ЭССЕ

Тоголок дүйнө —
Токтобой томолонот,
Тоголок көздө…

Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келаткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апаппак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан… Эмнегедир кечээкимден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат, шашып бараткан шамалдагы. Эски бир обондой, өзүнөн өзү эле ырдалып кеткен. Дале мурункудай.

Кимдир бирөө таңгалып карап өттү. Ошондо байкадым ырдалып, ырдап жатканымды. Ошондо сени эстедим. Азыр болсо сен тажаганча ырдап бермекмин. Бирок сен жоксуң. Эч  кимдин келбешин билсем деле күтүп отурам. Бул бир кечигүү. Кээ бир нерселер кечигип келет. Кеч күздөгү махабатка окшош. Ошондуктан, сенден катып койчу сезимдерим бар.

Эски досума бардым. Аны таарынтып жүргөндүгүм үчүн кечирим сурадым. Досум “Бүгүн сен башкачасың” деди. Негедир жолуга элек ойлорго жолукчудай, өмүр бою чекит кое албаган  сүйлөмдөргө такалып калдым. Аны кантип жазам? Дал өзүндөй, болгонун болгондой кылып кантип айтып берем? Кээде тагдырдын ирмемдерин өзүндөй окшоштуруп айтып берүү мүмкүн эмес. Анткени, өмүр – жазуунун дале тереңинде…

Жолдон ооруканага кайрылдым. Жакын бир эжебиздин ден-соолугун сураганы. Эжекем : “Сен дагы келет экенсиң, ээ?” – деп таң калды. Анан учурунда мага жасаган жакшылыктарын санап берди. Үйгө эртелеп кете бердим. Жамгыр төгө баштады. Ыр тамчылуу. Жашоо — жамгырда калмак, суу болмок, анан жылынмак. Жылынып олтуруп эски дептеримди барактап чыктым. Акыркы саптарына келгенимде өзүмө-өзүм окшобой турдум. Бир башка мен. Азыр болсо ошол Эски Күндөр менен Жаңы  Күндөрдүн арасында жүрөм. Бардыгы аралашып калгансыйт. Эски менен Жаңы бирдей. Бардыгы баягыдай. Окшош… Эч кимге окшош жашагым келбейт!

Уйкум келбесе деле эртелеп жатып алдым. Жарым калган түшүмдү улантмак үчүн. Уланууга жаттым. Бир колум менен баскан уйкумду түртүп, бир колум менен качкан уйкумду тартып, бирде уктагым, бирде ойгонгум келет. Бул түндүн тезирээк өтүшүн тиледим. Кетсемби же калсамбы деген сыяктуу, турмушта дайыма ары же бери болууга туура келет…

Коңшум келгенде “кириңиз” дей албадым. “Сага эмне болгон? Бир башкачасың”, — деди. Билбейм. Эмне болуп жатканын өзүм да билбейм. Балким өзүмдү карай кетип бараткам. Мени көздөй… Бир башка күн, бир  башка мен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.