Кампучиянын жылуу жээктеринен абдан бийик секирген майда балыктарды көрүүгө болот. Бул балыктар кандайча минтип секирип калышкан? Бул тууралуу кхмер карылары төмөндөгүдөй бир болумушту айтып жүрүшөт.

Илгери-илгери ушул деңиз жээгинде эки бир тууган балыкчы өмүр сүрүшкөн экен.  Алар абдан кедей жашашыптыр. Булардын улуусунун аялы акылдуу жана иштерман экен. Ал эми кичүүсүнүкү тетирисинче, маңыроо да, жалкоо да болуптур. Бир жолу бир туугандардын улуусуна аялы мындай дептир:

— Сен экөөбүз эртеден кечке бел чечпей иштесек дагы, тапканыбыз күнүмдүктөн чыкпай, жарды жашап келатабыз. Укканыма караганда деңиз түбүндө акак, бермет сыяктуу асыл таштар көп экен. Кел экөөбүз деңиздин суусун сузуп алып, чөлгө ташып түгөтүп, ошол байлыктарга заматта байып, жыргал жашоого жетебиз.

Күйөсү ойлоно түшүп макул болуп, кокос жаңгагынан жасалган сузгусун алган экөө таң атпай деңиз жээгине келишет да суу сузуп алышып, чөлгө ташып төгө башташты. Ошентип алар кечке чейин бел чечпей, эс албай иштегенде суудан чаян чыгып алардан сурайт:

— Силер эмне үчүн биздин деңиздин суусун чөлгө ташып атасыңар?

— Биз деңизди чөлгө ташып соолутуп, түбүндөгү асыл таштарды алганды чечтик,- деген эрди-катын ого бетер күчтөнүп, ишенимдүү иштей башташты.

Муну укканда чаян коркуп кетип, шашыла сүзүп, суу түбүндөгү деңиз падышасы ажыдаарга жээктен көргөнүн көргөндөй, укканын уккандай айтып барды. Өз көзү менен көрүп буга ишениш үчүн жээкке сүзүп чыккан ажыдаар адамдардын абдан жигердүү иштегенин көрүп, коркуп кетти. Минтип иштей беришсе алар баардык сууну чөлгө төгүп, өзүнүн түпсүз мухит түбүндөгү үйүнө да жетишерин, ал эми суусуз калган падышалыгында баардык деңиз жаныбарлары кырылып, өзү да анын курмандыгы болгудай. Ошондон корккон ажыдаар падыша өз кол алдындагы букараларына мындай буйрук берет:

— Тезинен деңиз түбүнө түшүп, ар бириңер бирден асыл таш алып чыккыла!

Ошентип деңиз жаныбарлары – балыктар, чаяндар, үлүлдөр, медузалар жана башкалар падышанын буйругун эки кылбай деңиз түбүнөн асыл таштарды табып, аларды жээктеги балыкчыга беришип, ал аялы экөө кокос колкашыгын бул байлыкка толтурушуп, үйүнө келип жыргап-куунап жашап жатып калышат.

Муну көрүп билген кичүү балыкчынын аялы күйөсүнө мындай дейт:

— Кел, биз деле деңиз падышасын коркутуп, асыл таштарга ээ болуп байыйбыз.

Буга унчукпай макул болгон күйөсүн ээрчиткен ал ашкабак кол кашыгын колго алып, экөөлөп деңиз суусун чөлгө ташый башташты. Жарым саат иштеген соң аял тажап кетип, ашкабак колкашыкты таштап, күйөсүнө кыйкырды:

— Эй, сен иштеп тур, мен эс алып алайын!

Муну укканда эркектин жини келди:

— Жалгыз иштеп мага эмне… Өзүң баштадыңбы, өзүң ишти бүтүр!

Ошентип айтышып отуруп урушуп кетишти. Андан соң бири-бирине кол кайрып мушташа башташты. Мындан улам жээкте катуу ызы-чуу болуп, деңиз жаныбарлары чочулушту. Алар акырын суудан баш чыгарып жээкти карашса, чачтан сүйрөгөн күйөсүн аялы ашкабак колкашык менен тоңкулдата төбөгө чапкылап жатканын көрүшүп, алар коркуу дегенди унутуп, куйруктары менен сууну чапкылап каткырып жиберишти. Чоң балыктар жээкти тосуп калгандыктан арттагы майда чабактар бул кызыкты көрүш үчүн суудан бийик секирип чыга калып жатышты. Бул кабар деңиз падышасы ажыдаарга да жетип, ал жээкке сүзүп келип, чачташкан, чабышкан экөөнүн кебетесин көрүп каткырганда деңиз күрпүлдөп-шарпылдап, жээк солкулдап кетти. Муну укканда мушташкан эрди-катын бири-бирин коё берип, алыс ыргыган ашкабак колкашыктарын калтырып, куру кол бойдон үйгө карай качып жөнөштү.

Ошондон кийин аялы менен күйөсүнүн кызык урушун көрбөй калган майда балыктар баягы эрди-катын өз жоруктарын дагы кайталашар бекен деп, суудан бийик секирип чыга калышчу болуптур.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *