Түнкү асманга көз чаптырган адамдын көзүнө асман бетин бербеген, көз жоосун алган жыбыраган сансыз көп жылдыз көрүнөт эмеспи. Эгер ай чыгып турган маал болсо ааламдын сулуулугу ого бетер чырайына чыга түшөт. Ой чабыттын жардамы менен ошол жылдыздардын арасына зуулдап учуп барып, анан жерге карасаң: биздин учу кыйыры чексиз эбегейсиз чоң сезилген Жер Энебиз бир кичинекей гана бирок ошончо жылдыздардын ичинен бөтөнчө сулуу, көк жашыл жарык чыгарган жылдыз болуп көрүнөт. Антип элестете албагандар интернеттен ушундай сүрөт, видео маалыматтарды таап көрүп алышса да болот. Ошол сансыз жылдыздар биз жашаган Ааламды түзүп турат. Башкача айтканда, ошол жылдыздар ааламдын бөлүктөрү. Эми жерге жакындап учуп келели да, бир чакан гана татынакай жылдызчага көмкөрбүздөн жатып алып Жер Энеге көз чаптыралы.

Биринчи эле океандар көгөрүп, жерди айланта курчап жатканы көрүнөт. Жылдызды же жанынан учуп өтүп бараткан метеоритти шап кармап минип алып, чү деген боюнча берээк учуп келсек тоолор, талаалар, чөлдөр, дарыялар, жайнаган жан-жаныбарларды, улам ылдыйлаган сайын жыбыраган сансыз курт-кумурскаларды көрөбүз. Жерге түшүп келип сууга көз чаптырган киши суудагы чоң-кичине балыктарды, киттен баштап майда молюскаларга чейинкилерди балык эле деп коёлу, анан чумкуп суу тубүнө түшөлү да суу түбүндөгү өсүмдүктөрдү көрөбүз.

Эми суудан чыгалы да кумга жатып алып ойлонуп көрөлү. Мына ушулардын баары чогулуп келип жерди түзүп турат. Ал эми жердин алдындагы кендерди, топурактын курамындагы минералдарды да айта кетели. Жер энени курчап турган абаны да кошо кетели. Ушулардын баарын карап көрсөк баары тең майда клеткалардан куралып турганын билебиз. Ушуерден бир гана нерсеге токтолобуз да андан ары майдалап эзиле бербейбиз. Клеткаларды молекулалар, молекуланы атомдор тузүп турат. Бул ушу менен болду.

Эми ошончонун ичинен адамды бөлүп алып карап көрөлү. Эгер адамдын денеси айнек сыяктуу тунук болгондо, укмуш кызыктарды көрсө болот эле. Андай болбогондон кийин ой-кыялдын чабыты менен карай беребиз. Адам деле эбегейсиз чоң ааламдын бир бөлүгү. Адам-Аалам деп бекер айтылбаса керек. Адамды талдап караганда адам да өзүнчө көп кырдуу, көп сырдуу аалам. Кана, ошо адамга тигиндейрээк барып алып, кыйгач болсо да назар таштайлыбы?

Адам-бул биологиялык тирүү жан. Башка тирүү жаныбарлардан акыл-эси, ой-жүгүртө алганы менен айырмаланып турат. Акыл-эс жагын кийинчерээк талдап көрөбүз. Азыр болсо адамдын денесин эмнелер түзүп турганын карап көрөлү. Дене же организмибиз дене мүчөлөрүнөн, баш, колу-бут, ичеги-карын жана башкалардан турат. Ошо мүчөлөрдү клеткалар түзөт. Адам өзү көп клеткалуу организм.

Адамдын клеткаларынын санын 100 000 000 000 000 (жүз) триллион делип жүрөт. Бирок бул сандын так экенин эч ким билбейт. Клеткаларды болсо атомдор, аларды макро-микроэлементтер түзөт. Мындан ары майдалап караштын, айта турган, аныктай турган ойго анча деле зарылдыгы жок. Адамды өтө татаал курулуш имараты катары элестетип көрөлү. Анда клеткалар ошол имараттын фундаменти, кышы жана чатыры. Мына ошолордун кыштан башкасын айтпай, карабай эле койолу да мисал катары кышты эле алалы. Элестетип көрөлү. Жүз триллион кыш кеткен имарат! Бир клетка бир кыш (кирпич). (Бишкекте ТЭЦ иштебей атканда кычырап турган кыш мезгили элестеп кетпесин.)

Өзүбүзгө мындай суроо берип көрөлү. Менин кирпичим эмнеден болгон? Кандай топурактан жасалган? Бышкан кирпичпи же бышпаган эле ылай кирпичпи? Организм деген имараттын кышы кандай болушу керек? Ал кыштын курамында эмнелер болууга тийиш эле? Ал кыш же кирпич макро жана микроэлементтерден турушу керек. Ал макро жана микро элемент деген балакет өзү эмне? Ап балли! Маселенин баары так мына ушуерде жатат да. Кандай татаал маселе болсо дагы анын чечилиши өтө жөнөкөй эле болорун эстейли.

Анда ал элементтер белоктор, углеводдор (майлар), минералдар жана витаминдер. Ушуну менен кышыбыздын курамына керек болгон заттардын негизгилерин да тактап алдык. Мындайча айтканда чоң, чоңдорун эле иргеп алдык. Минералдар өтө кызыктуу. Буларга алтын, күмүш, цинк, темир, жезден баштап дээрлик баардык металдар кирет. Карагылачы! Биздин кыш кандай кымбат баалуу! Витаминдерчи! Булар мындан да кызыктуу! Эгер витаминдерди көз менен көрө алгандачы! Же биз күндө жеп жүргөн жемиштердеги витаминдер көрүнүп же болбосо, бөлтөйүп, бөлтөйүп бөлүнүп, же витамин бар жерлери дөмпөйүп турса ээ. Керектүү жерин гана, витаминин гана тырмак менен же бычактын учу менен кесип же чукуп алып жей берсе! С витамини түсү сары жемиштерде көп болот. Сары жемиштер булар – сабиз, лимон ж.б…лар.

Лимондун жыты! Даамы! Элестедиби? Ширелүү лимонду жука тилип алып, кумшекерден азыраак сээп же сеппей эле оозубузга салабыз. Эмичи? Кымыздык, ышкын, чүкүрүлөрчү! Көрдүңөрбү? Биздин кышыбыз кандай даамдуу жана жыттуу. Ал эми кальций, калий ж.б. толуп жаткан заттарды айт. Биздин клетка деген кыш кандай бышык! Эми ошо клеткабыздын кадимкидей акылы бар экенин билгендер аз эле болуш керек. Клетка да өзүнчө чакан гана, кичинекей гана аалам! Ар бир клетканын өз жашоосу, милдети бар. Чектелген өмүрү бар.

Адамдар сыяктуу эле башка өзүндөй клеткалар менен өз ара тыгыз байланышы жана мамилеси бар. Булар деле урушуп талашып кетмейи бар. Бири-бирин коргоп колдомойу бар дегендей. Мындайча айтканда, ар бир клетканын да тагдыры бар. Болгону ал ааламды атайын аспап менен гана көрүүгө болот. Мисалы микроскоп менен.

Адамдар ден-соолукка ушундай көз караш менен, ушундай багыттан көз сала албайт экенбиз. Азыраак эле фантазия болсо жетет ко өзү. Врачтар гана ушундай, бирок өтө тереңдетип жана кеңейтип карай алышат буга. Алар ушундай окушкан. Аларды ушинтип окутушкан. Ал эми карапайым адам бул жөнүндө башын оорутпайт…

(Уландысы бар)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *