Абышка жана небере

Абышка абдан картайды. Буту баспайт, көзү начар, кулагын да кудай алган. А оозунда тиши калбады. Тамак ичкенде, оозуна салганы бери томолонот.

Уул-келини андан обочолоп, тамагын мештин артына түртүп коюшат.

Чал бир күнү сорпону жылдырса, кулаган кесеси сынып калбаспы. Ачууланган келини мурду менен бир тийди.

– Идиш-аякты сындырып бүтмөй болдуң го! Мындан кийин тамакты чылапчынга куюп берем.

Абышка улутунуп тим болду.

Бир жолу уул-келини үйдө эле. Бала тактайларды кынап, бир нерсе жасап ойноп аткан.

Атасы:

— Миша, бу сен эмне жасап атасың? — деди.

Миша:

— Чылапчын жасап атам. О кийин карыганыңарда, ушу чылапчынга тамак куюп силерди багам да, — дебеспи.

Уул-келини бири-бирин тиктеп калышты да, анан ыйлап ийишти.

Абышканы капа кылып, көңүлүн ооруткандарын эми гана түшүнүштү. Анысына абдан уялып калышты.

Ошондон баштап абышканы төргө отургузуп, жакшылап багып калышты.

Эки жолдош

Эки жолдош токойдо баратса, алдыдан аюу карп-күрп чыга калды.

Бирөөсү даракка чыга качып жашынса, экинчиси коргонууга үлгүрбөй – жыгылды да, өлүмүш болуп жата берди.

Аюу келип жыттады эле – ал дем чыгарбады.

Аюу анын бети-башын жыттап, өлүп калыптыр деп ойлоду да, кетип калды.

Жырткыч кеткенден кийин дарактагысы түшүп келип, тыраңдап күлдү.

— Ии, кулагыңа аюу акең эмнелерди шыбырады, ыя?

— Ал мага, башыңа коркунуч келгенде жолдошун таштай качкандар жаман адам, — деди.

Которгон Садир ДОСБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.