Повесть

Биринчи китеп

Киришүү

Бисмиллахир Рахмаанир Рахим.

«Бул иштердин баары бүтүп (бейиш ээлери бейишке ээ болуп, тозоокулар тозокко түшкөн соң), шайтан айтты:

«Албетте, Алла силерге ак убада берди эле, мен болсо (жалган) убадаларды берип силерди алдаган элем. (Бирок) мен үчүн силердин үстүңөрдөн эч кандай өкүмдарлык жок эле. Мен силерди (күфр жолуна чакырышым менен) өзүңөр мага моюн сундуңар. Эми мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. Мен силерге жардам бералбайм. Силер да мага жардам берүүчү эмессиңер. Албетте, мен силер мени илгери Аллага шерик кылганыңарды танамын. Албетте, залымдарга (каапырларга) аянычтуу азап бар…»[1]

Силерге айтуу үчүн дилиме бул баянды салганына Жаратканга миң шүгүр. Алладан күч-кубат сурап колума калем кармадым. Үмүтүм, айтар сөзүм сиздерди кайдыгер калтырбайт ко дейм.

Жараткан Алла пенделерине «…шайтан жолунан жүрбөгүлө» деген. Бирок туура жол турса да бизге шайтандын жолу дурус көрүнүп, ошол жакка карап агабыз. Буттарыбыз оң жолго эмес, шайтан изинен басканды жакшы көрөт. Качан гана башыбыз менен таш сүзгөндө «Шайтан жолдон азгырды» деп ыйлактап калабыз. Шайтан да киши билбес улуу кудурет ээси. Ал ич тарлыктан баштап ач көздүккө, жалгандан баштап кыянатка, ачуудан баштап кекке, бой көтөрүүдөн баштап текеберчиликке чейинки зор бир аймак ээси. Анын аймагы курукчулук эмне экенин билбейт. Ал эккен урукту биз адамдар өзүбүз суу куюп карап, парбайиштейбиз. Ошон үчүн анын салтанатындагы ар бир урук өнүп чыгып, өсүп, мөмөсүн берет. Жака-белибизде шайтан өкүмүнө моюн сунгандар көппү же ыйман жолундагыларбы? Албетте, шайтан жетегиндегилер көптүк кылат. Көзүбүзгө шайтан жолундагылар көптөй көрүнө берет. Анткени ал эккен дарак мол түшүм берет. Мен ушул жамандык дарагынын тамырын издеп табам деп сизге кайрылып, алтындай убактыңызды алдым. Бул тамырды тапмакка бир адамдын акылы аздык кылар-ов! Келгиле, чогулуп пикирлешип көрөлү. Кудай буйруп, туура жыйынтык чыгып калар?

Турмуш түмөн түс. Анда көздү кубанткан, дилге кубат берген жаркын түстөр менен көңүлдү чөктүрчү кара түс да бар. Мурда кара түстү иштетишке бир жактан уруксат, экинчи жактан эрк жок эле менде. Каранын жанында сөзсүз ак, кызыл, жашыл… түстөр болушу шарт эле. Заман берген эркиндиктен пайдаланып, жашообуздун караңгы көчөлөрүнө кирип көрмөкчү болдум. Жазгандарымы окуп, чар-тарап капкараңгы го деп чочубаңыз. Жарыкта баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Караңгыда чалынып, мүдүрүлүп басабыз. Жарыктын кадырына жетмек үчүн караңгыны да көрүш ылаазым эмеспи?

Чыгарманы акырына чейин окуп чыксаңыз, буга сабырыңыз жана убактыңыз жетсе бир нече адамдар менен таанышасыз. Алар балким коңшуңузга, же досуңузга, балким тууганыңызга окшоп кетиши мүмкүн. Ушундай болуп калса «баланчаны жазыптыр» дебеңиз. Бул тек гана окшоштук болушу мүмкүн.

Эч бир пенде жамандык үчүн жаратылбайт. Инсан жарыкка тирүүлүктөн ырахаттаныш үчүн, бул дүйнөнүн сыноолорунан өтүү үчүн келет. Адам жерде жүрөт. Акын Аскар Касым айтмакчы:

«Асмандагы тузак эмне билбеген,
Же бирөөгө башын дагы ийбеген…»

Өкүнүчтүүсү, бут алдыбызда тузактар көп. Бул тузактар адам баласынын турмушунда чечүүчү мааниге ээ болуп калышы да мүмкүн. Мен чыгармада сизге жолдош болчу каармандардын айрымдары менен тааныштырайын. Ушул максатта бир аз артка чегинүүгө туура келет…

«Ибрагим» сүрөөсүнүн 22-аяты. Алоуддин Мансур котормосу.[2]

ЭЛЧИН

1978-жыл. 8-сентябрь.

Ал мамык булуттардын үстүндө учуп жүрдү. Улам-улам булуттар суюлуп, төмөн карап кулап баратты. Жүрөгү шуу этти да, көзүн ачты. Чын эле булуттардын үстүндө сүздүбү? Чын эле асмандан куладыбы? Ал муну аңдай албады. Оюн бир жерге топтогону аракеттенди. Көзүнө кооз оймо салынган шып көрүндү. Демек, үйүндө. Кызык, үйгө качан келди? Ким менен келди? Же бирөө жеткирип келдиби? Кечээги күндү, аныгыраагы түндү эстегенге аракеттенди.

«- Мен жөн эле азил оюн депмин.

— Кумарда азил болбойт, эркек!

-… Төлөймүн… Баарын төлөйм. Азыр эмес… Бир-эки жыл ичинде.

— Пулду го төлөрсүң. Катыныңдычы? Катыныңды да уттуруп жибердиң го.»

Бул кырылдаган үн башына чоюн чокмор болуп урулду.

— Ноила! — деп бакырды. Эч ким жооп бербеди. «Алып кетиштиби?» — деген ой көөдөнүн көзөп өттү.

— Ноила!

Бул жолу үнүнүн барынча бакырды. Айбандагы капаста турган тоту куш чуркулдап, бир тыбырчылап алды да, тынчып калды. Короодогу ит да анын үнүн улай улуду. Соолуга түшүп, эки жагын элеңдеп карай баштады. Оң жактагы жатаканасынын эшиги кыя ачык. Чырак жанып турат. Ноила жалгыз калганда түнү чыракты өчүрбөй, аны күтүп жатчу. Азыр да жанып турган электр чыракты көрүп: «Үйдө экен…»-  деди. Ушул ой анын эзилген жүрөгүнө бир аз тынчтык берди. Ачык турган эшикти карап басты. Астананы аттады да, таштай катып калды. Өмүрүнүн эң таттуу ирмемдери өткөн эки кишилик керебетте Ноила чачтары жайылган боюнча жатат. Эгер шейшеп канга чыланбаган, сол көкүрөгүнө бычак сайылбаган болсо, аны таттуу уйкуда жатат деп ойлойт эле. Көздөрү жумулуу. Кирпиктери көзүнүн астына билинер-билинбес көлөкө түшүргөн. Эриндери кымтылган. Чабалекейдин канатындай болгон каштары бир аз түйүлгөн. Бирок анын азыр аялынын кирпиктерине да, кашына да, тиштелген мойнуна да, катуу соруп өпкөндөн калган тамагындагы такка да караганга чамасы жок эле. Анын эки көзү аялынын көкүрөгүнө сайылып турган бычактан өтүп турду. Сабы кийиктин мүйүзүнөн жасалган бул бычак жабанда сакталчу. Аны ким алды? Ким Ноиланын көкүрөгүнө сайды? Ал бир нече мүнөт нес болуп турду да, бир аз өзүнө келгенде Ноиланын көкүрөгүнө сайылып турган бычакты сууруп алды…

АСАДБЕК

1949-жыл. 31-декабрь.

Таңга жуук апасынын ыңгыранып онтогонун укту. Ага улай атасы да апасына бир нерсе дегендей болду. Танча да муздап, денеси сууктан үтүрөйүп чыгыптыр. Аташкүрөктү алып, күлдү ачып, чокту көөлөп койсо го, аалам гүлүстөн болмок. Бирок жалкоолугу буга моюн бербеди. Бул иштерди күндө апасы жасачу. Үчөө танчанын үч бурчунда жатышчу. Азыр апасы наркы бөлмөдө ыңгыранып онтоп, атасы да бир нерселерди сүйлөп жатат. Муздак бөлмөдө эмне кылып атышты экен?

— Ойгондуңбу, кулунум? — деди атасы астанада туруп, — Бүгүн аяз ата сага чанага кошуп ини дагы алып келет окшойт? Мен апаңды төрөтканага алпарып, жаткырып келем. Ага чейин сен эстүү бала болуп отуруп тур.

Апасы атасынын калың, жакалуу пальтосун кийип алыптыр. «Балким апам пальтонун оордугунан кыйналып ыңгыранып жаткандыр?» — деп ойлоду. Апасы танчанын алдына токтоду. Ал ордунан турду. Апасы аны кучактап алып, бышактап жиберди.

— Атасы, танчанын чогун ачып коюңуз. Кулунуңуз үшүптүр, — деди. Атасы эңкейип, көрпөнүн бир бурчун көтөрдү да, күлдү тыткылап, чокту ачты.

Атасы апасын жетелеп, эшикке чыгып кетишти. Бала ордуна жатты. Бир аз жатып, көзү илинип уктап кетти. Бир убакта ойгонду. Турса курсагы ачып калган экен. Танчанын үстүн жаап турган чоң, төрт бурчтук патнисте бир сындырым нан, бир муштумдай кара талкан бар экен. Туруп бетин жуугандан эринип, Асадбек жаткан жеринен эле нанга кол сунду.

Көчөдөн ойноп жаткан балдардын куунак үндөрү угулуп турду. Нан менен талканды жеп бүткүчө: » Көчөгө чыксам атам урушат. Чыкпайм» — деп, өзүнө-өзү сөз берип отурду. Курсагы кампая түшкөндө ордунан дикилдеп турду да, апасы тигип берген пахталуу тонду желкесине иле салды. Ошол учурда көчө жактагы эшик ачылып, эки киши кирип келди. Айбанга киришип, буттары менен жерди топулдатышып, өтүктөрүнө жабышкан карды кагышты да, эшикти ачышып, ичкери киришти.

— Үйдө ким бар? — деп сурады пастек бойлуу киши.

— Атаң кана? — деди ноочарагы.

— Атам апам экөө кетишти.

— Каякка?

— Үкө алып келгени.

Алар бири-бирине ийин куушура карап алышты да:

— Ордуңан жылбай отур!- деп буйрук бере сүйлөдү пакенеси. Бала коркконунан ордунан козголгонго да алы жок, турган жеринде мыктай катты. Өзүнчө » Булар уурулар экен. Жакшы дагы нанды жеп койгонум»- деп ойлоду. Алар өтүктөрүн да чечишкен эмес эле. Жерге салынган эски кийиздин үстүнө из калтырышып, төрдөгү текче жакка өтүштү. Китептерди аңтар-теңтер тытышып, сандыкты ачышты. Бала титирей баштады.

— Танчага отур! — буюра сүйлөдү пастек бойлуусу.

Ал сууктан эмес, коркуудан титиреп жаткан эле. Танчага отурганда да калтыраганы басылбады. «Эч нерсе табалышпаса мени өлтүрүшөт» — деп ойлоду да, ыйлап жиберди.

— Эмне ыйлап жатасың? Коркуп жатасыңбы? — деди нооча бойлуусу. Бала коркконунан тили күрмөөгө келбей, башын ийкегиледи.

— Коркпо, биз ууру эмеспиз. Биз калкты ууру, жарабас душмандардан коргоочуларбыз. Сенин атаң дагы душман. Жөн душман эмес — эл душманы!

— Балага бул сөздөрдү айтпай эле коюңуз. Пайдасы жок.

— Пайдасы ба-ар. Билип койгону өзүнө жакшы.

Тинтүү бүткөн соң бириси патнисти сүрүп коюп күрсүгө, экинчиси терезенин текчесине отурушту да, папирос түтөтүштү.

Көпкө күтүштү. Бир убакта терезеден сырткы  эшиктин ачылганы, чана кармаган атасы көрүндү. Бала сүйүнгөнүнөн ыргып туруп, чуркап барып атасынын мойнуна асылышы керек эле. Бирок ал ордунан жылбады. Буга таң калган атасы:

— Козу балам, үйдөсүңбү? — деди.

Танчалуу үйдүн эшигин ачып, ичкериге бир адымдады да, таңдана токтоп калды.

— Сиз камакка алындыңыз! — деди пастек бойлуу киши атасынын артына өтүп.

— Эл душманы катары! — деди нооча бойлуусу маңдайына келип.

Атасы үндөбөдү. Ал азыр атам экөөнү тең төпөчтөп, көчөгө кууп чыгат деп ойлоду эле. «Эмнеге урбай жатат? Алы жетпейби? Мен бармын го?»

— Атама тийбе! Тийбе атама! — кокустан чыккан кыйкырыкты токтото албай, узун бойлуунун желкесине тырмышты.

— Жым бол, жыландын баласы! — деп, тиги баланы түртүп жиберди.

— Балага тийбе! — деп бакырды атасы.

— Болду, оюн бүттү! Жүр! — деди пастек бойлуу.

— Бурадарлар, — бул жолу атасынын үнү титиреп чыкты, — бүгүн жаңы жыл. Балам жалгыз. Эртең эрте менен айткан жериңерге өзүм жетип барам.

— Мүмкүн эмес!

Атасы башка унчукпады. Болгону:

— Уулум менен кайырлашып алайын — деди. Тигилер макул дегендей унчугушпады.

Атасы баланы бооруна бекем кысып, жүзүн жүзүнө басты. Ошондо атасынын көзүнөн кулаган бир тамчы жаш баланын бетине тийип, ал да ыйлап жиберди. Атасы:

— Ыйлаба, уулум. Жалил досуңдун жанына чыгып отур. Мен эртеге келем. Апаң сага ини апкелет. Атын Самандар деп койгула. Эсиңден чыкпасын — Самандар!

Атасы ошол кеткен боюнча келбеди.

ЗАХИД

1980- жыл. 10-июнь.

Алар төртөө эле. Ага-ининин бул төртөөнө алы жетчүдөй эмес. Качышты. Көчө узун. Кудум аягы жоктой туюлду. Жандалбастап канча катуу чуркашса да тиги кууган төртөөнөн кутула алышчудай эмес. Качкандар менен куугандардын арасы жакындагандан жакындап барат. Буттары чалынып, өпкөлөрү көөп чыкты. Артынан куугандардын энтиккендери эми кулак түбүнөн угулуп жатты. Үч кадам… Эки кадам… Бир кадам… Оң желкеге тийген муштумдун күчүнөн буттары чалышып, боюн токтото албай барып терезенин кашегин сүздү. Көздөрү тунарып, бою бошошту. Анан агасынын онтогонун укту. Бир маалда агасы жанынын барынча:

— Захид, кач! — деп бакырды.

Ал да: «Аке, качыңыз!» — деп бакырмакчы болду. Бирок бакырмак турсун, эриндерин араң кыймылдатканга жарады.

Ооруканада өзүнө келгенде ишемби күнү болгон окуяны эстегенге аракет кылды. Ага-ини сабактан кийин үйгө кайтышкан эле. Апасы тандырга гозопая калап, нан жапкандын аракетинде. Жуучулар ишти бүтүрүшкөн. Эртеге кыздын үйүндө патир сындырылат. Жайкы өргүү бүткөн соң той да болот. Ага-ини эртеге болчу шаттыкты билишсе да билмексен болушат. Иниси гана ара-чолодо агасына жылмая карап, көз кысып коёт.

— Досторуң келип кетишти. Афзал досуң аскерден келиптир. Жоролоруң ошол жакта чогулушат экен — деди апасы эртең-бүрсүгүнү үйлөнөм деп турган уулуна бир башкача мээрим менен көз салып.

— Анан досторуңа кошулуп ичпегин! — деди.  Захидди да акесине кошуп, отурушка жөнөттү.

Жоролор кучакташып көрүштү. Бир көчөнүн чаңын көккө көтөрүшүп чоңойгон достор үчүн Афзалдын аскерден кайтканы бир кубаныч болсо, араларынан бир досунун бойдокчулук доор менен коштошуп, үйлөнүп жатканы он кубаныч эле. Бирок бул шаттык-кубанычтын баары бөтөлкөлөр бошогуча экен. Бири-бирине бир сөз аз, эки сөз ашыкча болуп калган абалга жеткенде Захиддин агасынын бир сөзү жоро башыга жакпай калды. Бирок кайсыл сөзү жакпай калганын Захид азыр эстей албады. Бөтөлкөлөр бошоп, ичимдиктер түгөнгөндө көчөгө чыгышты чогуусу менен. Ошол жерде жоро башы акесинин жакасына асылды:

— Жана эмне деп жаттың эле?

Акеси да айраң калып, эмне дегенин эстей албады. Экөөнү ажыратып коюшту. Ага-ини жолдун жарымына жетип калганда аркаларынан кууган төртөө көрүндү…

Тойго деп жабылган нан тажияга келгендердин алдындагы дасторконго коюлду. Акесинин сөөгү жаткан бөлмөгө гүлдөр чачылды. Бир бурчуна көшөгө тартылды… Бул учурда Захид ооруканада өзүн билбей жаткан эле.

Булар төртөө эле. Темир тор артында болсо жалгыз жоро башы отурат. Анын сөзүнө ишенсек, ага-инилер менен мушташа кетип, кокустан уруп өлтүрүп алыптыр. Кылмыш атайын жасалган эмес. Мамлекеттик актоочу да, каралоочу да ушул пикирде экен.

Сот залына агасынын сүрөтүн алып киришти. Жоро башы ыйлап туруп, сүрөттү алып коюуну суранды. Күбөлөр дагы ушуну суранышты. «Ээ, буларда ынсап бар экен го» — деп ойлоду Захид. Бирок күбөлөр жалган көрсөтмө беришти. Маркум акесинин арбагы тебеленип калды. Төртөөлөп акесин уруп жатканда шер эле, көрсөтмө бергенге келгенде коён жүрөктүк кылышты. Мышык болуп чыгышты. Жан таттуу экен. Ушул ширин жан үчүн эки жүздүүлүк кылыш оңой экен. Өтө оңой экен.

* * *

Бул үч окуя алардын турмушундагы оң-тескери жашоонун башталышы гана. Ушул окуялардан кийин биздин каармандардын башына дагы кандай соодалар түштү? Мына эми киришүүнү жыйынтыктап, окуяны кеңири баяндайлы. Чыгарманы соңку чекитине чейин окуп чыкканга сизге Жараткандан сабыр тилеймин.

Ассалоому алейкум ва Рахматуллахи ва Баракатух!

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

1

Кыштакта таңды короздордун кыйкырыгы, чымчыктардын чурулдап сайраганы, эшектердин айкырыгы ойготот. Жиндиканада болсо, терезелерине темир тор капталган каналардын ичиндеги жиндилердин кыйкырган үндөрү таңды бир титиретип алып, анан ойготот. Дагы да таасыныраак айтсак, бул үндөр шамдан башталат да, таң агарып келатканда токтойт. Бул азаптуу бакырыктардан безээри болгон түн да бул жерден эртерээк качканга ашыгат. Үчүнчү кабаттагылар түндүн алсыздыгынан, өздөрүнүн кудум таңды ойготуу үчүн жаралышкандай кудуреттеринен маашырланышкандай. Анвар муну биринчи келген күнү эле баамдаган. Эстери кирди-чыкты адамдар менен бөлмөлөш болгондон кийин өзү да «Чын эле мен жинди болдумбу?» — деп ойлогон. Ага «мээрим» төккөндөрдүн чыныгы максатын аңдамакчы болду. Ага айрыкча «мээримдүүлүк» кылгандардын башында «Калк атасы» турганы анык. Өмүрүн мактоо угуу, сулуу кыз-келиндер менен кумарга батууга багыштаган бул мекеме башчысынын Халидий деген аты калып, «Калк атасы» деген каймана ат менен атоо адат болгон эле. Халидий «Калк атасы» дегенди укканда эч арданбай, кайра чоң сыймыктуу наамдай корстон болот. Жыл өткөн сайын чын эле «калк атасы» экенине өзү да ишенип бараткан. Халидий чет өлкөгө чыккан делегациядан калчу эмес. Эгер төрөбөгөн аялдардын делегациясы четке чыгып, аны кошпой калышса, «Мен деле тууган эмесмин го» — деп кинелегенден деле уялбагыдай мүнөзү бар эле. Сапардан келгенден кийин болсо мекемедегилерди жыйнап, бир нече саат сапардагы көргөн-билгендерин божурап берчү. Эл тарыхын изилдөөгө багытталган бул мекеме негизинен Халидийдин кызматын кылуу менен убара эле.

Кезектеги сапардан келген Халидий сапар тууралуу айтып жатып, ал жердегилер мени «Сиз жөн илимпоз эмес, калктын атасы экенсиз» — деп макташты деди. Муну уккан Анвар:

— Ушул киши ата болгон калктын падарына наалат — деп өзүнчө күңгүрөнүп койду. Бул какшыкты угуп калган жанындагылар күлүп жиберишти. Албетте, бул сөз «Калк атасынын» кулагына жеткен болуш керек. Бирок бул сөз үчүн эле аны жиндиканага тыгышпаса керек? Халидийдин шакирти илимий ишин жактап жатканда ал:

— Бул илимий иш эмес, көз боёмочулук — деп- оюн далилдегенге аракеттенген. Анын сөзүнө көпчүлүгү ынанган менен, эч ким кубаттап чыккан эмес. Диссертация эң мыкты деп бааланып, жакталды. Халидий кааласа Анварды ошол күнү эле иштен айдамак. Мындай мекемелерде «Штат кыскаруу» деген нерсе байма-бай болуп турчу нерсе. Анвардай чорт кесерлерден кутулуу «Калк атасы» үчүн чот каккандай эле нерсе. Бирок ал Анварды иштен бошотподу. Колунан келишинче жакшы мамиледе болуп, ага күйгөн адам болуп жүрө берди. Жакшы мамилесин үзбөй жүрүп жиндиканага жөнөттү. Бирок эмне үчүн мындай кылганы Анвар үчүн да, башкалар үчүн да сыр эле. Анвар биринчи түнү ушул суроого жооп тапканы аракет кылып, кара жанын карч урду. Ошол түнү үчүнчү кабаттан таралып жаткан ачуу үндөрдөн жүрөгү сыгылды. «Мени бул бир аз акыл-эси айныгандардын арасына апкелген адам үчүнчү кабаттагы таптакыр акылдан азган жиндилердин арасына көтөргөнгө да күч тапса керек?» — деп ойлоду. Анвар түндө кагаз казып уктачу эмес. Бул жерде болсо бирде аянычтуу, бирде коркунучтуу чыккан үндөрдөн уктай албады. Башында далисте басып жүрчү. Медайымдардын кагып-силккендеринен жадаганда, керебетинде шыпты тиктеп жатканга көндү.

Бул түн да ошондой өттү. Таңга жуук ордунан туруп, далиске чыкты. Мөөнөтчү медайым стол үстүнө колдорун коюп, билегин жазданып уктап жатыптыр. Ал оорулуулардын калжың-кулжуң сөздөрүнө, үчүнчү кабаттан угулуп аткан адамдын жүрөгүнүн үшүн алчу бакырыктарга көнүп кеткен. Сыртка чыкчу эшикти бекем жаап, анын ичинен жабылчу темир тор эшикке кулпу салып койгон. Анвар темир тор эшикке барып, кудум сырттан атып келаткан таңды көрүп аткандай карады да, үчүнчү кабаттан келчү үндөргө кулак түрдү. Ичинен «Эгер үчүнчү кабаттагылар түнү меннн бакырып чыкпай, бул жерди жымжырттык ээлесе чын эле коркунучтуу болуп калса керек? Кантсе да жиндикана деген аты бар. Ар ким эле жүрөгү чыдап келалбайт. Мен болсо алар менен аралашып жүрөм. Биз аларды жинди дейбиз. Аларчы? Алар бизди эмне дешээр экен? Алардын көзүнө биз жинди болуп көрүнсөк керек? Бул дүйнөгө жылаңач келебиз. Кетээрибизде да эч нерсе албайбыз. Бир адамга эки кулач сурп жетет. Бир ирмемчелик болгон өмүрүбүздө эмнени талашабыз? Бири-бирибизге көралбастык кылабыз. Ич тарлыктан күйүп-жанабыз. Жадагалса өлтүрөбүз. Аброй тапмакчы болобуз. Пул жыйнайбыз. Атакка жетишмекчи болобуз. Баарына ээлик кылгыбыз келет. Арабыздан жулунгандар буга да жетет. Анан эмне болот? Баарына жетип, атак менен даңктын таажысын тагынып, байлыктын тактысында талтайып отурганыбызда Азрейил келет да жаныбызды сууруп алат. Биз — акылы соо адамдар ушуну билбейбиз. А булар ушул чындыкка акылдары жеткен үчүн да биздин көзүбүзгө жинди болуп көрүнүшөөр? Анткени алардын арасында мансап талаш, кумар, көралбастык деген нерсе жок го.» — деп ойлоду да, жүрөгү опкоолжуп чыкты. Темир торду талкалап салып, үчүнчү кабатка чыккысы келди. Торду колу менен тарткылап кетти. Темир торго илинген кулпу темирге тийип, тарактап кетти. Күзөтчү медайым чочуп ойгонду. Алаңдап эки жагын каранды да, Анварды көрүп:

— Сиз белеңиз? Мен дагы коркуп кетипмин — деди.

«Демек менден коркпойт. Бул болсо менин акылдан айныбаганымын белгиси. Ушунусуна да шүгүр» — деп ойлоду Анвар.

— Кабатырланбаңыз. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн үйрөнчүк жиндилериңиз уйкунун кучагында мемиреп жатышат — деди медайымга күлүмсүрөп.

— Эмнеге андай дейсиз? Орунсуз тамашаңызды токтотуңуз! Бул жердегилердин баары сакайып кетет — деди медайым чын дилинен.

— Баары сакайып кетсе сиз ишсиз каласыз. Анан адамдарга дагы кыйын болот — ким соо да, ким жинди экенин айырмалай албай.

— Сөздөрүңүз кызык.

— Жиндичеби?

— Жо-ок! Эч андай эмес. Кызык, эмнеге сизди бул жерден коё бербей жатышат? Сизге дагы жаңы дарыларды жазышыптыр.

— Күчтүүрөгүнөнбү? Жашырбай айта бериңиз. Күчтүүрөгүнөн болсо керек. Кечээ башчыңызга карап: «Сизди сойсо нак жетимиш кил эт чыкса керек?» — десем, көздөрү алайып калды.

— Эмнеге мындай дейсиз?

— Кимдир бирөөгө кытмырлык кылышым керек го. Келиңиз, бул сөздөрдү жыйыштыралы. Сиз тиги дептериңизге ушул күчтүү дарылар менен эмдедим деп белгилеп кое бериңиз. Акысына мен сизге анекдот айтып берейин.

— Дагы жиндилер жөнүндөбү? Керек эмес.

— Сиз башта угуп көрүңүз. Бул жаңысы. Кыскасы, бир жиндиканада жиндилерди текшермекчи болушуптур дагы, баарынын колуна бош бөтөлкөлөрдү карматып, самолётко чыгарышыптыр. Бир маалда самолёттун ичин карашса бопбош. Бир эле жинди калыптыр. «Калганы кана?» — деп сурашса, баягы жинди:

— Баары бөтөлкө тапшырганы кетишти — дептир.

— Сенчи? Неге барбадың?

— Мен эмне, жиндиминби? Бүгүн дүйшөмбү күн. Базарда санитардык күн. Магазиндер иштебейт — дептир. Медайым күлкүсүн жашырганы жүзүн колу менен калкалады.

— Эгер мени алып чыгышса, өзүмү шарт таштамакмын — деди Анвар.

— Койсоңузчу — деди медайым Анвар чын эле өзүн бийиктен таштачудай. — Андан көрө ордуңузга барып жатыңыз. Таң да атып калды, — деди.

Анвар ордуна илкий жөнөдү. Ал ушул дарыларды ичпештин айласын кылып, медайымдарга анекдот айтып берип, маскарапоз болуп күлдүрүштүн аракетин кылчу да, ордуна келип жатканда өзүнө-өзү кыжырданып, өзүнөн өзү иренжичү. Азыр дагы ошондой болду. Медайымды күлдүрдү- бирок өзү эзилди. Ашыкча аракеттен пайда чыкпасына көзү жетти да, өз палатасына жөнөдү. «Кудай акы, өзүмдүн боюмду таштайт элем асмандан» — деп ойлоп баратты.

2

— Сизди сурап келишиптир — дегенди угуп, таң калды. «Ким издеп келет? Жекшембиден башка күндөрү бул жерге жада калса Азрейилдин өзүн дагы киргизишпейт эле го?» — деп ойлоду. Башкы дарыгердин бөлмөсүн карап жөнөшкөндө: «Ким? Калк атасыбы? — деген ой келди Анвардын башына. — Эмнеге келди? Мени бул жерден чыгарганыбы, же үчүнчү кабатка көтөргөнүбү?»

— Жүрө бериңиз, — деди медайым анын токтоп калганынан. Астананы аттады да, көрүп турган көзүнө ишенбеди.

Элчин!

Он жыл бири-бирин көрбөгөн достор минтип жиндиканада жолугат деп ким ойлоптур? Анвардын Элчинге жазган каттары жоопсуз калчу. Ал досуна жолугам деген үмүткө жетеленип Үч-Кудуктагы түрмөгө да барган. Бирок Элчин аны менен жолуккусу келген эмес. Кийин аны Сибирь жакка которгон. Анвар: «Досум менден катуу капа болгон экен да?» — деп ойлоп калган. Ошол бир кезде жазгандарына жооп кайтарбаган, ат арытып барса жолугушууну каалабаган, он жыл бою бир дарегин билдирбеген досу жиндикананын башкы дарыгеринин бөлмөсүндө минтип эч нерсе болбогонсуп жылмайып турат!

Кантсе да, эки достун ортодогу он жылдык айрылуудан кийинки жолугушуусу ойдогудай болбоду. Элчин досуна сагынычка толгон каректери менен тигилип караса, Анвар болсо муну өзүнчө жоруп: «Соомунбу, жиндиминби — ушуну текшергени келдиби?» — деп итиркейи келип турду. Ушул ою өзүнө акыйкатка жакындай туюлуп, өзүн жинди кылып көрсөтмөкчү болду:

— Мына, досум, көрүп турганыңдай ушул эс алуу жайында мамлекеттин бекер тамагын жеп жатабыз. Беш күн иш, эки күн дем алыш. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жиндилердин тобу алдыдагы Социалисттик беш жылдыкта көптөгөн ийгиликтерди жаратууга даяр! Баары өз нугунда баратат. Али жиндилер эч кимди жеп койбоду! — деди да, көз айнегинин үстүнөн ормоё башкы дарыгерди карап коюп кебин улады, — мен бул жерде дүйнөнүн түзүлүшүнүн формуласын иштеп чыктым. Бирок бир гана табышмак калды. Мына ушул эжекени, — деп дагы бир жолу башкы дарыгерди ормоё тиктеп, — сойсо канча кил эт болот экен, э? Жетимиш килочо чыкса керек. Келде-пайчасы менен ичеги-карынын кошпогондо,- деп ырсайып койду.

Элчин анын бул абалына ишенип-ишенбей карап, бир аз өзүн жоготуп турду да, башкы дарыгерге карап:

— Мен досум менен сүйлөшүп алайын, оор келбесе чыгып турсаңыз, — деп өктөм өтүндү. Башкы дарыгер тоотпогонсуп отурган креслосунан козголбоду. Бул сапар буйрук бере сүйлөдү Элчин:

— Сиз кагаздарын толтуруп чыгыңыз! Биз азыр кетебиз!

Башкы дарыгер да бош келбегенсип:

— Биз дароо чыгара албайбыз, чоң жигит! Масилеттешип алышым керек, — деди кекээрлүү жылмайып.

— Сөз бышкан! Асадбек эки сүйлөгөндү жини сүйбөстүгүн билсеңиз керек?

Башкы дарыгердин эриндери титиреп, өңү бозоро түштү. Бул чыкыя кийинген келишимдүү жигит кирип келгенде эле башкы дарыгердин таш болгон жүрөгү бир аз жумшагандай болгон. Бул кара каш жигит биртке эле көз сүзө сүйлөсө анча-мынча аялзаты чыдап туралчу эмес. Алты жылдан бери жесирлик жанына баткан бул башкы дарыгерге бул келишкен жигиттин бир эле ушундай каш кага карашы жетет эле. Бирок ал «Асадбектин суранычы менен келдим» — дегенде ошо ысый баштаган жүрөгүнө бирөө муз чачкандай, башынан ылдый кашкалаң суу куюп жибергендей болду. Асадбектин ким экенин башка билбесе да, башкы дарыгер жакшы билчү. Анткени ага ушул «жесирлик» наамды да Асадбек берген. Асадбек турган жерде «Калк атасынын» кадыры каакым болуп калаарын да билчү. Бул келишкен жигит, бир кездерде катынын өлтүрүп камалып кеткен, азыр да атагы өчпөгөн ырчы жигит Асадбек менен алакалаш экен, бир кичинекей жиндикананын башчысына тайсалдашты ким коюптур. Баш дарыгер анчалык аңкоо аял эмес эле. Баарын бир заматта түшүндү. А эриндеринин титиреп, өңүнүн бозоргону ачуудан эмес, коркуудан эле. Асадбектин каалоосуна каршы иш кылып жибергенин акташ үчүн:

— Досуңуздун азыркы сөздөрүн уккан адам чын эле… — «жинди» дегенге тили айланбай, — алигиндей деп ойлойт, — деп быдылдап жиберди. Элчин аялдын максатын аңдап, «Буда эмне күнөө? Бул бир буйрукту аткарган байкуш да» деп ойлоп, аялдын корккондон алая түшкөн көздөрүнө карап:

— Бул ашынам өзү артист болушу керек эле. Кудай уруп аалым болуп жүрөт да, — деп жылмайып койду да, Анварга карап:

— Мунун анча-мынча акындыгы да бар. Эсиңдеби, Анвар, мектепте окуп жүргөндө «Тумоо болгон ашык» деген ырың бар эле. Окуганыңда ичибиз эзилгиче күлчүбүз, — деди.

— Сен да жакшы бала элең. Кудай уруп ырчы болуп калгансың.

Анвар бул сөздү өтө муздак айтты. Элчин анын көзүндөгү муздак нурду көрдү да, деми ичине кайта түштү. Башкы дарыгерге карап:

— Бул өзү ушундай. Буга сүйлөгүн да, качып кал. Сиз кагаздарын тууралай бериңиз, — деди.

Башкы дарыгер да жасалма жылмайып, чыгып кетти. Элчин болсо кепти эмнеден баштаарын билбей турду. Ортодогу жымжырттыкты Анвар бузду:

— Мени Кудай урганы ырас. Бирок сен айтканчалык эмес. Аалым, же бир аз акын чалыш болуп туулганым үчүн ургандыр. Мен бул дүйнөдөн акыйкат тапсам керек деп жүргөнмүн.

«Акын болуп туулбаганда,

Көрбөйт элем мынчалык кордук…»

— Анвар, койчу эми. Азилдештим го. Ушунча жылдык айрылуудан кийин бир азилдешсем…

— Мен сени сагынган элем… Каттарыма жооп бербедиң. Эмне, мени көргүң да келген жок беле? Эми эмнеге келдиң? Мен сени издегенде сени куткарып алууга чамасыз элем. Эми эмне, мени куткарганы келдиңби? Көнбөсөмчү?

— Анвар, каттарыңа жооп бербегеними, Үч-Кудукка барганыңда учурашууга чыкпаганымы башка күнү айтып берейин. Мына бул жерим! — көкүрөгүн муштады, — зардапка толо. Дартым толуп ташкан. Сага айтпаганда кимге айтам, досум?

— Ноиланы сен өлтүргөн эмес элең. Буга баарынын акылы жетип турган. Сен анын арбагына чыккынчылык кылдың!

— Мен камак жазасын өтөп чыктым. Сот чыгарган өкүм аяктады. Өзүм чыгарган өкүм болсо аткарыла элек. Эгер ошондо атууга өкүм кылышканда го… — деп күрсүндү Элчин.

Анвар ага тигилип карады. Чачтарын ак аралап, көздөрүнүн айланасын бырыш баскан. Өзүн тетик көрсөткүсү келип турса да көздөрүнүн нуру өчө түшүптүр.

— Эгерде ошондо атышканда саткын катары өлүп кетмексиң.

— Досум, мени кыйнаба. Азыр мага сенин жардамың керек.

— Өз күчүң менен мени бул жерден алып чыгып кеткениңде сага рахмат дейт элем. Сен бир башы бузуктун жардамы менен мага азаттык бермекчи болупсуң. Мээң айнып калыптыр. Мен сага дүйнөнүн формуласын таптым дедим. Бул азил, же бир жиндинин сөзү  эмес эле. Бул чындык!  Эшиткин: Акыйкат дегениң бул — нөл! Дүйнөнү көзгө кооз кылып көрсөтүп берген тосмо бул — шейшеп. Өлүктүн үстүнө гүлдүү шейшеп жапканың менен өлүк чырайлуу болуп калбайт го, чынбы? Турмушта эч кандай өзгөрүү жок. Болгону шейшептин аты өзгөрүп турат. Шейшептин азыркы аты эмне, билесиңби? Аты Кайра куруу!

— Анвар, кой, бул сөздөрдү кийин сүйлөшөбүз.

— Жок, ук. Менин эмнеге «жинди» болгонуму билишиң керек. Демек, дүйнөнүн формуласы: Акыйкатты «Х» деп туралы, — Анвар стол үстүндөгү кагазды, кооз калемсапты алды да, кагазга бирдемелерди чиймелеп, Элчинге узатты. — Мына, кара:

Х (Акыйкат) = кыянат + алдамчылык + выждан + ыйман + жеңил ойлуулук =0

Элчин кагаздагы жазууларга узак тиктеп турду да, колуна алып, эки бүктөп столдун үстүнө койду.

— Орустарда бир кеп бар, «Американы экинчи жолу ачуунун кереги жок» — деген. Эң жөнөкөй акыйкатты кимге далилдемекчи болуп жатасың? Бул дүйнөдө баары салыштырмалуу. Мен бирөөгө караганда ынсаптуумун. Сен болсо мага караганда.  А дагы бирөө сага караганда ынсаптуу. Акыйкатты ар кимибиз ар кандай түшүнөбүз. Кыскасы, ар кимдин өз чындыгы бар.

— Биздин наадандыгыбыз да ушул түшүнүктөн суу ичип, көгөрөт.

— Болуптур, сеники туура. Талашкан менен курсак тойбойт. Буюмдарыңы жыйна.

— Мен кетпеймин. Мага бул жер жагып калды.

— Жиндилик кылба.

— Жок, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланбасам, анда анык жинди боломун.

— Бул ишке Асадбек аралашканын билбегениңде үндөбөй чыгат элең. Мен муну атайын айттым. Билип койгонуң жакшы. Сени бул жерге тыккан адамга бир тең келсе Асадбек гана тең келет.

Ушуларды айтты да, Элчин башын шылкыйтты. Өзү менен өзү сүйлөшүп аткандай, Анварга көңүл да бурбай кебин улады:

— Кайткан күнү эле сеникине бардым. Аябай сагынган элем. Анан… сага айта турган сөздөрүм да көп эле. Мен эми пулга муктаж эмесмин. Балалык кезибизде сен күчтүү элең. Дайым мени коргоп жүрөт элең. Азыр буга да муктаж эмесмин. Аты жаман абактан ашырган досторум бар. Сен жанымда болсоң эле болду. Карааның мага бел болсо жетет. Мен акыйкатка сыйынам десем каякка барам? Адилеттүүлүккө сыйынам десем кайда барам? Чындыккачы? Билип кой, мен үчүн баары сенсиң! Мен сени бул акыбалда таштап койбоймун. Мен канкор адаммын! Ооба, Ноиланы мен өлтүрбөдүм. Бирок ал менин акмактыгыман өлдү! Бул үчүн жаза алышым керек эле. Бул — бир. Экинчиден, бейкүнөөлүүлүгүмдү далилдей албайт элем. Алар буга жол койбойт эле. Билем, өлүм жазасын ошолор бекер кылышты. Мага жакшылап сабак беришмекчи эле. Сабак алдым. Бирок алар болжогондой жыйынтыкка келбедим. Эми менин сөлөкөтүм адам. Өзүм болсо жыланмын! Аларды бууп кыйнайм да, канын соромун. Мен алардын көздөрүн оюп, тилдерин сууруйм. Колдорун сындырып, кулактарына коргошун куям! Жашоомдун маңызы да, татчу лаззатым да мына ушул! — деди Элчин тамагына тыгылып калган ачуу муңду жутунуп. Анын көздөрүндө жырткычтык пайда боло түштү. Бул турушунда ал канчалаган жүрөктөрдү жаралаган лирик ырчыга окшобой турду. Анвар анын көздөрүнө тигилди да, эч нерсе дебеди. Элчин да Анварга карап:

— Сен мага керексиң. Сөзүмү эки кылганга акың да жок. Менин өмүрүм өлчөнүү. Айтканыма көнбөй, мени иренжитсең күнөөгө батасың — деп кебин улады.

Анвар унчукпады. Оор жүк желкесинен басып тургандай бөкчөйүп отура берди. Ал досунун максатын түшүндү. Асадбектин алдына баш ийип барганынын маанисин да аңдады. Элчин жанын күрөөгө коюп, кооптуу оюнга аралашкан эле. Анын азыркы абалы жети баштуу желмогуз менен күрөшкө чыккан жараксыз, куралсыз баатырдай эле. Учурунда бул ажыдаар көзүнө периште болуп көрүнчү эле Элчиндин көзүнө. Анвар «Адашып жатасың» деп, жолдон кайтарганга көп урунган. Бирок аракети текке кеткен. Эмичи? Эми эмне кылсын? Дагы жолдон кайтарганга урунсунбу? Илгери Элчиндин көздөрү алсыз эле. Эми болсо, көрүп-билип туруп өлүмгө ыраазы. Анвар бир чечимге келалбай турду. Ошон үчүн да башын өйдө кылып, досунун көздөрүнө ойлуу карады.

— Сенин аркаңда опол тоо болушу керек. Мен… бир кичинекей ташмын. Тагдыр каалаганынча калчап, бир чекеге ыргытып койгон ташмын. Эми да сонуну таркаганда бир бурчка тээп коюшу мүмкүн. Мага ишенбе.

— Макул, муну кийин сүйлөшөбүз. Бул жер маселе чеччү мажилис эмес. Тургун да, кийим-кечеңди жыйна.

Анвар муңдуу жылмайды.

— Мен кетпеймин.

— Кааласаң сени бул жерге жаткырган ит эмгендердин баарын апкелип, алдыңда чөгөлөтөмүн.

— Мындан эмне пайда? Ушу менен эле ынсапка кирип калат дейсиңби? Өзүңдү да, мени да кыйнаба, агайын.

Элчин тизесин чаап, ордунан турду да, Анвардын желкесинен кармап:

— Кайсарлык да эби менен да… Жок дегенде бир күнгө чыгаттырсың? Тоюма бараттырсың? Күйөө жолдош болоттурсуң? — деди.

Бул сөздөн кийин Анвардын көзүнө ынсап нуру кайтып келип, жүзүнө кызыл жүгүрдү.

— Үйлөнүп жатасыңбы? Ушуну башында эле айтпайсыңбы? Кимге? Сыр эмеспи?

Элчин аны качып кетпесин дегендей, сол жагына отуруп, оң желкесине колун артып:

— Асадбектин кызын алып жатам, — деп досуна тигилди.

Элчин азыр желмогуздун кызына үйлөнүп жатам десе да ишенет эле. Бирок, Асадбектин кызы!!! Туура, убагында миңдеген калем каштардын жүрөгүнө чок салган бул ырчы жигит азыр да бир карашта менмин деген кызды тузакка түшүрөт дечи. Ошентсе да Асадбектин кызын… Мейли, кыз жаштык кылып Элчиндин оттуу көзүнө арбалып, торуна түштү дейли, бирок буга кантип Асадбек ыраазы болду?… Бул Анвар үчүн чечилбеген түйүн эле.

(Уландысы)

Которгон Азамат ТӨКӨРОВ

[1] «Шайтан жеңип, жан берерде айлам качты…»

[2] Акмат Яссавийдин ырынан бир сап.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *