Гюстав Лебондун айтылуу “Көпчүлүктүн аң-сезими” аталышындагы китебин окуп отуруп мындан бир жарым кылым мурда жашап өткөн бул адамдын көзү ачыктык касиети болгонбу деген ойго аргасыздан кептелесиң. Болбосо азыркы замандагы диний фанаттардын кыял-жоруктарын ошол убакта ушунчалык таамай айта албайт эле да деп андан аркы ойлоруңа жетеленесиң. Бирок мен кеп кылып жаткан бул китепти окуп чыккыча эле ошол араба минген он тогузунчу кылымдагы пенденин диний түшүнүгү менен  азыркы  айфон кучактап, ай менен сүйлөшчүдөй болгон адамдардын Кудайга карата мамилеси бирдей экенине ишенесиң. Гюстав Лебон жөн гана биздей айры буттуу пенделердин аң-сезимин беш колундай жакшы билген, жан дүйнөлөрүндөгү жагдайды жадыбалдай жатка айткан таланттуу психолог болгон экен.

Кубанычбек АРКАБАЕВ

Көпчүлүктүн ишенимдерин өзүнө камтып бараткан диний түзүлүштөр

Биз мурда көпчүлүк ой жүгүртүп талдап отурбасын, ал идеяларды бүкүлү кабыл аларын же толугу менен кагып таштарын, талаш-тартыштарды көтөрө албасын, каршылыкка чыдабасын, көңүлүнө киргизилген идея анын ой-кыялын бүтүн жана биротоло ээлеп аларын, андыктан ойлонуп отурбай дароо эле аракет кыла баштарын айтканбыз. Биз анан дагы жан дүйнөсүнө киргизилген идеянын күчтүү таасири астында калган көпчүлүк аны ишке ашырыш үчүн өлүмдөн да кайра тартпай каларын жазганбыз, ага күчтүү жана аша чапма сезимдер мүнөздүү экенин билдиргенбиз, ошондой эле жактыруусу бат эле сый-урмат менен сүйүүгө айланарын, жактырбоосу тездик менен жек көрүүгө өсүп жетерине токтолгонбуз. Бул жалпы көрсөткүчтөр көпчүлүктүн ишенимдерин болжолдогонго жол берет.

Ишеним доорундагы, ошондой эле саясый төңкөрүштөрдүн учурундагы, мисалы, келе жаткан кылымда болжолдонуп жаткан ыңкылаптардын жүрүшүндөгү көпчүлүктүн ишенимдерин салыштыра изилдеп келгенибизде ушул ынанымдар атайын бир башкача өңдө көзгө урунат, аларды мен кантип так мүнөздөрдү билбейм, бирок диний сезим десем чындыкка жакын болормун дейм. Бул сезимдер жөнөкөй гана мүнөздөлөт: жогорку дүйнөдө бар экени болжолдонгон улуу күчтү аздектеп сүйүү, ага таңууланган кудуреттүүлүктөн коркуу, анын кимдир бирөөлөр ойлоп тапкан буйруктарын сокур түрдө аткара берүү, ал таңуулаган сенек ынанымдарга каршы чыгууга мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу, аларды жайылтууга каалоонун күчтүүлүгү, аны тааныбагандардын баарын душман катары саноо. Ал сезимди мүнөздөсөк негизгилери ушулар. Бул көзгө эч качан көрүнбөгөн Кудайга тиешелүүбү, же ташбалбалгабы, жыгач куурчаккабы, болбосо кайсы бир баатыргабы, же саясый идеологияга таандыкпы – кандай болбосун анда жогоруда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөр көрүнөрү менен диний мааниге ээ болот.

Акылга сыйбастык жана кереметтүүлүк анда бирдей эле деңгээде учурайт. Көпчүлүк өзү аңдап билбестен учурдагы аша чаап берилүүсүнө татыктуу болуп, аны ого бетер козутуп турган саясый түзүлүштү же жеңиш алып келүүчү жолбашчыны өз сырдуу күчүн колдонуу менен даңктап сыйлап, төбөсүнө көкөлөтөт.

Динчилдик кайсы бир кудайды аздектөө менен эле чектелип калбайт, качан гана адамдын баардык акыл дараметин жана бүткүл эркин кайсы бир иш, окуу же кандайдыр ыйык делген киши, ал тургай жандык толук бийлеп алганда ашынган кызуу кандуу фанатчылык жаралат да, адамдар тобу менен ага кызмат кылыш үчүн умтулуп, бөгүлө-чөгүлө сыйынып, өз ойлорунун жана аракеттеринин жетекчиси кылып алат.

Чыдамсыздык жана фанатчылык ар бир диний сезими бар адамга тиешелүү жорук болуп саналып, ал ар бир жердик ынанымдардын жана түбөлүктүү жыргалдардын жашыруун сырларын билем деген ишенимдегилердин жан дүйнөлөрүн бийлебей койбойт. Мындай мүнөз кандайдыр бир ынаным үчүн көтөрүлүп чыккан баардык эле топторго тиешелүү. Якобинчилер зордук-зомбулукчул аракеттерге барып турган кездеринде инкивизиция учурундагы католиктердей эле абдан динчил болушкан. Алардын жырткычтыкындай кызуу кандуулугу дин деген бир эле булактан башат алат.

Көпчүлүктүн ишенимине мүнөздүү белгилер: кыңк этпеген сокур баш ийүү, ачуулуу түрдөгү чыдам кетүү,  диний сезимге жагымдуу үгүт-насаатка муктаждык. Мына ушундан улам биз көпчүлүктүн ишеними дайыма диний мүнөзгө ээ экенин улам бышыктап айтып келебиз. Караламан таазим этип тизе бүккөн баатыр ал үчүн чынында эле Кудайга тете. Наполеон ушундай бийик даражада он беш жыл бою отурган, анан эч бир кудай сымалдангандардын аныкындай абдан берилген жан-жөөкөрлөрү болбогон, бул диктатор сыяктуу эч бир пайгамбар көптөгөн адамдарды өлүмгө оңой эле жиберип турбаган.

Бутпарас жана христиан кудайлары багынып берген жандардын үстүнөн эч качан ал сыяктуу чексиз бийликке ээ болушкан эмес. Диний жана саясый ишенимдердин түптөөчүлөрү адамдарды жасалма кудайларга кыңк этпей баш ийүүдөн жана алар үчүн жанын курмандыкка чалуудан бакытты сезе билүүгө мажбурлай алышкан, ошентип алар көпчүлүктүн ашкере берилчек (фанатчыл) сезимдерин ойготуу менен гана өз максаттарына жете алышкан. Дайыма жана баардык учурларда ушундай болуп келген.

Рим Галлиясы тууралуу эң сонун сүрөттөлгөн китебинде Фюстель де Кулланж рим империясы күч менен эмес анын элинин жан дүйнөсүнө эптүүлүк менен киргизилген диний ишенимдин негизинде  канат жайганын жана бекем кармалып турганын белгилейт. “Элдин жек көрүндүсүнө айланган катаал бийликтин беш кылым бою кармалып туруусу тарыхта ага чейин да, андан кийин да болуп көрбөгөн жараян, — деп ал эч кандай негизге таянбай туруп жаза албайт болчу. – Империянын отуз легиондон турган аскери анын жүз миллиондон ашык элин кыңк эттирбей баш ийдирип турганы акылга сыйбай турган чындык эле. Эгер ошол жүз миллион эл императорду кудайындай көрбөсө, баардыгы бир кишидей болуп аздектеп сүйбөсө мындай баш ийүү жаралбайт эле. Империянын эң бир кичинекей кыштагына императордун алтарлары коюлган. Көз кайкыган империянын бир четинен экинчи четин карай императордун кудуреттүүлүгүн даңазалаган үгүт жүргүзүлүп, насааттар айтылып, макталдар шаңшытылып, жөрөлгөлөр жасатылып, бара-бара караламан  элдин жан дүйнөсүндө жаңы дин жаралган.

Ошентип христианчылык дооруна бир нече жыл калганда алтымыш шаардан турган бүткүл Галлия эли тарабынан Лионго жакын жерге император Августка арналып храм тургузулган… Галл шаарларынын жыйындары тарабынан тандалган ыйыктар (свяшенниктер) өлкөдөгү эң биринчи ак сөөк адамдардан болушкан… Бул империядагы императордун каарына карата жаралган коркунучту, кудайдай көрүнгөн башчыларга кул катары жүгүнүүнү толук баяндап берүүгө мүмкүн эмес. Кандай болгон күндө да бүкүлү бир эл же бүткүл мамлекет, империя үч кылым бою бир кишиге кул болгону азыр акылга сыйбайт. Бирок императорго күн сайын чөгөлөгөн бир короо ак сөөк эл менен бирге эле, бүткүл Рим, Галлия, Испания, Греция жана Азия толук сыйынганы кашкайган чындык болуп жатпайбы”.

Азыркы учурда улуу басып алуучуларга сыйынуу үчүн алтарларды койбой калышты, анткен менен алардын урматына эстеликтерди тургузуп жатышат, бул ошондогу жеке адамга сыйынуудан анча деле айырмаланбайт. Качан гана көпчүлүктүн аң-сезиминин негиздерин өздөштүргөнүбүздө, аны толук башкарып, каалаганыбызды кылдырыш үчүн кудай сыяктуу болушубуз керек экенин, жок эле дегенде кынтыксыз адам саналышыбыз керек экенин билгенибизде бизге тарыхтын жогорудагыдай философиясы түшүнүктүү болот.

Өткөн доорлордун бул акылдан айнуулары ушул заманда аң-сезимден биротоло сүрүлүп чыгарылды деп ойлогонго болбойт. Өзүнүн акыл менен түбөлүк күрөшүүсүндө сезим эч качан жеңилип берген эмес. Көпчүлүк мындан ары өзүн узак кылымдар бою кулга айландырган “кудай” жана “дин” деген сөздөрдү уккусу келбей калгандай, бирок акыркы жүз жылдыктагыдай эч бир доордо мынчалык көп көз мончоктор менен тумарларга ээ болбогон, эч качан мындай бийик эстеликтер менен алтарларды өз кудайлары үчүн тургузбаган. Буланжизм деген ат менен белгилүү болуп келе жаткан акыркы жылдардагы элдик кыймылга көз салып изилдеп көрсөңөр, көпчүлүктүн диний аң-сезимин оңой эле ойготсо болорун түшүнөсүңөр. Бул кыймылдын башкы баатырынын сүрөтү кадалбаган бир дагы айылдык конок үйүн кезиктире албадым. Ага баардык жамандыктарды жексендеп, жер жүзүнө акыйкаттык орнотор күчтү таңуулашууда. Ал үчүн миңдеген адамдар өз жанын курмандыкка чалууга даяр болуп калды. Эгер анын бүт турпаты менен келбети, адилеттүүлүгү менен чынчылдыгы ушул өзү жөнүндө ойдон чыгарылган уламыштагыдай болсо, анда ал тарыхтын кайсы көз кайкыган бийиктигинен орун алат эле?!

Бул жерден көпчүлүк динге муктаж экенин кайрадан кайталоонун кереги жок. Анткени кудайдын бардыгына ынануулар, дегеле саясый башчыларга, социалдык иштерге карата жаралган баардык ишенимдер бир гана аларга  диний боёктор сүйкөлсө, анын канатына калкаланса гана акыйкаттуулугу боюнча эч кандай талаш жаралбайт, жалпы кабыл алынат. Эгер көпчүлүккө атеизмди зордоп жайылтуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп калса анда алар баары бир эле бул кудайсыздык ишенимин коргоого келгенде динчилдердей эле кызуу кандуулугун көргөзүшмөк да, бара-бара өзүнүн сырткы түзүлүшү боюнча дин сыяктуу уюмдашкан кишилердин тобуна биригип, жеке адамга сыйынуучулугун чындап көргөзмөк.

Позитивистер деп аталган кичинекей сектанын кызыктуу түрдөгү табигый өнүгүүсү ушул абалды тастыктап турат. Алардын тагдырлары да жоруктарын залкар жазуучу Достоевский баяндаган нигилистердикиндей аяктаган. Жакшынакай күндөрдүн биринде тумандаган акыл-эсине жарык түшкөн ошол нигилис кудайлар менен ыйыктардын сүрөттөрүн талкалачусун талкалап, сынбачусун ыргытып, алардын алтарын жарык кылган шамдарды өчүрүп, убакыттын бир мүнөтүн да өткөрбөй булардын ордуна философ-атеистер Бюхнер менен Молешоттун сүрөттөрүн илет дагы, баягы өчүрүлгөн шамдарды кайра жагат. Көрүнүп тургандай, анын диний ишениминин сыйынуучу заттары өзгөрүлдү, бирок анын диний сезими өзгөрүлдү деп айта алабызбы?

Кээ бир абдан маанилүү тарыхый окуялар качан гана ага катышкан көпчүлүктүн ишенимдерине татыган жана сезимдерин ээлеген диндин маңызын өзүбүзгө аныктап бере алганыбызда гана түшүнүктүү болорун мен дагы бир жолу баса белгилөө менен кайталап айтам. Кээ бир социалдык кубулуштарды табият таануучу натуралистин көз карашы менен психологдун түшүнүгүнө салып изилдеш керек. Биздин улуу тарыхчыбыз Тэн ыңкылапты табият таануучунун гана көз карашына салып изилдегендиктен анын кээ бир келип чыгуу жагдайларын көз жаздымында калтырган. Ал окуяларга абдан сонун байкоо жүргүзгөн, бирок көпчүлүктүн психологиясын билбегендигинен улам анын жаралуу башатына дайыма эле жете албаган.

Окуялар кан ичме канкорлугу менен, башаламан жана жырткычтыкындай мүнөзү менен анын үрөйүн учурган. Ал ошол доордун улуу окуясынын кейипкерлеринен өз жапайы аң-сезимине гана баш ийүү менен баардык тоскоолдуктарды бузуп өтүүгө даяр мастыкындай оолугууну гана көргөн. Ошентсе да бул ыңкылаптын баардык зордук-зомбулуктары, өлтүрүүлөрү, үгүткө муктаждыгы, королго согуш жарыялоосу сыяктуу өзүнө табышмак каткан жагдайларга эгер көпчүлүктүн көңүл-оюнда жаңы диндин пайда болгонун эске алуу менен карасак бул жагдай оңой эле түшүнүктүү болот. Кайра куруулар, Варфолеем түнү, диний согуштар, зордук-зомбулуктар, талап-тоноолор – булардын баардыгы көпчүлүктүн диний сезимге демденип, кылыч менен оттун жардамы менен жаңы тутуна баштаган ишенимдерине каршы чыккандарды, өзүнө окшобогондорду жок кылуу же жазалоонун жырткыччыл аракеттери. Дини боюнча өзүнө окшобогондорду жазалоо – бул абдан берилүү менен ишенгендердин катаал ыкмасы. Эгер ушундай ыкманы алар колдонушпаганда бул адамдар мындай катаал болушмак эмес.

Мен жогоруда келтиргендей, көпчүлүктүн көңүлүндө ашкере динчилдик орун албаганда тарыхтагы көптөгөн төңкөрүштөр болмок эмес. Элдеги мындай кыжырданууларды кандай зулум өкүмдар болбосун жарата албайт болчу. Качан тарыхчылар Варфоломей түнүндөгү окуя королдун буйругу менен жасалганын тастыктап башташкандарында алар бул аракети менен королдордун психологиясын аңдай албаган сыяктуу эле көпчүлүктүн аң-сезимин билбестигин көргөзүшөт. Ыңкылап, төңкөрүш сыяктуу козголоңдор бир гана көпчүлүк тарабынан ишке ашырылат. Жеке бийлик башындагылардын же зулум башчылардын ушундай кескин аракеттердин жаралуусун тездеткенге же кечеңдеткенге гана кудуреттери жетет.  Варфоломей түнүн, диний согуштарды королдор уюштурушпаган, Робоспьер Дантондун же Сен-Жюстин өздөрү катышкан талкалап-тоноолор менен кырып жоюулардын орун алышына тиешелери жок. Баардык улуу окуялар менен диний согуштарда королдун кудуреттүүлүгү эмес көпчүлүктүн динчил аң-сезими чечүүчү ролду ойногон.

Биз, атеистик тарбия алган Советтер Союзунун балдары Ленин деген ысымды Кудайыбыздай  эле көрүп чоңойгонбуз. Ал чынында эле Теңирден чоң касиет менен жаратылып, феодализм, капитализм деген табигый жол менен өнүгүп бара жаткан адамзатына ыңкылап  жасап,  дагы бир кедей-кембагалдардын таламын талашат деген социализм аттуу системаны калтырып кеткен эмеспи.

Которгон жана даярдаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

P.S. Азиз окурман, эгерде Гюстав Лебон аңдаган акыйкатты тааныгыңыз келсе, “РухЭш” сайтында буга чейин жарыяланган береги шилтемени ачыңыз: Көпчүлүктүн аң-сезими

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.