“Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба…”
Жусуп БАЛАСАГЫН

КУУ алдындагы Конфуций институтунун директору Үмүт Култаеванын Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого үгүт иштеринин маалдагы Он-Адыр айылында өзбек улутундагы адамдар менен жолугушууда айткандарында «улут аралык кагылышка чакырык таштаган эмес» деген пикири кызмат келишимин узартууга кыйынчылык жаратып (КУУ ректору Канат Садыковдун айтуусу боюнча), акырында жумушунан кетүүгө мажбур кылышканы коомчулукта түрдүү көз караштарды пайда кылды.

Шаарга жаңыдан келип, И.Арабаев атындагы андагы кыз-келиндер, мен окууну бүтүп жаткан жылы педуниверситет болуп өзгөртүлгөн жогорку окуу жайына кирүү сынактарын тапшырып жүрдүм. Ошондо кыргыз тили жана адабиятынан сынакты Үмүт Култаева эжейим менен Осмонакун Ибраимов агайлар алышкан. Үмүт эже андан кийин да кыргыз тили жана аны башка аудиторияда окутуу усулдары боюнча сабак беришти. Чыныгы мугалим, чыныгы устат кандай болорун ошондо көргөмүн. Ага чейинки баасы кымбат устатым, кийинки жашоо жолумду аныктаганга себепкер болгон азиз инсан, мектептеги орус тили жана адабияты сабагынан окуткан Горбылева Надежда Павловна эле. Мына ошол Надежда эжейимдин ордун борбор калаада Үмүт Култаева эже ээледи.

Шаарга алгач келгенде эле ушундай кыйын тилчиге туш болгонума абдан ыраазымын. Үмүт эже сыртынан сүрдүү, атүгүл каардуу көрүнгөнүү менен жан дүйнөсү поэзияга ыктаган назик, кылдат, аялуу жан экенин төртүнчү курска келгенде байкаганым бар. Ошондо эжекем аудитория толгон кыздарга алыскы Лейлектен келип окуп жүргөн, азыр акын жана журналист катары белгилүү курдашым Айнагүл Базарбаева менен мени мисал кылып, “карагылачы, кыздар, Айнагүл кандай өзгөрдү, Назгүл кандай ырларды жазып жүрөт” деп сыймыктануу менен айтканын али күнчө унутпайм. Бул мисал Үмүт Култаеванын шакирттеринин күн санап өскөнүнө кылдат абай салган инсан экенинен кабар берет.

Үмүт эженин кызматын, өзүн саясатка байланыштыруу орой айтканда, акынды алып барып бухгалтер болуп иште деп кыйнаган сыяктуу эле осол кеп. Андан көрө ошол орун ким-бирөөгө зарыл болуп калды десе көбүрөк ишенем. Улуттук университеттеги оркойгон осол көрүнүштөрдү жөнгө салуунун ордуна анын жетекчилиги саясат менен алектенгени жакшы көрүнүш эмес. Коомубуздагы көптөгөн көйгөйлөр ошол баарыбыздын ашкере саясатташып кеткенибиздин кесепети. “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген кыргыз илгертен. Ар ким өз оюн эркин айтууга укугу бар. Үмүт эжеке аялзаты болгон менен немистей так, эркекче бир сүйлөгөн, бир мүнөз, айтканынан кайтпаган көкжалдыгы бар, абийир-арын кызмат үчүн сатпаган таза инсан.

Ушунуңуздан кайтпаңыз, эжеке! Ал эми Бабановдун сөзүндө улут аралык кагылышууга чакырык барбы же жокпу деген суроого ошол видеону көргөн ар бир адам өзү жооп таап алар!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.