(«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» китебинен үзүндү)

Ушул окуяны эстеген сайын, “Кылым карытар бир күн” романына эпиграф кылып алынган Х кылымдагы грузин ойчулу Григор Нарекацинин “Аза китебиндеги”:

Бул китеп менин деним деп бил,

Бул сөз менин жаным деп бил, — деген укмуштуудай терең маанилүү саптары эсиме келе берет. Эсиме келет да, балким, Чыңгыз ага ошол өзү жактырган Г.Нарекацинин китебин же ал жөнүндө жазылган кайсы бир илимий эмгектер жыйнагын ушул Бишкектин эле өзүнөн, өзүнөн болгондо да, биздей студенттер үчүн унутулгус саналган декабрь күнүндө академиялык китептер дүкөнүнөн сатып алып, аталган чыгармасына кирген эпиграф сөздү ошондон тапкандай сыймыктуу да, чабыттуу да ойлоно берем.

Эмесе, ал окуя мындайча болгон. Жогоруда айткан – 1975-жылы декабрда өткөн жазуучулар пленумунан чыккан Чыке эми кайда бараар экен деп, артынан акмалап жүрүп отурдум. Мамлекеттик пландоо комитети Дзержинский бульвары Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жерде эле, андан мага бейтааныш үч-төрт киши болуп жогору жөнөгөн Чыке андагы Киров – азыркы Абдумомунов көчөсүнөн, анан андагы Ленин — азыркы Чүй проспектисинен өтүп, Киев көчөсүнө жакындай берген кезде, жанындагы жолдошторуна акырын баш жаңсап кандайдыр сөз айтты окшойт, баары бурулуп, ошол жердеги көп кабат үйдүн алдында жайгашкан — билгендер “философ Азиз Салиевдин дүкөнү” деп койчу “Академкнига” деген дүкөнгө кирип кетишти. Чынында, эшиги күн батыш тарапты караган ал үйдүн биз катарын анча ажыратып билбеген бир кабатында, Мариябы, Нинабы – ушундай бир аттуу орус аялы ээрчитип жүрүүчү көзү азиз философ жана адабиятчы, Кыргыз Илимдер академиясы уюшулган 1954-жылдан анын мүчө-корреспонденти болуп, 1953-жылдан 1959-жылга дейре Кыргызстан Жазуучулар союзун башкарган, бирок кийинки мезгилде жазуучулардан ушунча көңүлү “кайт” болуп, алар өткөргөн бир дагы кеңешме, бир дагы жыйынга (!) басып келбейт деп агайларыбыз кеп кылган менин тоңдук жердешим Азиз Салиев жашоочу. Мен ал кишини сыртынан бир укмуш феномен катары көрчүмүн. Ал эми ушул “элге кошулбас” философ-илимпоз жашаган үйдүн биринчи кабатындагы болгон дүйнөсү айнектен көрүнгөн жалпы шаарга белгилүү китеп дүкөндүн эшиги бульвар тарапты карап, ошол “Академкнига” деген аты эле биздей элеттен чогулган студенттерге кандайдыр сырдуулук, сүрдөнүү жаратчу.

Ошондой болсо да, түшүнүп-түшүнбөсөк деле керектүү деген китебин сатып ала берип, айрым бирлерибизге ата-эне берген акчанын жана ай сайын алган стипендиянын ондон бир, кээде бештен бир бөлүгүн коротчу “пайдалуу чыгымдын” дареги болуп калган. Китептер “тиш өтпөс” — татаал болгону менен, арзан эле. Демек, бул жер – бизге тааныш жана сүйүктүү жай.

Ошентип, Чыкемдер кайрылган дүкөндүн “миң күнгө бербеген бир күнү” өзгөчө кызыкчылык туудурду. Кызык, Москва, Париж, Лондон, Нью-Йорк, Токио… – дүйнөнүн нечен бир чоң шаарларын кубаттуу өлкөнүн тышкы иштер министриндей эле кыдырган Улуу жазуучу ушу азыр түшүндө көргөндөй таңданган сатуучу кыздарга кандай кайрылып, биринен-бири “бай” – жайнаган текчеден нени алып, нени сатып алаар экен? Мен да байкалбай шыр кирип, иреге жактагы текчеден атактуу юрист А.Ф. Кониге арналган кичине китепти колго алып, барактаган болуп, астыртан карап турам.

Дүкөндө үч-төрт сатуучу кыз бар экен, Чыке баарына баш ийкеп салам айтты. Анан түз эле төр жакка өтүп, тарых, философия темасындагы китептердин тизмектүү катарына көз кадап, калың-чоң китептердин улам бирин колго ала, шоокуму алыстан угулган океан таризде чакырган ажайып дүйнөгө бүт дити менен байланды. Окумал киши дароо байкалат, ал бир кезде көп китеп ичинен бирин сууруп алды да, ары жак-бери жагын көпкө оодара карап, ошону жактырып, тандап, анан андай өзгөчө табылга тапканына кубанып турганы нурданган көздөрүнөн билинди. Балким, кайран калемгер студент күндөрүндө да китепке ушинтип үңүлүп, ушинтип кубангандыр? Ошол саам, ошол ирмемдеги кубанычын кыялкеч талабы так орундалган баланыкындай десек болот, тоодон тоо кезип, чөлдөн чөл кезип жүрүп асыл баа кен тапкан геологдукундай десек болот.

Ооба, окумал, иштерман, сергек ой киши дароо байкалат, Чыкенин ошол бозомок түстөгү калың-чоң китепти колго алып, өз алдынча бакыбаттана кубанып турган учуру анда анын бүткүл ааламга тараган зор атагынан да чоң, бир гана жүрөк, бир гана ой-сезим чегине сыярлык теңдешсиз жан-дүйнө майрамы сыяктуу эле.

Китеп жана Айтматов…
Айтматов жана китеп…

Сатуучу кызга басып келип, алиги бозомук китепти сатып алды. Жанында турушканы болбосо, көздөрдөй жайнаган китептер тизмегине анчалык назар салбаган, андыктан эч нерсе деле сатып албаган беркилерди ээрчитип, дүкөнгө кандай кирсе, ошондой сыпайы кош айтышып, китебин сол ыптасына кыса кармаган калыпта чыгып кетти. Куду сабакка бараткан мугалим же студент сыяктуу.

Алар жогору тарапка – кыз-келиндер институтун көздөй кетишти. Муну мен терезеден даана көрдүм. Ошондогу карек учунда калган унутулгус элестерден ушу азыр да ойлондурган бир кызык, таңдандырган көрүнүштүн себебин издей берем. Анын жөнү мындай. Жаш курак байкагыч-баамчыл курак деп жогоруда айттык ко, анда мен Чыкенин ушундай дүкөнгө киргенине таңданып, ал эми, өзүмдүн “эсебим” боюнча алганда, “Академкниганы” “сыйлаган” биринчи кыргыз жазуучусу болгонуна андан да катуу таңданып калдым эле. “Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин”, – деп Алыкул жазмакчы, орустар, еврейлер, орус тилинде сүйлөгөн түркүн-түс улуттагылар жана чет өлкөлүктөр да “эшик тындырбас” клиент болушкан ушул дүкөндө кыргыздар ар качан аз болуп, сөздүн кишиси – китептин ынагы деп санаган жазуучуларыбыз караманча… баш багып коюшпагандыгы, бир жагынан, суроо салдырып – ойго түшүрсө, экинчи жагынан, намысты ойготуп – ызалантып-арданта да берчү. Эмне, кыргыз жазуучулары өздөрүнүн китептеринен башканы окушпайбы, бүтүндөй республиканын маданият, адабият, билим өркөнүн өстүргөн борбор калаада туруп, дал эле “Академкнига” дүкөнүнүн бет маңдайында – Дзержинский бульварынын күн чыгыш өңүрүндө жайгашкан “Кыргыз китеп” дүкөнүнөн башка дүкөндү билишпейби деп камтамалана берчүмүн.

Сөздүн, көңүлгө тийсе да, ачыгы жакшы: ошого дейре жана андан кийинки 15 жыл (!) аралыгында мындай орус китеп дүкөндөрүнө – “Академкнига”, “Букинист” сыяктуу руханий азыктын азыгы топтолгон жайларга байма-бай каттаган кыргыз жазуучуларын дегеле жолуктура албадым. Же мен кайчы кетип жатамбы, алар келгенде – мен жок, мен келгенде – алар жок болуп… көрбөй калып жатамбы деп, нечен мертебе туш-тушту акмалап караган күндөрүм да болду. Жок, келишпеди! Кызык жана өкүнүчтүү, таң калаарлык жана кечиримсиз…

Аңгыча, “кубаттуу, урагыс Союз” өзү тарап кетти да, аны менен кошо китеп дүкөндөрүнө да “түн” түшүп, бири жабылып, биринин ордуна кайсы бир курсактуу шылуун кафе же сулуулук салон салып дегендей, “кимди ким көрдү да, Быржыбайды там басты”. Мындай көрүнүш бизде эле болбогонуна, Алматыдан “репортаж” алып жазган Мухтар Шахановдун “Коомдогу жаңы казактар, же руханий байлыксыз да мамлекет курууга болот деп ойлоочу жаш бизнесменге кат” аттуу ырындагы:

…Ар милдеттен алып өзүң азаттык,
Жаныңды тек ырахатта жашаттың.
Руханий байлыктарга таш аттың,
Райондо жалгыз китеп дүкөндү,
Сатып алып, пивокана жасаттың.
Тез ачылып соодагерлик арымың,
Тоодон-таштан тартынбай өр арыдың.
Соодаладың Алматынын жарымын,
Уюткулуу улуу казак элинде,
Сатылбоочу нерселер да бар, иним!.. – деген ташка тамга баскандай саптары да эң айкын далил. Көрсө, көркөм өнөр, төтөн рух, тилге өтө тамырлаш көркөм сөздү кесип туткан адам үчүн анын китепке жасаган мамилеси, биринчи кезекте, талант күчүн, акыл-билим дареметин, абийир-ыйман, изденүү-эмгек деген асыл нерселерге тутумдашкан жашоо-турмуш идеалын аныктоочу эң эле таасын “барометр” турбайбы.

“Китептер – бул Кудай уктап жаткан үй”, – деп жазган ыраматылык Алик Акималиев деген акын. “Китеп жазуу – куймак куюу эмес. Жыйырма беш процентин жазып, жетимишин оку. Кана, акыркы жылдарда кандай китептерди окудуң, саначы”, – деп айткан улуу Александр Твардовский. Ал эми китепке болгон сүйүүсүн жана урматтоосун 80 жаш өмүрү өткүчө алда немедей ачык да, таасын да билдирген Чыңгыз Айтматовдон өткөн ким бар экен? Балким, ушул жагынан, жазуучулугун – публицисттиги, публицисттигин — жазуучулугу толуктаган кайран улуу мекендеш биздин Кыргызстанда, Советтер Союзунда гана эмес, а бүткүл дүйнөдө да ХХ кылымдын жарымынан арбынын, ХХI кылымдын баш ченин камтыган мезгилдин душман да моюнга алгыдай дил-сөзү жетимдүү “рекордчусу” болгондур?

Эстейличи: тээ 1970-жылдардын соңунда – Октябрь революциясынын 60 жылдыгы белгиленген 1977-жылы, ичине 3235 автордун – алардын 2600ү 80 өлкөдө жашаган чет элдик автор эле – 25 миң 800 чыгармасын камтып, 60 миллион 300 миң нуска менен жарыкка чыккан гигант басылма – 200 томдук “Бүткүл дүйнөлүк адабияттын китепканасына” маңдай жарыла кубанып, ага мүлдө Союз боюнча биринчи (!) болуп “Правда” гезитине басылган “Адабияттын түбөлүк көктөгөн дарагы” деген макаласы аркылуу куттук сөз айткан ким эле? Ч.Айтматов болгон.

Эстейличи: тээ 1980-жылдардын башында, Бишкекте В.И.Ленин атындагы башкы китепкананын пайдубалы түптөлүп жатканда, чогулган жүздөгөн адам көзүнчө китептин мааниси, анын алмаштырылгыс ролу жөнүндө жүрөк толкуткан сөз сүйлөп, жумушчу мээлейчен символикалуу калыпка күрөктөп алгач цемент аралашмасын таштаган ким эле? Ч.Айтматов болгон.

Эстейличи: Союз урап, эгемендүүлүк заман келгенде, не бир менсинген бизнесмендердин базар, супермаркет, ресторан-кафе ж.б. ачууга чакырган “инилик урматтоолорунун” бирине да макул болбостон, андан көрөкчө, өзү “Фудзиямадагы кадыр түнүндө” жазгандай, “суу мурун балдарды” окуткан мугалимдер жөндөгөн жупуну жана чакан-тар мектеп китепканалары менен студенттер жасалгалаган окуу залдары жана китеп көргөзмөлөрүнүн ачылышына ар качандан бир качан “отказ” бербестен жөнөгөн – мындайда “аксакалдык көңүлүн жаш, улук башын пас” кылган дилгир, жөнөкөй жазуучу ким эле? Ч.Айтматов болгон.

Китеп жана Айтматов…
Айтматов жана китеп…

Эмесе, ушул багытта түрдүү жыл, түрдүү доорлор айлампасында айтылган анын мааниси бөксөрбөс жан сырларынан “эс тутум ойгото” окуп көрөлү:

“Ойлор, сюжеттер, образдар, тагдырлар жана адамдардын тарыхы элдер обочолонуп, чачкын жашаган кездин өзүндө да китептин жардамы менен ааламга саякат жасап келген. Биздин күндөрдө рухий байлыктарды алмашуу адамзаттын кечиктирилгис орток милдети болуп калды. Курч идеологиялык күрөштүн шарттарында маданияттын, искусствонун ролу өзгөчө зор. Китеп, сүрөт, кино – тынчтыктын жана достуктун элчиси. Айрыкча, китеп.”

* * *

“Китеп адамдардын рухий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамдарды өз башатына баш багууга, жан-дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүнө жетүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка ыкыбал салууга түрткү берет. Китеп адамдарды жакындатат.”

* * *

“Мен макалаларымдын биринде адабий чыгармачылыкка адам менен китеп башат болот деп жазган элем. Сыягы, адегенде китеп күлазык болсо керек. Муну көтөрө чалгандык деп да эсептебейм. Бала кезде Мухтар Ауэзовдун китептери менен кезигип, өмүргө тете арууланганым эсимде; Шолоховдун романдарына муюганымды да унута албайм; ошондо мен сөздүн өз кенчи болорун биринчи ирет түшүндүм жана жан-дүйнөм менен сездим; жазуучулук өнөрдүн азгырыгы ушунчалык белем, кагазга тизилген сөздөрдүн ар бирин аңтарып, ары жагында катылган сырдуу күчтү көргүм келчү.”

* * *

“Мен китепти ар дайым ыйык нерседей колго алаар элем. Мен үчүн анда китептин жаманы жок болчу, ар бир тамгага суктанчумун, ал эми китеп жазган киши Пушкин менен Толстойдой эле көрүнө берчү. Тилекке каршы, кийин кымындай ыйык бүдүрү жок кайдыгер жазылган жаман китептер болорун билдим. Мажүрөө болсо да, мындай ой айткым келет: биз китеп жана жазуучу жөнүндө бала кезде пайда болгон урматтообузду суутпас үчүн жаман китептер болбосо экен деп азыр да тилек кылам. Биздин китептер, биринчи кезекте, азыркы окурмандарды өзүнүн көркөмдүк жардылыгы, жармачтыгы менен кайдыгер калтырбашы керек. Жазмакерлер көбөйүп кетти. Кээде “Иностранная литература” журналынын хроникасын карап чыгып, дүйнөдө романдан көп неме жоктугуна таң калам. Испанияда, маселен, жылдын мыкты романына сыйлык ыйгаруу үчүн 150дөй роман окуп чыгыш керек экен. А ошолордун бири адамзаттын эсинде калса дурус… Тиричиликти, турмушту курулай көчүрө берген кунарсыз китептер дагы эле көп.”

* * *

“Адам сегиз саат уктайт, сегиз саат иштейт, эгер ал телевизордун маңдайында да сааттап отура берсе, анда китеп окууга чамасы келбейт. Көбүнчө түндөсү, же көбүнчө поездде окууга туура келет. Адатта, поезддге мен тириликтин оро-парасында жүрүп окуй албаган китептерди алам.”

* * *

“Китептерди атайын коллекциялабайм. Тек гана зарыл болгондо, урунчуларын, эгер керек болсо, бир ай же жарым жылда ага кайрылууга туура келчүлөрүн сатып алам. Мен мурда китепканага көп барчумун, азыр үйдөн гана иштейм. Ошондуктан, керек китеп дайыма жанымда болсун үчүн аны сөзсүз сатып алам. Ар бир адамдын өз китеби болот эмеспи.”

* * *

“Менде Чыгыштын байыркы, орто кылымдардагы, азыркы тарыхы боюнча китептер көп. Бул менин табигый керектөөм, ыкыбалым десем да болчудай. Бирок мен жалаң түрк тилдериндеги адабияттарга гана эмес, башкаларга – Орто жана Ыраакы Чыгышка да кызыгам.”

* * *

“Биздин мезгилде ким көп которуп, көп бастырса, өз окурмандарын чет өлкөлүк адабият менен көп тааныштырса, ошол утат, анткени чеберчилик менен иштелген котормолор ата мекендик маданияттын фондуларын байытып, ошол өлкөнүн менчик көркөм дүйнөсү болуп калат. Мына ошол себептүү, биз котормо ишине искусство катары, чыгармачылыктын маанилүү түрү катары, бардык башка адабий кесиптер менен тетелеш өнөр катары чоң маани беребиз.”

* * *

“Акылдуу түшүндүрмөлөр кээде окуганга сапаттык жактан жаңы туюмдарды берет.”

* * *

“Китепке да достордой мамиле кыласың – жаш чакта досторуң көп, бирок мамилең үстүртөн, жеңил-желпи, сын көз караш деген жок. Маселен, кимдир бирөөгө сага жаккан нерсе жагып калса эле сен аны мүдөөлөшүм, досум деп эсептейсиң, а араны жакындаткан бир кызыктуу китеп да болуп калышы мүмкүн. Жыл өткөн сайын тааныштарыңдын саны азаят, балким, досум деп эсептеген бирин-экин адам калат, бирок алар сынга толгон накта досторуң болот. Китептер да ошондой.”

* * *

“Кез-кезде көңүл жайына же мүмкүнчүлүккө жараша Гердерди окуйм. Укмуш киши болгон экен! Ошончо акыл менен энциклопедиялык билимди өзүнө сыйдырып жүргөнүнө таң каласың! Биздин азыр Айга колубуз жетти, ага замандаш адамдардын акылы жетпес, кыялына да кирбес техникалык жабдууларды ойлоп таптык, ал эми көпчүлүгүбүз Гердерчелик ойлонуу деңгээлине жете элекпиз.”

* * *

“Китепкөй жөнөкөй окурмандан айырмаланып турушу керек деп ойлойм. Китепкөй – адабият тарыхын билген, тиги же бул китептин, мейли, сейрек китептин болсо да, баркын билген, өткөн мезгилдердин китеби кандай, мааниси эмнеде экенин билген адам.”

* * *

Азыр Дзержинский бульвары Эркиндик проспектиси болуп өзгөргөн. Анда баягы “Академкнига” дүкөнү да жок, ага биз студент чакта алгач көргөнүбүздөй атайы кайрылып кирип, тандап-тандап отуруп, философия же тарыхка тийиштүү кызыктуу китеп сатып алчу даанышман Чыке да жок.

Ушул жерден аркы-терки өткөн учурда, жоготкон жогумду капыстан тапкандай тык токтой калам да, эбак узаган, эбак коштошкон жылдардын караан-элесин кайра бир көз алдыма келтирип, сан ойлорго чөмүлөм. Ооба, дилимде ал кезде сан ойлор кемесин айдаган өзгөчө эскерүү – 1975-жылдын декабрь күнү, декабрь сүрөттөрү жана ачылыш-кызыктары менен “тамырлаш” өз жашчылыгым…

Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун «Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *