«Ала жипти аттаба» деген сөз эл арасында кеңири айтылып келет. Бирок мааниси боюнча эмнени түшүндүрөрүн билдиргени  менен эмне үчүн ушинтип айтылып калганына көңүл бурулган эмес. Дал ушул «ала жип менен кыргыз эли ислам динин кабыл алганга чейин нике кыйып келишкен».

Негизги сөздөр: ала жип, ислам дини, нике, бата, азан, даарат, Умай эне, күйөө таңуу.

Выражение «Ала жипти аттаба» — (не перащагни пёструю нить) широко распространено среди народа. Но зная что оно означает никогда не обращали внимания на то почему так говорится. Кыргызский народ до принятия ислама именно этой пестрой нитью проводили обряд бракосочетания.

Ключевые слова: пестрая нить, религия ислам, обряд бракосочетания, благославение, азан (призыв к молитве у мусульман), омовение (ритуальное), богиня Умай, привязать жениха.

The expression «Ala Zhipto attaba» — (not peraschagni motley thread) is widespread among people. But knowing what it means never to pay attention to why it says. The Kyrgyz people before Islam was this motley thread performed the wedding ceremony.

Keywords: variegated thread, religion, Islam, wedding ceremony, blessing the adhan (call to prayer for Muslims), ablution (ritual), the goddess Umai, tie groom.

Орхон Эне-Сай эстеликтери кыргыздардын дини теңирчилик менен байланышканын айгинелейт. Демек, кыргыздар байыркы мезгилде эле энергиялык – маалыматтык байланыш түзүүнү билип, системалуу дүйнө таанымды жараткан. Кыргыздарга ислам дини Караханийлер кагандыгынын тушунда кеңири тарай баштаган. Бул кагандык X кылымдын  2-жарымынан XII кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан аймагын ээлеп турган. [5, 5 ст.]

Кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы эң бир урунуттуу учур – ислам динин кабыл алганы. Ислам динин кабыл алынышы элдин маданиятынын, үрп-адатынын, салтынын  өзгөрүшүнө зор таасирин тийгизген.

Мезгилдин өтүшү менен айрым ата салттары адепки маанисин жоготуп, маңызын өзгөртүп,  жаңы түргө өткөн.

Алсак, бүгүнкү күндө бизге «келинди отко киргизүү» дегендин түпкү мааниси өзгөрүлүп, жаңы келген келинге ага-туугандары үйүн көргөзүү, үй-бүлөсү менен тааныштыруу, жаңы шарттка көнүктүрүү максатына өткөн. Ошондой эле аялдардын улуттук кийимдери, боз үйдүн ичиндеги жүрүм-турум эрежелери бир топ өзгөргөн.

Албетте, диний ынанымдардын айрым элеметтери биздин ата-бабалардын ырым-жырым, жөрөлгө, үрп-адат сыяктуу көрүнүштөрү менен сакталып калган. Кыргыздардын энергиясы күчтүү, азыркыча айтканда аурасы таза, асман менен жерди байланыштырган касиетке ээ жерлерди билип, аларды адамдарды аруулап, ыйманын тазалоочу ыйык жерге, мазарга айланткан. [2, 21ст.]

Нике, бата, азан, даарат жана башка колдонулуп жүргөн  сөздөр ислам дини менен чогуу кыргыз элине кеңири тарай баштаган. Нике – тагдыры кошулган эркек менен аялдын ортосундагы үйлөнүүдөгү шерти.

Табигат менен жуурулушуп, жайлоо, күздөө, кыштоосун так аныктап, кылымдарды карыткан көчмөн эл  үйлөнүү үлпөт аземин да так сактап, аткарып келген. Кыргыздарда баш кошо турган эки жактын жети атасын билүү зарыл болгон. Биринчиден, тегин аныкташ үчүн уруусун, жети атасын тактаган. Эл арасында жети атасын билбеген «кул тукум» деп айтылып келген. Экинчиден, тукуму бузулуп, оорулуу балдар төрөлбөш үчүн генин сактап, кан алмаштырууда жети атасына чейин тараган уруулаш туугандар менен баш кошуп, никеге турууга уруксат берилген эмес. Ар кандай коңшу жашаган улуттар, уруулар шартына жараша жайытын чогуу пайдаланып келишкен. «Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт» деген элдик макал да жөн жеринен айтылбаса керек. [8, 945 ст.]

Албетте, жайлоонун шаңы болгон «Байге чабыш», «Эр эңиш», «Балбан күрөш», «Жамбы атыш», улак тартып, кыз куумай оюндары жанданып, түнкүсүн таң агарып атканча кыз-келин менен боз уландар «Ак сөөлмөк» (ак чөлмөк) ойноп, ыр ырдап, оюн-зоок тамаша менен шаң коштоп турушкан. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» деген сыңары жайлоодо жүргөн улан-кыздар бири-бири менен таанышып, кол кармашып, өзүнчө түтүн булатышкан. Арийне, 5-6 жаштан 9-10 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ата-энелери келишип «жип байлашып», азыркы түшүнүк менен айтканда сөйкө салып, кудалашкан. Өспүрүм кыздардын айдар көкүлүнө «ала жип» байланган кезден тартып, эки жак куда-сөөк болуп, бири-бирине куда-кудагый деп кайрылышкан. [3, 18 ст.]

Кыргыздар көчмөн болушуп, башка улуттар менен алака түзүшүп, улуттук маданияттары бири-бирине акырындык менен сиңип баштаган. Диний көз караштары боюнча жапон, корей, монгол, бурят, калмак, кыргыз элдеринде окшоштуктар жана айырмачылыктар болгон. Бирок ар бир улуттун, уруунун, журттун арасында жогорку деңгээлдеги Аалам менен байланышкан  асыл даражадагы касиеттүү адамдары болгон.

Көкүрөк туюм менен көрө жана сезе билген эл арасындагы кадыр-барктуу, касиеттүү кишилер өз милдетин ак жана так аткарышып, материалдык кызыкчылыкты көздөшкөн эмес.

Ал кезде сыйынуу, тайынуу эрежелери, диний көз караштары жалгыз «Теңир» деп, көк асманга карап тилектерин, мактоолорун айтышкан. Бүгүнкү күнгө чейин илимпоз-окумуштуулар арасында кыргыздар отко, сууга жана башка нерселерге  сыйынган деген түшүнүк талаш жаратып, ача пикир берип келет. Кыргыздар «Көк Теңирди» жан дүйнөнүн жалгыз жаратуучусу «жан-эгем» (жандын ээси) деп, калган Ай, Күн, от, суу жана ыйык жерлердин (мазарлардын) ээси жана касиеттери деп билишкен. «Касиет» дегенди тандалган кишилерге, жерге жараткандан берилген белек катары кабыл алышкан. Касиети бар адамдар жалпысынан «кыргызчылыкты» карманган адамдар деп айтылган. Алар дагы өз ара ак жана кара күч менен иштегендер болуп бир топ тармактарга бөлүнгөн. Мисалы, «сөөкчү, сыныкчылар» деп жан-жаныбар, адамдардын сынган сөөктөрүн терисинин сыртынан эле кол менен терип салгандарды айтышкан.

Алдын ала аба ырайынын өзгөрүш, кубулуштарын аныктап, асмандагы жаап жаткан жамгырды токтотуп же тескерисинче, ачык асманга булут пайда кылып, жамгыр жаадыргандарды «жайчылар» дешкен. «Төлгөнүн пири Төлөк айт, төп келтирип тегиз айт, айтуучу Айтбай өзүң айт, актыгын жана тактыгын тактап айт» деп, таш менен пал, рам ачкан аярларды төлгөөчү (азыркы түшүнүктөгү көзү ачыктар) дешкен. [4, 156 ст.]

Кара күч менен кармашкан, ооруларды айыктырып, илээшкен зыяндарды байлап кетиришкен топ «куугунчулар» (бакшылар) деп айтылган. Боюнда бар аялдардын ичиндеги балдарын төрөткө келишин оңдоп, келиндердин жүрөгүн көтөрүп, башын теңдеп, төрөт кабыл алган апаларды Умай энелер деп келишкен. Умай энелер өспүрүм балдарды кара күчтөн коргоп, жоюп, киренелеп тазалап турган. [2,1947]

Аян алып, алты күн токтоно албай, элирип, «Манас» айткан манасчылар сыяктуу эле, кыргызчылыкты кармангандар атадан балага үйрөтүлүп, өткөн өнөр эмес, жараткандын буйругу менен берилген  касиет деп эсептешкен.

Кыргыз элинин сыймыгы болгон «Манас» эпосундагы Манас атанын колдоочу касиеттери төмөнкүчө сүрөттөлгөн: Кырк чилтени жар болгон, \ колдоочусу Манастын, \алды жагын карасаң \ көк жал бөрү жойлогон, \ оң жагын карасаң \ шер – арстаны чамынып, \ сол жагын карасаң \ кара чаар кабылан \ жолборсу жүрөт камынып, \ үстү жагын карасаң \ кош чеңгели арсайып \ Алп кара куш Буудайык \ имерилип алыптыр, \ арт жагын карасаң \ алтымыш кулач ажыдаар \ жалын чачып баратат.

Ошол эле «Манас» эпосундагы Манастын кайыптан бүткөн минип жүргөн  аты «Ак куласы»  төмөнкүчө баядалат:

Кайыптан бүткөн жаныбар,
Маңдайында багы бар.
Кулагында шамы бар,
Соорусунда беш салаа
Камбар ата тагы бар!
Туу алдында коштосо,
Баштоочулук шаңы бар! (жылкынын пири  Камбар ата).  [6, 271ст.]

Ыйык жерлердин ээси адамдардын колдоочу касиети, жан-жаныбарлардын пири болот деп кылымдар бою кыргыз элинде  айтылып келген.

Ислам дини кабыл алынганга чейин дал ушул касиети бар адамдар, Умай энелер үйлөнө турган эки жаштын тагдыр жолун бириктирип нике кыюуда зор роль ойногон. Баш кошо турган эки жактын тагдыр жолу кандай экенин аныкташкан. Андан соң ак менен кара койдун тыбыт жүнүнөн ийикке салып «ала жип» ийриген. Жакшылык менен жамандыкты ак менен карадай эле ар бар адамдын тагдыр жолунда коштоп жүргөн энергия деп эсептешкен. «Теңирим ушул эки жаштын тагдыр жолу, жашоосу майлуу, сүттүү болсун» деп  ала жиптин чыйралып бүткөн жерин май менен сүткө сугарган. Даяр болуп бүткөн ала жип эркек кишинин эки кулачына тең болгон. Андан кийин ала жипти тамырчы, далычылар эшип чыйратышкан.

Алтымыш бурку илимди карманган аярлар рам – даңзасын окуп, кыз менен жигиттин махабатын ширетип «жаман көздөн, жамандыктан сактасын» деп чеп-коргондолгон (азыркы түшүнүк менен айтканда аурасын бириктирген). Эки жаш түбөлүк бактылуу болушу үчүн ырым-жырымдар жасалган. Ал кездеги «күйөө таңуу» деп, азыркы нике кыюу аземи башталган.[№3, 2009] Жигитти коштоп жүргөн жолдошторунун арасынан төкмө акындык өнөрү бар, ошондой эле кыз тараптан дагы мыкты төкмө – санатчы акын жигит кошулуп, күйөө жолдоштор даярдалган. Жигит менен кыз жактан чыккан эки төкмө – санатчыны жолдоштору коштоп, акындардын айтышы башталган. Эки жактан кыз-күйөөнү коштоп келген жоро-жолдоштору, жеңелери «күйөө жолдош ырдатуу» аземине күбө болушкан.

Акындар колуна кол жоолук алып, кудаларды макташып, коштоп келген кыз-келин, жигиттерди сындап ырдашкан. Ошентип, кыздын үйүнө жеткен соң, боз үйдүн сыртында «күйөө таңуу» (нике кыюу) аземи башталган. Жигиттин эки күйөө жолдошу элди кызыктырып коштоп ырдап турушкан. Андан соң кыздын жанындагы бир жолдош кызы менен күйөө баланын жанына барып, тикесинен турушат. Кыз менен жигитти жанаштырып туруп, кыздын белинен даярдалган ала жипти илип алып, сегиз түрүндө кайчылаштырып жигиттин белине байлашат. Сегиз өзү чексиздиктин белгиси. Алтымыш буркан илим карманган аярлар өз кызматтарын аткарып, нике кыйылып, тилек айтышкан.

«Оо, жараткан Көкө Теңир!
Эки жаштын жан-дүйнөсүн арууланткын!
Жамандыктан өзүң сакта!
Жамандардын көзүнөн, сөзүнөн, тилинен,
Жамандардын каргышынан,
Жамандардын өзүнөн сакта!!!

Оо, жаратканым  жан-эгем!
Эки жаштын жан-дүйнөсүн аруулантып,
Жакшылыкты өзүң жалга.
Жети ата, жетимиш жото ата жагынан,
Жети ата, жетимиш жото эне жагынан,
Өткөн ата-бабалардын руху колдоп жүрсүн!»
— деп тилек айтылат. Ошол эле мезгилде жыгач кесеге куюлуп келген кымызга аярлардын бири сөөмөйүнөн кийинки ортонку манжасын бир аз малып, баш кошуп жаткан эки жаштын эки ийинине «ата-бабалардын рухтарына» деп актык чачат. Куюлган кымызды бирден ууртаган соң, айланадагы кишилерге сунулуп, баары ооз тийишкен.

Кыз-күйөө таңылгандан кийин Умай энелер ала жипти чечип алышып, эки жаштын коргон-чебине даярдык көрө башташат. Күйөө балага атайын сыртта улуу от жагылып, үч жолу сол жагынан саатын жебесине карама-каршы айландырып, от кечирет. Бул салт биздин доорго «отко киргизүү» деп айтылып жетти. От айланып арууланып, арча күйгүзүп аластаган соң, боз үйгө киришкен. Эки жашка атайын даярдалып тигилген ак жегде-дамбал ич кийиминен дамбал-ыштанына ала жиптен ычкыр-кур кылып өткөрүлгөн.

Коргон-чеп болуп окутулган ала жип эки жаштын бири-бирине ак болуш үчүн шерттелинет. Кыздын белиндеги ычкыр-кур ала жипти күйөөсү гана чечкен. «Ала жипти аттабагын» деген шерт сөзү бүгүнкү күнгө чейин эл арасында ойнош ойноп, бузуку жолго барбагын дегенди түшүндүрүп келет. Шертти бузгандарга «ычкырыңа муунуп өлбөйсүңбү» деген каргыш  сөз азыркы күнгө чейин айтылып жүрөт.

Эки жаштын ычкыр-курунан ашып калган ала жипти керегенин башына илип коюшуп, биринчи төрөлгөн тун баласынын тушоосунда наристенин бутун кайчылаш байлап «тушоо кесүү» ырымын өткөрүшкөн. Ушул ырым-жырымдар жасалып бүткөндөн кийин эл арасында оюн-зоок, той тартуу болгон.

Пайдаланылган адабияттар:

  1. «Аалам кыргыздары» эл аралык адабий көркөм журналы. №3, Бишкек – 2009.
  2. Абрамзон С.М. Рождения киргизского ребенка (статья) — М.1947
  3. Атабаев А.О. Алтай, Хакас, Тува, Монголя, Кытай, Ооганстан, Памир, Түркия, Өзбекстан кыргыздарынан жыйналган маалыматтар. (Макалалар) 2006-2010-жылдар.
  4. Гумилев Л.Н. Древние тюрки.-2 изд.-М.:Айрис-пресс.2002.
  5. Жакыпбеков А. Теңир Манас — Кыргызстан. Б.1995.
  6. Каралаев С. «Манас» эпосу .
  7. Юдахин К.К. Киргизско-русский словарь. Изд.Совет. энциклопедию. М. 1965.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.