Мен Жеңишбеков Алымбек Ибраимович Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жашайм жана № 52 таланттуу балдардын мектебинде 4в классында окуйм.

Мен шаардагы Ак-Тилек кичи районунда 5-көчөдө жашайм. Ар бир адамга өзүнүн  жашаган жери жагат эмеспи, мага да өзүбүздүн кичи район  аябай жагат: бак-дарактар, каштандар жапжашыл болуп, чымчыктар  сайрап, кечинде көчөнү бойлой түнкү шамдар күйүп, кооз көрүнөт. Биз жашаган көчөдө 12 үй бар жана көчөбүз кыска. Кошуналар ынтымактуу, көпчүлүгү мугалимдер. Менин ата-энем да мугалим. Ошондой эле көчөбүздө милиция, шофер, банкир, повар, врач, бизнесмен жана иштебей үйдө отургандар да бар.

Эрте менен кошуналар машиналары менен  бири-биринен жарышып жумушка, балдарын сабакка алып жөнөшөт. Көчөдөгү жаш балдар да ынтымактуубуз. Биз да башка балдардай “ширибом” деген оюнду көп ойнойбуз. Бирок чаң, кир болдуңар деп атам көп ойнотпойт, андан көрө ордо ойногула деп топтогон чүкөлөрдү берген. Көчөбүздө футбол ойноочу аянтча  да бар. Күндө кечинде футбол ойнойбуз. Бул оюн апама жакпайт, андан көрө китеп оку деп, китепти карматып отургузуп койот.

Ар бир эркек бала өзүнүн айылына, туулуп-өскөн жерине пайдасы тийген болуу керек. Мисалы: залкар жазуучубуз Ч.Айтматов 13-14 жашында айылда  сабаттуу болгондуктан,   айыл өкмөтүнүн катчысы, салык чогултуучу  болуп, согуш маалында элге пайдасы тийген иштерди кылган. Ал эми Манас атабыз 8 жашында жанына кырк баланы жыйнап, тийишкен калмактарды уруп,  элин коргогон. Мен алардай күчтүү эмесмин, бирок жакшы окуп, жакшы жүрүп, элге пайда келтирген, Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымымды кошкон адептүү уул болгум келет. Ошондуктан бош убактымда китеп окуп, комуз кружогуна барам. Андан башка менталдык арифметикага катышып, шаардык олимпиадада чемпион болдум, азыр  март айында  Алма-Атада өтө турган  эл аралык олимпиадага даярданып жатам.

Биздин 4в классыбызда 34 окуучу, 17 кыз жана 17 уул бар. Класс жетекчибиз Ормошова Гулбарчын эжекебиз аябай жакшы,  алдыңкы окутуучу, “Жыл мугалими -2016” сынагынын жеңүүчүсү. Мага эжекебиздин сабакты кызыктуу өткөнү, кийингени, сүйлөгөнү жагат. Класстагы  окуучулар да  адептүү жана ынтымактуубуз.

Мен келечекте врач болгум келет. “Врач болуу үчүн көп окуп, көптү билүү керек”,- дейт апам. Ошон үчүн апам көп китептерди алып келип берет. Мен аларды окуп, классташтарыма да айтып берем. Ооруган адамдарды айыктырып, алдын алып жардам бергим келет.  Буюрса,  өзүмдүн максатыма жетүү үчүн дагы да көп окуп, үлгүлүү, адептүү болуп, ата-энем сыймыктанган, элге пайдасы тийген, Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берген  алдыңкы уул болгонго аракет кылам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.