«Кара кылды как жарган калыстык – эң жакшы сапаттын туу чокусу. Бирок ал тээ качан эле адамдар арасында чанда кезигээр касиетке айланган».
Конфуций

Ар-намыстуу адам башкалар таптаган жолго түшпөй турганын Сиз көрсөттүңүз, Үмүт эже. Адилет, акыйкатчыл жандар Сизге окшоп солдаттык кызматтан алыс болушат. Адилетсиз бийликтин «а-бу» деген командасын илгиртпей аткаргандар бүгүн солдат эмей не?! Бу кезеңде Кыргыз бийлиги кошоматчы, эки жүздүүлөрдүн калың армиясын түптөп алды. Билинбей. Мамлекеттик сыйургаалдар аларды солдат кылып койду. Бийликтегилердин таянычы караламан калк эмес, бийлик таламын жактаган дүжүрлөрдүн калдайган карааны болуп калды окшобойбу.

Сиз эми анык Эл агартуунун отличниги болдуңуз! Бу кадамыңыз менен суу жүрөк болуп бүткөн интеллигенция чөйрөсүн селт эттирип ойготтуңуз. Жаш муунга, артыңызда өсүп келаткан бизге мунуңуз чоң сабак. Мындай чечкиндүү кадамыңыз башкаларга үлгү болор, дем болор өрнөк. Албетте, хамелеон жүздөргө гана сабак болуп бералбас мунуңуз, а бирак көкүрөгүндө адилеттик сезими уктап бараткан коом үчүн добулбастын үнүн кактыңыз. Чыйрактарды чыйралттыңыз, алардын көкүрөгүн адилеттик сезим тытмалап канатканын да туйгандырсыз…

Ооба, Сизге бүгүн жүрөгү канап отурган коомдун адийирдүү катмары жок эмес экен. Шүгүр. Алар «РухЭш» сайты аркалуу үн катып атышат четинен (Сулайман КАЙЫПОВ: Бетке aйткaн сөздүн зaaры жок; Амирбек АЗАМ уулу: Бийлик эркин ойлонгон интеллектуалдардын «тилин тарттырып» турган кербези; Аскер САКЫБАЕВА: Маңкуртка айланып баратканыбыз ушу!; Жолдош ТУРДУБАЕВ: Үмүт Култаеваны калыстыктан тайбаган адис катары тааныйм; Назгүл ОСМОНОВА: Устатымдын чечкиндүү кадамы – улутка үлгү)

Сизге окшоп өз пикири, өз позициясы бар адамдарды кызматтан алып кодулоонун аркасында көп мандем жатканын акыл чөйчөгү толук адамдар сезип атыры. Бийликке каш кагып каяша кайтарчулардун орду же түрмөдө, же очойгон айыппулга жыгылуу, же сизге окшоп кызматсыз калган көрүнүшкө айланды. Сиз бирок кызмат ордуңуздан ажыраганыңыз менен абийирден, ариеттен, акыйкаттан ажыраганыңыз жок. Артыңыздагы жаштарга эле эмес, жалпы коомго таасир этер өз пикири, өз жүзү бар интеллигенция өкүлү экениңизди көрсөттүңүз.

Коомчулук бүгүн элге эркеч болуп берер интеллигенцияга чукак болуп турган учур. А интеллигенция элге ориентир болуп бералбаган үчүн караламан калк бир эмес эки мерте мамлекеттик төңкөрүш кылганы менен адилеттикке жеткен жок, көчүбүз баягы бойдон кыйшаң… Атүгүл ашынган түркөйлүк, караңгылык, мансапкорлук, жагымпоздук, текебердик өкүм сүргөн кезеңге кептелдик. Адилет, калыс пикир тутунга өзүңүзгө окшогондорго ыдык көргөзгөн бийлик орноду кайра.

Калкагар тоодой каркыбар Сулайман акебиз (Кайыпов) какшаган профессионалдар жок үчүн калк каржалып барат, каардуу кыштын чилдеси шаардыктарды көк муштум кылды. Сизге окшогон профессионал, абийир асабасын көкөлөткөндөр билим берүү тармагынан четтетилип, С.Кайыпов жазгандай: Канат Садыковго окшогондор билим берүү системасын талкалап аткан күн бүгүн. Алыскы Прагадан Амирбек Азам уулу жазмакчы, чын-чынында азыркы бийликтегилер: «Башкы прокуратура чыгарган аныктамага макул эмес илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн “профилактика” үчүн бирден чакырып, эзели НКВД, КГБ шоокумунан коркуп чоңойгон муундун жүрөгүнө дагы зил салып койду!» Ансыз да бүжүрөп коркуп отурган интеллигенцияга: агер «бийлик бутактары чыгарган бүтүмдөргө ынанбаган көз караштарды айтсаңар, силер да кызматтан кол жууйсуңар» деген ишаратты сиз аркылуу туюнтту! Ооба, бийликтегилер сиздей көрүнүктүү окумуштууну «ооздуктоо» жолу менен далайынын жүрөк үшүн алып отуру.

Аскер досум Сакыбаева каңырыгы түтөп жазгандай: «Азыркы бийлик УКМКны чокмор кылып канчага чейин барар экен?.. Кеп, өз оюн эркин билдирген окумуштуулардын эркин сындырып коюшта болуп калдыбы; УКМК чакырды дегендин өзү эле азыр башыңа кара булут айлана баштагандын белгиси болуп калдыбы?!

Агер азыркы бийлик өзүңүзгө окшогон идиректүү интеллигенция, омоктуу окумуштууларды ооздуктоо жолу менен саясат жүргүзөр болсо, эл буга чыдабайт. Билим берүү тармагын сиздей окумуштууларды тазалоо жолу менен реформа кылуу мүмкүн эмес. Чындап келсе, азыркы бийлик сизге окшогондордон эмес, Канат Садыковго окшогондордон арылган күнү гана илим-билим жолунда акыйкаттык орнойт, алдыга жылыш болот. Билим берүү тармагындагы реформаны сизге окшогон адилетчил сезимдеги адамдар гана жүргүзө алат!

Элибиз азыр жаңы президент Сооронбай Жээнбековго жапатырмак колдоо көрсөтүүгө даяр: агер ал киши адилеттик үчүн күрөшүп, сизге окшогон өз пикири, өз позициясы бекем интеллектуалдардын кесипкөйлүгүн таразалап, таламын коргосо; Улуттук университеттин ректорунун ашкере кошоматчылыгына кол шилтеп койбосо…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *