Жетиген АСАНБЕК: Дин адамды жолго салар болсо, анда эмнеге диндер арасында араздашуулар көп?

Дин туурасында коомчулук арасында атайы сурамжылоо уюштурган элек. Бүгүнкү сурамжылоого катышып берген инсандарыбыздын жооптору төмөнкүчө болду… Ал эми мурдагы сурамжылообузга жооп бергендерди береги шилтемеден окуй аласыздар: Азамат ТӨКӨРОВ: Азыр робот-мусулмандарды даярдаган агымдар көбөйүп кетти

  1. Учурда дин маселеси улут көйгөйүнө айланып турат, бул маселени канткенде чыр-чатаксыз жолго коёбуз?
  2. Канча жылдан бери эле дин таанытуу сабагын мектептерден баштоо керек деген демилгелер дамамат көтөрүлүп жүрөт, бирок аны жүзөгө ашыруу толугу менен колубуздан келбеди. Жаштардын көбү бүгүн диний сабатсыздыктан улам түрдүүчө агымдардын таасири астында калды. Андыктан кандай жол менен салттуу динди калыптай алабыз?
  3. Дегеле салттуу дин деген түшүнүктү элге кандай чечмелеп, кандай жеткирүүбүз зарыл? Себеби бүгүнкү күндө салттуу дин дегенибиз кандай экенин жеткиликтүү деңгээлде түшүнбөгөндөр да жок эмес…

Жетиген АСАНБЕК, мугалим:

  1. Табият боштукту сүйбөйт делет. Эч нерсе айдалбай кароосуз калган айдоо жерди отоо чөп, чырмоок басып кеткендей эле, тартип-тарбия маселелери жөнгө салынбаган, каралбаган коомду караңгылык чүмбөттөп алганына күбө болуудабыз. Халтураны сайрандатпай, чыныгы адабият, маданият өкүлдөрүнүн эмгеги элге жайылтылып, эл руханий азыкка каныгып туруусу зарыл эле. Бийликке акыл-парасаты, билими өлүү дүйнөнүн деңгээлинен жогору, руханий баалуулуктарды туу тутуп калыптанган инсандар келмейин аксаганыбыз аксаган. Сөз эркиндигин ээнооздук, дин эркиндигин ээнбаштык кылбай, мыйзамды күчүнө ээ кылганга билими, даремети, тажрыйбасы жеткен өкмөт болбосо чар жайыттык иретке келиши кыйын. «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген акылман элибиз. Бөдөнө тургай бодону да бычагы мокок, колу чоркоктор туш келди кескилеп, жилиги кайсы, тилиги кайсы экени белгисиз кылып турган учур. Азыркы тапта адилеттик деп көкүрөгүндө жалыны күйүп турган жарандарга, адамдык асыл сапатка ээ коомдук ишмерлерге эле коомчулук үмүт артып отурган кез. Алардын демилгелерине үн кошуунун өзү да азыр чоң иш.
  2. Рухий эң жогорку, Абсолюттук күч менен адамдын мамилеси эч кимдин кийлигишүүсү жок жана боло турган өтө жеке мүнөздөгү мамиле. Ошондуктан ал мамилеге кандайдыр бир адамдык көзөмөл, кийлигишүү керек эмес, мүмкүн дагы эмес. Руханий күчтөрдүн аракети адамдын эркинен сырткары экенин эске алганда да, кайсы болбосун диний окутууларды мамлекеттик деңгээлде массалык түрдө колдоого алуунун өзү жөнсүз иш. Ошондуктан дүйнөбий (светтик) өлкөнүн принциптерин бекем кармануу менен, бул олуттуу маселеде ар бир жаран өз жолун өзү тандай турган шарт түзүү зарыл. Ал үчүн бир дагы диндин үстөмдүгү болбоого тийиш, дин таанытуу илимине бейтарап жана өтө терең мамиле керек. Диндин келип чыгышы, карманган негизи тарых менен тамырлаш өмүр сүрүп келген. Ошондуктан тарых сабагына камтый окутулуусу жөндүү. Тарых менен эриш-аркак окутууда тарыхта такталуу болгон жагдайларына басым жасалып, негиздүү билим болуусуна күчтүү талап коюлуусу керек. Мектептин жогорку классынын окуучуларына тарых сабагына саат кошуу менен дин таанытуу сабагын киргизип, программанын илимийлүүлүк принцибине дыкат, жогорку талаптуулук менен мамиле кылынса жакшы өбөлгө болор эле. Маселе бул жаатта компетенттүү, жетишээрлик билимдүү мугалимдер, илимпоздор барбы, ошондо жатат. Эгерде жетишсиз болсо, аларды даярдоонун жолдорун издөө керек.
  3. Дин дегенибиз адамды ак жолго сала турган окутуу болсо, анда эмне үчүн диндер арасында араздашуу болуп келген, болуп да келет? Диний кастыктан улам болгон зор зыян тартуулардын тарыхта калтырган издери үрөй учурса, дүйнөлүк коомчулуктагы азыркы абал андан жакшырып кеткен жок. Айрым динчилдердин соцтармактардагы адепсиз, баш кесерликке шыкактаган сөздөрүн окуп, күнүмдүк турмуштагы иш-аракеттерин көрүп, ак жол эмес эле, көөдөй караңгылыкта карайлап, туш келген жерге башын ургулаган эле жандарды көрүүгө болот. Ушундан улам, ак жашасам деген чын дилден чыккан ниет, ишеним башка, ал эми дин жолу башка экенине ынанасың. «Дарак жемишинен билинет» деп айтылган улуу сөз бар. Жакшы дарак жаман жемиш бербейт. Жаман дарак жакшы жемиш бербейт. Эгерде кайсы бир дин жолу денелик же моралдык зыян келтирип, коомго коркунуч жаратса, демек мамлекет тарабынан кечиктирилбестен так кесе тыюу салынышы зарыл. А эгер кайрымдуулук иштерге бай болуп, эл агартуу иштерин жүргүзүп, коомдун социалдык абалын оңдоого көмөкчү болуп, улуттук баалуулуктарды, маданият тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп жатса, демек ак жол деген ошол эмеспи. Ушундай көрсөткүчтөргө карап, тиешелүү тыянак чыгарып иш алып баруу – бийлик менен өкмөттүн түздөн-түз милдети. Алардан пайда болбосо, колубуз жеткен мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, коом агартууга, өсүп-өнүгүүгө салым кошуу – адамдык парзыбыз.

Курстанбек МАМАТКУЛОВ, саясат таануучу: 

  1. Түшүндүрүү (агартуу) жана дин маселесин мамлекеттин көзөмөлүнө алуу жолу менен чечүүбүз кажет. Маселе комплекстүү. Ошондуктан ар тараптуу иштөөгө туура келет.
  2. Жакырчылык, сабатсыздык жана бөлүнүүчүлүк (топ-топ, жамаат-жамаат, түндүк-түштүк, кокту-колот, уруу-уруу, партия, ж.б.) – биздин негизги проблемабыз. Маселени чечүү аябай комплекстүү. Биринчи кезекте сабатсыздыкты жоюуга аракет кылуу керек. Аны коштой калкыбыздын социо-экономикалык абалын жакшыртуу зарыл. Жаш муунга татыктуу билим бере алсак (Аккараны ажырата билүү, «критическое мышление», маселени туура өңүттөн карап талдоону үйрөтө алсак) алар радикалдашпай, өздөрү талдап, туура жолду тандап алышат. Негизинен кыргыз эли 90 жыл динден алыс, коммунизм кучагында жашап, дин темасында ак кагаздай, аябай баёо эл болуп калыптырбыз. Ким келсе, кайсы агым келсе ошонун артынан ээрчип, туурасын, туура эмесин деле туурап кете бериптирбиз.
  3. Салттуу дин – бул бизде калың элибиз, ата-бабаларыбыз карманып келген дин (диний ишеним, жашоо образы). Бүгүнкү күндө жаңы диний жашоо стили менен козу карындай жайнап чыккан ар кандай жаңы секталар, жамааттар да көбөйдү. Балким арасында чектен чыкканы, радикал көз карашка ээ болгондору, биздин салттан алыс, коомчулукка жаңы жашоо образын сунуштагандар да болуусу мүмкүн. Мындай агымдарды мамлекет көз салып, коомдун радикалдашып кетүүсүн алдын алып, көзөмөлдөп турганы оң.

Садир, жумушчу:

  1. Кызыкдар тараптардын диалогу аркылуу.
  2. Эң биринчи салттуу дин дегенге аныктама берилиши керек. Эмнелерди камтый турганын жана азыркы учурдагы жаштар жапырт кабыл алып жаткан жолдон салттуу дин эмнеси менен айырмаланары жөнүндө документ кабыл алынып, мамлекет тарабынан ошол документте каралган пункттардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлүшү керек.
  3. Эң эле жакшы жолу – ошол жеткиликтүү билгендерден сурамжылоо жүргүзүү жана натыйжасын элге жеткирүү. Өлкөнүн башкы маалымат каражаттары аркылуу элге маалымат жайылтуу оңой жана жеңил жолу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.