Редакциядан: Учурда дин жаатында талаш-тартыш жараткан көрүнүштөргө тынчсыздануу иретинде диний коомчулук менен интеллигенция чөйрөсүн орток пикирге чакыруу максатында тегерек үстөл уюштурарыбызды жамы журтка жарыялаган элек («РухЭш» жана «Кереге кеңеш» фонду молдокелер менен прогрессчил күчтөрдү орой көз чарай кепке чакырат) Баарлашууга КР Муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушевди; Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы жана Кыргызстандын Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов жана белгилүү диний аалым Чубак Жалиловду орой көз чарай кепке чакырганыбыз менен, алар жүйөөлүү себептерга байланыштуу аталган тегерек үстөлгө катыша алышкан жок. Арийне, өз өкүлдөрүн жөнөтүп, «РухЭш» сайтына башка жагдайда кенен-кесири маек курууга макул экендиктерин билдиришти. Ал эми калган меймандарыбыздын пикирлери менен төмөнкү материалыбыздан тааныша аласыздар. «Кереге кеңештеги» баарлашуунун маани-мазмуну бурмаланып калбасын үчүн кагазга түшкөн тексти стилдик эрежеге да салганыбыз жок жана айрым жагдайда диний коомчулуктагы мамилелерди курчутпоо максатында маектин кыскартылган вариантын жарыялоого туура келди…

Искендер Ормон уулу: Урматтуу агайлар, урматтуу коноктор, баарыңыздар куш келипсиздер. Азыр биз “Кереге коомдун” кеңсесинде отурабыз. “Кереге коомдо” адамзаттык орток баалуулуктарды негиз алган фонд болуп эсептелет. Жергиликтүү демилгени дагы көбүрөк алдыга чыгарган, толугу менен жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен иш жүргүзүп, ар кыл иш-чараларды өткөрүп келатат. Жаңы жылга чейин да бир топ күүлөнүп келдик эле. Жаңы жылдын арты менен эми кайра жанданып атабыз. Силерге окшогон аксакал, аалым, илимпоздордун катышуусунда жума сайын тегерек үстөл өткөрүп, актуалдуу темаларды талкуулап турабыз.

Бул жолку талкуубуз, «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай мырзанын демилгеси. «РухЭш» баракчасында адабий, өзгөчө интеллектуалдык көрөңгөлүү макалалар чыгып, ошол жакта деңгээлдүү полемикалар да болуп турат. Ошондон улам бүгүн дин тармагында иш алпарган, дин кызматкерлери жана сөз чордонунда жүргөн аалымдар отурасыздар. Ошого байланыштуу иш жүргүзгөн, салым кошкон алдыңкы аксакалдар, ишмерлер сүйлөшүп, бүтүмгө келип алсак. Дин өзү ушунчалык кызуу феномен. Анын айланасында, ал тармакта иш алпарган адамдардын сөзү да болушу зарыл. Ар түрдүү көз караштар болушу мүмкүн. Бул эми адамзаттын табияты, бир жагынан диндин да табияты ошондой болуп, эмоционалдуу учурлар көп кездешет. Андыктан ийри отуруп, түз сүйлөшөлү, натыйжада коомго кайсыл тармак болбосун, дин өкүлдөрү да, ошол жаатта кызмат алпаргандар да, түшүнгөндөр да коомдун ынтымагына, ырааттуулугуна салым кошсо дейбиз. Бүгүн ушундай диалог уюштуралы деген Олжокенин демилгеси менен биздин да оюбуз төп келип отурат.

Эмесе, бу жердеги меймандарды өзүмдүн оң ыптамдан баштап тааныштырып өтөйүн:

Эсен Өмүракунов – “Саресеп” гезиттин башкы редактору, окурмандарга экономика, саясат жана социалдык маселелер боюнча аналитикалык макалалары менен таанымал. Азыр болсо “Саресеп” аттуу электрондук сайттын башкы редактору.

Жакшылык Борочоров – мурда муфтиятта иштеген. Азыр аналитикалык серепчи катары да таанымал жана диний эксперт-теолог. Бу жерде отурган Орозбек Молдалиев агабыз Дин иштери боюнча мамкомиссияны жетектеп турган учурда ошол кишинин демилгеси менен аалымдарды даярдай турган чоң институт ачылып, ошонун жетекчилик кызматын аркалаган. Азыр ишкерлер коомунун координатору жана кеңешчиси.

Каныбек Осмоналиев – агайыбызды билесиздер, профессор, физика-математика илимдеринин доктору, коомдук ишмер. Убагында министр да, парламент депутаты да болгон. Ал тургай учурунда дин иштери боюнча мамкомиссияны да жетектеп келген. Ал эми жогорудагы аксакалдарыбызды…

– Мен – Токтогул Жеңишбекмин. Пенсионермин, бирок иштеп жүрөм. Жетимиш төрткө чыктым.

Олжобой Шакир: Аксакалдарыбыз тууралуу өзүм кыскача тааныштырайын. Себеби бүгүнкүдөй баарлашуу уюштурарыбызды эшиткен Жыпарбек Тойчубеков байкебиз мага кокусунан чалып калганынан бүгүнкү диалогго Токтогул байкени ушул киши ээрчите келген экен. Андыктан бул кишилердин да ортого салчу пикирлерин угалы, себеби эки аксакал тең ажыга барып келген диний өкүлдөрдөнбүз деп суранышты эле…

Искендер: Куш келипсиздер анда, эл пикирин билиш үчүн эл ичинен келген өкүлдөр маекке салым кошкону да жакшы. Эмесе, тааныштырууну уланта берейин… Эң төрдөгү Орозбек Абдысаламович Молдалиев агабызды баарыңыздар тааныйсыздар. Саясат таануу илиминин доктору, профессор. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп турганда да дин тармагынын алдыга жылышына көп салым кошуп, реформалардын алдыңкы автору болду. Коомчулукка политолог катары да кеңири тааныш. Өлкөдөгү болуп жаткан окуялар болгон учурда агайыбыз өз пикирин билдирип, коомчулукка ар тараптуу баяндап келет.

Оошондой эле Марс Ибраев мырза келип отурат, азыр Ислам Университетинин проректору, а буга чейин аталган университеттин ректору болуп келгенин билесиздер… Аны менен катарлаш Улан Усупов, теолог-эксперт мырзабыз олтурат.

Эмесе Олжоке, кеп сизде…

О.Шакир: Дин темасына көп деле мурдумду тыкчу эмес элем, кийинки убактарда соцтармактарда молдокелердин комментарийлерин окуган сайын, ушунчалык агрессияны көргөндө таңгалдым. Диндин адамдарды сабырдуулукка үйрөтөрү кана? Ыйманга, сабырдуулукка чакырары ушулбу?! Кээси “Телефонуңду жазчы, мен сени менен сүйлөшөм” деп ызырынганын көрүп, биздеги мечиттер эмнеге үйрөтөт деген суроо жаралат. Кыргызды бөлүп-жарган ар нерселерди жазышат. “Теңирчилер келесоо” дегенди окуганда, бурчтан шыкаалаган адам болгум келген жок. Албетте, мен теңирчи да эмесмин, тек, теңирчиликти дин эмес, дүйнө тааным философиясы катары гана карайм. Ошондуктан бул теманы «РухЭш» сайтында байма-бай көтөрүп, теңирчилик философиясы менен катар ислам дөөлөттөрүн да жарыялап келем. Ошол эле учурда исламга жамынган ар түрдүү терс көрүнүштөрдү ашкерелей турган көрүнүштөргө да көз жумган жерибиз жок. Өткөн жылы Чубак ажы, Абдышүкүр мырза менен интервью кылганга аракет кылдым. Чубак ажыга вотсап аркылуу да, телефон аркылуу да билдирүү жөнөттүм эле, жооп болгон жок. Анан диалог куруу жолун издедим.

Бүгүнкү күндө диний кооп жараткан маселени мамлекеттин коопсуздук кызматына гана жүктөп койбостон, дегеле жалпыбыз диний фанатизмге жол бербөөнүн жолун издесек деген максатта бүгүнкү кереге кеңешти уюштурдук. Себеби улут менен дин маселеси өтө талылуу маселе. Биз ошол талылуу маселеге келгенде коомчулукта болуп жаткан чыңалууларды жумшартып, исламдын кыргыз кыртышына туура келер жактарын талкуулашсак. Ислам дининин жакшы шарапатын да көрүп атабыз, өзгөчө, бир кездеги бөтөлкөнүн түбүн жалагандардын кыйласы өлкөбүздө ислам түшүнүгү жайылган сайын кыйла кыскарды. Бир кезде кекиртегин черткендердин көбү бүгүнкү күндө чарбага билек түрүнүп калганы кубандырат. А бирок соңку кезде дин башкача өңүттө баш көтөрүп атканы, диний фанатизм атеизмден өткөн коркунуч жаратчудай болуп баратат. Ошондуктан биз бүгүн колдон келсе элге диндин асыл баалуулугун, улуттук дөөлөтүбүздү байытар, кыргыз кыртышына керектүү диндин айланасында кеп кылсак дейм. Эмесе ушул маселеде сөз баштап берсеңиз, Орозбек байке…

Орозбек Молдалиев: Молдолорду келекелегендер көп бүгүн. Молдолор да башкаларынан калышпайт, атеисттерди, теңирчилерди баарын кошуп ашаткандар жок эмес… Эми бул жерде маселе мында: кептин баары – социлдык тармак деген балээге кирип алганыңарда. Момундай болуп, баарлашып сүйлөшкөндө мынчалыкка жетпейт болчу. Анан кийин бул жөнүндө молдолорго деле Саудиядан деле диний өкүлдөр келип, алар айтып атат: «Соцтармактарда этият болгула, адамдар бири-бирине нааразылашканга алып келет, ушундан сак болгула» деп. Ага көңүл бурган киши жок. Эми светскийлерди карасаңыз, нормальный бир гезит болсо айтып бергилечи мага, объективдүү бир жакшы гезит барбы? «Саресепти» макул, андан башкасын айткылачы. Жок, жалаң уу-дуу, ушак жазгандар. Турмушта болгон бир мисалды айтып берейин. Реформаларды баштап, тиги-муну кылганда, Жыпарбек ажы билет, бул киши да кайра-кайра келчү тынчсызданып, себеби буга молдолор атайылап асылып башташты. Пресс-конференция берип жүрүштү. Айланайын, тендердин акчасын жеп алды дегендер чыкты. Көрсө, алардын бирөө өзү тендердик коммиссиянын мүчөсү экен. Анан кийин бир журналист келиптир, «силерге асылып атышат, биз жардам берели, маек куруп бериңиз» деп. Айтып берип, андай-мындай кылсак, көрсө мен ага акча беришим керек экен. Ачык айтпайт да, кыйытып, акча бербейсизби дейт. Мен айттым: «Айланайын, анда сен чыгарбай эле кой» деп. Информация керек болсо ал, болбосо жок. Ошондуктан эки жакта тең эле кемчилик бар. Анан Олжобайдын айтканына келсек, коомдо нааразычылык күчөп кетти. Ошонүчүн бул инимдин тынчсызданганынын жөнү бар. Бирок силер бир нерсени унутпагыла. Демократиялык коом деген ушундай болот, ар кандай пикирлер жаралат. Бирөө атеист, бирөө молдо, бирөө теңирчи, бирөө сатанист, бирөө протестант болот. Ошого жараша аракет кыла турган коом болушу керек, толеранттуулук менен. Мына, Түркия Фетхулла Гюленди сындап атат. Фетхулла Гюлендин окуусу ошол – «толеранттуу бололу, ушундай коомдо жашап атабыз, бири-бирибизге чыдамкай, бири-бирибизди сыйлаган коом бололу», — деп атат. А биз демократияны кура элек жатып эле көчө демократиясын орнотуп салдык. Бул болбогон маселе, демократияны биз али кура элекпиз. Куруп атабыз, аракет кылып атабыз. Ошол, анан эми жакшы маселе көтөрүлүп атат. Молдолорго нааразычылык болуп жатканынын себептери көп. Биринчиден, муфтият өзүн жакшы жолго салып кеткенден алыс болууда… Бу жерде Ислам Университетинин жаңы проректор отурат. Бул кырдаалды Марс иним жакшы билет. Бир кезде Максат ажыга президент мени ээрчитип киргенде айтты: «Сиз эми муфтиятты жакшы, оң жолго салганга аракет кылыңыз. Келгиле, чогулуп жакшы аракет кылгыла. Бул жакта проблема көп, тиги-бу», — деп. Бирок проблема оңдолгон жок. Ошол бойдон калды. Анан Коргоо кеңешинде эмне үчүн финансылык таза иш болбой жатат деген маселе коюлган. Себеби финансынын баары көмүскөдө жатат. Ажылыкты жолго салган менен, катып калган проблемалар көп. Бир мисалын айтып берейин, бул киши билет. Битир садагадан 2012, 2013, 2011-жылды караңыз, 2014-жылы келгенде элге 3-4 млн таратып коюшуп, калганы белгисиз… БДКны чакырып, көз салгыла, андай кылгыла, мындай кылгыла дегенде, 21 млн таратылды, сиз билесиз аны Марс мырза, таң калгансыз…

Ошондо Англияда коомдук фонд бар экен, өзүн өзү каржылаган, дүйнөдөгү 20 мамлекеттен Кыргызстан 18-орунда болдук. Өзүнө өзү жардам берген, «щедрое общество» дегенге кирип калдык. Көрдүңөрбү, канча акча көмүскөдө жаткан?.. Ал чеги эмес, кийинки жылы 31 млн төгүлдү. Бул деле чеги эмес. Мына көрдүңөрбү, а жанагы Алла-таала деп беш маал намаз окуп, кудайдан коркуп аткан менен, бери жакта кылтыйып жаткан маселелер толтура. Эл билет ошону, нааразы болуп аткандар ошолор. Анан биздин деле оюбузда: булар жаманатты болбосо экен дегенбиз… Себеби деген мындай да, жакшы молдолор көп, арасында жанагылардын айынан баары жаманатты болуп атышат. Мисалы, бу жерде биз менен отурган Марс инибиз муфтийдин, аалымдын, ректордун кызматтарында жүрөт, жетекчи, казы, андай-мындай болуп. Ушу бирөөдөн 10 сом алыптыр дегенин уга элекмин, бирок жаманаттынын ичинде бул да бар. Жаманаттылык жалпыга тиет да. Ошон үчүн бизде бул жакты оңдоп, жакшы кылалы дегенден башка жаман ниет жок.

Ал эми теңирчилер менен молдолордун ортосундагы проблема – бул башка проблема. Мен бир жолу теңирчилердин жыйынына катыштым, Эмилбек Каптагаев да бар болчу, шайлоонун алдында. Таза шайлоо өткөрөлү деп аткан жерге да келишти. А муфтияттан Аким Эргешов деген бир эле киши келиптир. Дароо ошого асылышты. А Акимде эмне күнөө – мен түшүнгөн жокмун. Ал анда муфтийдин орун басары болчу. Ал дагы теригип чыгып кетти. Артынан «ай бери кел» — деп жаныма отургузуп алып айттым, «сен сабырдуу болбойсуңбу, сен диндин адамысың. Мобу жерден сабырдуулук менен көрсөтүп отуруп, анан жакшы сөзүңдү айтып кетпейсиңби», — десем, “Жо, мен булар менен отургум жок, теңирчилер экен”, — дейт. Теңирчилер деле кыргыз да, андан көрө ошолорго мисал көрсөтүп коёр жерде эле да. Андыктан кеп эки жагында тең бар.

Өткөндө Марска да айттым, муфтийдин орун басарларына да айттым. «Коом чогулган жерге жакшы такшалган молдолордон жиберсеңер»,  — деп. Равшан ажы бар, оозунда сөзү бар, ал бардык жагынан сүйлөп бере алат, чыдап угат. Билал ажы бар, ал дагы жакшы тажрыйбалуу кишилерден. Бул жерде өзүнчө изоляция болуп жатат. Светтик коомдо диний адам кандай болуш керек деген мамлекеттик концепцияны булар окуган деле жок, түшүндүрүп айткан да жок. Аны баягыда бир сыйра угушту, коргоо кеңештин материалдарын окушту да «булардын бизге тиешеси деле жок экен», — деп ошо бойдон калып калды… Эй, жашоонун шарты ушул азыр. Диний адам светтик чөйрөдө кантип жүрүш керектигин билбеген үчүн, конфликттин баары ошондон чыгып атат.

Мына бирөөсү айтып атпайбы: «Мен айтпаганда ким айтат, давайте, экиден катын алгыла» — деп. Бул мыйзамды, конституцияны бузуп атпайбы. А эмне үчүн молдо киши, аалым киши элге ушундай чакырык кылышы керек? Жөн эле айтса бир жөн, Өзүбек ажыга окшоп, мына мен эки аял алдым, тиги-бу десе башка кеп. Анан «давай экиден катын алгыла» деп да чоңдорду опузалагандай: «Мени бирдеме кылып көрүшсүнчү, мен баарын айтам, далайынын никесин мен кыйгамын» деп отурат. Анан чоңдор да унчукпай отуруп калышты, себеби далайыныкын кыйганы чын окшойт… Жогорку кеңеште маселе көтөрбөдүбү, аларды да давай коё тургула деп койду. Бас-бас болуп турушат, мына көрдүңөрбү, конфликттердин баары ушул жерден ырбап чыкканы турат. Себеби бул акырындан-акырындан чоң чатакка айланчу маселе… Анан мамлекеттик дин комиссиясынын азыркы абалы… канааттандыраарлык деп айтыш кйын…

Cолдон оңго: Ж.Токтобек, К.Осмоналиев

Токтогул Жеңишбек: Маселе мындай болуп жатат, мен өз оюмду айтып коёюнчу, чыдабай кеттим. Кандай талкууласаңар, өзүңөр билесиңер. Бизде ислам дини өзү Кыргызстанда туура ордунда эмес. Мында «эй адамдар, бири-бириңерди аңдыбагыла, бири-бириңерден жамандык издебегиле» дейт. «Эгер динден ката кетсе, муну айтса болот» дейт. Себеби аны ээрчибесин, эл анын артынан ээрчип бузулбасын дегени. Эгер билип туруп айтпасаң, сен ошолордонсуң, коркпой айтсаң, сенин жаныңда Жараткан өзү турат дейт.

Негизинен билимдүү уламалар Кыргызстанда эле эмес, дүнүйөдө жок экен. Дүнүйөдө билимдүүлөр аалымдар жок азыр. Айлансын ошондон. Мен уламалар кеңешине катышканда айттым: «Э-эй, силер уламалар эмес, адамдык касиеттен айлангыла! — деп. Чубакты иштен алып атышканда да уламалар кеңешин да айттым. Себеби, ким бирдеме десе эле, ошону көтөрүп коёт, алып коёт. «Мен карап турам дедим силерди, силерди карап туруп, Жаратканым кечирсин, тозок жок», — дедим. «Тозок болсо, силер буга барбайт элеңер».

Азыркы иштеп жаткандар үчүн тозок жок! Муфтиятта дагы, университетте дагы, медреседе да. Биринчи курултайда дүнүйөнүн муфтийлери келди. Казактар көрдү, интернеттен көрдү баары. Ошондо «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дейт ээ… А булар… Ислам деп кечээ эле айтылды, кыргыз байкуш момун мусулманбыз деп эле жүргөн. Ислам – араб эмес, түрк эмес, ал – дин, а диндин улуту болбойт. Ошону карманыш керек да.

Каныбек Осмоналиев: Мен өзү физик-математикмин. 31 жашымда илимдин кандидаты болгомун, кырк жашымда илимдин доктору болгомун. Мындайча айтканда, динден алыс, атеист болуп жүргөндөрдүн биримин. Бирок коммунист болгон эмесмин. Боло албай койгонмун, балким болушум деле мүмкүн эле. Мени бир нерсе ошол кезде эле абыдан коркутчу. Азыр 62ге чыктым. Дин жөнүндө айтканда чоң атам да, өз атам да катуу тыйып турушчу бизди. «Динге жаман сөз айтпа, билсең айт, билбесең айтпа» дешчү. Өздөрү беш убак намаз окушат эле, ал кезде мечит деле жок. Үйдө эле окушчу, чоң атам, өз атам деле үйдө окуйт эле. Анан эле Орозбек байке, коомубузда айрымдар азыркыдай фанатик болуп, радикалдашып кетерин сезген эмесмин. Атам Осмоналынын сөзү бар эле:»Кыргыз өзү күндөн жаралган, нурдан жаралган», — деген. Эч убакта өмөрчөктөп жатып алган, радикалдуу мусулман болбойт деп айтчу эле. Ошол нерсе мени ушу күнгө чейин жетелеп келатат. Өзбектер жөнүндө, тажиктер жөнүндө башкача айтчу эле. Көрсө, бая сиздер айткан теңирчиликтин да элементи бар экен, бардыгы бар экен кыргыздарда.

Билесиздер Марк Твен деген гениалдуу жазуучу бар. Ошонун “Письма с земли” деген романын биздин эл окуса дээр элем. Жерден жазылган кат… Жерден катты каякка жазат?.. Башка жакка жазат да, туурабы?.. Жерде туруп алып. Анын негизги мааниси ушул: Жараткан өзүнүн периштелерин, пайгамбарларын чакырат да, дискуссия болуп, адамды мен жараттым эле, силер дагы барып келгилечи бирөөңөр деп, бири-бирине түртүп, Гавриил дагы бирине түртөт, анан акыр аягында шайтанды жөнөтүшөт, элчи кылып. Сөздүн кыскасы, диндеги терең философияны ачып берер бул чыгарманы баарыбыз окушубуз керек. Айрыкча бүгүнкү заманда. Азыр да үчүнчү жолу окуп, эми түшүнүп атам көп нерселерин. Бул бир, экинчиси, Фрэнсис Бэкон деген болгон. Ал киши «Бизге Кудай керек, Кудай жок болсо дагы, аны ойлоп табыш керек» деп айткан. Демек, бул тема. Олжобай, мына ушу силер койгон маселенин жанында айтканга аракет кылам. Мени Билим берүү министлигинен 80 млн сом акчаны… «мен китепти бербейм» деп президенттин баласына баш тартып койгонумда, жумуштан алышкан. 9 ай министр болдум, билим берүү министри. Бир айдан кийин негедир Бакиев мени жеке чакырды да: «Чоң ката кетиптир, сен эми динди илимдер академиясына айландырышың керек» десе болобу, дароо айттым: «Андай эч убакта болбойт. Илимдер академиясынын өз функциясы, мамкомиссиянын өз функциясы бар. М.а. биздин башкаруучулардын өздөрү, динге үстүртөн карап, Акаевден баштап, божомол карап, баягындай сүңгүп кирбегендин азабынан мына бүгүнкү акыбалга алып келип койду.

3-декабрь, 2013-жыл, Орозбек Абдысаламович мамлекеттик дин комиссиясында директор эле. Ошондо мамлекеттик резиденцияда Коргоо кеңешинин отуруму болуп калды. Мен комитеттин төрагасымын. Бул киши доклад жасады. Президенттин сунушу менен жабык өтүп атат. Мен азыр ошол жерде айтылган сөздөрдү бул жерде да айтпашым керек. Ошондо президент отурумду жабык өткөнү туура эле болгон. Эсиңиздеби, мен эң аягында чыгып сүйлөдүм, радикализм боюнча бир-эки эле сөз айттым. ЖК комитет башчысы катары укугум бар эле, туурабы? Дин саясаты, билим берүү саясаты, бардыгына аралашып, ошолордун мыйзамын карашыбыз керек болчу. Ошондо таблиг жамааты жөнүндө айттым. Таблиг жамааты бул – 27-жылдан бери, молдо Илияс, андай-мындай деген тарыхтын баарын билебиз ээ… булар колонизаторго каршы абдан ийгиликтүү күрөшкөн, андай-мындай… Ушул таблиг жамаатын эмне үчүн ОДКБга кирген мамлекеттердин бардыгы өздөрүнүн жогорку сотунун чечими менен деструктивдик, радикалдык кыймыл деп тыюу салып коюшкан? Алар: Белорусия, Россия, Казакстан, эми Өзбекстан, Тажикстандарды айтпай эле коёюн. Кытайда такыр эле киргизбейт аларды. Ошондо президентке кайрылдым: «Урматтуу президент, сизди вазирлериңиз уят кылып койбосун, анткени биз толугу менен ОДКБ мүчөсүбүз. Ошол эле Путин, Лукашенко буга каршы. А эмне үчүн силер кармап отурасыңар ачык? Анын амирсабы муфтий болуп отурат», — деп айттым го. Амирсап менин иним, мен ошол кара-кулжалык болом. Жээнбековго караганда мен жакын тууганмын Максатка. Менин колумда чоңойгон ал бала.

Т.Жеңишбек: Туптуура айттың.

К.Осмоналиев: Бирок мен Путин, Лукашенко, Назарбаев, Каримов, Рахмондун жасагандарына таң берип атам да. Ошондо да бир аз жоокалатып айтылды, деталдарын айтпай эле коеюн, азыр Орозбек аке мени урушуп коюшу мүмкүн.

О.Молдалиев: Анда комитеттердин кызматкерлери чакыртылган жок, жалгыз гана Каныбек Осмоналиев чакырылды, мурун мамкомиссияда иштегени эске алынып.

К.Осмоналиев: Андан кийин ушундан оң натыйжа чыгар бекен десем, тилекке каршы, жок. Мен ошончолук деңгээлде ушундай болуп кеткенине абдан өкүнөм. Кечээ окуп атсам, биздин сегиз жараныбыз Москвада таблиг жамаатынын мүчөлөрү катары соттолуптур. Бул экинчи эпизод болду. Биринчи эпизод мен директор болуп жүргөндө болгон. Бизге материалдар келген да, анда раматылык Жуманов муфтий болчу, ал киши да туура түшүнгөн. Ал кишинин касиети бар болчу, түшүнчү. Генпрокуратага жеткирип, токтотуп, коргоп калган. Ошондой кылсак болот эле да, анда азыркыдай абал болбойт эле. Мени алып чыгып алып, сөктүргөн. Ал кезде Мадумаров мамкатчы эле. Бул жерден мен өзүмдү супер көргөзгүм келген жок. Кырдаалды айтып жатам. Эми Олжобай, баягы тема боюнча, интеллигенция… Биз бу киши экөөбүз, диний уюм крууда 200 киши зарыл деген мыйзамды даярдаганбыз. Ошол учурда дин өкүлдөрүнүн көбү качып кетишти. Бир гана Кадыр Маликов үн кошумуш болуп атты, калгандар аман эле болушсун. Оо чекеге чыгып алып, бизди аңдып карап турушту. Болбосо биз 200 деген цифраны протестанттарды токтотуш үчүн жасаганбыз. Себеби Кара-Кулжада баптисттердин үйүн өрттөй башташты. Нарындын Куланак деген айылында 14 жашар көз жумган баланы мүрзөгө койдурбай, огороддун чекесине койду атасы. Андан кийин биз өкмөт киришип атып наркы Ак-Кыяга алып барып койдурдук. Ошондой нерсе дагы эле кайталанып жатат. Кийин да чоң окуя болду. Эгер байкаган болсоңор, 2009-жылы Тажикстандын президенти, жигиттик кылды. Ал 2009-жылды Рахмон Ханафи махсабинин жылы деп жарыялады, эсиңердеби? Аны айтып кире коюп да сөгүш угуп чыктым. Анда Чудинов премьер-министр болчу. «Пошел ты» деп баягы үч тамгага айдады мени. Ошондо да муфтийден колдоо таба албай койдум да. Көрдүңөрбү, азыр мындай сын айтсам эртең эле Осмоналиев деген капыр, тиги-бу деп чыгат. Мен соцтармактарда активдүү элемин азыр. Чынында теңирчилер менен исламчылардын акыйнек айтышканы чоң социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн. Тунисте революция эмнеден башталды эле, журналисттер жакшы билет. Учкун соцтармакта жарылган биринчи, туурабы?

… Анан кийин чынында эле, Марс, айланайын, мен суранып атканым, башкалар жазышса да фейк менен силердин балдар жазышпасынчы. Ушу кантип болсун, мисалы, Гүлзат Алиева ачык эле жазып атат. Тигилер жамынып алып, жашырынып жазып атышат. Болгондо да оозго алгыс сөздөр. Мен депутат кезде бир сунуш киргиздим эле, өтпөй калган. Соцтармактарда жаңыдан талкуулар жүрө баштаганда, фейсбукка паспорт менен катталышсын дегем. Көрсө, чоң оюн бар экен, анын артында саясатчылар өздөрү турат экен да. А бирок Россия буга өтө баштады, Кытай толук тыюу салды. Жазсаң ачык жаз деди. Бизде эмне, Раззаковдун же Текебаевдин сүрөтүн коюп коёт да, ура берет. Осмоналиевдин төрт катыны бар дейт өткөндө, айланайын. Байбичем окуп алып, ал да окумуштуу да: «вот, допрыгался» деп атат. Менимче, биздин интеллигенциянын коом алдында чоң карызыбыз бар, Орозбек байке. Биз экөөбүз жанчылып атканда биринчи эле коңулга качып кирген биздин академиктер болду. Аял болсо дагы, Чолпон эже Баекова, эркек экен. Ошол колдоду. Анда вице-спикер болчу. Болгону эки-үчөө колдоду.

Академияга жазсам, баягы эле отписка. Анан, Олжобай, каяктагы интеллигенцияны айтабыз. Баягы сага берген интервьюну бир академик окуптур. Анан мен аны такасам, «Каныке, эми сенин жогото турган эч нерсең жок» дейт, мени тим эле топтомолок жетимдей көрүпчү… «Мен өзүм, — дейт, – сексенге жакындап калдым. Балам, келиним өкмөттө иштеп атат. Неберем да момундай болуп атат»,- деп. Андыктан интеллигенция деген жок бизде…

Дин боюнча мамкомиссия азыр эмне иш кылып атканын түшүнбөйм, бул жерде барбы өкүлү?.. Келишкен эмес го… Жиддада 2009-жылы Бүтдүйнөлүк ислам форуму болду. Ошондо Саудиянын эки көзү азиз муфтийи менен жарым саат сүйлөштүм. «Урматтуу министр, — дейт, Жуманов да отурат жаныбызда, – биз муфтийге көрсөтүлгөндө коркуп, титиреп, ыйлап келебиз. Менин баскан-турганымдын бардыгы Жараткан менен элдин ортосунда… А силерде бир сүрөөнү жаттап алып эле муфтий болгонго даяр экен», – дейт. Анан Али Бардагоглы, бул да узак жылдар Түркияда муфтий болуп иштеген адам. Өзү юридика илимдин доктору, тарыхчы. Ушу киши да ошол сөздү айтып атат. Ал кезде президент Абдулла Гүл болчу. Президент менен динаяттын, муфтияттын мамилесинин идеалдуу формасын айткан. Анан Рауль Гайнудин. Мунун баштапкы билимин айтсам күлөсүңөр, өзү балерон болгон артист. Беш тилде сүйлөйт. Аны менен сүйлөшүп отурсаң, өзүнчө бир энциклопедия. Муну менен мен мындай деп айтар элем, Марс капа болбо айланайын, мен атаң менен тең чыгармын, биз 27 жылдан бери ислам интеллигенциясын түзгөн жокпуз. Эң алдыда муфтийден президент титиреп коркуп туруш керек эле. Али Бардагоглы уулум экөөбүздү эки күн жаткырды. Эми бул кишилер такыр башка кишилер экен. Биздегидей кантип болсун, муфтийди «төшөккө» жаткыза коюп, видеого тартып, кызматтан оодарып түшүшөт… Себеби аркасында акча бар да. Ошону көрүп анан бизде исламдын бардык агымдары орун алды да. Орозбек байке, сиз жакшы билесиз, мынабу ахмадийлер жөнүндө. Пакистанда паспортуна ахмадий деп штамп басып коёт. А бизде аларды учетко алып алганбыз да.

Т.Жеңишбек: Кепти Орозбек байке баштады, бирок толук ача албай…

О.Шакир: Толук сөз бербей койдук да. Сөзүн жула качышты…

Т.Жеңишбек:  Ислам динин жаманатты кылган нерселер болуп атат абыдан.

К.Осмоналиев: Тема ошондойбу?

Ж.Тойчубеков: Орозбек байке баштап берди, соцтармак деп, толугу менен кошулам бул кишиге. Анан ДУМКнын уюштуруу иштеринин начарлыгы деди. Анан теңирчилер. Алардын эң башчысы менин акем, Анарбек Усупбаев. Ал кишинин жалгыз эле баласы бар экен. Аты Ислам болчу. Кийин Унаис деп койду. Ушул бала өлгөндө биздин айылга алып келип коёюн дейт, биздин айыл экиге бөлүнүп турат. Мен бул жактан бардым, себеби Талас облусу боюнча муфтийдин өкүлү элем. «Айланайын ажыке, маселени чечип бер, мобу баланы эртең көмөбүз, каякка көмөбүз? Силер болсо койгузбай атасыңар, атасы теңирчи деп. Кандай кылабыз?» дегенде, Равшанга, Абдышүкүргө чалып, анан өзүбүздүн айылга эле исламдын жөрөлгөлөрү менен, жаназасын окуп көмдүк. Жалгыз баласы алты еврейдин колунан өлгөн. Биз Анарбек Усупбаевди айтып жүрөбүз, сен еврейлерге кирип кеткенсиң, андай-мындай деп. Этегинде келип, азыркы муфтий экөө жекеме-жеке жолугат да, Анарбек чепкен, калпагын ала келген, аны Муфтийге кийгизет, экөө ушундай жакшынакай сүйлөшөт десең. Муфтий да сүйлөп-сүйлөп туруп, чепкен, калпак кийгизип, өзүнүн Курандан которгон эки тафсири бар, ошону берет. Экөө кучакташып, дос болот. Бул аксакалдар айткандай теңиризм, теңиризм дей берсек, ынтымакка келбейбиз.

2009-жылдан бери Токтогул ажыкем экөөбүз диний маселелерге чогуу катышып жүрөбүз. Кечээтен бери ажылык башталып калды. Эми дагы ыр-чыр болот. Эмне жагынан? Ушу жакта көп акча жатат. Жакын аранын ичинде теманы жалаң ажылык сапарга арнасаңар, ошондо маселени толук ачат элек. Мисалы мен бүгүн бүт баарын кагаз түрүндөгү далилдер менен ала келдим, калькуляция дегенин. Марс билбейт муну. Мен ажыга баратканда, мага копиясын берип койгулачы десем, эч ким бербей койгон. Азыр да беришпейт. Муну бир дагы ажы колуна ала элек, атургай калькуляция деген эмне экенин билбейт ажылар. Чынында акчанын баары ушул жерде жатат…

К.Осмоналиев: 2009-жылкы устав өзгөрүп кеттиби? Канча кан төктүк эле ал устав үчүн.

Т.Жеңишбек: Ошол устав менде бар, 14-шрифт менен 9 эле барак эле. Азыркы устав 12 менен жазылып турат, 21 барак.

(Ушул жерден негедир Орозбек Молдалиев кереге кеңештен чыгып кетти).

Анан дагы бир маселе уламалар, аалымдар. Уламалар улама эмес, аалымдар аалым эмес. Мурда 35 улама болчу, азыр 21 аалым болуп калды. Булар уставдын негизинде бир эле маселе коюш керек. ДУМКнын адамдары өздөрү улама. Негизи уламалардын кереги барбы, жокпу? Бийлик 96-жылдан баштап ушул күнгө чейин кийлигишип келет. Эмил Каптагаев деген бар. Ошол киши башынан баштап катышкан. Ушу күнгө чейин анын ажылык боюнча системасы иштеп атат. Муну эмнеге жашырабыз? Анан молдолордун жогорку билимге ээ болуусу деп уставда көрсөтүлгөн. Бирок бир да молдо эки жогорку билимге ээ эмес. Азыркы молдолорду протоколду жаз, же автобиографияңды жаз десе, жазалышпайт. Светтик билими жок болсо аябай кыйын, шарыят жагынан илимдүү болсо, илимдүүдүр. Бирок ал светтик мыйзамдарга жооп бере албайт. Азыр Кыргызстан коркунучтуу. Үчүнчү революция боло турган болсо, диний жактан болуп кетиши ыктымал.

О.Шакир: Ушул жерден буга чейин Ислам Университетинин ректору болуп келген Марс мырзага сөз бербейлиби?

Солдон оңго: У.Усупов, М.Ибраев

М.Ибраев: Ассалом алейкум урматтуу агалар, мен Ислам институтунда азыр проректормун. Бул жерге диний адам катарында гана келдим. Аалымдар кеңешинде мүчөмүн, төраганын орун басарымын. Бул жерде айтылып жаткан ислам интеллигенция маселесин мурда да бир канча жерлерде көтөрүп келгенбиз, айтсак, Татарстанда, Уфада, өзүбүздөгү бир катар иш-чараларда. Туура, көйгөй бар. Себеби деңгээлге жетиш үчүн, бир канча аракеттерди, бир канча жылды талап кылат экен. Ошол үчүн 2014-жылы кол коюлган диний концепцияда мен аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп, 2700 имамдан экзамен алганбыз. Мен өзүм башынан аягына чейин алып отурдум. Бардыгы деп айта албайм, көпчүлүгүнүкү илимий деңгээли начар. Себеби окутулган эмес, ар ким ар кандай окуу менен келип, үч күн даабатка чыгып келип эле имам болгондору бар. Алардын кээсин кат билет экенсиң деп эле коюп коюшкан экен. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө 20дан ашуун мечитте имам жок. Кээ бир жерлерде мечит курулганы менен билимдүү имамдар жетишпегендиктен айрымдарын айласыздан эле шайлап коюшкан.

Ушуга окшогон маселелер акырындан өсүп келатат. Бирок бул бир канча убакытты алат деп ойлойм. Кудайга шүгүр, “Иман фонду” тарабынан айлыктар, стипендиялар берилип келет. Бир же эки жумалык курстар менен билимин жогорулатып жатабыз. Муну менен каяктагы ислам интеллигенциясын күтүүгө болот, ал жагы бар. Мен бирөөлөрдү күнөөлөгөндөн алысмын. Өзүбүз аракет кылышыбыз керек болчу. Ошентсе да акырындан жылыш болуп атат. Агалардын кээ бир сөздөрүнө макул эмесмин, алардын бир дагы уламалар жок дегенине кошула албайм, себеби илимдүү адамдар бүгүнкү күндө бар. Биз күткөн диний интеллигенция канчалык деңгээлде экенин убакыт өзү көрсөтөт. Бирок аалымдар кеңешинин арасында чынында компетенттүү эки-үч дипломдуу, светтик диплому бар, магистратураны бүтүргөн, докторантурада окуп, иш кагаздарына бекем болгондор да бар. Алар балким көзгө көрүнбөй жүргөндүр. Көзгө үч-беш киши эле көрүнүп атканынан тыянак чыгарганыңыздар болбойт. Андан кийин бүгүнкү интеллигенциянын чабалдыгы же ислам динине көлөкө түшүп жатканынын себебиби, айтор, Куранда айтылган «билген нерсеси менен жашабаган» көрүнүштөр болуп кетүүдө. Адамдар Куранды окуганы менен, кээси ошол насыят менен жашай албайт экен. Ошол проблема болуп жатат. Имамдарды текшерген учурда мурда соттолгондор да чыккан, аларды четтеттик. Бирок ушунун бардыгы келип-келип бүгүнкү күндө Кыргызстандагы диний ал-акыбалды көрсөтүүдө. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу, бизде күтүүсүздөн жарыла турган көрүнүштөр бар. Себеби салафизм, вахабизм аракеттери бүгүн көмүскөдө билинбей жатат. Алар биздин арабызда – Кыргызстанга чейин таасирин берүүдө. Орозбек агайдын убагында бул маселе чынында катуу каралды, тартип да болду. Азыркы жетекчиликтин астында иштер эмнегедир бир аз солгундап жаткандай. Бизде – Кыргызстанда жамааттар көп. Мунун бир чети оң да, терс да жактары бар. Жакшы жагы – исламдын өнүгүүсүнө пайдасын тийгизет. Ал эми кээ бир радикалдуу жамааттардын таасири астында калганда, мамлекет да алсыз болууда… Муфтият болсо ажылык маселеси менен алек. Туура, аны биз деле көтөрүп атабыз. Мына эртең саат 9да Уламалар кеңешинин жыйыны болот. Ал маселени коёбуз сөзсүз. Кана эми, мамлекет көзөмөлдөй турган болсо, анда муфтий боло турган адам деле калмак эмес бизде. Муфтий болгонго деле эч ким умтулмак эмес.

О.Шакир: Демек, динге мамлекеттик көзөмөл жок үчүн ушундай башаламандыкка кептелип отура берет экенбиз да.

К.Осмоналиев: Кечирим сурайм, ушул жерден тактап коёлу. 2012-жылы депутат элем, мен, Турсунбай Бакир уулу, Жапаров үчөөбүз 21-статьяга түзөтүү киргизип өткөргөнбүз. Ажылыкты уюштуруу иш-чаралары муфтияттын өзүнүн демилгеси деп өткөрүп, мыйзамга киргизгенбиз. Ага Отунбаева кол койбой коюп, Келдибеков кол койгон. Ошону эмне үчүн колдонбойсуздар? Мыйзам күчүнө кирген, андан бери алты жыл өттү.

М.Ибраев: Бул жерде бирок бир канча рычагдар бар экени өзүңүзгө маалым: кептин баары мамлекеттик органдардын ж.б… каалабагандыгында. Анан да негизги бир себеби – диний билим берүүнүн жакшы жолго коюлбай жаткандыгы. Буюрса, эми баштап аткан иштерибиз да бар, анткени университетке атайы лицензия алдык. Бул биринчи кадам, өтө чоң кадам. Эми мындан ары медреселерди өткөрүү. Мындан ары диний окуу жайларды мамлекеттин көзөмөлүнө алуу болот. Дин эркиндиги дегенди 92-жылдан баштап берип койгонубуздун кесепетинен биз ушул абалга келдик. Эми түздөп, оңдош бир-эки күндө же бир-эки жылда эле жолго коюлбайт.

К.Осмоналиев: Баарын ылдамдатып жасашыбыз керек. Антпесек азыр өтө опурталдуу динчилдердин аша чапканы күчөдү.

Солдон оңго: Ж.Борочоров, Э.Өмүракунов

Жакшылык Борочоров: Негизи эле бизде советтер союзу тарап, биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин дин тутуу эркиндиги келди. Адамдар каалагандай дин тутуна баштады. Баары эле мусулман деп жүрсөк, андай эмес экен. Ар ким өзүнүн көргөн пайдасына жараша дин тутунат экен. Коом диндарлашкан сайын коомдо дин маселелери кошо калкып чыкты. Ошол эле билим берүү, армияга баруу, жоолук салынуу маселеси, мектепке баруу ж.б… маселелер. Протестант ишениминдегилердин көз жумгандарын жерге коюу, көр талашуу деген маселелердин баары биздин коомдо болуп келди. 2014-жылга чейин конституция боюнча дин мамлекеттен бөлүнгөн, мамлекет динге аралашпайт деп киргизип коюшту. Ошону менен мамлекет кайсы бир диний ишенимдеги маркум болгонду көмүү маселесин чечип берген жок. Протестанттар мобу жерге көмүлсүн деген район же облус деңгээлиндеги маселе кийин гана көтөрүлдү.

Ушундай көйгөйлөр бышып келе берди да, 2014-жылы, 3-февралда Коргоо кеңешинин чечими менен кайра бир… мурунку президентибиз динге башкача көз караш менен мамиле кылды да, мындайча айтканда, мамлекет жүзүн динге бурган. Былтыртан кийин бул маселеге чечкиндүү караган Орозбек агай да кызматтан кетип, иш кайра солгундады. Мурунку келаткан реформа Коргоо кеңешинин чечими менен койгон максаттар ишке ашпай эле, ылдыйга кетти. Бул жерде мен агайга айтайын деген маселе, убагында протестанттар менен мусулмандардын ортосунда болгон көйгөй, дин туткандардын ортосундагы салгылаш деп карап атабыз. Бул жерде мамлекет да чоң роль ойноп, чечкенге аракет кылышы керек.

Азыркы күндө протестанттар ылдыйга кетти, эми теңирчилер же Манаска ишенгендер менен мусулмандардын ортосунда көйгөй болууда. Мында да мамлекетибиз сырттан караган позицияда турат. Бул жерде коом жана ар кандай ишенимдеги адамдар болгондон кийин, аларды башка жакка көчүрүп жибере албайбыз. Баары биздин коомдо жашагандан кийин, баарыбыз биримдикке келе тургандай орток пикир табышыбыз керек. Диалогго келе турган жерди бирөө көрсөтүп бериш керек. Коомдук бирикмелер мындай жолугушууларга чакырышыбыз мүмкүн, бирок бул жерде мамлекеттин деңгээлинде бириктирүүгө алып келген аракет да болушу кажет. Россияда чиркөө өзүнчө, синагога өзүнчө, мечит өзүнчө турат, а тазалыкты да кээде мэрия жасап берген жери бар. Ошондой коомду бириктирер ыкка келишибиз керек. Анан улам эле бөлүнүп-жарыла берсек, ыдырап кетебиз.

Экинчи бир маселе, Жыпарбек аба айтып атпайбы, устав муфтий келген сайын алмашат деп. Негизи устав алмашпаш керек. Мен дагы аалымдар кеңешинин мүчөсүмүн. Өткөнкү курултайда да айтылды, биз жаңы уставды чыгарабыз деген сөз. Бул уставда муфтийдин эки диплому болуш керек деп белгиленген. Муфтийдики, орунбасарыныкы, казылардыкы, жетекчилердики да болуш керек. Бул туура маселе. Неге дегенде светтик да, диний да билими бар адамдар жетекчиликке келиши зарыл. Сиз мына депутат болуп турган убакта Арча бешиктеги эки медресеге текшерип бардыңыз, мен ал кезде муфтиятта иштечү элем. Таблиг жамаатына таандык деген медресеге кирип, аябай ачууланып чыктыңыз. Сиз менен Бөдөш Мамырова да болгон эле. Андан бери жактагы медресеге кирдиңиздер эле, ал жерде партасы, доскасы бар, баардык шарттары жакшы экен деп чыктыңыздар.

К.Осмоналиев: Ооба, ал жердеги шарт такыр башкача, эки медресенин айырмасы – асман менен жердей…

Ж.Борочоров: Башкача, ооба… балдардын баары мектепти бүткөн. Мурунку бүтүргөндөр университетке кирген.

К.Осмоналиев: Балдардын көздөрү башкача, тигилерге караганда.

Ж.Борочоров: Костюм кийип отурушат. Эки жактуу – диний дагы, светтик дагы билим алышкандар. Анан чыгып айттыңыз, «Максат келип мобуну көрсүн» деп. Бирок жетиштүү көзөмөл болбой калды. Ал ошол жабылган бойдон калды. Бирок ал медресе дагы эле иштеп атат. Диний билим берүү боюнча Коргоо кеңешинин чечиминин 5-пунктунда турат: «Диний билим берүүнү реформа кылалы. Балдар светтик жактан да, диний жактан да билим алсын. Керек болсо, башка мамлекеттерге барбай, ушул жерде шарттар түзүлсүн. Университет, институттар ачылсын. Медресеге, жок дегенде кыргыз тили, тарых, компьютер кирсин» деп. Бирок бул ошол бойдон ордунан жылган жок. Медреселерде светтик да, диний да билим алганда гана бизде диний интеллигенция чыгат. Өйдө жактан эмес, ылдый жактан – мектеп, медреседен караш керек. Муну депутаттар, муфтият колдоп бериш керек. Кыргызстанда 70тен ашуун медресе бар эле, азыр 100дөн ашуун дешүүдө. Ошолордун бары эле муфтияттыкы эмес. Алардын бардыгы жамааттардын медреселери.

Ж.Борочоров: Муфтиятта аты жазылып турат, бирок аны көзөмөлдөп иштеткендер – жамааттагылар. Муфтияттын медресеси боло турган болсо, муфтият акчасын берсин.

К.Осмоналиев: Жүз медресеге бөлө албайт да.

Ж.Борочоров: Бөлө албаса, анда азайтсын. Жок дегенде бир Ислам университетинин акчасын муфтият бөлүп бере албайтат анан…Бөлүп берип, ошол жерге татыктуу мугалимдерди алып келсин, күчтүү кадрларды ошол жерден чыгарып алышыбыз керек.

О.Шакир: Муфтият деген аты эле болбосо, кызык экен анда. Ислам университети менен алакасы кандай?

М. Ибраев: Расмий эле, кагазда эле жазылат.

О.Шакир: Сиз айткан медреселер көзөмөлгө алынбаса…

К.Осмоналиев: Окуу пландарын көзөмөлдөйт да.

Ж.Борочоров: Ал бар, окуу пландары бар.

М.Ибраев: Бирок ал кагазда гана. Ар ким өзү каалагандай…

К.Осмоналиев: Туура эмес да ушу.

Ж.Борочоров: Көзөмөлдү карай турган болсок, биздин Билим берүү министрлигинде диний жакты карай турган бир отдел болушу керек.

К.Осмоналиев: Мисалы, Түркиянын Билим берүү министрлигинде атайын башкаруу бар, ээ…

Ж.Борочоров: «Манас» университетинин Теология факультети бар, анан ОшМУнун теология факультети бар. Бирок булар биздин муфтиятка да баш ийбейт, Билим берүү министрлигине да баш ийбейт. Алар өздөрүнүн саясатын жүргүзүп, Түркиянын идеологиясын бизге түрткүлөгөн аракет. Кыргызстанда атайы бөлүм ачыла турган болсо, өз кадрларыбызды даярдап, идеологиябызды бекемдейт элек да.

О.Шакир: Эсеке, сиз дагы кошумчалайсызбы, диний интеллигенцияны канткенде даярдайбыз деген суроо боюнча…

Э.Өмүракунов: Негизи айтылган сөздөрдүн баары туура. 19-кылым менен 20-кылымдын ортосунда диний интеллигенция жакшы калыптанган. Ошол кезде деле молдолордун арасында ушундай талаштар болуптур, мисалы жадидчилик… Латын алфавитинин кириш себептери да ошол жадидчиликтен да. Кийин орус бийлиги күч алганданда кириллица менен окуп калганбыз. 16-17-жылдан баштап 50-жылга чейин калыптанып калган диний интеллигенциянын улам өскөнү улам кысмакка, куугунтукка алынып отуруп жок болуп, кийин Советтер союзу өздөрү өстүрүп чыккан интеллигенция гана калган. Ошондуктан дин башталып келаткан 90-жылдарда динди түшүнгөн бир дагы интеллигенция жок болуп чыкты. Ошондуктан сырттагы устаздарды сүйгөн жамааттардын адамдары келип калган. Анан биринчи муундагы адамдар эч качан интеллигенция боло албайт да. Ошол үчүн эң биринчи кезекте формасын кайталашкан. Саудияда окугандар ошол жактын кийимин кийип, ошолордой жоолук салынышты. Пакистандан бүткөндөрү алардын кийимдерин кийип келишти. Бирок Кудайга шүгүр, дин деген бул улуттук нерсе эмес, адамзаттын бардыгына тартууланган деген дагы жамааттар келип, сакталып калды. Башка улуттардын диний интеллигенциясынан таалим алгандар келип бул жакты удургутуп атат. Сиздер менен билип-билбей эле айтышып аткандар да ошолор. Динди үстүртөн, формалдуу жагын, сыртын үйрөнгөндөр алар. Ошондуктан талашып, тартышуу бар. Эң чоң коркунуч – диний жамааттардын арасында радикалдашкандардын бар экени, ошол эле салафиде, ошол эле хизбутта, ошол эле вахабизм тармагын кармангандарда. Саясый исламды кармангандардын баарындагы эң чоң проблема – Кыргызстандын мыйзамдары менен каада-салттарын кабыл албоо. Кагылышуу ошондон, кыргызчылыкты карманган интеллигенция менен динди карманган топтордун ортосундагы кагылышуунун негизги себеби ошондо болууда.

Улан Усупов: Бул жерде баарыбыз реформа кылууга кошулабыз. Жанагы сөздөрүңүздүн баарына мен кошулам. Чынында бул иштердин баары кагаз жүзүндө гана аткарылып келатат. Бүгүнкү күндө муфтияттын ислам маданияты уктап калган. Муфтият болуп бир гезит чыгарбайт, мына, Ислам Университети чыгарып атабыз. Бул жерде реформа кыла турган бир команда болуш керек. Муфтийди муфтий кыла турган ошонун тегерегиндеги командасы, туурабы? Президентти президент кыла турган командасы, Манас кырк чоросу болбосо, Манас болот беле… Мындайча айтканда, Арча-Бешиктеги эки медресени салыштырганда эле кайсы багытка жол алышыбыз керектигин түшүнөбүз. Эми чогуу бир команда болуп, кыймылдашыбыз керек. Жадичилик дегенде, светтик тармак менен диний билимди бирдей алып кетишибиз керек. Курандын эң биринчи буйругу – окуу. Окуу дегенде шарыятты эле оку деген жок Алла тала. Сен өзүңдү оку деди. Тегерегиңди, дүйнөнү оку деди. Ошол акыркы жөнөтүлгөн бир гана Алла тааланын сөзү болгон, эч бир диндин, эч бир инсандын, керек болсо пайгамбардын сөздөрү кирбеген Куранды оку деди. Бул Алла тааланын сөзү, туурабы? Пайгамбарыбыздын куран сүннөтү деп дайым айтабыз, болгону эң чоң кемчилигибиз – айтабыз, бирок ошону аткарбайбыз. Ушуну ишке ашыра турган команда бар бүгүнкү күндө. Ошолорду терип, башын бириктирип… ошолор келе турган болсо муфтият тармагында да, жетекчиликте де иштер алдыга жылат. Себеби иштеп аткан муфтий бар, иштебеген муфтий бар. Иштеп аткан казы бар, иштебеген казы бар. Иштеп аткан имам хатиб бар, иштебеген имам хатиб бар. Районуна, областына барсаңар көрөсүңөр. Күнү-түнү кызмат кылган казылар бар. Жанында жаркылдаган, бири-биринен илим-билим менен жарышкан жигиттери бар. Ак үй, көк үйүнө чейин кирип, губернатор, акимдер менен, мектептер менен сүйлөшүп, лекцияларын өтүп иштеп жаткан, сонун-сонун казыларыбыз бар. Асмандан алып келиштин кереги жок, арабдар менен түрктөрдөн үйрөнүштүн да кереги жок. Кыргыздын өзүнүн акылы өзүнө жетет. Кыргыз эли өзү тубаса акылман, даанышман элдердин бири. Анан толеранттуулук жөнүндө сөз айтканда, теңирчилер менен мусулмандардын акыйнеги болуп атат. Бул нерсе болбош керек, бирок болуп жатат. Акыл-эстүү коомбуз дейбиз, бирок кеп теңирчилер тарапта да, мусулмандар тарапта да бар. Биригем деген гана бириктире алат. Момундун ниети амалынан жакшырак, кайрымдуурак, биригем деген ниет болуш керек. Ниетти ушундай жерлерде табабыз, ийри отуруп түз кеңешкенде табабыз, туурабы. Ушундай ишке себепкер болгон «Кереге кеңешке», «РухЭштин» жетекчиси Олжобай агабызга жана себеп болуп жаткан инсандарга рахмат. Себеби биз бүгүнкү күндө бириге турган жерлерди табышыбыз керек. Элибиз, жерибиз бир, баалуулуктарыбыз бир, ата-бабабыздын жолу бир. Бата кылганда ушул батаны кылып, элибизге да айтып жүрөбүз: биз Алла таалага татыктуу кул бололу, Мухаммед пайгамбарыбызга татыктуу үмөт бололу, Манас бабабызга татыктуу урпак бололу, ата-энебизге татыктуу уул-кыз бололу. Тарбия ушул. Бирок ушул сөздөрдүн бардыгы айтыла берип, жыдып кетти. Биздин пайгамбарыбыз жана пайгамбарыбыздан үлгү алган, жанатан бери бир нече жолу атын атадыңар, аты аталса, куту сүйүнөт деген. Кабырында бир оодарылып алган чыгар, имам азам Абу Ханифанын айткандары – жашалган сөз. Сенин оозуңдан чыккан сөз жашалган сөзбү, жашалбаган сөзбү? Кеп ошондо. Биринчи жашашкан, андан кийин айтышкан. Принцип ошол болуш керек, туурабы. Жашап, айткан сөзүн аткаргандар келиш керек бийликке. Сөзү менен иши төп болгондор келиши керек. Жөн эле сүйлөгөндөр эмес, ойлонуп сүйлөгөндөр келиш керек, сүйлөп алып, ойлонгондор эмес.

Т.Жеңишбек: Улан, кечирип кой, азыр баардыгы сөз айтып бүттү окшойт. Теңирчилер эмнеге каршы чыгып атышат? Сөөк коюуга катышып жүрөм. Кыргыздын салтын кармабай, каяктагы дамбалчандар өлүккө чейин кирип, башкарып алган үчүн алар каршы болуп атышат, кыргыздын каада-салтын унуттуңар деп. Жанагылар баргандан кийин айылдагы мечитке айылдык кишилер кирбей калды намаз окуганы.

К.Осмоналиев: Өзү биздин өкмөт 91-жылы эле ээрге кыйшык отурган. Ошондо эле исламдын чыныгы баалуулуктарын биринчи орунга коюш керек болчу. Дин эркиндиги жөнүндөгү мыйзам ошондо кабыл алынган. Анда граждандык кодекс кабыл алына элек болчу. Аны Батыш таңуулаган. Мамлекеттик катчы деген абдан жакшы кызмат бар эле. Муну дагы ашкере саясатташтырып атып, акыры биздин еврей туугандар жок кылышкан. Атайылап жок кылышкан. Түркияда мамлекеттик министр деген кызмат бар. Анын бир буту өкмөттө, экинчи буту түздөн-түз президент менен премьер-министр менен иштейт. Динаяттын башкаруучусу ошол. Түркия бюджетин кабыл алып атканда залда отурдум. Биринчи коргоо министирлигине эң көп акча бөлүнөт экен, андан кийин эле динаятка. Андан сырткары да билим берүү министрлигинде диний билим берүү боюнча атайын бөлүм бар. Имам хатиб лицейлери мага абдан жакты. Ошол кезде 450 деди эле, азыр бир миңге барып калгандыр.

Ушул экөөнүн ортосундагы байланышты түзөлү деп Атамбаевге да айта берип жаман көрүндүм. Баягы 10 млн доллар бөлүндү дегенде, тим элечи, 2 күн сүйүнүп уктадым эле. Себеби ойлогом, жок дегенде Бишкекке бир имам хатиб лицейи ачылса деп, эми имам хатиб деп атабайлы, Манас, Семетей деп атайлы, мисалы дегеним… Муну мен жалпы билим берүү лицейлери деп түшүнөм. Ошону бүткөн бала, исламдын фундаментинде окуган, бирок физика, химия, биология, баарын окуйт. Алган аттестаты бардыгына жарайт. Ал бала мединститутта да окуй алат, башка институттарда да. Эрдоган да ошол лицейди бүткөн. Анан экономист болду, башка болду. Ушуну эмне үчүн жасабайбыз? Еврейлер атайылап жойдурушкан да мунучу. Такыр башка жакка кетип калышты, акем болот ал дагы. Өтө эле жылаңач саясатка өтүп алышты. А чынында исламдын негизги баалуулуктарын биздин кыргыздын каада-салтыбызга, адаттарыбызга жуурулуштурганда мындан өткөн жол жок болмок. Ошондой болуп кетет деп, Батыш атайлап бөлүп-жарып атат. Биз азыр сен сартсың, сен аркалыксың, андайсың, мындайсың деп атабыз. 20 жылдан кийин мусулман кыргыз менен христиан кыргыз кырылышканына алып келет. Олжобай, бул маселени журналисттер атайын көңүл буруп көтөрүшүңөр керек. Идеалогиянын башында бир киши туруш керек.

О.Шакир: Жогоруда соцтармактардагы акыйнектер жөнүндө сөз болгондон улам, менде суроо туулат: байкасаңыздар, Чубак ажы же Абдышүкүр ажынын таламын талашкан динчилдер негедир агрессивдүү экенине таңгалам. Алар оозго албаган сөздөр менен комментарий жазып, сабырдуулукту кармана алышпаганынан улам беш маал намаз буларды эмнеге үйрөткөнү суроо жаратат. Ошолордун баары мечитке барган пенделер экени көрүнүп турат, бирок кечиримдүүлүк, сабырдуулук дегенди билишпейт. Бул эмне, динге сугарылгандардын тарбиясын көрсөтөбү?.. Аларды көшөгөнүн артында колтугуна суу бүркүп турган башкалар барбы же?

М.Ибраимов: Диний адам катарында жалпы элди уламаларга, аалымдарга урмат-сый менен мамиле кылууга чакырып кетем. Аксакалын, жашын, бүт баарын тең. Аалым болуш да оңой эмес. Сайт маселесин айтып жатпайсызбы, аларды коргогон «аскерлер» эмне себептен депчи. Мен айтат элем, алар ким бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, бирок кандайдыр бир деңгээлде эмгек сиңирип атышат. Айткан маселелери, баяндары менен көпчүлүк жаштардын жүрөгүнөн түнөк алышууда. Анан кимдир бирөө өзү жактырган инсанга бирөө-жарым сын-пикир айтса, сөзсүз түрдө жооп кылууга аракет кылышы бул табигый нерсе. Жанагы билимсиздиктен, кээ бир нерселердин адебин жакшы билбегендиктен, катуураак айтып койгон болушу мүмкүн. Анан аларды арттан күүлөп, жазгыла, анткиле-минткиле дегидей деңгээлде болбосо керек. Диний агымды коргоп аткандар карапайым, караңгы инсандар болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда диний маселелер боюнча өтө кылдат мамиле кылууга чакырып кетет элем. Олжобай аке, сизди сыйлайм чындыгында. Ошол эле учурда, Чубак ажы болобу, Абдышүкүр ажы болобу, алар коомдун жүрөгүнөн түнөк алган адамдар. Алар далай инсандардын көзүн ачкан, ошолордун башында турган илимий аалымдар деп билебиз. Бир эле алар үчүн эмес, жалпы дин үчүн кылдаттык кылсак. Динди сүйлөгөндө башка куш конуп тургандай абайлагыла дейт ко. Куш кичине кыймылдап койсоң учуп кетет, учурбаганга аракет кыл. Диний маселени динди билген инсандар иликтеп анан сүйлөсө, а билбеген инсандар жөн гана, үстүртөн пикирлерин айтышууда.

О.Шакир: Жо, эми алардын оркойгон кемчилигин ашкерелеш да милдет го баарыбызга.

Т.Жеңишбек: Айткыла дейт да, кайра минтишет өздөрү. Сен жашырба дейт, жашырсаң, өзүң ошондонсуң дейт.

М.Ибраев: Сиз бир беткей тыянак чыгарбаңыз, аксакал. Болчу болсо, мен беттештирейин жакында. Мындай маселелерди чечүүдө, келиңиздер дипломатияга көнөлү.

Ж.Борочоров: Ошого барышыбыз керек.

Т.Жеңишбек: Марс, мен Абдышүкүр менен көзмө-көз сүйлөшкөм.

М.Ибраев: Дагы сүйлөшүңүз, он жолу, жүз жолу…

Т.Жеңишбек: Абдышүкүр минтип айтат «Сиздин айткан сөзүңүз далил, – дейт, – кечиримдүү болуңуз», — дейт. Айткан сөзгө амал кылынышы керек. Аткарылбаган сөз эшекке жүктөлгөн китептей эле…

Ж.Борочоров: Олжобай мырзанын калеми курч, мындайча айтканда, кыргыздын бир интеллектуалы. Бу киши тынчсызданган үчүн жазып атат да. Ошол учурда, ооба, кемчилигин айтышыбыз керек, бирок коомду бөлүп-жарбай, бириктире турган нукка алып келишибиз керек. «Мышыкты жарга такаса арстан болот» деген кыргызда. Ар кимибиз бири-бирибизди жарга такай берсек болбойт. Олжобай байке, жазган макалаларда фактылар такталыш керек да, байке. Такталбай, жөн эле жазылган болсо, ал ушак болуп калат. Ошо жердеги төрт там тең Абдышүкүр ажыныкы дегендей маселени коюптурсуз. Ал жердеги бир там меники. Мен документтерди алып келет элем, иним Дубайга кетип, документ кошо кетип калыптыр…

О.Шакир: Ошондо убагында эле жооп берип койсоңор болбойт беле эмне? Аталган макалада ал жердеги үйдүн баары Абдышүкүргө тиешелүү деп жазган эмесмин, жакшылап окусаңар, мен тек гана суроо койгомун, ушундайбы, жокпу деген. Ошол мен берген суроого жооп берип койгула, болду, маселе жок. Мен ал жерден эч кимге айып койгонум жок, суроо гана койдум… Мен атайын кызматтын өкүлү эмесмин да, коргондон секирип кирип иликтегидей.

Ж.Борочоров: Бери жагындагы Жыпара деген эженин үйү. Ал жерде Абдышүкүр ажынын бир эле үйү бар, жанагы көк чатыр.

О.Шакир: Убагында маалкатпай жооп берип койсоңор, эч кандай деле чатагы жок болмок бул маселенин.

Солдон биринчи: Ж.Тойчубеков

Ж.Тойчубеков: Имам ажы Мабу Халифанын китеби, рецензиялаган Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр Нарматов дейт. 147-бетинде экөөңүздөрдүн сурооңуздарга жооп бар. 140-бетинде минтип жазып койгон: «Эгерде адам диний буйрукту аткарбаса же шарыят эрежелерин буза турган болсо, анда ага кийлигишүүгө болот, тагыраак айтканда, оң багытка салуу үчүн шарыят боюнча чара көрүүгө туура келет. Коомдук түзүлүштүн, башкалардын укугун коргоо үчүн, тартипке салуу диний озуйпа болуп саналат». 142-бет дейт. Кемчилик кетирип аткан болсо, эмне себептен ашкерелеп, түз жолго салууга болбойт, болот. Сизге Марс таксыр, эртеден бери суроо бере албадым, суроомду жекече берем. Этегинде Олжобай, сизге суранычым. Момундай нерселерге аксакал экөөбүз көп эле катышып жүргөнбүз. Пресс-конференцияларга катышып жүргөнбүз. Бирок ушундай бетме-бет отуруп алып баарлашуу болгон эмес бизде. Анткени бизди (Жеңишбек Токтогулга жаңсай сүйлөдү – Ж.А.) бул экөөбүздү азыркы муфтийге чейинкилер, Муратаалыдан баштап, азыркы муфтийге чейинкилер диндин оппозициясы дейт. Жок, биз диндин оппозициясы эмеспиз. Газетага да жаздым. Мен муфтияттын оппозициясымын. Неге дегенде, 42 адам азыр муфтиятта иштейт. Муратаалынын убагында 24 адам болчу. Мен ошону да айтып чыктым. Мобунун кереги жок. Жунус ажыны айтып атабыз, ушу муфтияттын Жогорку Кеңештеги өкүлү деп, аны ким айтып чыкты? Бул ажыкем экөөбүз «Вечерний Бишкекте» айтып чыктык. Анан эле бир күнү мени Максат ажы алды да, Талас облусу боюнча өз өкүлү кылып койду. Үч ай иштедим акча алып, муфтияттан жем жедим үч ай. Мартта ажылык башталып калды. Кайрадан ажылык маселени көтөрүп чыксам эле, мени шарт алып койду.

Т.Жеңишбек: Шарт эле алган жок, сени мага жамандады.

Ж.Тойчубеков: Муну менен эмнени айтып атам. Сага рахмат, эгерде бизге окшогон аксакалдарды момундай курч сөздөрүнөн чочулабай чакырсаң, болгон окуяны ачык айтып бере алабыз. Ошондо оңолобуз.

Ж.Борочоров: Олжобай агай, негизи тема бөлөк болчу. Муфтият темасы буга башкача кирип атат. Биз бүгүнкү сүйлөй турган тема ынтымакка кандай келебиз деген тема болчу да. Сөз муфтият болуп кетти.

О.Шакир: Өздөрү келбегенден тема ушуга ооп кетти да.

Ж.Тойчубеков: Эки аалым турат. Кечээтен башталды, жана да айтып кеттим, ажылык башталып калды. Олжобай мырза, жакынкы аранын ичинде сиз ушул жерге уюштуруп, ажылыктын атайын штабындагы адамдарды биз менен кошо алып келип, коомчулук менен бирге ажылык маселесин өзүнчө көтөрүп чыгыш керек. Бир айдан кийин кеч болуп калат.

Т.Жеңишбек: Алар келбейт.

Ж.Тойчубеков: Келбейт алар.

У.Усупов: Мен башында бир сөз айттым эле, кыргыз эли башынан кой оозунан чөп албаган тубаса момун элбиз, бул биринчиден. Экинчиден, ислам толеранттуулуктун дини. Үчүнчүдөн, ислам дининде да ханафи масхаби өтө толеранттуу масхаб болуп эсептелет. Ошол үчүн кыргыз эли үч эсе толеранттуу эл болушу керек. Бири-бирибизге сыпайыгерчилик менен толеранттуулук мамиле жасай турган болсок, анда жеңиш биздики. Анан иш башталып атканда эле колуңардан келбейт, болбойт деген туура эмес. Бардык нерсе башыбыз менен чечилет. Ниетибиз оң болсо, көзүбүз жетсе, анан ынтымак-бирдикке келе алсак, анда Кудай таала берекесин берет. Аалымдар жөнүндө өйдө-төмөн сөз болду. Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору экенин жакшы билебиз. Аларды түздөөнүн өзүнүн методу, жолу бар. Ар жерде эле аалымдарыбызды жамандай берсек, жакшы жерге барбайбыз. Жаманбы, жакшыбы Чубак ажыбыз, Абдышүкүр Нарматовубуз бар. Өзүбүздү башка элдерге салыштыра турган болсок, казактар мына биздин аалымдарыбызды, молдолорубузду мактап, биз ошол жактан сугарылып келдик деп атышат. Ал жагынан алганда исламга белгилүү бир деңгээлде сугарып жаткан өзүбүздөн чыккан аалымдарыбыз бар. Эми аларды акырын түздөп алыш колубуздагы иш го. Жамандай берсек, жакшы жерге барбайбыз. Ырыс алды ынтымак. Туура, кемчиликти бетке айтыш керек. Мусулман мусулмандын күзгүсү дейт. Биз кемчилигин бетке айтабыз, бирок ошонун да эби, жолу бар. Балким сиздер да айтып-айтып, таасир бербегендиктен ортодо бир төгүлүп аткан чыгарсыздар…

О.Шакир: Өнүгөбүз десек, сынчыл мамилеге үйрөнүшүбүз керек. Аларды кол тийгис, ыйык кылып алгандын да кереги жок. Ошон үчүн туура түшүнүңүздөр, силер көкөлөткөн «аалымдардын» диний ишмердүүлүгүн сындайлы.

Т.Жеңишбек: Мен ошону айтып атам, исламда маселе турса, ошону тактап, акташыбыз керек. Анан аларга көз жумуп коёбузбу. Мен Жеңишбек ажы дегенди да жаман көрөм. Исламдын беш парзы бар. Бешинчиси – ажылык. Намаз окуса Жеңишбек намаз делеби анда.

О.Шакир: «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» дейт. Биз ошол оорунун себептерин иликтеп, мүмкүн болсо көбүрөк жолугалы. Мен бүгүн Искендер иниме абдан чоң ыраазычылык билдирем, Жакшылык менен Уланды диний-эксперт катары чакырып келгенине. Марс менен мурда да бир жерден кол кысышып, ысык мамиледе болдук эле. Башкаңыздар менен телефон аркылуу байланышып чакырууга туура келди, баарыңыздар келип бердиңиздер, ыракмат. Жогоруда Эсен мырза жакшы белгиледи, бизде диний интеллигенция калыптанбай жаткандыгын. Бирок бүгүн байкашымча, диний интеллигенцияны түптөй турган катмар деле бар өңдөндү. Эмкиде керек болсо, жанагы теңирчиликти дин катары каттата албай жүргөндөрдү чакырып да маектешсек жаман болбос. Себеби бул чоң тирешке алып келатат: анткени теңирчиликти дин катары таңуулоого болбойт. Бир эле исламдын диний фанаттары эмес, теңирчиликти дин катары жайылткысы келгендер да коом үчүн чоң коркунуч. Эмесе, келип бергениңиздерге ыракмат.

И.Ормон уулу: Уюштуруучу катары бир-эки сөздү айтып коелу. Аябай жакшы сөздөр айтылды. Баарыңыздарга рахмат. Токтогул ажынын «Азыркылар тозок жоктой мамиле кылат» дегени абдан орчундуу кеп. Бул тозок жоктой болгон мамиле бир эле диний чөйрөдө эмес, бардык чөйрөдө бар. Светтик чөйрөдө конституция жоктой, бери жакта болсо, мыйзам жоктой. Дин чөйрөсү – жалпы коомдун ичиндеги бир феномен. Бир коомдо кайсы бир чөйрө аябай өнүгүп, бир чөйрө аябай төмөн калбайт экен. Ошол эле дин чөйрөсүндөгү адамдар биздин жалпы коомубуздун мүчөсү. Диндин адамдарды тез эмоцияга алдырып ийээр опурталдуу жактары бар. Ошону эске алып, сабырдуулук менен мамиле кылсак, «жүрө-жүрө жол арбыйт» дегендей, сүйлөй-сүйлөй бул маселелер да белгилүү бир чекке жетет. Дүйнөдө статистика көрсөтүп жатат: кайсы жерде эң сабырдуу эл болсо, ошол жердин эли эң сабаттуу экен. Бизде, Кудайга шүгүр, Орто Чыгыш, Жакынкы Чыгыштагыдай болуп атышып кеткен жок. Себеби билим берүү деңгээлибиз жогорураак. Бир аз да сабырдуураак болуп атабыз. Билими төмөн болгон жерде атышып, бычакташып кетүүдө. Ошондуктан сүйлөп атканда, эгерде ниетибиз абалдын оңолушу, түздөлүшү болсо, ошондой натыйжа бере тургандай ыкмаларды колдонуп үйрөнсөк. Мисалы, мен деле адаммын, тигил деле адам, ошол адамдын көңүлүнө тие турган, ичинен сындырып коёр формада сүйлөсөк, ал дагы реакция берет. Ошентип, маселе ортодо калат. Бүгүнгө чейинки мүчүлүштүктөр ошонун себебинен да уланып келатат окшойт. Мына, Олжокенин демилгеси менен жакшы бир эшик ачылып отурат. Мындан ары да муну талкуулап туралы. Интеллигенция жок дегенде мен айтат элем, бир эле дин чөйрөсүндө эмес, жалпы эле Кыргызстанда интеллигенция жок. Чыңгыз Айтматовдон башка кайсы ойчулубуздун, жазуучубуздун сөзү чек арабыздан сырткары угулуп, жазылып, көчүрүлүп атат? Интеллигенциядан өксүк калганыбыз дин чөйрөсүнүн эле көйгөйү эмес, жалпы коомдун өксүгү. Жалпы жапатырмак, өзгөчө журналисттик тармак көтөрүшүбүз керек муну. Олжоке өзүнүн көкүрөгүн тосуп, эр жүрөктүүлүгү менен кадам таштап жатат. Эч нерсени билбей туруп бир маселени козгойт, түздөйм деп, кайра талкалап коёт. Дүнүйөдөн бул жаатта сабак алсак, «Нью-Йорк таймс», «Вашингтон пост» деген басылмаларда түздөн-түз дин тармагын алган корреспонденттер бар. Теологияны бүтүргөн, терең окуган, ошолордун терминологиясын терең билген дегендей. Ошол тармакта да журналисттердин өсүүсү, өнүгүүсү абзел. Бул биринчи кадам, бардыгыңыздарга рахмат.

Бу жерде «РухЭш» сайтынын шеф-редактору Жетиген Асанбек эжекебиздин да суроосун угалы да, жообун кийинки жолугушууга калтыралы…

Жетиген Асанбек ортодо

Ж.Асанбек: Бул жерде өзүңөр баамдагандай, исламдын, муфтияттын ички маселелери, чырлары козголуп атат. Мындан чоң, жалпы коомго тийиштүү курч маселелер турат азыр. Коомдо исламдан башка ишеним жолун кармангандар бар. Алардын да коомдо адамзаттын байыркы тарыхынан берки чоң орду бар. Алар менен исламдын ортосундагы маселе жөнгө салууну талап кылып турат. Бул жерде азыноолок сөз болду, сөөк узатуудагы маселелер боюнча. Ислам окутуучулары бар экенсиздер, бул маселенин диндик негизи барбы, куранда жазылганбы? Сөөк коюуда мындай маселе болушу керекпи? Эмне себептен? Анан кечээ жакында протестант ишеним жолундагылардын сыйынуу үйү өрттөлдү. Айнеги сындырылып, бөтөлкө менен бензин ыргытылганын айтып атышат, жергиликтүү адамдар. Алардын чогулушу болордун алдында, чогулушка келатышкандар менен сырттагылардын ортосунда конфликт болгон экен. Ошого карабай күч органдары бул ишке жымсалдоо менен мамиле кылып атышат. Үйдү өрттөө, башкача айтканда, материалдык болобу, моралдык болобу, башкаларга залал келтирүү Кудайга ишенимге эч кандай тиешеси жок нерсе. Бул маселелер диний башкармалык жактан жөнгө салыныш керек деп ойлойм.

И.Ормон: Ушуну менен бүгүнкү кеңешибиз акырына чыкты, баарыңыздарга рахмат.

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

 

2 Replies to “Ислам – араб эмес, түрк эмес, ал – дин, а диндин улуту болбойт”

  1. Учурдун эң актуалдуу маселеси тууралуу жакшы иш болуптур. Ушул боюнча токтотпой уланта берсеңер дейт элем. Үзүрү да болот. Олжобайга чоң рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *