Гюстав ЛЕБОН: Ашкере динчилдик орун албаганда тарыхтагы көптөгөн төңкөрүштөр болмок эмес

Гюстав Лебондун айтылуу “Көпчүлүктүн аң-сезими” аталышындагы китебин окуп отуруп мындан бир жарым кылым мурда жашап өткөн бул адамдын көзү ачыктык касиети болгонбу деген ойго аргасыздан кептелесиң. Болбосо азыркы замандагы диний фанаттардын кыял-жоруктарын ошол убакта ушунчалык таамай айта албайт эле да деп андан аркы ойлоруңа жетеленесиң. Бирок мен кеп кылып жаткан бул китепти окуп чыккыча эле ошол араба минген он тогузунчу кылымдагы пенденин диний түшүнүгү менен  азыркы  айфон кучактап, ай менен сүйлөшчүдөй болгон адамдардын Кудайга карата мамилеси бирдей экенине ишенесиң. Гюстав […]

Сулайман КАЙЫПОВ: Бетке aйткaн сөздүн зaaры жок

Кечээтен бери өз өкүмүн сүрүп тургaн кaрa суук көп aдaмды имaрaттaн сырткa чыкпaй отуруугa мaжбурлaды… Тыныгуу күндөрүндө көбү жылуу жерге отуруп aлып, интернетти эрмектеп, кaбaрлaрды окуп-тaлдaп, комментaрийлер жaзуу менен aлек болуп жaтышкaндaй сыягы. Мен дa ошолордун бири кaтaры, сууккa aнчaлык бaйымым жок, үйдө отурaм. Дүйнөдө болгон нерсенин бaaрын aӊтaрып-теӊтерип окугaнгa, aлaрды aкыл кaлчaп тaлдaгaнгa мүмкүнчүлүк бергeн Кычыроон “мырзaгa” дa рaxмaт. Aл болбосо, көр тириглик менен aлпурушуп жүрүп, көп нерсени укпaй дa, көрбөй дa кaлмaк экемин. Кaрaбaйсызбы, кaрп-курп кирип келген бул […]

АУДИО: Быжыны жана сүйүүнү даңктаган шотланд акыны

Акын үчүн жазган ырларын эли унутпай окуп тургандан артык сыймык барбы! Мындай урматка тирүүсүндө Шотландиянын улуу акыны деп таанылган Роберт Бернс ээ болгон. Анын кадимки быжы жөнүндөгү одасы 1802-жылдан бери жыл сайын 25-январда Шотландиянын улуттук майрамында жаңырат. 25-январь — Шотландиянын улуттук майрамы. Бул күнү кечинде шотланддар кадимки кыргыз тамагы быжыны жешет. Алардын быжысы койдун ичеги кардына, өпкө-бооруна, куйрук майына пияз жана талкан кошулуп жасалат. Бул күнү шотланддар улуу акыны Роберт Бернстин туулган күнүн да майрамдашат. 1802-жылдан бери. Шотланддар быжысын жеп, […]

Жунай МАВЛЯНОВ: Жайлоодо

АҢГЕМЕ Небереси Азиздин көңүлүн көтөрөм деп Жаркынай өз көңүлүн чөктүрүп алды. Жайлоого келбесе антмек эмес да. Жыл сайын жайлоо маалында сөзсүз, бир кусалык, кандайдыр эски сагыныч жүрөк-боорун аралай чаап, санаасын эңшерип, маанайын басайтып кете турган. Андай кусалык, орду толбогон сагыныч бир нече күнгө созулчу. Ал күндөрдө Жаркынай бети шылынып, көздөрү алайып, айлап төшөктө оору менен алпурушкан кишидей шапайып азып кетер эле. Күн сайын бирин-бири көрүп жүрүшчү кошуналар биринчи байкашат ал өзгөрүүнү. Алар тарабынан: «Эмне болду, Жаркынай? Арыктап кеттиң го?» – […]

Нуралы КАПАРОВ: Көкүмбайдын кетмени

  Ак эмгектен агарып-көгөргөн, акылы терең, пейили кенен Тойчубай уулу Апин аттуу агабыз Чоң—Кемин өрөөнүнүн Калмак—Ашуу айылынын аягына эчен жыл элибизди багып келаткан кадимки кара кетменге ээн талаанын этегине, кара жолдун боюна чо-о-оң эстелик тургузуптур. Атайын ат арытып барып: “Кайран гана калдайган кара кетменим!” – деп жоон карагайга сапталган жонунан сыладым, маани катып маңкайган маңдайынан сыладым. Өткөндү эстедим, кеткенди эстедим. Өмүр бою сугат сугарып эл баккан, журт баккан Көкүмбайды эстедим. Асмандатып чапканда ай нуруна чагылган, көкөлөтүп чапканда күн нуруна чагылган […]

Турсунбек Акундун балалыгы жөнүндө китептен (уландысы)

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун өзүнүн кичи мекени туурасында  китеп жазууга камынган кербези экен. Автордун айтымында, балалыгынан баштап саясый турмушка аралашкан өмүр таржымалы да сүрөттөлмөкчү. Учурда бул эмгеги басмага даярдалып жаткандыктан, азырынча «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн автордун өтүнүчү менен айрым урунттуу учурларын жарыялоону эп көрдүк. Арийне, Турсунбек мырзанын жазгандарын эч бир оңдоп-түзөөсүз жарыялоону туура көрдүк… Мурда жарыяланган бөлүгү Ошентип атам апам болуп жылкыларга күнүнө беш-алты жолу чана менен чөп чачып,  совхоздун породалуу, таза кандуу жылкылары ошондой калың карга чыдап катаал […]

Нарсулуу ГУРГУБАЕВА: Менин эми барар жагым белгисиз

♦ ♦ ♦ Күн ойгонот сен жашаган тараптан, Мен тарапта Күн өлөт да, Күн өчөт. Билем, сенде Күндү тосмой адат бар, Мени Күндүн батпаганы жүдөтөт. Чыгыш… Батыш… Аралыгы бир кылым, Менин дүйнөм тең экиге бөлүндү… Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң? Не жолуктуң күүгүм талаш кеч күздө, Не төгүлдүң жамгыр кары аралаш?! …Бул дүйнөнү бөлбөй жашайт эстүүлөр, Тегиз дүйнө теңсиздиктен жаралат… . …Бар экенсиң мен жашаган дүйнөдө, Кечим менин, кечиккеним бир өмүр. Кечир мени, сен тазарган […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Үмүт Култаеваны калыстыктан тайбаган адис катары тааныйм

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого аттанган Өмүрбек Бабанов өзбек тектүү мекендештерибиз менен болгон үгүт жүргүзүү ишинде Он-Адыр айылында “тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык” деген сөзү үчүн Башпрокуратура ага «конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон эле. Бул боюнча атайы лингвистикалык комиссия түзүлүп, тилчилердин талдоосунан кийин Үмүт Култаева Бабановдун сөзүндө эч кандай кылмышка илинчек жоктугун ачык билдиргени үчүн Улуттук университеттен жумушунан кеткендигине байланыштуу «РухЭш» сайты интеллигенция өкүлдөрүнүн пикирин коомчулукка жеткирип турмакчы… […]

Айзек АЗИМОВ: А эгерде…

Англисчеден которгон Азат ЖАПАРБЕК АҢГЕМЕ Албетте, Норман менен Ливи кечигип атышкан эле, поездге шашкан сайын эң акыркы мүнөттөрдө сөзсүз бир нерсе кармайт эмеспи, ошондуктан вагондо бош орун издеп табуу кыйын эле. Андыктан тээ алдыдагы аркасы вагондун жүрүшүнө каршы коюлуп, дубалына такай орнотулган орундукка барып отурууга туура келди. Норман жүктөрүн текчеге жайгаштыра баштады, Ливи болсо бир нерсеге кыжыры келгендей бети бырыша түштү. Эгер дагы бирөөлөр келип маңдайдагы орунга отуруп калса, тээ Нью-Йоркко чейин бир канча саат жиндилердей болуп оңтойсуздана тиктешип жүрүп […]

Бабановдун саясый чуусу өз пикири бар окумуштууну кызматынан кол жуудурду

Биздин бүгүнкү маектешибиз – Эл агартуунун отличниги (2000-ж), педагогика илимдеринин кандидаты (1990), доцент (1999), филология илимдеринин доктору (2011), белгилүү окумуштуу Үмүт Култаева. – Үмүт Баймуратовна, өткөндө Сиздин кызматтан алынгандыгыңыз туурасында жаңылыкты интернеттен көзүм чалып калгандан улам, иштин чоо-жайын өз оозуңуздан билгибиз келип туру. Илимий коомчулукта кадыр-баркы бийик сизге окшогон инсандарды моралдык колдоого ала тургандар да жок эмес. Алардын да пикирин жарыялайбыз. Кеп бу жерде коомдо өз пикири, принциби бекем сиздей адамдарга болгон азыркы бийликтин мамилеси, кодулоосу күчөп бараткандай туюлат… — […]

Реклама жөнүндөгү карынын кебин капка салсак кантет?

Туңгуюктан туура жол тапкан кыргыз, Чырак жакпай түндүккө таккан жылдыз. Кокодон алып жанын кашайтпасаң, Көкташтай козголбостон жаткан, жылгыс.  Майда барат нерсени элебеген, Жамбашка таш өтсө да кенебеген… Мурдуна араа, балта, балээ да өтпөс, Бай-сайыңды бучкагына теңебеген. Москва ш. 1910-жыл. Тээ онунчу жылы кенебестигибиз жанды кашайтканда жазылып калган саптар эле. Ыр дегендей деле эмес. Бир шуу деген үшкүрүк сыяктуу эле нерсе. «Өз өзүңдү мактасаң өзгө жандан түңүлөт» деген макал эске түшүп ушул ойду жазып атам. Анткениме мына бу себеп болду: Кыргызстанды […]

Орозбек БАЙГОЖОЕВ: Памятникомания, орденомания, званиемания илдетинен кантип айыгабыз?!

“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш сый тамагы менен кошо үчүнчү жолу өткөрүлдү. Бильярд оюнунун бул жолку меймандары белгилүү архитектор, сүрөтчү Орозбек Байгожоев, о.э. таланттуу сүрөтчүлөрүбүздүн бири Эмил Токталиев жана жазуучу Дүйшөн Керимов катышып, бүгүнкү күндөгү борбор калаабыздын көркү, маданияты жана жалпы эле коом маселеси туурасында баарлашуу болду… Олжобай Шакир: Ороз байке, Сизди Бишкек шаардык архитектура тармагында иштээриңизди билебиз, ошондон улам өзүңүз менен бүгүнкү күндөгү борбор калаабыздын жалпы архитектуралык […]

Индус эл жомогу: Кыкка катылган байлык

Илгери, илгери бир кан жашаган экен. Анын биринен бири өткөн акылдуу, эр жүрөк, нарктуу үч уулу болуптур. Ошентип жылдар өтүп кан карып, уулдары тетирисинче эр жетишкенде, бийлигин бир баласына өткөрүп берип, өзү тынч жашамакчы болот.  Бирок уулдарынын кимисине кандыгын беришти билбейт. Алардын үчөө тең кан тактысына татыктуу болгондуктан эмне кыларын билбей, кеңешчилери менен көпкө чейин акылдашып, акыры алардын айткандары боюнча уулдарына көп акча берип, чоочун жактарга бир жылга жиберип, сынап көрмөкчү болот. Ошентип канзаадалар аябай көп, бирок баары бирдей сандагы […]

Улут сыймыгын жаратар Табыкенин керээзи аткарылды!

Атамекендик өндүрүштүн жол башчысы, «Шоро» компаниясынын жана «Супара» этно-комплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин ишин улантаар, тирүүсүндө какшанып жүргөн идеяларын керээз катары ишке ашырар Жаңыл жеңебиздин жаратмандыгын бүгүн жамы журтка жар салып жайылта турган жердебиз! Убагында кыргыздын кара жармасын дүйнөлүк рынокко чыгаруу демилгеси менен чыккан Табыкеге ишенкиребегендер да болгон, бирок бүгүнкү күндө максым-шоронун кадыры дүйнөгө тарап кетти. Учурда дүйнөнүн төгөрөгүн кыдырып жүргөн мекендештерибиз толтура: бири – жумуш издеп, бири – илим-билимдин артынан сая кууп, бири – дүйнө элдеринин өрнөгүн, тажрыйбасын үйрөнүп, аны […]