Оболу «Илим жана турмуш» түшүнүгүнө ой калчасак, окурман. Атам замандан бери каймактаган кара жер балбандын сыры, аалам ачкычы адам колуна кантип тийип калган? Ийе, тоба, адам мээси ачылыш жасабаган не калбады?.. Дагы даркан не шумдук, не ачылыштар болор?.. Ошол ачылыштардын ачкычын миллиондогон, миллиарддаган адамдардын арасынан чанда бир эле пенде таап чыгып, жалпы адамзат энчисине ме деп ыйгарып салганычы… Илим турмушка айланганы шол экен го.

Сөз тизгинин шул жерден эле чукулдан кайрыйын энди. Шарт кайрыйын тизгинди. Болбосо илим жана турмуш жөнүндө ой учугу, сөз учугу чубала берер.

Өлкөдө эки мерте мамлекеттик төңкөрүш менен бийлик алмашты. Бийлик тизгини колдон колго өткөнү – караламан калк үмүтүн суу сепкендей заматта суутту. Бирок болбой эле 2012-жылы бекен, КТРК каналынан «Илим жана турмуш» аттуу көрсөтүү ачылганын көрөр замат, баягы кургур үмүтүм кайрадан жанды: баягы, баягы… бийлик эгелери алмашканынан эле эч нерсе өзгөрбөсүнөн көңүл сууп турса да, куру дегенде өлкөдө илимий прогресс жөнүндө сөз тизгинин кайрыр «Илим жана турмуш» көрсөтүүсүнөн Кыргызстанда илимий жаңылыктар, жаратман ойлоп табуучулар жылт этип чыга калганына камгактай калдаңдап сүйүндүм.

Үйүмдүн бурчуна батпай, ой-кыялым удургуп берди: «Эп, буюрса… – дедим, – буюрса, кыргыз окумуштууларын көмүскөдөн сууруп чыгар жөрөлгө болот ко; ОКУМУШТУУЛАРЫБЫЗДЫН жада калса илим жаңылыктарын жарыялап турар журналы жок эле дедим; ИЛИМИЙ ачылыш болгон жерде дүркүрөп өнүгүү; ИЛИМ баш көтөргөн өлкөдө – дүйнөнү таңгалтырар шумдуктар; ИЛИМПОЗУ бар эл турмушта кор болбойт» деген жеңил эпкин ой-кыялга удургуп отурдум үйүмдө…

Өлкөбүз эки мерте зулум бийликтин эгелерин ээрден оодарып түшкөнүнө кубанганым бир тең, «Илим жана турмуш» көрсөтүүсүнө кубанганым бир тең болуп турду. Болгондо да аталган көрсөтүүнүн автору катардагы журналист же капкайдагы дилетант эмес, буга дейре Билим берүү министри, ЖК депутаты болуп келген физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиевдин демилгеси менен ачылган таанып-билүү көрсөтүүсү – жеке мен үчүн чексиз кубаныч болгон эле! Тилекке каршы, ал көрсөтүүнү илимден айлангырлар жаап коюшту жакында…

Жапканда даа азан чакырып коюлган аты – Илим Карыпбеков жаптырып койгонуна каңырыгы түтөп жүргөн Каныбек акебиз каркыбар экен болбой эле. Каркыбар акебиз «Альфред Нобель жана физика» аттуу эки томдуктан турган китеп жазып таштаптыр. Альфред Нобелдин бизге не тийешеси бар деп ойлорсуң, кебелбес, кыргыз. Жолуң болгур, кыргыз!.. Бар тиешеси. Болбосо «керегем сага айтам, келиним сен ук» деп неге айткан ата-бабаң? Бул эмгектин шондой зор мааниси бар. Улуу жаратман адамдардын өрнөгүн баяндаган мындай китепти жазууга баарыбыз эле чыгына бербейбиз. Китеп жазууга чыгынгандарыбыздын көбү макулатурага ыргыта турган эмгектерди да биринин артынан бирин жазып атырбыз. А бу китеп макулатура боло тургандай эмес…

«Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал» деп кыргыз жакшы айткан. «Карынын кебин капка сал» накылы да ушул сөздө жаткан жокпу… Биз тек, Каныбек акени алдап-соолап, алтын башында топтолгон өрнөктү жаздырып алаар, жамы журтка жайылтаар жердебиз…

Азыр кол-жолу бош, пенсиядагы окумуштууну шык-дем берип, түртмөлөп жаздырып алгандарыбыз кыргызга рухий мурас гана болуп берер кийин. Менин көңүлүмдү курсант кылганы даа бул болду – китеп окурмандардын калың катмарына жеткиликтүү жазылыптыр. Болбосо бизде кагазга түшүргөн оюн кыпкыргызча чүргөй албаган илимпоздор толтура. Башкасын кой, филологдордун арасында деле кокуйлар көп: сүйлөм курулушу чоркок. Каныбек акебиз физика-математика илимин аркалап келсе да өз эне тилинде китеп жазуу жөндөмүнө ээ экендигин көрдүм.

Ыраматылык улуу устатыбыз Салижан акебиз (Жигитов) айтар эле: «Бизде илимий-популярдуу тилде эмгек жазгандар өтө аз» экенин. Анан даа айтар эле каңырыгы түтөп: «Мен өлсөм күмбөзүмдүн башына жазып койгула маминтип: «Бул кургур өмүр бою илим-билимдүүлөрдүн тексттин оңдоп-түзөп жүрүп өлүп кеткен»».

А мен Каныбек акенин эмгегин оңдоп-түзөөгө анча көз май да, убакыт да короткудай эмесмин, ырас.

Жазма ишиңизди улай бериңиз, Каныбек аке! Байбичеңизди ыпылдатып чуркатып, түштүкчө каада менен чайды дембе-дем ууртап, өрнөгүңүздү көргөзүңүз. Муну айтканымдын жөнү: ар ким өз кесибин, өз мүмкүнчүлүгүн өз алдынча көжөлүп ишке ашыра берсе эле, көч түзөлө берет. Эл да, мамлекет да бара-жүрө көчүн улайт. Көчтү Сиздей аксакалдар улайт. Мамлекеттик дөөлөттү ошентип курабыз. Сизге окшоп ар кесиптин ээси китеп жазууга жарамдуу болсо кана. Жазма иши бир гана жазуучуларга тийешелүү түйшүк эмес. Сиздей пенсия курагындагы инженерлер канча, артисттер, архитектор, экономисттер ж.б… ж.б…  канча? Аттиң-а, ошолордун ар кимиси өз тармагы боюнча мемуар жазып атышабы? Жок! Жазышса кана. Башкаларга жаздырышат. А башкалар деген башка…

Көшөгө артындагы артисттин көргөн турмушун көрбөгөндөр жазат бизде. Болбосо театр, искусство жаатында канчалаган корифейлердин көзү өтүп кетти. Ошолор мемуар жазса, кийинки муунга табылгыс тарыйка, табылгыс таберик болуп калбайт беле. Өнүккөн элдердин тарыхын, маданиятын караңыз, аларда сиздей курактагы кол-жолу бош үйдө отурган адам элине руханий мурас калтырууну ойлонуп, артында басып өткөн өмүр таржымалын башкаларга насыйкатка калтырат экен. А бизде сиз менен үзөңгүлөш жүргөн аксакалдардын көбүн көрүп атабыз: көбү кайсы бийлик келсе дүжүрлүк өнөрү чыгып, жоргосу чыгып, жойпуга айланышты.

Сиз эми ушул өрнөгүңүздү башкаларга көрсөтүңүз. Сиз байбичеңиз менен балдарыңызга эле керек эмессиз. Элге керексиз. Жүрөгүңүз ооруп жүргөнүн азыраак шылтоо кылыңыз мындан ары… Жазгандарыңызды уланта бериңиз. Сиз дөөлөттүү куракка келгенде, ыракаттуу жакшы эрмек таап алыптырсыз… А биз сиздин жазгандарыңызды четинен жарыялай беребиз…

Олжобай ШАКИР

Альфред Нобель жана физика

Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баян

Кириш сөз

Илим өзүнүн өнүгүү тарыхында көптөгөн окуяларга күбөө болуп келген. Анын жападан жалгыз кыймылдаткыч күчү болгон — изилдөөчүнүн башынан эмнелер гана өтпөдү! Жаңы илимий ачылыштардын кубанычынан баштап, өзүнүн генийлигинин азабын тарткандар канча болду. Окумуштуу – изилдөөчүнүн тагдыры өзгөчө турбайбы. Ал өзүн курчаган чөйрөдө айырмаланып турат экен. Жалпы пендечиликке таандык болгон “көр оокаттын” көпчүлүк убайымдары аны кызыктырбайт. Ошондуктан, ал өзүнчө эле бир дүйнөдө жашайт (эгер чыныгы илимпоз болсо). Эми бул пикирге миңдеген мисалдарды келтирсек болот. Байыркы окумуштуулардын дээрлик баардыгы өз өмүрлөрүн бүт илимге байлап коюшкан.

Бир эле байыркы грек философу Диогендин (б.з.ч. 412-б.з.ч. 323) чоподон жасалган идиштин ичинде жашаганы, эмне деген шумдук! Айрыкча, Джордано Бруно (1548-1600) менен Галилео Галилейдин (1564-1642) өз көз караштары үчүн жандарын аябаган эрдиктеричи! Диоген менен улуу падыша Александр Македонскийдин (б.з.ч. 356 — б.з.ч. 323) ортосундагы диалог-легенда бар. Бир жолу күнгө кактанып, ойго батып олтурган Диогенге падыша Александр келет дагы, сурайт:

— Мен улуу падыша – Александрмын! Сен кимсиң?

— Мен деген Диогенмин, элдер мени ит деп коюушат. Мага ким тамак берсе, куйругумду шыйпаңдатам. Бербесе, ажылдап үрөм, каап алам.

— Сен мени көп эле сынай бербечи! Менин атам Филлип сенин акылмандуулугуң жөнүндө мага керээздеп кетти эле. Ошол үчүн Персияга жортуул жасоонун алдында сага келдим! Экөөбүз эч кимди чакырбай эле бир тамак ичпейлиби! Макулсуңбу?

— Александр, мен азыр эле бир жүгөрү, бир жумурка жеп алгамын. Сен мени түштөнүүгө чакырып жатасың. Эмне, элиңе жаман көрүнүп алдыңбы? Сага окумуштуулар керек болуп калдыбы? Сен мени ошол үчүн тамакка чакырып жатасыңбы! Сени менен тамак ичкен адам, бактылуу боло албайт. Анткени, сен Аристоделдин келесоо көз карашына сугарылып алып, дүйнөнү багындырам деп опурулуп жатасың. Илим гана бардык түшүнүктү өз ордуна коёт. Ушул сөз эсиңде болсун!

— Ай Диоген! Эмне үчүн сен менден коркпойсуң! Мен Грецияны толук багындырып, чыгышты көздөй жортуулга даярданып жатам!

— Александр сен — жакшылыксыңбы же жамандыксыңбы?

— Албетте, жакшылыкмын.

— Анда жакшылыктан ким коркмок эле?

— Диоген! Мен деген улуу Александрмын. Македониянын падышасымын! Жакында бүт дүйнөнүн ээси болом.

— Александр, экөөбүз жанатан бери көп сөздөрдү сүйлөштүк! Сен мага нааразы болдуң, мен дагы сен жөнүндө жакшы пикирде болбодум. Анда эмне үчүн экөөбүз ыраазычылык боюнча сөз кылбайбыз! Ыраазычылык адамдардын жашоосунун өбөлгөсү да! Анда Александр экөөбүз тең жиндибизби?!

Сөзгө сынган улуу Александр Македонский айласы кетип Диогенден сураган экен:

Диоген жана Александр Македонский

Диоген, менден эмне сурагың келет?

— Четке жылып турчу, сен менден Күндү тосуп алдың!

Айласы кеткен Александр Македонский досторуна жана желдеттерине келип айткан экен: “Эгерде, мен Александр болбой калсам, Диоген болмокмун!

Бул диалог азыркы замандагы бийликке жагынып, шыйпаңдаган кээ бир “окумуштуу сөрөйлөр” үчүн эң чоң сабак!

Тилекке каршы, илимпоздордун ийгилигин өз максатына пайдаланып, анан, анын өзүн азапка салган бийликчилдердин аттары тарыхта белгилүү. Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, илимди чын дилинен колдогон эл башылары дагы болгон. Бирок алар санаалуу гана. Алардын ысымдарын дагы жакшы билебиз. Байыркы илимпоздор ошол учурдагы шартка ылайык, илимдин кеңири катмары менен алектенишип, энциклопедист-окумуштуулар болушкан. Изилдөөгө талап кылынган каражаттын талабы аз болгон. Заман өзгөргөн сайын илим дагы чар-тараптуу өнүгүп, көбүн эсе адистештирилген формага өтүп, ага сарп болгон каражаттын да саны көбөйүп, изилдөөчүнүн муктаждыгы артып отурду. Келечекти илим жана билим берүү менен байланыштырган, көрөгөч мамлекет башчылары каражат аябай, окумуштууларды ар тараптан колдоп чыгышты.

Натыйжада, алар сарптаган каражаттарын кандайдыр бир мезгилдерден кийин миң эселенген бааларда кайра кайрып ала алышты. Бирок бул илимдин жалгыз эле касиет-пайдасы боло калган жок. Эң башкысы, адамзат, табияттын тилин тапты, заттардын ички түзлүштөрүн үйрөнүп алды. Аларды өзүнүн ыктыярына бурду жана физика-химиялык касиеттерин каалагандай өзгөртүп, башкара баштады. Коомдук-гуманитардык илим дагы эбегейсиз өстү.

Илимпоздорду каржы тарабынан колдоо маселеси өзгөчө тарыхый феномен. Себеби, ушул ыкма миңдеген жылдар боюу өз жемишин берип келет. Мамлекет болобу, жеке инсан болобу – бул вазийпа прогресс үчүн эң чоң күч бере алган. Мен айрыкча, жеке адамдардын илимге болгон кайрымдуулугуна башымды ийип, таазим кылгым келет жана алар жөнүндө тынбай айтып-жазып туруу милдетим болот деп эсептеймин.  Андай улуу меценат-инсандар тарыхта көп эле болгон. Өзүн билимдүү эсептеген киши алардын аттарын, эмгектерин билишет жана татыктуу баалайт деп ойлойм. Алардын катарында өзгөчө орду бар, илимдин жетишкендиктерине баа берип, өзү дагы илим жана техникага бараандуу салым кошо алган улуу адам жашап өткөн.

Ал кишинин аты-жөнү – АЛЬФРЕД НОБЕЛЬ. Бул инсан жөнүндө замандаштарыбыздын аздыр-көптүр маалыматтары бардыр. Мына, 115 жылдан бери ушул кишинин атынан илимдеги жетишкендиктер боюнча берилип келген эл аралык сыйлык өзгөчө кадырлуу деп эсептелет. Ал өзүнүн атынан жыл сайын бериле турган акчалай сыйлыкты физика, химия, физиология — медицина, адабият боюнча эң орчундуу ийгиликтерге жетише алган окумуштууларга берилиши керектигин керээздеп кеткен. Бул эмне деген айкөлдүк жана чыныгы эрдик! Азыркы ач көз заманды куруп алышкан көптөгөн мамлекеттерди карап туруп, Альфред Нобелдин айкөл берешендигине өзгөчө баа бергиң келет!

Менин бул эмгекти жазган максатым: биринчи, А.Нобель атындагы сыйлыкты алган татыктуу окумуштуу – физиктердин өмүр жолдору боюнча баян берүү; экинчи, эң башкысы, алар кайсы эмгектери үчүн бааланышкан жана ал илимий ачылыштардын маани-мазмуну эмнеде экендигин жөнөкөйлөштүрүп жеткирүү болду. Кесибим боюнча физик болгондуктан, Альфред Нобелдин купулуна толуп, алгачкы болуп көрсөтүлгөн физика илими боюнча сыйлык алгандарга кайрылууну туура көрдүм. Жараткан мага өмүр берсе, химия, биология менен физиология жана тынчтыкты коргогон инсандар боюнча дагы баяндоо милдетин мойнума алып олтурам. Китепте Нобель сыйлыгын “Физика” боюнча алган физиктер менен катар эле “Химиядан” сыйлыкка ээ болгон физиктер жөнүндө дагы баян берилди.

Ушул китепти жазууда кыргыз тилинин эбегейсиз чоң океан экенине ынандым. Кыргыз тилинин илимди сүрөттөп жазууда эч бир тилден кем калбаган зор байлыгына ишендим жана сыймыктандым! Баяндоодо дүйнөлүк илимий жана көркөм адабияттар колдонулду жана алардан тиешелүү шилтемелер келтирилди.

Бул эмгекти жаратууда мага жардам берип жана түйшүктөрүмдү чыдамкайлык менен көтөргөн аялым Чынарага ыраазычылыгымды билдирем. Китептин компютердик жасалгасын уулдарым Чынгыз, Тимур, Бабур жана, айрыкча, кызым Айгерим аткарышты. Өмүрлөрүнүн узун болушун Жараткандан тилейм!

Каныбек Осмоналиев, Физика-математика илимдеринин доктору, профессор

Альфред Нобель жана кайрымдуулук

Альфред Бернар Нобельшвециялык химик, инженер жана ишкер адам. Ал тарыхта эң күчтүү жарылуучу зат болгон динамиттин ойлоп табуучусу. Каарманыбыз 1833-жылдын 21-октябрында Швеция Королдугунун борбору – Стокгольм шаарында белгилүү ишкер, архитектор жана ойлоп табуучу Эммануиль Нобелдин (1801-1872) үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Каарманыбыздын энеси Каролина Андриетте Алсель (1803-1879) өз заманынан озуп жашаган билимдүү аял болгон. Кичинекей Альфред Нобелдердин сегиз баласынын ичинен үчүнчүсү болуп төрөлүп, жаштайынан эле ден-соолугу начар болгон экен. Бирок ал башка үч бир-тууганы (Роберт, Людвиг жана Эмиль) менен жашап кетип, калган төртөө ымыркай кезинде эле каза болушкан делинет. Эммануиль Нобель бардык каражатын эластикалык кездемени чыгарууга жумшайт, бирок ишти жөнгө сала албай жакырланган абалга кептелет. Натыйжада, үй-бүлөсүн Швецияга калтырып, 1837-жылы алгач, Финляндияга, андан ары Санкт-Петербургга жумуш издеп кетет. Ошондо кичинекей Альфред 4 жашта гана болгон.

Альфред Нобель

Э.Нобель табиятынан мээнеткеч адам болгондуктан, Россияда өз ордун тез эле татыктуу табууга жетишет. Ал согуштук миналардын жардыруучу элементи болгон порошокторду чыгаруу ишин колго алып, мындан сырткары токардык станокторду жана алардын жабдыктарын жасоочу ишканаларды курууга жетишкен. 1842-жылдын октябрь айында Эммануиль Швециядан үй-бүлөсүн алдырып, иши оңолуп калган. Ошондо Альфред 9 жашта эле. Эммануиль Нобель орус инженерлери менен бирдикте деңиз торпедолорун жасоону дагы ийгиликтүү аткарган. Бул эмгеги үй-бүлө бюджетин жакшы көтөргөн жана балдарына жеке билим бере турган сабаттуу мугалимдерди тартууга мүмкүнчүлүк берген.

Альфред Нобель тырышчаак окуучу болуп, өзгөчө химиядан чоң ийгиликтерге жетише алган. Ал кичинесинен эле англис, француз, немис, швед жана орус тилдеринде сүйлөп жана жаза алган. Ошондуктан, Эммануиль орус досу, химик Николай Зиминдин (1812-1880) сунушун эске алып, Альфредди 17 жашында Европага жана АКШга билим алууга жөнөткөн. Ал Дания, Германия, Италия жана Франция өлкөлөрүндө болуп, негизинен химия менен физиканы терең өздөштүргөн. Ишкердик өнөргө дагы көп көңүл бурган. XIX кылымдагы дүркүрөп өсүп келе жаткан өндүрүш үчүн бул өнөрлөр эң баалуу сапаттар эле.

Андан ары Нобель АКШга барып, өзүнүн атактуу жердеши швед Джон Эрикссон (1803-1889) менен иштешкен. Эриксон буу машиналарынын конструктору эле болбостон, убагында брондолгон согуш кораблдеринин да куруучусу болгон. Мындай илимий-техникалык мектеп жаш Нобелге эбегейсиз зор тажырыйба берген.

Чет жерлик иш сапарынан келген Альфред атасы менен бирдикте иштей баштады. 1853-1856-жылдардагы Крым согушу алардын завод-фабрикалары үчүн эбегейсиз сандагы согуштук буйрутмаларды камсыз кылган. Бирок баюунун дагы чеги болот эмеспи. Ошол кездеги жалпы россиялык саясат абдан туруксуз болуп, кээ бир “ишмерлердин” аракети менен жардыруучу материалдар чет мамлекеттердин фирмаларынан сатып алына баштаган. Нобель жана анын өнөктөштөрү башка бизнеске өтүүгө аргасыз болушкан. Негизги заказ катары Каспий жана Волга флотилиясына керек болгон пароходдордун тетиктерин жасашкан. Бирок бул чоң бизнес эмес эле. Натыйжада, экинчи жолу банкрот болууга кептелишкен. Ошондуктан Альфред атасы менен Швецияга кайтышып, иштин жүргүзүлүшүн бир тууган агалары Роберт (1829-1896) менен Людвигге (1831-1888) тапшырышкан.

Швецияга келгенден кийин жаны тынбаган Альфред жардыруучу заттарды лабораториялык шартта изилдей баштаган. Бирок 1864-жылдын 3-сентябрында Нобелдердин үйүндө эбегейсиз чоң трагедия болду. Анткени эксперимент учурунда катуу жарылуу болуп, бир нече киши каза табышкан. Алардын ичинде Альфреддин иниси, 22 жаштагы Эмиль-Оскар (1842-1864) дагы болгон. Бул трагедия атасы Эммануилдин ден-соолугуна катуу доо берип, шал оорусуна чалдыгып, 8 жыл төшөктө жатып калган жана 1872-жылы каза болгон. Мындай кыйынчылыктар Альфредди багындырган жок.

Ошол кезде өзгөчө жарылуу жана дарылык касиетине ээ болгон нитроглицерин алынган болчу. Автору италиялык химик Асканьо Собреро (1812-1888). Ал нитроглицеринди синтездөө жолу менен 1847-жылы алган. Альфред өзүнө таандык болгон табышкерлик менен нитроглицеринге жаңы колдонууну пайда кылды. Ал динамит болчу. Нитроглицерин таза абалында өтө коркунучтуу зат жана пайдаланууга абдан ыңгайсыз. Ошондуктан, аны кеңири колдонуу максатында, катуу зат абалындагы абсорбенттер керек болот. А.Нобель дагы көптөгөн соргуч заттарды эксперимент жолу менен таап, 1867-жылы патент алууга жетишкен. Демек, нитроглицерин менен сугарылган соргуч-заттар бизге динамит деген ат менен белгилүү.

1.1. Сүрөттө

1.1. Динамиттин схемасы.

динамиттин болжолдуу схемасы берилген. Мында, А – нитроглицерин менен сугарылган соргуч материал (көбүнчө опилка колдонулган); В — коргоо кабыкчасы; С – жардыруучу капсула; D – жардыруучу капсулага жалганган кабель; E – бышыктоочу тасма.

Бир тууган Нобелдер өз капиталдарынын көпчүлүк бөлүгүн нефть бизнесине да салышкан. Алар айрыкча, Азербайжандын Апшерон жарым аралындагы нефть өндүрүшүндө ийгиликтүү иш жүргүзө алышкан. Нефть кенин изилдөө иштеринен баштап, аны өндүрүү жана сатуудан бир туугандар ошол кездеги эң күчтүү 30 миллион рубль өлчөмүндөгү капиталга ээ болушкан. Алардын абдан кирешелүү 13 заводу бир эле Кавказ аймагында жайгашкан жана миңдеген жумушчулар иштешкен.

Альфред Нобелдин дагы бир өзгөчөлүгү бар эле. Ал мыкты лектор жана жарыякеч болгон. Өзүнүн динамитин бүт Европаны кыдырып, тынымсыз сатып турууга үлгүргөн. 1867-жылдын 14-июну күнү динамитти Англиянын Сюррей графчылыгындагы Редхилл шаарынын чет жака белиндеги атайын чуңкур жерде сынаган. Эффект ушунчалык күчтүү болгондуктан бүт дүйнөлүк телеграф-телетайп борборлорунун көңүл чордонунда жумалаган окуяларга айланган.

Динамит чыгарган заводдорду Европа жана АКШнын көптөгөн шаарларында курган. Эбегейсиз пайда көргөн. Абдан шыктуу бул швед жараны башка ишмерлердин кыжырына тийген. Айрыкча, акчага жалданган жазмакерлердин катуу чабуулу көбөйгөн. Натыйжада, алгач, Парижден кетип, Италиянын Сан-Ремосуна баш калкалоого мажбур болгон. Каарманыбыз көп кырдуу киши эле. Адабиятка кызыккан, ал турсун “Немезида” аттуу пьеса да жазган. Европада эң ирилердин бири болгон өздүк китепкана түзгөн.

Жактырган жазуучулары Спенсер, Вольтер, Шекспир, Гюго, Ги де Мопассан, Оноре де Бальзак, Тургенев, Эмиль Золялар болсо, акындар Ибсен, Ламартин жана Шеллилердин таланттарына суктанган. Өзгөчө аны француз классиктери кызыктырган. Чарльз Дарвиндин (1809-1882) теориясын жактырып, адамзаттын жашоосундагы таасири зор экендигин белгилеген. Көп саякаттаган. Ошондуктан достору аны Европанын эң бай “селсаягы” деп тамашалап коюушчу. Тынымсыз эмгек, катуу түйшүктөр Альфреддин ден-соолугуна терс таасир бербей койгон жок. Акырында анын мээсине кан куюлуп, 1896-жылдын 10 декабрында Сан-Ремодо 63 жашында каза болгон. Сөөгү Швецияга алып келинип, Стокгольмдун шаардык мүрзөсүнө коюлган.

Альфред Нобелдин артында бала калган эмес. Бирок анын атын өчүрбөгөн нерсе бар. Бул — атактуу Нобель сыйлыгы. 1895-жылдын 27-ноябрында Париждеги шведнорвег жабык клубунда өзүнүн керээз катын жазып, расмий жол менен бекемдеген. Ага ылайык, 5 илим тармагына 31 миллион швед маркасы бөлүнгөн. Бул сумма анын жалпы байлыгынын 1/3ин түзгөн. Эмне деген марттык! Мындай кадамга барганынын түрдүү божомолдорун айтып жүрүшөт. Анын бири мындай: 1888-жылы Альфреддин агасы Людвиг Россияда каза болот. Журналистер адаттагыдай эле удургушуп, “өлүм алып келген динамиттин автору өлдү” деп, жаңылышып тирүү Альфредди өлдү деп жазып чыгышкан. Ошондон кийин Нобель катуу ойлонуп: “Адамзат мени кандай эстеп калар экен?” — деген суроону койгон. Натыйжада, биз жогоруда келтирген керээз кат пайда болгон.

Ал өлгөндөн кийин анын көптөгөн туугандарынын кээси таарынып, ал катты мыйзамсыз деп табууга аракет кылышкан. Бирок Норвегия парламенти – Стортинг 1897-жылдын 26-апрелинде ошол керээз катты мыйзам менен бекиткен. Ал эми Нобелдин катчысы Рагнар Сульман жана адвокаты Рудольф Лиллеквист Нобель Фондун түзүшүп, сыйлыкты ыйгаруу тартиптерин камсыз кылышкан.

Нобелдин өз талабы менен норвегиялык Нобель Комитети түзүлгөн жана 1897-жылы анын мүчөлөрү аныкталган. Ошол эле жылдын 7-июнунда Швециянын Каролин институту физиология жана медицина боюнча сыйлык тапшыруу түйшүгүн моюндаса, 9-июнда Швед академиясы адабият боюнча сыйлык берүү укугун алган, ал эми 11-июнда Швед Королдук академиясына физика жана химия жаатындагы сыйлыкты тапшыруу милдети жүктөлгөн. 1900-жылдын 29-июнунда Нобель Фонду түзүлүп, Нобель сыйлыгын уюштуруу жана каржы маселесин башкаруу укугу берилген. Ошол эле жылы Фонддун уставын Швеция королу Оскар кол коюп бекемдеген.

Тарыхта белгилүү болгондой, 1905-жылы Швеция-Норвегия униясы тараган. Ошол кезден баштап Нобель Комитети тынчтык сыйлыгын берип, ал эми Швециянын уюмдары калган сыйлыктар үчүн жооптуу болуп калышкан.

Нобель сыйлыгын берүүнүн негизги эрежеси болуп, Нобель Фондунун статуту эсептелет. Сыйлык жеке адамдарга гана берилет. Ал эми тынчтык сыйлыгы жеке адамдардан сырткары расмий жана коомдук уюмдарга да берилиши мүмкүн. Бир эле учурда ар бир номинация боюнча бир же эки жумуш сыйлыкка татыктуу боло алат, бирок сыйлангандардын жалпы саны 3 кишиден ашпоосу керек.

Дагы кызык жери – сыйлык акчанын жалпы саны төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт: сыйлык, алгач көрсөтүлгөн эки жумушка тең бөлүнөт, андан кийин ошол жумуштардын 3 авторуна да тең жарым болуп бөлүнөт, б.а. 1 автор ½ ин алса, 2 автор ¼ ден алышат. Сыйлык көзү өтүп кеткен адамга берилбейт. Сыйлыкты берүү, демейде ар бир жылдын октябрь айында жарыя кылынат дагы, ошол эле жылдын 10-декабрында (Нобелдин өлгөн күнү) расмий түрдө ыйгарылат.

Нобель сыйлыгы 5 номинация боюнча 1901-жылдан бери берилип келе жатат. Мындан сырткары, 1969-жылдан баштап Швеция банкынын демилгеси менен Нобель сыйлыгын экономика багыты боюча да бере башташты. Бул сыйлык Нобель Фондунан эмес, Швеция банкынын корунан берилет. Азыркы күнгө Нобель Фондунун башкармалыгынын чечими менен жаңы номинациялоо токтотулган! Базар болуп кетпесин дешсе керек. Ар бир лауреат милдеттүү түрдө “Нобелдик мемориалдык лекция” окуйт. Анын тексти Нобель Фондунун өзгөчө томунда жарык көрөт.

Бүгүнкү күнгө Нобель Фонду 250 миллионго ченелген АКШ долларын түзөт. Лауреаттарга сыйлык акча ошол сумманын баалуу кагаздарынан түшкөн пайданын пайызынан төлөнөт. Сумма жыл сайын аз санда өзгөрүп турат. Мисал үчүн 1992 жана 2012-жылдарды карайлы :

1992 жылы1,04 млн АКШ $;  2000-жылы0,9 млн АКШ $;  2003-жылы1,34 млн АКШ $; 2004-жылы 1,46 млн АКШ $; 2005-жылы1,25 млн АКШ $; 2006-жылы1,45 млн АКШ $; 2007-жылы1,56 млн АКШ $; 2008-жылы — 1,25 млн АКШ $; 2009-жылы – 1,45 млн АКШ $; 2010-жылы — 1,5 млн АКШ $; 2011-жылы – 1,4 млн АКШ $; 2012-жылы — 1.1 млн АКШ $. Көрдүңүздөрбү, 2012-жылы дароо эле 20 %га азайган.

Менин байкоомдо, мындай иш-чара сыйлыкты узак мөөнөткө кармап турууга багытталган болуш керек. Эмнеси болсо дагы чоң сумма бекер эле берилип жатпайбы. Бирок Нобель сыйлыгынын лауреаты акчалай эле марыбастан, дүйнөдө эбегейсиз абройго ээ болот. Алардын ар бири улуттук баатырга айланышат. Өз мекени (илимди баалаган башкаруучу болсо) дагы кошумча шарттарды түзүп беришет. Нобель сыйлыгын берүү тартиби, шааниси дагы өзгөчө. Аны барыбыз ММКдан окуп, телевидение жана Интернеттерден көрүп жүрөбүз. Демек, Альфред Нобелге окшогон меценаттар илимий-техникалык прогресстин локомотиви болуп келишет.

(Уландысы бар)

 

One Reply to “Каныбек Осмоналиев элге керектүү эмгек жаратты”

  1. KANYKEBAY! AMAN-ESEN BOLUP, ELİNİZGE UŞİNTİP ASIL EMGEKTERİNİZDİ TARTUULAJ BERİNİZ! SİSDİN KIRGIZSTANGA İLİMİJ KÖZ KARAŞTARDI JAYILTUUGA KOŞKON SALIMINIS TÖÖ KÖTÖRGÜS SALMAKTUU. SİZGE TUURA EMES MAMİLE JAAGANDAR DA ÇIKKAN. BİROK SİSDİN BİJİK ADAMDIK PARASATINIZ BAARIN JENİP KELE JATAT. PROFESSOR KANIBEK OSMONALİEV DESE, BİZ KYRGYZ RESPUBLİKASYNYN İLİM, TECHNİKA JANA PROGRESS DEGEN TUUSUN BİJİK KÖTÖRGÖN MEENETKEÇ İNSANDI TÜŞÜNÖBÜZ.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.