Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун өзүнүн кичи мекени туурасында  китеп жазууга камынган кербези экен. Автордун айтымында, балалыгынан баштап саясый турмушка аралашкан өмүр таржымалы да сүрөттөлмөкчү. Учурда бул эмгеги басмага даярдалып жаткандыктан, азырынча «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн автордун өтүнүчү менен айрым урунттуу учурларын жарыялоону эп көрдүк. Арийне, Турсунбек мырзанын жазгандарын эч бир оңдоп-түзөөсүз жарыялоону туура көрдүк…

* * *

9-10-декабрь күнү 1981-жылы келечектеги өмүрлүк жарым Гүлмирага үйлөнгөнүм. (Мен бул эскерүүнү 2017-жылы 9-декабрь күнү үйлөнгөнүбүзгө туура 36 жыл болгондо жазып жатам).

Мен ал кезде Кыргыз айыл чарба институтун бүтүп жаңы эле айылга мал догдур болуп иштегени баргам. Апам Шааркүлдүн буту-колу  ооруп оор иш жасоого, кир жууганга да алы жетпей калган кези.  Анын үстүнө мен беш жыл Фрунзеде жүрүп,  бир кыз таппай калгансып өз айылымда бойдок иштеп жүргөнүм бир чети уят иш сыяктуу болуп көрүндү.

Нарын жылкы заводунун директору мага «мал догдур болуп иштесин» деп приказ чыгараар замат ишке киришүүдөн мурун айылга биротоло үйлөнүп барууну туура көрдүм.

Ошентип 9-декабрь 1981-жылы мага жакын тууган жана классташым Зайырбек деген тууганымды күйөө жолдош катары алып эртең менен эрте Чолпон-Атага жөнөп калдык. Нарын шаарынан такси менен чыгып ал кездеги  Рыбачье, азыркы Балыкчы деген шаарга чейин келип,  ал жерден да такси алып Чолпон-Атага жол тартык.

Жолдон таттууларды ,  түрдүү ичкиликтерди да алганга үлгүрдүк. Кычыраган кыш убактысы болгонуна карабастан кайсыл жерден алганыбызды билбейм кызыл гүл да сатып алдым.

Анткени Чолпон-Ата шаарында менин келечектеги жубайым Гүлмиранын бир тууган эжеси Каныш (Катя)эжесинин үйүндө  Гүлмира жашап жана иштечү.

Мен Чолпон-Атага барганга чейин Катя эже менен Нарындан чалып бир нече ирет телефон аркылуу сүйлөшүп, Гуляны ошол күнү алып кетээримди айтып убадалаштык.Ошондуктан Катя эже дасторконун жайып бизди күтүп жаткан.

Зайырбек экөөбүз Чолпон-Атага кечки саат 5-6 ларда жетип, Каныш эженин үйүнө кирип бардык. Алар бизди чыдамсыздык менен күтүп жатышыптыр. Каныш эжемдин айтуусу боюнча алар биздин карааныбыз терезеден өтүп кеткенибизди көрүп сүйүнүп, толкунданып тосуп жатышкандыктарын ушул убакка чейин айтып түгөтүшпөйт.

Каныш эжем күйөөсү Аскар жездем экөө жетине алышпай столдун үстүн жайнатып,  досторун чакырып бизди тосуп алышты. Алардын бир топ жолдоштору  келишип алардын арасында Федя жана анын аялы Ольга деген жакшы адамдар бар экендиги али эсимде.

Ал кеч мен үчүн эң бактылуу учурлардын бири болду деп эсептейм.

Гуляны узатуу аземи түнкү саат үчкө чейин уланды. Эң жакшы тилектер, каалоолор жана тосттор айтылды.

Болочок жарым Гуля өзү жапжаш жана сулуу болгонуна карабастан бир жакшы жана жарашыктуу көйнөк кийип алып бизди тосуп, Катя эжеме жардамын берип жатты. Мен анын кыймыл-аракетин, илберинки жүрүш-турушун, бизди тосуп жаткан бөлмөгө кирип жана  чыкканын карап жатып ичимден ыраазы болуп жаттым.

«Мына ушул кызга үйлөнгөнү жатам, ал менин болочоктогу жарым болот» деп ичимден кудуңдап сүйүнүп, ал сүйүнүчүмдү башкаларга билгизбөөгө аракет кылып жаткандай да болдум. Аскар жездем өзү казак улутунан болгону менен өтө токтоо, ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөгөн, орто бойлуу бирок олбурлуу адам.Бир убакта бокс менен машыгып далай менменсинген жигиттердин мурдун жалпайтканын  кийин билип жүрөм.

Ал кечте негизги ролду мага күйөө жолдош болуп барган Зайырбек ойноду. Ал милиция болуп  иштегенине карабастан кара сөзгө чечен, шайыр, чукугандай сөз тапкан жигит болгондуктан бардыгын күлдүрүп, тийиштүү жерде тамашалап коюуудан да тартынган жок.  Ал кеч менин турмушумдагы  эң бактылуу көз ирмемдерден экенин кийин билдим.Бирок тилекке каршы ошол кечте эстелик үчүн бир сүрөткө да түшүп коюууну элес албапбыз.

Ошентип жогоруда айткандай түнкү саат үчтөрдө бизди узатышты. Гуля бир топко чейин чыкпай бушайман болуп ыйлап жатты. Аны дагы туура түшүнүш керек. Ата-бабасы көрбөгөн жана билбеген жерге келин болуп кетип жатса. Ошентип Гуляны  эптеп ишендирип  алып чыгышып, биздин машинага салышып салтанаттуу узатышты. Биз сүйүнгөн бойдон Чолпон-Атадан чыгып таңкы саат бештерде  Рыбачье шаарына келип дагы бир классташым Жекшен деген баланын үйүнө түнөдүк. Алар бизди кубаныч менен тосуп алса, ал эми бизди алып келген таксист өз миссиясын  аткарып үйүнө жөнөдү. Жекшендин үйүндө эки-үч саат эс алгандан кийин Рыбачьеден дагы бир таксини  кармап Нарынды карай сапар тартык.

Ошентип Гуляга эң биринчи жоолукту Зайырбектин аялы Кумаркүл салып ак батасын берди. Ошол эле күнү Нарын шаарындагы күйөө балабыз Аликти айдатып, Болдуш эжемдин волгасы  менен Гуляны алып өз айылыбыз Эки — Нарынга келдик. Алик өзү уйгур улутунан болсо да тамашөкөй, кыргыздардын түшүн жоруган жаркылдаган жигит. Ошол Гуляны алып барган жылы да Эки-Нарынга кар калың түшүп жолдун эки жагындагы кардын тереңдигинен машина көрүнбөй калган учуру. Тоонун арасында улам бир коктуга кирип, кайра чыгып ашуу ашып суу кечип кетип бара жатканыбызды көрүп Гуля ичинен кайра келгис жерге кетип бара жаткандай элестетип баратты.

Чоочун жерге бара жаткан  келин капаска түшкөн шумкардай терең ойго чөмүлүп турган учурунда жакшы сөз айтылса же аны кайра ошол капастан бошото турган аракеттер көрүлсө кандай кубанычка батканын элестетүү кыйын.

Бир убакта Алик капыстан эле «Ээ Гуля кайгырба, сени азыр кайрадан алдыдагы капчыгай аркылуу  үйүңө алып барып койом. Ушул жактан Көлгө жол кетет» деген жалган чыны аралаш сөздөрүн айтканда Гуля ага ишенип чын жүрөгүнөн сүйүнүп, ошондой жакшы кабардан кийин Гуля бизге жолдо ырдап да берген учуру болду.  Ошентип биз Эки-Нарынга эл отуруп калган учурда бардык. Атамдар бизди чыдамсыздык менен күтүп жатышса. Биз «бир аз оюн кылалы» деп үйгө түз барбай волганын сигналын болушунча берип айылдан капчыгайды карай өтүп кетип,  анан кайра кайрылып келгенбиз.

Ошентип,  1981-жылы 10-декабрда Гуля келин катары биздин эшикти биринчи аттап кирди. «Келин жыргаар жерине ыйлап барат» дегендей Гуля биздин үйгө ыйлап кирди. Апамдар ак батасын берип ак жолугун салышты. «Келин көрөбүз» деп келгендердин саны үзүлгөн жок. Атам чоң той берип, таман чыккан бээ союп элден бата алды.  Ошентип Гуля Токоман уулунун бир ак жолтой келини  болуп биздин тукумду улантты.  Мага бутума бут, колума кол болуп кыз десе кыз, уул  десе уул төрөп ак жолтой келин болду. Атам менен апамды карыганда багып алардын батасын алууга жетишти.

Ал эми Гуля экөөбүздүн кантип таанышканыбыз өзүнчө эле чоң жомок. Ал болочок китепте толук жазылат.

* * *

Эми мектепке окуганга чейинки балалыгымдын кээ бир жактарын азырынча коё туруп, кантип биринчи класска барганым тууралуу жаза баштадым:

Биз ал кезде дагы Ардакты деген касиеттүү жерде малдарды күздөтүп, чатыр менен турчубуз. Мени менен тең балдардын баары быйыл мектепке бараарын билип жүрчүмүн. Алардын кээ бирөөлөрүнө ата-энелери кол машинага кийим тийип берип жатканын да кулагым эшиткен. Апам  малдан  колу бошобогондуктан мага кийим деле тиге алган жок. Мага мектепке кийе турган кийимди ким алганын жана кандай кийим кийип барганым деле эсимде жок.

Сентябрь айы жакындаган сайын жүрөгүм дүпүлдөйт. «Мен кетсем атам байкуш кантип оокат кылат» деген ой башымдан кетпейт. «Ага ким атын алып келип берет? Ким койлорду айдап келет? Ким музоолорду апама байлап берет?» деген ойлор менен кечке чейин алекмин.  Окууга барайын» деген бир да ой жок. Окууну ойлосом эле жүрөгүм дүркүрөйт. Көрсө мени ата-энем окууга кызыктырып чонойтпостон малга кызыктырып чонойткон тура. Атамдардын таштап кантип мектепке барып окуйм, мен жок алар кантип жашашат» деген ой да кетпейт. Көрсө мен атам менен апама өтө берилип жакын өсүп аларсыз өз жашоомду, менсиз алардын жашоосун элестете алган эмесмин. Мен буга чейин бир да күн бирөөлөрдүн үйүнө түнөгөн эмесмин. «Анан кантип бирөөлөрдүн үйүнө барып жатам? деген ой да кетпейт.

Мен үйүбүздүн төшүндөгү бетке музоолорду айдап чыгып жатсам, биздин чатырдын жанына чоң  жүк ташыган машина келип токтоду. Ошондо эле жүрөгүм «шуу» деди. Бул машинанын мага келгенин сезип турдум, аңгыча Акун атам мени тумагын булгап чакырды. Ошондо эле даана «балакетке» кабылганымды билдим. Мен үчүн мектепке баруу-бул бир капаска түшүү же сүргүнгө кетүү сыяктуу эле нерседей элестеткем. Мектепке баруудан  эмнеге экенин билбейм аябай коркчумун. Көрсө мени мектепке алып кеткени машинасын айдап аталаш бир тууганыбыз болгон Үсөн байкем келиптир.

Мен «мектепке барбайм» деп бир сыйра ыйлап да алдым. Бирок  Үсөн  байкеме «Акун акенин баласы сөзсүз мектепке келиши керек, мектепке окуу ар бир советтик окуучунун ыйык милдети» деген сыңары көрсөтмөнү айылдагы мугалимдер берсе керек. Аны мен кайдан билейин?

23-декабрга караган түн. Түңкү саат 13-05 болду.

Ошентип Үсөн байкемдин машинасы менен айылга кетүү үчүн комбайындар арпа оруп  жаткан Көңдөй деген жердин башына бардык. Мен ага чейин мурда көнгөндөй эле атамдын атына учкашып алып бардым. «Айылга барсам атым жок эмне кылам» деген ой оюмдан кетпейт.  Көңдөйдүн башына барганда атам адатындай эле турнабай салып Чырпыктынын башына кийик түшкөн же түшпөгөнүн карап жатты. Бир убакта атам бизге кайрылып бир топ кийиктин келгендигин алардын изинен  эле билип койду. Атамдын бул сөздөрүн угуп мен ого бетер окууга кетким келбей кыйылып жаттым.

Бирок мени окууга алып келүү тууралуу катуу тапшырма берилгендиктен кетпей коюууга болбойт эле.

Комбайн машинага арпа жүктөп болгондон кийин мен атамдар менен коштошуп, Үсөн байкемдин машинасына олтуруп алып мектеп жайгашкан Эки-Нарын айылына келдим. Кантип биринчи класска барганым дагы эсимде жок. Аны түк эстей албай койдум. Мен окуу башталып калгандан кийин бар нече күндөн кийин окууга келсем керек?  Бирок мен ошол кезде эле Манас эпосуна тийиштүү » Тулпарлар» деген кичинекей кара китепти шар окучумун. Анда Манас баатырдын жана Манастын чоролору миңген Ак кула, Сарала, Мааникер, Көк чебич, Тайбуурул, Тайтору сыяктуу аттарынын сүрөттөрү тартылып, алардын асыл сапаттары көркөм деңгээлде сүрөттөлгөн. Ошол китептерди окуу мага болуп көрбөгөндөй дем берип, ал китептерди окуганда окуянын ичине аралашып, Манас эпосунун арасында өзүм жүргөндөй болчумун. Ошондуктан биринчи класста тамга таанып,  окуунун мага көп деле кызыкчылыгы болгон жок.

Мен Эки-Нарын айылында атамдын аталаш агасы  Мүсүр чоң атамдын үйүндө жүрүп окудум. Акун атамдын атасы Мусабек алты бир тууган болгон.  Алар Мусабек, Мүсүр, Исабек, Уулкан, Мистекан жана Осуйпа деген үч кыз, үч эркек болушкан. Исабек чоң атам чоң мергенчи болгондуктан өзүнө-өзү ок ат алыптыр. Мусабек чоң атам малдуу-жандуу кыйын адам болгондуктан аны «бай» деп репрессияга, контурга айдаган. Ошентип эркектердин ичинен жалгыз Мүсүр атабыз тирүү калган. Ал киши мал менен жүргөн маана киши болгондуктан репрессияланбай калган. Ал эми мени мектепке машина менен  алып келген үсөн байкем ошол Мүсүр чоң атамдын кичүү баласы.  Анын анда үйлөнө элек мезгили.Мүсүр чоң атамдар кийинчерээк Оорук-Тамдан көчүп келип там салыша элек болгондуктан  биздин тамда жашашты.

24 декабрь 2017 жыл. (Жекшемби).

Ошентип мен биринчи класстан окуп калдым. Мен жогоруда сөз кылган Мүсүр  чоң атамдын үйүндө менин окуума тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Киши отура турган кичинекей жыгач отургучка китептеримди жана дептерлеримди коюп алып окучу элем. Көрсө, мен окуган ошол отургуч менин окуй турган столумдун милдетин аткарган тура. Анын үстүнө ыраматылык Мүсүр чоң атам эмне экендигин билбейм кагаз караган адамдарды жек көргөн адам.

Кагаз караган кишини «шайтандын иши»деген сыяктуу эле саначу.

Өмүр бою мал менен жүргөн кишинин бул мүнөзүн дагы түшүнүү менен кабыл алышышыбыз керек. Ошентип мен Эки-Нарын төрт жылдык башталгыч мектебинде төртүнчү класска чейин окудум. Бул жылдар кантип өткөнү  менин эсимде элес катары гана калды.

Бирок эң бактылуу жылдарым ушул мектепте өтүптүр. Атам Акун мал менен айтылуу Ардакты менен Чырпыктыда кыштагандыктан мен негизинен мектепте жакын туугандардын үйүндө жүрүп окудум. Мүсүр чоң атам китеп окуганымды жактырбай уруша бергендиктен Калыке эжемдикине качып барып окуп жүрдүм. Калыке эжем болсо өтө акылдуу адам.  Колунан да, сөзүнөн да келген кереметтүү аял заты. Калыке эжем Акун атамдын уялаш бир тууганы.

Атам Акундун атасы Мусабек чоң атамдын эки уул, бир кызы болгон. Уулдардан Акун менен Кыйтыке, ал эми кыздардан жалгыз Калыке эжем. Калыке эжемдин күйөөсү өзү ошол айылдагы кара тукум уруусунан Шераалы деген керемет адам .Ал адамды биз «Шераалы жезде» деп сыймыктануу менен атачубуз. Ал киши өмүр бою мал багып, айылдагы активдердин арасында жүрүп өттү.Бээлерди багып жылына  90 кулун алып бергендигине байланыштуу аз жерден Социалисттик эмгектин баатыры  болуп кала жаздаган. Көптөгөн медалдарды, Ардак белгиси орденин алып Москвага чейин барып келгенин билебиз.  Мен мектепте жакшы окуганым  менен өтө эле унутчаак бала болчумун. Менин «хронический» унутчаактыгым тууралуу туугандарым жана мени билген адамдар  ушул убакка чейин легенда кылып айтып да жүрүшөт.

Эмне үчүн андай унутчаак экендигимди ушул убакка чейин аңдай албай жүрөм? Мен «оюнга ушунчалык берилген бала болгондуктан ушундай унутчаак болсом керек»  деп ойлоп  кетем. Эми ушунчалык унутчаактыгым тууралуу учкай төмөндөгүдөй окуяларды айтып кетүүнү туура көрдүм:

Эртең менен боз пальтомду дайыма мектепке кийип барам да түштөн кийин сабактан кайтканда күнүгө ал пальтону кийбей унутуп кетчумун. Бир күнү да ошол пальтомду унутпай калган күнүм болбоптур. Менин пальтомду эки-үч жыл бою менден эки жыл илгери окуган Калыке эжемдин ортончу  кызы Турду эжем ташып жүрүп күн өткөрдү. Ошол кезде мектепте Жамила эже деген күзөтчү эже, бардык балдар  окуу бүткөндөн кийин кийимдерин толук кийип кетишет. Ал киши күнүгө менин гана пальтомдун калганын көрүп Турду эжеме даттанчу «Эй Турду, тиги сенин иниң пальтосун бүгүн дагы калтырып салды. Алып барып бербесең мындай катуу сууктан тоңуп калат» деп менин пальтомду Турду эжем аркылуу бердирип жиберчү. Ошентип кудайдан куттуу күнү мен пальтомду унутуп баягы эле эжем ташып жүрчү экен. Азыр Турду эжем ушуларды эстеп алып боору эзилгенче күлөт.

Мындан тышкары «Жакболоттун  ар бир коктусунда Турсунбектин пальтолору калды» деп да мени билгендер айтып калышат. Анткени атам жайлаган Жакболот деген жайлоонун ар-түрдүү коктуларына барып кийик уулап же карагат терип жүрүп ошол жакка да пальтолорумду унутуп калган күндөрүм көп болгон. Кыскасы мен унутчаактыгымдын азабын жакшы эле тарттым. Атамдын мылтыктарын тоолорго бир нече ирээт унутуп салып далай сар-санаа болуп тил уккан күндөрүм ай.

Эки-Нарын мектеби «мектеп»  деп эле аталганы болбосо толук мектеп деген атка жооп бербеген эле бир үй. Ошол кезде Коне-завод 53  чарбасы тарабынан салынган чоң үй болгон. Ал үйдүн бир жак башында Осой деген киши аялы Саткын экөө тең Эки-Нарын айылынын борбору Казан-Куйгандан көчүп келишкен билимдүү жубайлар экендигин кийин байкадык..

Саткын эже буту аксак болгондуктан балдак менен басчу.Ал эми ал үйдүн экинчи башындагы эки бөлмөдө биздин мектеп жайгашкан. Бир бөлмөдө биринчи класс менен үчүнчү класс, экинчи бөлмөдө экинчи класс менен төртүнчү класс жайгашкан. Ошентип биз окуй турган бөлмө жок болгондуктан мектепти «аралашма класс» (карликовый) болуп аралашып окууга мажбур болдук.  Эң биринчи бизге мен жогоруда сөз кылган Саткын эже сабак берди. Бирок алар көп өтпөй көчүп кетишти. Эмнеге кеткенин бала  болгондон кийин маани деле берген жокмун.

Бизге жаңы мугалим болуп Кара-үңкүр деген жерден Шабдан деген агай келип сабак берди. Ал өзү бизге чукул Дөбөлү деген жерден. Өңү кара, өтө сүрдүү агай. Мен чүкөнү  катуу ойноп берилип кеткендиктен сабагымдын начарлап кетиптирмин. Шабдан агай мени катуу урушуп сабагымдан жакшы окуумду талап кылды. Мен агайымдын айтканын аткарып бир чейректин ичинде жалаң төрт-беш алууга жетише алганым эсимден эмдигиче кетпейт.  Ошондо балдарды көзүнчө мени мисал катары мактап кеткенин унута албайм.

Эки-Нарындын балдарынын көбү чүкө дегенде жантыгынан жаткан адаттары бар. Ал деле бир спорттун түрү. Ошол берилип чүкө ойногондордун көч башында Жакы деген досум экөөбүз. Чүкө ойноонун негизги жери Жакынын үйүнүн жаңы. Анын үйү Нарын дайрасынын кашатындагы кырда жайгашкан.   Мен адегенде жаңы эле үйрөнүп жаткандыктан атам чогултуп берген бир тулуп чүкөмдү толугу менен уттуруп алып кайгырып, катуу ызаландым. Кайран гана теке менен кулжанын сакалары чыркырап кеткенине жаман ичим ачышты.

Бирок көп өтпөй эле чүкө ойноо боюнча алдыма башкаларды чыгарбай көп балдардын чүкөлөрүн ута баштадым. Акыры мен Эки-Нарын айылындагы чүкөнү эң жакшы ойногон балдардын катарына кирдим. Айрыкча сака сайган жагынан алдыма бала чыгарган жокмун. Мени менен ойногон балдар сакасын тээ алыска алып барып өкчөөр эле. Ошондо да алардын сакасын сайып алам.

Мектептен барып бир аз тамак ичип алгандан кийин эле чүкө ойногонго  жөнөйм. Мен ушунчалык чүкөгө берилгендиктен  чүкө ойноп жаткан балдарды көргөндө чыдамым кетип чуркап барам. Жай басып барууга чыдамым жетчү  эмес. Мына ушунун өзү эли менин бул оюнга берилгенимди айтып жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *