Лев Толстой: Дарактар дем алышат

АҢГЕМЕ Баланын табы жок эле. Аласатып, урунуп атып эле тынчып калды. Энеси уктап калды деп ойлогон. Караса дем албайт. Ыйлай баштады да, чоң энени чакырып айтканы: — Карачы, балам өлүп калыптыр. Чоң эне: — Ыйлаганга шашылбай, коё тур, мүмкүн өлбөй эле жаны тынч алып тургандыр? Оозу-мурдуна күзгүнү жакындатып көрөлүчү. Эгер күзгү тердесе, демек, дем алып атканы, тирүү. Күзгүнү мурдуна жакындатышты эле, күзгү бозоруп тердеп кетти. Бала тирүү эле. Улуу Орозо айында күн жылымдап турган менен кар текши кетпей, кайра суук […]

Нуралы КАПАРОВ: «Супарадан» шоколад!

Бал кошушуп сары майга, жүрөктөргө дары майга, таттуу кошуп, талкан кошуп жасашыптыр жарым айда. Мартка жакын кыш арада мейман болуп “Супарада” Шакем менен шоколад жеп, “шорочулар” азамат деп, “Супаранын” шоколадын жеген адам жашарат деп, “Кел досторум!” – дегиң келет, жеген сайын жегиң келет, бирди дейсиң, бирди жейсиң, бирден алып бирге тойбой бир отурсаң миңди жейсиң, жеген сайын жегиң келип, дагы бирди дегиң келип, таңдайыңа татып турат, табитиңди ачып турат! Шоколад жеп шаттанаарым, мейманыма мактанаарым, өзүбүздүн шоколад деп, өзүбүздө жасалат деп, […]

Тахир МАЛИК: Шайтанат (Уландысы)

ПОВЕСТЬ Башы 3 Чынында бул түйүндүн чечими анчалык деле оор эмес эле. Чечимге Ноила өлтүрүлгөн түнү из салынса да, анын аткарылуусу 1988-жылдын 31-декабрында ишке ашты. Атасын алып кетишкенден бери ушул күн, Григориян календары боюнча жаңы жылды тосчу күндүн түнү Асадбек үчүн аза тутуу түнүнө айланган. Ал бой жеткен учурунда да, үйлөнүп, бала-чакалуу болгонунда да, кийинчерээк айланасына адамдар топтолуп, кудуреттүү күчкө ээ болгондо да жылдын ушул акыркы түнундө жалгыз калат эле. Бул күнү эч ким анын тынчын алчу эмес. Аныгыраагы, анын […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Бардар кезде баарыле айтат саламды, \ Башка иш түшсө  кыйбас досту табамбы?

♦ ♦ ♦ Миң сандаган хромосомдон тандалып, Неге келдим бул жашоого сандалып? Кайда барам бул дүйнөдөн кеткенде Билсем кана,  албайт белем камданып. ♦ ♦ ♦ Тентек ойлор чакырыксыз коноктой, Кубалап көр кыйын болсоң жолотпой. Капыс келип чыгат мээмдин төрүнө Кууганымды,  сөккөнүмдү тоготпой. ♦ ♦ ♦ Бош капчык таап алгансып, Ирээнжийт кээде көңүлүм. Санаага батып миң түркүн Сагынтат өткөн өмүрүм. ♦ ♦ ♦ Оо, жараткан тазалай көр дилимди, Арам ойдон, арам иштен алыс кыл. Ыйман бергин, напси бергин жулунтпай, Ак-караны ажыраткан […]

Хендрик Антон Лоренц жана Питер Зееман & Классикалык электрондук теория

Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баян Нобель сыйлыгынын экинчиси болуп, 1902-жыл үчүн нидерланддык физиктер Хендрик Антон Лоренц жана Питер Зееман экөө алган. Нобель Комитетинин корутундусу:“ Магнетизмдин нурдануу кубулушуна тийгизген таасирин изилдөө аркылуу илимге эбегейсиз чоң салым кошкондуктары үчүн”. Голандиянын атактуу физик-теоретиги Хендрик Антон Лоренц 1853-жылдын 15-июлунда Арнем шаарында төрөлгөн. Болочок окумуштуунун атасы Геррит Фредерик Лоренц (1822 – 1893) Велпа шаарына жакын жерде мөмөлүү дарактардан турган чоң бактын ээси болгон. Энеси Гертруда ван Гинкел (1826-1861) Утрехт провинциясынын Ренсвауде кыштагынан болгон. […]

Садир ДОСБАЕВ: Адамды адам кылып турган эмне? (Уландысы)

Сөз учугун уланталы. Кыргызстаныбыз бийик тоолуу өлкө дедик. Бириси какыраган талаалуу, дагы бири кум чөлдүү, жылына эки, үч ай гана күн тийген абасы суук өлкөлөр да бар. Океан, деңиз боюндагылары, төрт тарабын тең суу каптап тургандары бар. Ошолордун баарынын аба-ырайына, жаратылышына жараша топурагынын жана суусунун өзгөчөлүктөрү болот. Топурактагы минералдар да ошо жерине жараша. Демек, өсүмдүктөгү витаминдер да ошого жараша болот. Кумдуу чөлдү же түбөлүк муз, суу баскан жер менен касиеттүү Ала Тоонун топурагынын айырмасы асман менен жердей десек жаңылбайбыз. Жаратканга […]

Садык АЛАХАН: Казыбектин замана жөнүнтөгү ырлары

Замана, заман көйгөйү жөнүндө Казыбек казалчы да бир топ жүрөк-жүлүнгө жетээрлик деңгээлде ырдап кетиптир. 1929-жыл Казыбектин өмүрүндөгү эң бурулуш жыл эле. Эгерде буга чейин капаздагы булбулдай болуп Жараткан берген шык-жөндөмү үнүнүн болушунча бийик чыкпай келип (анткени, атасы Мамбетимин уулунун эл алдында “дубана кейиптенип” ырдап жүрүшүнө катуу тыюу салып койгон болчу), эми гана эркиндик алып канатын кеңири жайып күүлөнөйүн деп турса, пенделик тагдыры минтип азаптуу бурулушка тушугуп, башына кайгы-муң түштү. Мындай окуя ырчынын бүт жан-дүйнөсүнө эбегейсиз катуу таасир этип, кечээги менен […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир

Ч.Айтматовдун бардык чыгармалары экран бетине көчтү, бирок экрандашканда алар эмнесин жоготуп, эмнелерге жетишти деген суроого кыргыз адабиятчылары жана кино изилдөөчүлөрү алгылыктуу жооп берише элек. Бул маселени Чоюн Өмүралиев биринчи козгоп отурат. Дипломдук иш жогорку деңгээлде жазылган. Дипломанттын алдына коюлган маселелер дээрлик туура, теориялык жактан билгиликтүү чечилген десек болот. Буга Ч.Өмүралиевдин жалпы теориялык даярдыгы, жандуу эстетикалык табитинин бардыгы чоӊ өбөлгө болгон. Экинчиден, Ч.Өмүралиев жаза билет, сүйлөмдү сабаттуу, логикалдуу түзө билет, ар кандай адабий көрүнүшкө, асыресе өзү изилдеген маселеге өз алдынча мамиле […]