Коля Конфеткин деген  абдан жалкоо жана шалаакы бала бар. Ал  сабактарын дайыма окугусу келбейт. Өзгөчө математиканы. Анын окуу китептери айрылган, дептерлери булганыч. Бир жолу ал сабак окугусу келбей отурса аны окуу китептери менен окуу куралдары  өзү туура эмес чыгарган эсептер жазылган математика өлкөсүнө мажбурлап жөнөтүштү. Дептер кир жана  көп чиймеленгендиктен Коля аябай кыйналып, өзүнүн  жоопкерчиликсиздигинен уялып келатты. Бир кезде ал 5 жана 5 санын жолуктурду. Алар экөө кимдир бирөөгө аябай нааразы экен. Анткени алардын ортосуна < белгиси коюлуптур. Алар Коляга мындай деп арызданышты:

— Коля Конфеткин деген бир бала биздин ортобузга туура эмес белги  койду,- деди бир 5. — Мен эми жанымдагы 5тен кичине жана аз болуп калдым.

— Биздин ортобузга туура белги коюп койосуңбу,- деди экинчи 5.

— Силер окшошсуңар,- деди Коля экөөнү алмак-салмак карап.

— Дагы,- деп жарыша сурашты 5тер.

— Анан теңсиңер,- деди Коля ойлуу түрдө.

— Дагы ойлоно түшсөң!- дешти 5тер.

— Барабарсыңар.

— Улуу математикке даңк!- деди бир 5.

— Коля Конфеткинге уят!- деди экинчи 5.

Коля уяларын же сыймыктанарын билбей турду.

— Эгер Коля сендей болуп эсепти жакшы чыгарганда мен анын дептерине кызыл сыя менен чоң болуп коюлмакмын,- деди бир 5 улутунуп.

— Ал дептерин таза кармаса мен деле кызыл кийимдеримди кийип, анын  күндөлүгүнүн ар бир бетин кооздомокмун,- деди экинчи 5.

Биринчи тоскоолдуктан ушинтип ийгиликтүү өткөнүнөн кийин Коля алдыны карай ишенчиликтүү түрдө жөнөдү. Күн ысык болчу, андыктан Коля балмуздак жегиси келди. Ал таттуулар сатылган дүкөндү көрүп, чуркап жетип, акча сунуп балмуздак сурады. Бирок дүкөнчү акчаны албастан мындай деди:

— Мага акчанын кереги жок. Андан көрө айтчы, 2х(-2) канча болот?

— Төрт.

— Туура эмес, ошондуктан балмуздак берилбейт.

— Ой, бул – 4 болот.

— Жооп туура. Балмуздакты ал.

Балмуздакты жеп, Коля Математика канышасынын ак сарайына жөнөдү.

Кире бериште 3, 5, 7 сандары туруптур. Алар Коляны көргөндө арыздана кетишти:

— Конфеткин деген бала бизге так сан деген белги коюп салып, ак сарайга кире албай жатабыз. Аны көрүп калсаң айтып койчу, бизге туура белги коюп берсин, антпесе караңгыда сыртта калганы турабыз.

— Мени кечирип койгула. Мен Коля Конфеткинмин. Силер так сансыңар. Анткени силер экиге бүтүн бойдон бөлүнбөйсүңөр.

— Азаматсың!

— Мурун эле ушинтпейт белең!

— Ураа! Эми биз ак сарайга кире алабыз!

— Мени кечирип койгула. Мурда сабакка такыр көңүл бурбай жүрүптүрмүн. Эми үйгө барсам жакшы окуйт элем…

Аңгыча ак сарайдын дарбазасы ачылып,  Коля сандарды ээрчитип, ак сарайдын бакчасына кирди. Анда үч бурчтуу дарактарда төрт бурчтуу алмалар өсүп туруптур. Ал эми бактын төрүндөгү алтын  тактыда каныша отуруптур. Ал Коляны көрөрү менен өзүнө чакырды.

— Саламатсызбы,- деп Коля  каныша  менен учурашты.

— Качан -2/7●0,14, деген эсепти чыгарганыңда үйүңө кайтасың.

— Ураа! Үйгө кетем!

— Бирок сен эсепти чыгара элексиң.

— Жооп: — 0,04.

— Туура. Сен билет турбайсыңбы…

— Кечириңиз, канышам. Мен сабакка жөн гана көңүл бөлбөй жүрүптүрмүн.

— Мындан кийин жакшы оку. Бар эми, бара гой…

Үстөлүндөгү математика дептерин сүзгөн бойдон уктап кеткен Коля ойгонуп кетти. Саатты караса сабакка жөнөр убакыт болуп калыптыр. Ал шаша-буша кийинип, мектепке шашылды. Күнүгө алдап жатып араң сабакка жиберчү апасы таңгалып эле калды.

— Апа, мен мындан кийин жакшы окуйм,- деди ал босогон чыгып баратып.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *