Лев Толстойдун балдар үчүн жазган алакандай аңгемелеринен

Абышка жана небере Абышка абдан картайды. Буту баспайт, көзү начар, кулагын да кудай алган. А оозунда тиши калбады. Тамак ичкенде, оозуна салганы бери томолонот. Уул-келини андан обочолоп, тамагын мештин артына түртүп коюшат. Чал бир күнү сорпону жылдырса, кулаган кесеси сынып калбаспы. Ачууланган келини мурду менен бир тийди. – Идиш-аякты сындырып бүтмөй болдуң го! Мындан кийин тамакты чылапчынга куюп берем. Абышка улутунуп тим болду. Бир жолу уул-келини үйдө эле. Бала тактайларды кынап, бир нерсе жасап ойноп аткан. Атасы: — Миша, бу […]

Жек ЛОНДОН: Мексикалык

АҢГЕМЕ I Анын өткөндөгү өмүрүн эч ким билчү эмес, ал жөнүндө Хунтанын[1] адамдарынын кабары таптакыр жок болчу. Ал алардын «кичинекей табышмагы», «улуу патриоту» болчу жана Мексикадагы болочок революциянын жолунда алардан кем эмес өз алдынча аянбай иштеп келген жана эмгек сиңирген. Мунусу бат эле көзгө көрүнө койгон жок, анткени — Хунтадагылар аны жек көрүшчү. Алардын чогулган үйүнө адеп кирип келгенде бардыгы тең аны Диастын[2] жалданма тыңчыларынын бирөөбү деп шектеништи. Кошмо Штаттардын граждандык жана согуштук түрмөлөрүндө канча жолдоштор капаста жатат дейсиң! Алардын […]

Абай КУНАНБАЕВ: Казак калкынын бузукулугу-ай…

«Керегем сага айтам, келиним сен ук» Кыргыз накылы Биринчи сөз Бул жашка келгенче жакшы өткөздүкпү, жаман өткөздүкпү, айтор далай өмүрүбүздү өткөздүк; алыштык, жулуштук, айтыштык, тартыштык – оорчулукту көрө-көрө келдик.Эми эл ортону жашка келдик: кажыдык, жалктык. Кылып жүргөн ишибиздин баары баянсыздыгын, байымсыздыгын көрдүк, бир корчулук экенин билдик. Ал эми калган өмүрүбүздү кантип, эмне кылып өткөрөбүз. Ошону таба албай өзүм да айранмын. Мал багуу? Жок, бага албайм. Балдарым өздөрүнө керегинче өздөрү багаар. Эми картайганда кызыгын өзүң түгөл көрө албай турган, ууру, залим, […]

Эрнис АСЕК уулу: Кансыраган жүрөктөн тамчылаган сырлардай

Алыстан, алыстан добуш угулат… «Поэзия ырларда гана эмес: ал бардык жерде, айлана-чөйрөбүздө бар. Мобул бак-дарактарды, асманды карагылачы – туш-тараптан сулуулуктун, кооздуктун, өмүрдүн илеби урат, ал эми кооздук, сулуулук, өмүр бар жерде – поэзия бар” деп орус классиги Иван Тургенев орус кайыңдарын кармалайт… Мезгил мага телефон чалып, “кеңеше турган кеп бар эле” дегенинен улам жолугуп калдык. Коюн-колтук алышкан достугубуз жок болсо да, көп жылдан бери келаткан сый мамилени утурлай баарлашып калдык. “Китеп чыгарайын дегем, ырларымды карап, редактор, корректор – каталарга директор […]

Садык АЛАХАН: Адабиятчылардын агайы

*  *  * Өткөн кылымдын 50-60-жылдары төл адабиятыбыздын бардык жанрлары үчүн таланттуу, мээнеткеч жаш таланттар менен толукталуунун мезгили болгондугу бүгүн атпай журт мойнуна алчу айныксыз факт болуп калды. Көптөгөн жанрлардын катарында адабий көркөм сын да жаңы күчтөр, жаңы таланттар менен толукталып жатты. Улуттук адабий көркөм сындын пайдубалын түптөшкөн Токчоро Жолдошев менен Тазабек Саманчинден башка 20-30-40-жылдары сын макала жазгандардын дээрлик баарысы акын, жазуучулардын өздөрү болушуптур. Арийне, Жараткан жар болгон талант-дараметин проза же поэзия менен байланыштырган ал калемгерлердин сын макалаларга жасаган мамилелери […]