Күздөгү президенттик шайлоонун бурганагы дале басыла элек экен. Окумуштуу-педагог Үмүт Култаеванын өлкөнүн улуттук сыймыгы болчу Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институнун директору кызматынан алынуусу жана президентке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо өнөктүгү маалда Он Адыр маалесинде айткан сөзүнө байланыштуу бейөкмөттүк топтун мүчөлөрүнүн Улуттук коопсуздук кызматына “профилактика” үчүн чакырылганы ушундай ойго түртөт. (Мен бул оюмду ф.и.д. Үмүт Култаеванын “РухЭш” сайтына жана 25-“Азаттык” радосунун берген түшүндүрмөсүнө таянып айтуудамын). КУУ ректору Канат Садыковдун белгилүү окумуштууну эл аралык маанидеги институттун директорлугунан кетирүүсүн да такшалган администратордун өзү жетектеген жамааттын мүчөлөрүнө эскертүү иретинде жасалган  “профилакта” деп атаса болот.

Коопсуздук кызматы экс-саясатчы Ө.Бабановдун талаштуу сөзү боюнча Башкы прокуратура чыгарган аныктамага макул эмес илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн “профилактика” үчүн бирден чакырып, эзели НКВД, КГБ шоокумунан коркуп чоңойгон муундун жүрөгүнө дагы зил салып койду. Эскертти. Непада силердин араңардан Үмүт Култаева жана анын Ко тейдегилер сыңары бейформал топко кошулуп, бийлик бутактары чыгарган бүтүмдөргө ынанбаган көз караштарды айтсаңар, силер да кызматтан кол жууйсуңар же иштеген жайыңарда проблема чыгышы мүмкүн деп. Минтип жарандык коомдун канаты кыркылып жатканда өкмөт түзгөн ар кандай комиссияларда өз пикири жок жана бийлик камчысын чапкан чиновниктердин айтканынан чыкпаган эксперт сөрөйлөр көбөйөрү шексиз. Себеби илимий көз карашында бекем турган эксперттер калыс сөзүн айтабыз деп, бир-эки мертебе “оозу күйгөндөн” кийин берегидей комиссиядан качып же бийликтин (жетектөөчү партиянын) ыктыяры менен болуп калат.

Алар анткени башка жактан жумуш издейм десе, бейөкмөттүк жана менчик илимий борборлор, окуу жайлар жокко эсе. Ал эми окуу жайлардын баары өкмөттүн көзөмөлү астында. Бар жерге “көзүн май баскан” чиновниктердин укуругу жетет. Ушинтип отуруп, мурдакы совет бийлиги кездегидей партиянын сөзүн шатырашатман колдогон мансапкорлор менен биз үчүн партия жана өкмөт ойлонот деген дөдөйлөрдүн армиясы жаралат. Мындай партиянын барынан жогу. Буга СССР тажрыйбасы далил. Ошол “хуп”, “лаппай” деген муунду тарбиялаган партиянын башчылары демократиянын сөз эркиндиги, чогулуу эркиндиги, уюмдарга биригүү эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды коомдун бүтүндүгүнүн коркунучу катары көрүп, өз пикири барларды утурум жок кылып отурган үчүн 1990-жылдардын башында чоң бир империя урушсуз-согушсуз эле кыйрап калды. Болбосо КПССтин катарында 19 миллион коммунист бар эле го.

Азыр да кыргыз бийлиги Үмүт Култаева сыяктуу өз пикирин даасын айткандан тартынбаган окумуштууну Канат Садыков тейдеги ар кайсы бийликте портфелин жоготпогон администратордун колу менен сомго салмак болууда. Албетте, мыкты адис Үмүт Култаева педагог болуп иштей берет деңизчи. Ал эми бул окуядан соң калыс сөзүн “капка бууп койчулар” көбөйөрү айкын. Ушундай чочулоо өзүнүн Конституцияга каршы эч нерсе жасабаганына бекем ишенген илимпоздо да пайда болгон. Ошого Өмүрбек Бабановдун сөзүнөн кылмыш таппаган эксперттердин атын атагандан качып, “2 филолог, 1 социолог, 2 саясат таануучу” деп жатпайбы.

Бул жагынан бийлик эркин ойлонгон интеллектуалдардын “тилин тартууда” ийгиликке жетти. Мындан филология илимдеринин доктору, тажрыйбалуу педагог Үмүт Култаева зыян тартты десек жаңылыштык болот деп ойлойм. Ал киши өз ордун таап кетери күмөнсүз. А мындай тажрыйбалуу адисти берегидей орой жол менен кызматтан кетирүү Улуттук университеттин ректоруна жана аны бул ишке тукурган өкмөттөгү адамдарга убактылуу гана упай берди. Алар кызматына жамынып, бийлик башындагылардан бөлөкчө ойлонгондорду ийге салганга качан болсо каруубуз бар деп, өздөрүнө корстон болуп жаткандыр. Бирок мунусу менен жарандардын эркин ойлоо, ойлогон оюн эркин айтуу укугун бузуп, бийлик менен эл арасында диалогдун болушуна бөгөт коюп жатканын билишти бекен?

Амирбек Азам уулу, Прага шаары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *