Жомоктор

Кыш келип, кар жаап, суулар тоңуп, жолдор тайгак болду. Абышка-кемпирдин жагар отуну калбады. Тепейген үйүн жылытмак турсун, тамак да жасап иче албай калышты. Абышка абдан карыган эле да, токойго барып отун алып келүүгө алы жетпеди. Ошондо эмне кылар айласын таппай, оокаттуу кошунасына жалдырап барышты.

Кошунасы абдан бай эле, өзү чоң кызматта иштечү. Үч кабат үйү, жалтыраган кооз машиналары бар. Курсагы салаңдап, күн сайын семирип баратат…

Бай кошунасы абышка менен кемпирге бир көмөч нан, анан бир шам берди да:

— Эми келбегиле. Силер эмес, менин өзүмдүн отунум жок. Силерге башка эч кандай жардам бере албайм,- деп узатты да, эшигин катуу жаап алды.

Ал калп айткан эле. Кампасы толо отун менен ун-талканы, жер төлөсү толо кышка сактаган оокаты бар болчу. Зыкым, ач көз болгондуктан, бечара абышка-кемпирди аяп койбоду.

— Балабыз болсо отун алып келбейт беле. Акча таап келип, бизди бакпайт беле… — деп абышка-кемпир армандарын айтып, көз жашын көл кылышты.

Ошентип, абышка-кемпир бай кошунасы берген бир көмөч нанды сууга чылап жеп, эптеп-септеп бир аз күн өткөрүштү. Анан ал нан да түгөндү.

Бир күнү таңга маал абышка-кемпир ачка жана үй суук болгондуктан, төшөктөрүнөн турууга да жарабай калышты.

— Ушинтип жатып өлөбүзбү? — деп ыйлады кемпир.

— Кой, байбиче, мени эптеп ордумдан тургуз. Мен токойго барып бир тутам отун алып келейин. Боорукер адамдар жолугуп калса, бир сындырым нан берер. Кечке чейин келбей калсам, анда менин талаада өлүп калганым ошол,- деп араң эле сүйлөдү. Бирок аны кемпири тургуза албады, өзү да турайын деп тура албады.

Үйдүн терезесинде баягы бай кошунасы берген шам үлбүлдөп күйүп турат. Ал дагы түгөнөйүн деп калгандыктан, туруп барып өчүрүүгө да алдары келбеди. Анын түгөнгөнү — үйдүн ичине караңгы түн түшкөнү дей бер.

Аңгыча ошол үлбүлдөп жанган шамдан бир кичинекей жалын бөлүнүп чыкты да, кичинекей балага айланды. Ал бала сөөмөйдөй эле болчу. Бала абышканын маңдайына келип туруп калганда:

— Эй… сен кимсиң? — деп таңдана сурады абышка.

— Мен Шамбаламын — деди баягы сөөмөйдөй болгон бала.

— «Шамбала?»

— Ооба… Мен — Шамбаламын… — деди баягы бала.

— Кимдин баласысың? — деди абышка эч нерсени түшүнө албай.

— Силердин балаңармын.

— Биздин сендей балабыз жок эле го?..

— Балаңар жок болсо, мындан ары балаңар болот.

Табышмактуу бул окуяга түшүнө албай:

— Шамбала, сен кайдан келдиң? — деди кемпир.

— Шамдан келдим. Ошол үчүн менин атым — Шамбала.

Өзү сөөмөйдөй болгон, кийген кийими жок бу баланы сынамакка абышка буларды сурады:

— Шамбала, деги сенин колуңдан эмне келет?

— Менин колумдан баары келет, — деди Шамбала,- үйүңөрдү жылытам, түндө жарык кылам, тамагыңарды бышырам…

— Анда, Шамбала, сен адегенде үйдү жылыт, — деди абышка, үшүгөн колдорун укалап. Шамбала бат эле үй ичин жылытып жиберди. Тепейген кичинекей үйдүн терезелери да тоңуп калган болчу. Алар да эрип, эшик көрүнүп калды. Тоңуп, бүрүшкөн абышка-кемпир эми ысып, көйнөкчөн болуп жыргап эле калышты.

— Эми, бышыра турган тамагыбыз жок. Эмне кылабыз? — деди кемпир үй жылыгандагы кубанычы бат эле жоголуп.

— Анда капаланбагыла. Мен силерге тамак таап келем, — деди да, Шамбала эшикти көздөй жөнөдү.

— Ал, адегенде ун алмакка тегирменчинин үйүнө барды. Тегирменчинин да кышкы отуну азайып, үйү муздак болчу. Анын үйүн заматта жылытып берди.

— Ой, сага чоң ыракмат. Деги сен өзүң кимсиң? — деди тегирменчи ага ыраазы болуп.

— Мен — Шамбаламын.

— Кимдин баласысың? — деди анын бул сөзүн уккан тегирменчи.

— Тиги жогору жактагы абышка-кемпирдин баласымын. Алардын уну түгөнүптүр. Мен силердин үйүңөрдү жазга чейин жылытып берип турайын. Акысына жазга чейин жетерлик талкан, ун бериңиз, — деди чекилдеп.

Тегирменчи Шамбала менен убадалашты да, абышка-кемпирдин үйүнө ун-талкан жеткирип берди.

Шамбала андан ары уй ферманын үйүнө барды. Ферма башчынын үйүндө да отун-көмүрү азайып, кыйналып жаткан болучу. Алардын үйүн да жылытып убадалашты да, жазга жетерлик эт-май алды. Этти да абышка-кемпирдин үйүнө ферма башчысы өзү бат эле жеткирип берди. Шамбала андан ары дүкөнчүнүн үйүнө барды. Дүкөнчү да дүкөнүнө от жага албай, көмүрү жок кыйналып жаткан экен. Шамбала анын да дүкөнүн жылытып берип убадалашып, кант, чай, туз алды. Аларды дүкөнчү абышка-кемпирдин үйүнө жеткирип берип, абышка кемпирдин үйүнө заматта ун менен эт, кант менен чай батпай бапырап, жыргап эле жатып калышты. Шамбала тамакты бат эле бышырып, абышка- кемпир курсактарын тойгузду.

Анан кеч кирди. Ошондо абышка-кемпир Шамбал аны жакшы көрүшүп, коюндарына кучактап жаткылары келишти.

— Шамбалам, кел, биздин коюнубузга жат, — деди кемпир. Анда Шамбала:

— Жок, апа, ата, мен силердин койнуңарга жата албайм. Жатсам, төшөгүңөрдү күйүзүп жиберем, — деди да, терезеде күйүп турган шамга кирип кетти.

Ошентип күндөр өтө берди. Шамбала эртең менен баягындай эле шамдан учуп чыгат да, абышка-кемпирдин үйүн жылытып, тамактарын бышырып, чайын кайнатып берет. Баягы убадалашкан тегирменчинин, уй ферманын жана дүкөнчүнүн үйүнө барып, үйлөрүн жылытып келет да, түндө жатарда шамга кирип кетет.

Абышка-кемпир эч нерседен бейгам болуп жыргап жашап жатышты.

Күндөрдүн биринде абышка-кемпирдин баягы сараң бай кошунасы «абышка менен кемпир үйүндө жагар отуну жок, жээрге оокаты жок, тоңуп, качан эле өлүп калды го, өлүп калса, тепейген үйүн трактор менен түрттүрүп таштайын да, короомо кошуп алайын» — деп ач көздөнө басып келди. Келсе абышка-кемпир баягыдай жүдөгөн түрлөрү жок, үйү жыпжылуу, карындары ток, кайгы-капасы жок, кампасы оокатка толо, жыргап жашап жаткан түрлөрүн көрүп таң калат да, алардын кантип мындай жашоого жетишип калганын такып сурайт.

— Силер, эмне, мынча оокатты уурдап таап жатасыңарбы?…

Ошондо жашоосуна ыраазы болгон абышка-кемпир, ичинде эч кандай кири жок, болгон сырын айтып беришет.

— Андай болсо, кана, көрсөткүлөчү, Шамбалаңарды? — дейт ач көз бай кошунасы,- менин үйүмө да барып, жылытып берсинчи.

Абышка-кемпирдин уруксаты менен Шамбала кошунасынын үйүнө барат. Ач көз бай кошунасы үч кабат үйүнө, жер төлөсүн кошо, кампаларын дагы, машина койгон гаражын, уй, кой баккан сарайларынын баарын жылыттырат. Ач көздөнүп: «Муну абышка-кемпирге кетирбейин, үйүмө камап алайын, муну пайдаланып дагы да байлык табайын» — деп ойлойт. Анан ыгын таап «кармап алайын» деп кубалайт. Шамбала карматпай качат. Ал биринчи кабаттан экинчи кабатка, андан үчүнчү кабатка качат. Шамбала ач көз байдан качып дубалдагы килемге, терезедеги кооз шторлорго, жерде салынган оймолуу шырдак, ала кийиздерге тийет, жалтыраган шифонер, шкафтарга урунат. Ал тийген, урунган буюмдун баары күйүп өрттөнүп кирет.

Андан качып, Шамбала ач көз байдын кампасына, андан жер төлөсүнө, андан машина койгон гаражына, андан ары уй-кой сарайларына качат. Ал барган бардык жерлер күйүп, өрттөнүп, ач көз байдын бардык короо-жайы бүтүндөй өрттөнүп кетет да, жалгыз өзү калат. Бардык байлыгынан кол жууп, ачкөз бай тойбостугунун айынан абышка-кемпирден да кедей болуп калат.

Ал эми абышка-кемпир болсо, эч кимге залалы жок, Шамбаласы  менен жыргап-куунап жашай беришиптир.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *