеллектуалдардын «тилин тарттырып» турган кербези

Күздөгү президенттик шайлоонун бурганагы дале басыла элек экен. Окумуштуу-педагог Үмүт Култаеванын өлкөнүн улуттук сыймыгы болчу Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институнун директору кызматынан алынуусу жана президентке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо өнөктүгү маалда Он Адыр маалесинде айткан сөзүнө байланыштуу бейөкмөттүк топтун мүчөлөрүнүн Улуттук коопсуздук кызматына “профилактика” үчүн чакырылганы ушундай ойго түртөт. (Мен бул оюмду ф.и.д. Үмүт Култаеванын “РухЭш” сайтына жана 25-“Азаттык” радосунун берген түшүндүрмөсүнө таянып айтуудамын). КУУ ректору Канат Садыковдун белгилүү окумуштууну эл аралык маанидеги институттун директорлугунан кетирүүсүн да такшалган администратордун өзү […]

Жеват Шакир КАБААГАЧЛЫ: Ыкым[1]

Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. 1890-жылы 17-апрелде Крит шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мехмед Шакир Паша Крит жана Атина шаарларында элчи, аким кызматтарын аркалаган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Бодрум шаарынын антикалык доордогу Халикарнас атын өзүнө псевдоним катары ыйгарып алган Жеват Шакир Бодрумда балыкчылыктан башка көптөгөн иштерде иштеген. Жашоосун жазуучулук жана туризм тармагындагы гид кызматын аркалап, гид кызматы тууралуу […]

Гюстав ЛЕБОН: Ашкере динчилдик орун албаганда тарыхтагы көптөгөн төңкөрүштөр болмок эмес

Гюстав Лебондун айтылуу “Көпчүлүктүн аң-сезими” аталышындагы китебин окуп отуруп мындан бир жарым кылым мурда жашап өткөн бул адамдын көзү ачыктык касиети болгонбу деген ойго аргасыздан кептелесиң. Болбосо азыркы замандагы диний фанаттардын кыял-жоруктарын ошол убакта ушунчалык таамай айта албайт эле да деп андан аркы ойлоруңа жетеленесиң. Бирок мен кеп кылып жаткан бул китепти окуп чыккыча эле ошол араба минген он тогузунчу кылымдагы пенденин диний түшүнүгү менен  азыркы  айфон кучактап, ай менен сүйлөшчүдөй болгон адамдардын Кудайга карата мамилеси бирдей экенине ишенесиң. Гюстав […]