Эдуар ЭРРИО
(1872-1957), француз саясатчысы жана жазуучу

Акылдуулардын эмес, акмактардын арасында акылдуу көрүнгөндөн өткөн акмакчылык жок.

* * *

Аялдардын колдонор куралы – калп.

* * *

Бир партиянын ичиндеги эки саясатчынын ортосунда достук мамиле болушу мүмкүн эмес.

* * *

Камоэнс өз девизинде: «Чындыкты гана айтам» дегени үчүн өмүр бою куугунтук көрүп, түрмөдөн түрмөгө кесилип, анан калса итке минген жакыр болуп жашаган.

* * *

Башкалардын оюн жеткиликтүү түшүндүрсөң, анык чеченсиң.

* * *

Он беш секундда чечилбеген сүйүү көйгөйү – өмүрү чечилбейт.

* * *

Сүйүүнү кумар эмес, өнөргө айланткан жигит гана аялды чындап бактылуу кылат.

* * *

Жалындаган кумарды жеңүү үчүн сустайган жан болушуң керек.

* * *

Казармадан өткөн күч-кубаттуу улуттук-интернационалдын символу жок.

* * *

Акылдуулардын бизден айырмасы – башка адамдарды түшүнбөгөндөй көрүнөт.

* * *

Мени такыба адам кылбай жаратканы үчүн Теңирге ыраазымын.

Хенрик ЯГОДЗИНЬСКИЙ
(?-1928), поляк сатириги

Ажарлуу айымдарды жандагандар толтура, бирок андай айымдар көп жалгызсырайт.

* * *

Согуш майданында – коркконунан өлгөндөр да бар.

* * *

Укум-тукумдарыбызга ишенбейли, ата-бабаларыбыз бизге ишенип деле эмнени кыйратыппыз!

* * *

Жүздөгөн соода кыймылы – реклама: соода башындагы адам бирөө эле.

* * *

Эң оболу сөз болгон дейбиз, бирок сөз пайда болгондон бери бирин-бири түшүнгөндөр чанда.

* * *

Көп учурда ата-энелерге караганда балдардын чөнтөгүндө акча болот. Себеби, аларга ата-энелери берет. А ата-энеси жок ата-эне байкуштарга ким берет?

* * *

Бойдок кезде жалгыз үстөл, жалгыз керебетиң болсо да, керебетте керемет окуялар тез-тез жаңырып турат.

* * *

Талаш жараткандар канчалык макоо болсо, талаш ошончолук кызыйт.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *